presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
АК ИЙИЛЕТ, СЫНБАШЫ АНЫК
Арийне, бир адам жөнүндө жаза турган болсок, анда анын басып өткөн жолун, элге өтөгөн кызматын, адамдык сапатын жыйынтыктап келип, анан ал инсан жөнүндө кеп кылса болот. Чыгармачылыгымда, мен баа берип жаткан каарманымдын адамдык сапатын дайыма биринчи орунга коюп жүрөм. Мамлекеттин жүгүн аркалаган жооптуу кызматкер дайыма сөз элегинде жүрөт. Элдин карегинде болгон инсан жөнүндө ар түрдүү кептер айтыла берери мыйзам ченемдүү нерсе деңизчи. Бирок, эки төңкөрүштү башынан өткөргөн биздин өлкөдө адамды урматтоо, сактоо эрежесин караш керек деген маселенин учуру келип калгандай болуп калды. Антпесек кимдин ким экенин, эмне болуп жатканы жөнүндө деле билинбей бара жаткансыйт. Мөмөсү ширин дарактын шагына таш көп тийгендей эле, жакшы адамды итатпай кылып коюу, аброюн тебелеп-тепсөө айрыкча (менин баамымда) акыркы учурда көнүмүш адатка айланып бараткандай туюм калтырууда, эмнеси болсо да, кийинки муунга биздин бүгүнкү саясатыбыздан үлгү калбасынчы, айланайын, жаман адаттарыбызды өзүбүз менен кошо алып кетсек экен деп кудайдан тилеп жүргөн чагым.
Бир адамды жакшы дей салсаң, аны көрө албаган адамдын сөзүн уккан эки жүз адам кылыч кармап чуркачу кымгуут заманды баштан кечирип жатпайлыкпы? Ошондуктан кебимди баштаарда эле, элдин куту жөнүндө айтаарымды бышыктап коеюн. 2009-жылы сыналгыны карап олтурсам Жогорку Кеңештин өкмөт мүчөлөрүн бекитүү отурумунда Юстиция министрине Нурлан Турсункулов деген жаш жигитти шайлап калса боло, эмнеси болсо да фамилиябыз окшош эмеспи деп картинамды көтөрүп алып куттуктап барып калдым. Эшик тоскон кыздан министрди сурасам өзүндө экен. Фамилиям Турсункулов десем агасы болосузбу дейт. - Ооба, десем эле чуркап кирип кетти. Аңгыча Нурлан өзү чыгып калды. Ошентип таанышкам. Ошондон баштап бир тууган болуп калганбыз. Эми бир тууган болуп калып айтып жатат дебесин. Нурландын өзүнө тийиштүү тубаса мүнөзү бар жигит экен. Дегеле өзү жөнүндө гезитке же телеге чыкканды жактырбасын ошондо билгем. Аны байкап калганым Юстиция министрлигине узундугу 6 метр туурасы 4 метр келген кыргыз элинин улуулугун, тарыхын чагылдырган эки картинаны бекер тартып бердим. Албетте, курсагымды тойгузуп, материалга кеткен чыгымын Нурлан көтөрдү. Картинаны жазып бүткөндөн кийин пресса аркылуу элге чыгаралы десем, бир кыйыктанганы эсимде, көрсө, ал бир иш жасаса ошол иши тууралуу айта бербей, жөнөкөй эле күнүмдүк иш катары карайт экен. Менин эмгегим эл үчүн жаралат, эл көрүш керек деп көшөрүп жатып ачылыш өткөрүп, прессага чыгартып жиберген элем. Картина боюнча биринчи жолу кез келип жаткандыктан анча маани бербей калса керек. Кийинчерээк өзү: "Картинанын алдында, аталардын алдында, кыргыз тарыхынын алдында кантип калп айтабыз? Анда, бул жашоодо жашап эмне? Калп сүйлөп жүргөндөрдү биерге алып келип, ии эми калп сүйлөп көрчү дейм" деп калчу.
Айтканындай иш аткарып жүрдү. Нурлан Гулнара Тойгонбаеванын "Мен жөн эле бир кыргызмын" деген ырын аябай жактырчу. Бир күнү Нурландан сурап калдым, прокуратура деген эмне десем, "Асан аке, маселен Талас облусунун бир районунун прокурорун алалы. Түнкү саат үч дейли, прокурор жумушунан кеч кайтып келе жатат. Райондун борборунда бир эле светофор бар, ал ошол светофорго токтоп жашыл күйгөндө өтүшү керек. Кокус, токтобой өтүп кетип калса, аны бирөө көрүп калса эмне болот? Прокурор деген колуна аппак кол кап кийген адамдай таптаза болушу керек, ошондой болгон учурда гана мыйзам таптаза болот",- деген. Жакында А.Салянованын өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына узундугу 8 метр, туурасы 6 метр болгон картина тарттым. Ошол картинаны тартууда Нурландын айткандарын эске алууга туура келди. Мен бул макалада Нурландын кээ бир гана сөзүн учкай белгилеп кеттим. Нурлан Турсункулов жөнүндө дастан айтса болот. Айтайын дегеним, "Адам" деген улуу наамды сактайлы. Туш келди саясатташтырып, күнөөсү жок адамды күнөөгө тарта берүү кудайга да жакпаса керек. Ойлонолу! Корколу! Өткөндө Баратбай Аракеев жазгандай оңололу! Үстүбүздө Кудай турат. Бул куураган түбүң түшкүр жашоодон баарыбыз өтөбүз. Кудай алдында, эл алдында парасаттуу бололу. Көздүн тирүүсүндө эл үчүн жан аябай иштейли. Эл керегине жарачу эр-азамат кыраандарыбызды кор кылбайлы. Билимдүү патриот жигиттерди тарбиялоо оңойго турбасын ар бирибиз билүүгө тийишпиз.
Ал эми Нурлан боюнча "Ак ийилет бирок, сынбайт" дейт элибизде. Анын сыңарындай бул да болсо тагдырдын сыноосу. Мындай сыноону Ф. Кулов, И.Исаковго окшогон генералдар дагы баштарынан кечиришкен. Ошондуктан генерал Нурлан Турсункулов да акталып чыгарында менин шегим жок.
Асан Турсункулов сүрөтчү





Бектурган Кыдырмаев, Эл агартуунун мыктысы:
"МТСтин ачылышы-чырагыбыздын билигин жандырды"
Сыртта жаз. Бирок өкмөт ийинден чыга элек. Жазга даярдыктан кабар жок. Элдин эртеңи эмне болору туман бойдон. Канчалаган жерлер айдалбай, карапайым калк кара жанын карч уруп, ар кимдин эшигин каккылап тыйын издеп жүргөн учуру. Мындай көрүнүш алыскы аймактарда эле эмес, борборго жакын жерлерде да кезигет. Чыкыйган күрмө менен жагоо тагынган биздин чиновниктер машинасындагы кара айнектен сырттагы жашоо күңүрт экенин көрүшпөйт окшойт.
Бирок баары ошондой кара көз айнек менен жүрөт деп айтууга болбой турганын Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылынын тургундары билдиришти. Анткени элдин жашоосун тамырынан түшүнгөн адам гана маселени көрө билип, өз учурунда элге кол сунуп жардамын аябайт экен. Алардын бири карапайым эл арасында кадыры бийиктеп бараткан атына заты жарашкан "Өнүгүү-Прогресс" партиясы экенин кылчактабай айтсак болгудай. Элге эмне керек? Кымындай болсо да жери айдалып, даны баш алып турганы чоң олжо. Буга биз менен маектешкен эл агартуунун мыктысы, айылдын тургуну Бектурган Кыдырмаевдин сөздөрү далил болду.
- МТС ачылаарын угуп, бүгүн кубанганымдан келдим. Жаз жакындаган сайын, быйыл да былтыркыга окшоп эгинсиз калбайлы деген ой уктатпай койду. Бала-бакыраны кантип багабыз деп, үй-бүлөбүз менен тынчсызданабыз. Суу, техника жок жердин көпчүлүгү айдалбай, "алкан жайып" отуруп калганбыз. Биздин айылда картошка, буудай, арпа, кара беде себилет. Жерибиз чопо болгондуктан, оңойлук менен айдалбайт. Эски советтик доордогу тракторлор бузулган, оңдоого тетик табылбайт. Ушундай учурда МТСтин ачылышы-чырагыбыздын билигин жандыргандай эле болду. Бул техникалардан сырткары партия төрагасы чопо жерди айдоо оордугун түшүнүп, кошумча ДТ тракторун да алып келип бере тургандыгын айтып кубантты. Элге бергенге кудай ырыскысын берсин. Техника менен бирге быйылкы түшүмгө үмүт кошо келди.
Тору-Айгыр айылындагы маданият үйүнүн алдыда кыдырата тизилген тракторлор, элге бир майрамдык маанай тартуулагандай болду. Анткени мындай техниканы жергиликтүү элдин айрымдары совет учурунда көргөн болсо, жаштар көргөн да эмес. Ошондуктан жаңы бир ачылышты колдору менен кармап көрүп таңыркап жатышты. МТСти расмий түрдө ЖКнын депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевдин келип ачып берерин уккан эл таң атпай агылып келип, суроолорун камдап, эң башкы көйгөйлөрүн сырттан эле айтып киришти.
Айта кетсек, Бакыт мырзанын демилгеси каржылоосу менен өлкөнүн бир топ аймагында МТСтер ачылып, иштеп келет. Жолугушууда Бакыт Эргешович ушул убакка чейин 150 миң гектар жерге ар кандай айыл-чарба кызматтары көрсөтүлүп, 30 миңге чукул дыйканга жардам берилип, каражаттарын үнөмдөөгө көмөктөшкөндөрүн билдирди. Ал эми Иса Ахунбаев жана Болот Миңжылкыев сыяктуу улуу инсандардын киндик каны тамган жердин касиети да бийик экенин депутат белгилеп, элдин алкоосуна татыды. Ошентип "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын айыл чарба багытындагы программасынын алкагында ачылган машина трактордук станциясы, Тору-Айгырлыктардын жаз алдындагы баа жеткис байлыгы болуп калганын бир ооздон айтышты.
Жанкороз ЭСЕНГЕЛДИЕВ










??.??