presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Абдыманап Кутушев, КСДП фракциясынын депутаты:
"мамлекетибиз, өтө эле ачык болуп кетти"
- Абдыманап мырза, жакында эле өкмөткө "Кумтөр" боюнча келишим түзүү маселесин бүтүрүүгө 1 ай убакыт бердиңер. Эки күн мурун Онтарио соту "Кумтөрдөгү" биздин 6,5 млн. акциябызды камакка алып койду. Бул абалдан чыгуунун жолдору барбы?
- Торонто сотунун чечими дагы бир жолу "Кумтөр" ишканасы Канадада эмес, сөзсүз түрдө Кыргызстанда катталыш керек экенин көрсөтүп жатат. Болбосо, мындай көрүнүштөр улам сайын эле улана бериши толук мүмкүн. Эгер өкмөт келишим маселесин 1 айда талапка ылайык чечпесе, анда улутташтырууга барышыбыз керек. Биз канчалык убакыт созгон сайын, канадалык компанияга чоң пайда болуп, утуш алар тарапта болуп жатат. Мына ушул маселени ар бир депутат, өкмөттүн ар бир мүчөсү жакшы билүүгө тийиш. Экинчиден, биз жакында Евразия экономикалык мейкиндикке мүчө болуп киребиз. Буюрса, биздин мамлекеттин, өзгөчө экономика маселесинде күчтүү өнөктөштөрүбүз болот. Муну "Центерранын" жетекчилери түшүнүп, бул маселени жакшылап ойлонушу абзел. "Центерранын" жетекчилери Кыргызстанды 20 жылдан бери алдап келатат. Алар убагында өздөрүнө өтө пайдалуу, ал эми биздин өлкөгө пайдасы аз, зыяндуу келишимдерди түзүүгө ар кандай жолдор менен жетип алышкан. Эми биз алдоодон, зыян тартуудан кутулушубуз зарыл. Тез эле абалды оңдоп салабыз деп айтуу кыйын, бирок акырындык менен ишти баштап, натыйжалуу аракеттерди көрө беришибиз керек.
- Улутташтырууга күчүбүз жетеби?
Мына азыр 6,5 млн. акциябызды камакка алышканы кандайдыр бир деңгээлде улутташтыруу маселесин курчутуп коюшу толук мүмкүн. Айрым серепчилер, саясатчылар улутташтыруу маселеси ишке ашпайт деген сөздөрдү байма-бай айтып келишкен. Биз андай сөздөрдөн коркпошубуз зарыл. Жакшылап байкасаңар, бул маселе боюнча маалыматтык согуш катуу жүрүп жатат. Тилекке каршы, "Кумтөрдү" иштеткен канадалыктар өз ресурстарына таянып алып мамлекеттин дээрлик басымдуу гезит, радио, телевидение, сайттарына жакшы акча төлөп берип, өздөрүн колдогон пиар материалдарды элге жайылтышууда. Ал тургай, айрым кездерде мамлекеттин карамагында турган ЖМК өкүлдөрү да аларды колдоп жатканы белгилүү. Албетте, бул дагы өз кезегинде кайсы бир деңгээлде өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Эл аралык мыйзамдарда жазылгандай чечими боюнча улутташтырууга барсак, ага кеткен чыгымдын баары, иш-кагаздардын улуттук сотун чечими менен жүргүзүлүшү керек. Демек, кыргыз сотунун чечими менен гана компенсация болушу керек.
- Шайлоо тууралуу мыйзам жакында эле колдоо таппай калды. Негизи ал мыйзам керек беле?
- Аталган мыйзам долбоорун сындагандар көп болду. Көпчүлүгү шайлоодо 10 пайыздык тосмо көп деген пикирди карманышууда. 2010-жылдагы шайлоону эске алсак, 10 пайыздан ашык добуш алган фракциялардын саны төртөө болчу. Бешинчи фракция "Ата Мекен" бир аз жетпей калган. Демек, 10 пайыздык добуш өтө деле жогору эмес. Мен бул мыйзамды карап көрүш керек деген пикирди айтып колдоп бердим. Себеби ал мыйзамдын жакшы жагы парламентке жок дегенде 4 партияны алып келгенге шарт түзөт экен. Эгерде 10 пайыз менен бир же эки эле партия парламентке өтүп келип калса, калган көп добуш алган үчүнчү жана төртүнчү партияны парламентке автоматтык түрдө өткөргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт экен. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Азыр буга каршы чыккан айрым депутаттар кийин ошондой кырдаал түзүлүп калса, анда өкүнүп калышат. Келерки шайлоодо бир эле партия жеңип келсе, ага баш мыйзам боюнча 65 эле мандат берилет да, калганы кандай болот. Калган мандатты ким алат? Ошон үчүн бул жагын да ойлонушубуз абзел. Кулов эми бул мыйзамдын долбоорун 9 пайыздык добуш менен кайра алып келип сунуштаганы турат.
- Куловдун өкмөттүн структурасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбооруна көз карашыңыз кандай? Колдойсузбу? Чынында бул анын шайлоонун алдындагы упай топтоо амалы эмеспи?
- Шайлоонун алдында көп саясатчылар ушундай чоң талкууга алына турган мыйзам долбооруна кайрылышат. Албетте, Кулов бул маселеде дүйнөлүк тажрыйбаны да эске алса керек. Бул кадыресе көрүнүш. Бирок 5 - чакырылыштын мөөнөтү аяктап баратат. Ошон үчүн шашылыш түрдө мындай чечимди кабыл алганыбыз туура эмес. Биз өзүбүздүн каалоолорубузду айтып кетсек болот. Демек, бул чоң маселени кийинки 6-чакырылышта депутат болуп келген эл өкүлдөрү караганы туура болот.
- Дагы бир коомчулуктун бүйүрүн кызыткан мыйзам долбоору Текебаевге таандык. Ал киши Кыргызстандагы мыйзамсыз турак-жайларды мыйзамдаштырууну сунуштап жатпайбы. Буга эмне дейсиз?
- Бул мыйзамдын философиясы жакшы эмес. Сен азыр мыйзам буза бер, эптеп чыдап убакыт өткөрсөң, анан кайсы бир жылы депутаттар мыйзамсыз ишиңди автоматтык төрдө мыйзамдаштырып берет деген түшүнүк жаралып жатпайбы. Эгер мындай жол менен кете берсек, анда мамлекетти уратып алышыбыз керек. Мамлекет катары сакталып калабыз десек, мыйзам аткарылышы зарыл. Шайлоонун алдында жагынуу, упай топтоо максатында ушундай кадамдарга баруу жакшылыкка алып барбайт. Чынында Өмүрбек Чиркешович көп мыйзамдарды сунуш кылат. Арасында жакшылары да, талапка ылайык келбегендери да бар. Мисалы, "Сүткорлук" боюнча колдоо тапкан мыйзамында мен жакшы жактарын көрө албадым. Себеп дегенде, биз экономиканын өнүп-өсүшүнө шарт түзүшүбүз керек да. Канчалык мыйзамды катуулатып, тыюу салсак, ишкерлерге бут тосо берсек, ишкерлер ачык иштөөдөн чегинип, ошончолук көмүскөгө кете берет. Буга мисал катары казинолорду айталы. Мыйзам менен тыюу салып койдук эле, эми алар жашыруун түрдө иштеп, өздөрү пайда таап жатышат. Натыйжада мамлекетке мурункудай пайда түшпөй калды. Азыр Улуттук банк акча алмаштырган жайларды жабалы деген сунуш кылып жатпайбы. Макул, баарын жаап салалы. Анан эмне болот. Эртең эле Совет-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде түнкү көпөлөктөрдөн тышкары, акча көтөргөн спортчу балдардын тобу пайда болот. Анын үстүнө көчөдөн, ачык жерден тоноп кетүү да оңой да.
- Башкасын эске албаганда да, сиздин алайлык жердеш депутат ага-ини, эжелериңиз Келдибековго төш тосууну улантып келишет. Жалгыз сиз ал тууралуу чындыкты айтып келсиз. 10-март күнү ага козголгон кылмыштын бирөөсүн кыскартууну караганы жатышат…
- Бул маселени сот чечиши керек. Кандай болгон учурда да бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Баш прокуратура өз милдетин аткарып, калган ишти сотко өткөрүп берген, эми сот талапка ылайык аткарууга милдеттүү. Күнөөсү барбы, жазаланышы абзел.
- Сизге алайылыктар Келдибековду колдоп кой деп кайрылып жатса керек?
- Келдибеков жеке өзү кайрылган жок. Бирок убагында алайлык айрым аксакалдардан ошондой кайрылуулар болгон.
- Сиздин оюңузча КМШда биринчи болуп бизде кабыл алынган парламенттик башкаруу системасы өз миссиясын талапка ылайык аткарып жатабы? Себеби бул маселени катуу сындагандар да арбын…
- Азыр парламенттик системанын кандайдыр бир деңгээлде миссиясы аткарылып жатат. Бирок кемчиликсиз деп айтууга болбойт. 1990-жылдары СССРдин курамындагы өлкөлөр эгемендүүлүк алганда, бирин-бирин көрүп мамлекеттик атрибуттарды кабыл алышкан. Ал ошол учурдун негизги талабы болгон. Ал эми биздин 2010-жылы кабыл алган чечимибизди азырынча кошуна мамлекеттер кабыл ала элек. Буюрса, апрель айында парламенттик башкаруу боюнча чоң конференция өткөзөбүз. Мына ошондо бүт дүйнөгө парламенттик башкаруунун жетишкендиктери, кемчиликтери, артыкчылыктары тууралуу илимий баяндоолорду угуп кенен кеп кылабыз. Кыскасы, бул суроого ошондо толук кандуу жооп ала аласыңар. Кемчилиги катары акыркы кездери биздин мамлекет өтө эле ачык болуп кеткенин айтат элем. Башка өлкөлөрдө мындай көрүнүш жок. Сөз эркиндиги өтө эле аша чаап кеткендей. Мисалы, эшек эти боюнча ызы-чуу болуп кетпедиби. Ошону мынчалык ызы-чуу кылбай, укук коргоо органдары убагында басып койсо болмок. Айтайын дегеним, ал ызы-чуудан мамлекет уткан жок, уттурду. Кошуналар биздин этти албай калышы мүмкүн ж.б.
- Соңку суроо болсун. Коомчулуктун көпчүлүгү сизди кийинки чакырылышта депутат катары көргүсү келет. Шайлоого катышасызбы?
- Бул маселе боюнча алдыда чечим кабыл алабыз. Эгер партия, эл ишеним көрсөтсө шайлоого катышууга ниетим бар.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев











??.??