presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Майрам... белек... гүл... гүлдү сүйгөн айымдар...
Эшикте жаз. Жаз дегенде эле бүткүл дүйнөлүк айымдардын 8 - март майрамы эске түшөт. Ошол күн абдан кооз, жагымдуу, жакшы күн. Анткени көчөдөгү айымдардын баары сулуу, татынакай, кимдир - бирөөдөн жакшы сөз угуп, белек алып, бакыттарында чек жок. Бардык жерде гүл, белек көтөрүп шашыла жакындарына жөнөгөн мырзалар. Жүздөрүнө күлкү уялап, өзгөчө сулуулукка бөлөнгөн айымдар. Кыскасы айлана шаңга, сулуулукка, жакшылыкка бөлөнүп турган көз ирмем.

- Алгачкы жолу алган белегиңиз?
Альбина Имашова, актриса:
- Мм… Азыр, ойлоноюн… А эстедим, мектепте окуп жүргөндө болсо керек. Баарыбыздын эле алгачкы белегибиз мектептен башталса керек дейм. Мектепте 23-февралда балдарга, 8-мартта кыздарга белек бермей салты бар эмеспи. Бирге окуган классташымдан открытка алганым эсимде. Негизи колго жасалган буюмдар сонун көрүнөт го. Андан кийинки бой жеткенде эсимдеги белегим жолдошум тарабынан берилген зер буюмдары болгон. Жолдошум менен таанышкандан кийин биринчи жолку 8 - мартта сөйкө, шуру, шакек белек кылган. Абдан жагымдуу болгон.


- Белек бергенди жакшы көрөсүзбү же алгандыбы?
Роза Шакирова, ырчы:
- Оо, жакшы суроо экен. Белек алганды ким жакшы көрбөсүн. Баарыбыздын эле алгыбыз келет, бергибиз келбейт да. Анткени алганда капчыгың жукарбайт, акчаң кетпейт. Белек бергенде чыгым болосуң да (тамаша). Белек алганды да, бергенди да жакшы көрөм. Эми кеп белекте деле эмес, кеп адамдын көңүлүндө. Бир сомдук белек болсо да белек деген сонун. Анын баасы эч роль ойнобойт. Бирок азыркы заманда акча эң сонун белек деп билем. Акча берсең ар ким өз каалаганын сатып алат же кандайдыр бир муктаждыгына жумшайт дегендей.

- Айымдарга көбүнчө кандай белек бересиз?
Сьездбек Искеналиев, ырчы:
- Мырзаларга салыштырмалуу айымдар белек алганды, жакшы сөз укканды жактырышат эмеспи. Өзгөчө майрамдарда, кадимкидей тааныштарынан белек күтүп калышат. Мына ушул нерсени эске алып, мен колумдан келишинче жакындарыма майрам күндөрү белек бергенге аракет кылам. Жубайыма жыл сайын 8 - мартта ден соолугуна пайда алып келе турган белектерди тартуулайм. Маселен, бир курс массаж же дагы ушул сыяктуу пайдалуу нерсе белек кылам. Баасы кымбат, бирок пайдалуу. А туугандарга болсо куттуктоо менен бирге жакшы белектерди берип көңүлүн көтөрөм. Алыс тааныштарга жакшы сөзүмдү арнап коем. Бул деле жакшы да. Көңүл да деп коет го…


- Мырзалардан кандай белек күтөсүз?
Тынара Кубанычбек кызы, ырчы:
- Мен эч бир мырзадан белек күтпөйм. Деги бир дагы жолу 8-мартта мырзалардан белек алган эмесмин. Белекти ата-энемден, бир туугандарымдан күтөм жана өзүмө-өзүм белек сатып алам. Негизи эле мага күтүлбөгөн жерден берилген белектер жагат. Күтүлбөгөн жерден белек берген мырзаларды да аябай баалайм. Бирок азыркы мырзалардын көбү күтүлбөгөн жерден белек тартуулоону көп деле ойлонуша бербейт көрүнөт. Чынын айтсам, бирөөдөн белек күткөнгө караганда бирөөгө белек бергенди жакты рам жана жакшы белектери бергенге аракет кылам.


- Апаңызга биринчи жолу берген белегиңиз?
Аскат Мусабеков, ырчы:
- Негизи белек берген, белек алган эң сонун нерсе. Керек болсо, бирөөгө жакшы сөз арнап койгондун өзү эле сонун. Бизди жарык дүйнөгө алып келген апаларыбызга канча алкыш айтып, эң кымбат белектерди тартууласак да аздык кылат. Апамды абдан жакшы көрөм, сыйлайм. Ата - эне үчүн баласынын жакшы адам болгону эле чоң жеңиш болсо керек дейм. Бирок жакшы сөз, жагымдуу белектер апаларыбыздын көңүлүн көтөрүп турат эмеспи. Ошондуктан апама белек бергенден тажабайм. А биринчи жолу берген белегим туурасында айтсам, бала кезде эң кооз гүлдөрдүн сүрөтүн тартып бергем. Сүрөттү мыкты тартчумун. Ошондуктан кандай майрам болбосун апама сүрөт тартып берет элем. Апам да абдан кубанып, жакшы сөзүн айтып жетине албай калчу. 8 - март, туулган күн күнү апабызга жардам берип, айтканын аткарып, абдан эле тил алчаак, элпек жакшы бала болуп калчумун. А кийин шаарга келип иштеп калганда апамдын каалаганын сатып берип кубандырып калдым.

- Белектин баасына жана сапатына көңүл бурасызбы?
Акак Талиева, ырчы:
- Белекти алып жатканда кубануу, жылмаюу менен кабыл алуу керек. Анткени ар бир берилген белекте ошол берип жаткан адамдын эмгеги, көңүлү бар. Ошондуктан мен берилген белектердин сапатына, баасына такыр көңүл бурбайм. Кандай болсо да кубануу менен, чын дилден кабыл алам. Чынында белектин чоң-кичинеси, арзан-кымбаты маанилүү эмес. Эң башкысы адамдын ниети. Кээ бир учурда жакындарыңдын кымбат баалуу белек алганга мүмкүнчүлүгү жок болуп калат. Ал үчүн таарынычтын кереги жок. Белектин баасына карасак, анда өң карама адам болуп калабыз го. Ошондуктан жөн эле куттуктоо болсо да ыраазы боло билиш керек. Мага жөн эле жакшы сөзүн арнап койсо деле жетет. Ошого эле кубанып калам. Ырас, сөздөн өткөн барктуу белек барбы. Адамды өстүргөн да, өлтүргөн да сөз эмеспи. Андыктан мен такыр белек тандабайм. Мен үчүн чын көңүлдөн берилген белектердин баары баа жеткис.
Жаркынай Кадыркулова











??.??