Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Алыкул энциклопедиясы жарык көрдү
Кыргыз элинде өзүнчө бир энциклопедияга эчак айланган алп акындар арбын. Бирок али күнгө чейин алардын ар бири талапка ылайык энциклопедия болуп чыга элек. Ошондой болсо да, өткөн жылы "муз жарылып", кыймыл башталгандай болгон. Атап айтканда, өткөн жылы демократ улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата энциклопедиясы биринчилерден болуп жарык көргөн.
Ал эми экинчи болуп Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесине карата даярдалган "Алыкул Осмонов энциклопедиясы" жарык көргөнүн жалпы коомчулукка жар салып турабыз. Анын бет ачар аземи 13-март күнү Улуттук илимдер академиясынын чоң залында болуп өттү. Алп акындын өмүр жолу, чыгармачылыгы буга чейин: ырларда, прозада, кинолордо, музыкада, искусстводо суктанууну чагылдырып келсе, эми ал турмуштагы эң жогорку тепкич, бар маалыматтардын кеңири топтому болуп саналган энциклопедияга айланып олтурат. Бул энциклопедия алп акындын күйөрмандары, деги эле жалпы элибиз үчүн баа жеткис белек болуп калмакчы.
Баса белгилеп айтып коюшубуз керек. Мамлекет мындай өзгөчө иштерге каражат бөлбөй турганы жалпыбызга белгилүү. Мындай иштерди кызыкдар тараптар демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашырып келишет. Бул жолу Алыкулдун 638 беттен турган көлөмдүү энциклопедиясын чыгарууга Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты, акын Чыныбай Турсунбеков менен дагы бир КСДПчы, экс министр Осмонбек Артыкбаев демөөрчүлүк кылышкан. Эки саясатчынын минтип адабиятка көңүл буруп, Алыкулду дагы бир жолу даңазалап жатканына терең ыраазычылык билдирип коюшубуз керек. Аталган энциклопедиянын үстүндө 40тан ашык адам эмгектенген. Башкы редактору эч бир жаны тынбаган академик Абдылдажан Акматалиев. Бул адам демөөрчү болгондорго караганда алда канча эмгек кылып, күн-түндөп көз майын коротконун баса белгилеп кетишибиз зарыл. Академиянын президенти, академик А.Эркебаев куттуктоо сөзүндө энциклопедиянын жарык көрүшүн маданий окуя катары белгилеп, классик акындын чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүн белгилеп, чыгармачылык топтун жетекчиси, демилгечиси академик Абдылдажан Акматалиевге жана автор-түзүүчүлөргө ыраазычылыгын билдирди.
Нускасы 500. Албетте, бул аз. Себеби энциклопедияга ээ болуп, окугусу келгендердин саны миңдеп саналат. Андыктан, анын нускасын көбөйтүүнү башка байлар жана саясий партиялар да колго алышы зарыл.
Бет ачар аземинде ЖКнын депутаттары Каныбек Осмоналиев, Каныбек Иманалиев, Турсунбеков, Артыкбаев, филология илимдеринин доктору Абдыкадыр Сыдыков, Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов, УИАнын президенти Абдыганы Эркебаев, Жамгырбек Бөкөшов, Кулубек Бөкөнбаевдер жарык көргөн энциклопедия, акындын жалпы чыгармачылыгы, кайгылуу өмүрү, быйыл белгилене турган 100 жылдык мааракеси тууралуу сөз сүйлөштү.
Акындын энциклопедиясына: акындын өзүнө жана чыгармачылыгына байланыштуу А тамгасынан Я тамгасына чейинки ырлары тууралуу маалыматтар жана сүрөттөрүнүн баары толугу менен кирген. Андан тышкары да, акын тууралуу көптөгөн кызыктуу маалыматтарды тапса болот.
Жеке автор, жеке чыгармачыл адамдарга келгенде, келечекте: Сагынбай, Саякбай, Жеңижок, Калык, Куйручук, Рыскулов, Бейшеналиева, Миңжылкиев, Чокморов сыяктуу залкарлардын ар биринин энциклопедиясын түзүп чыкса болот. Ал эми ааламга аты чыккан Айтматовдун энциклопедиясы учурда даярдалып жатат.
Төмөндө окурмандарга Алыкул энциклопедиясына кирген айрым кызыктуу маалыматтарды учкай сунуштап кетели.

Музыкада:
Алыкулдун 100дөн ашык ырына обон (айрым ырларына эки-үч обон жаралган) чыккан. Алардын эң даңазалуу жана жүрөк титиретип, сезимди өзгөчө козгогондору: "Сулууга", "Ата-Журт", "Музыка", "Ак кайың", "Табият жана музыка", "Ысык-Көлүм" ж.б.

Драмда:
Акын өз чыгармачылыгында драмага да көңүл бөлүп, драматургия жанрынын калыптанышына чоң салым кошкон. 15тен ашык пьеса жазган. Көзү тирүүсүндө: 10дон ашык пьесалары сахнада коюлган. Ал эми: "Көрүнбөгөндөр", "Баатырдын өлүмү", "Турсун сакчы", "Үч аяк" деген пьесалары али күнгө чейин кол жазма бойдон сакталып турат. Аталган чыгармаларды театр режиссерлору талапка ылайык кылып, маани-маңызын көп өзгөртпөй сахналаштырууну колго алышса жакшы эле болмок. Акын Шекспирдин "Отеллосун" эне тилге оодарып, ал ушул күнгө чейин кыргыз сахналарында чоң ийгилик менен коюлуп келет. Акындын өзү тууралуу: "Акын жана ажал", "Алыкулга гүлдесте", "Аян" деген драмалары сахналаштырылган.
Кинодо
Алыкул жөнүндө Мелис Убукеев 1967-жылы биринчи жолу "Акын" аттуу тасма жараткан. 1990-жылы Лилия Орозбекова "Алыкул" деген даректүү кино тартса, С. Ишенов "Акын жана Ысык-Көл" аттуу анимациялык тасма, ошондой эле акындын "Толубай сынчысын" да анимацияда чагылдырган. 2013-жылы Айдай Чотуева "Мезгил жана Алыкул" аттуу толук метраждуу фильм жараткан.

Сүрөт жана котормодо
Акындын портретин биринчи Гапар Айтиев тарткан. Андан кийин дагы белгилүү 6 сүрөтчү акын тууралуу эмгек жаратышкан.
Ал эми акындын поэзиясын орус тилине орустун белгилүү беш акыны оодарган. Бирок сынчылардын айтымына караганда ал котормолордо акындын ырларын окуганда кадимкидей сезилип турчу улуттук дух өз деңгээлине жетпей калган. Акындын бир китеби түркмөн тилинде, эки китеби англис тилинде жарык көргөн.
Ал эми Алыкул өзү отузунчу жылдардын ортосунан баштап дүйнөлүк классиктердин атактуу чыгармаларын которо баштаган. Ал которгон Шотанын "Жолборс терисин жамынган баатыры" 1940-жылдардан бери 5 жолу басылып чыккан. Быйыл да акындын 100 жылдыгына карата чыгуу алдында турат.

Акындын сыйлыгы
Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык союз кезинде эле уюшулган. Анын биринчи лауреаты - айтылуу акын Байдылда Сарногоев. Бүгүнкү күндө лауреаттардын саны 15ке жеткен.
Айбек Шамшыкеев