presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Асландын 2 айга камалашы акыйкатпы?

"Азия ньюс" гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаевдин 2 айлык абакка камалышы журналист коомчулугунун арасында ар кандай пикирлерди жаратууда. Тентектик кылганы үчүн 2 айга камалышы чынында акыйкаттык болбой турат. Президент дагы бул окуя боюнча пикирин айтып, соттун мындай чечимин аша чапкандык катары баалап жатканын басма сөз катчысы Жанар Акаев билдирди. Окуя боюнча Аслан Сартбаевдин айрым кесиптештеринин оюн ортого салдык.

Сурат Жылкычиев,
"Азия ньюс" гезитинин баяндамачысы
- "Кырсык каш кабактын ортосунда" дейт, анан "Оюндан от чыкты" дейт кыргыз. Мына ушу лакап кептер төгүн жерден чыга калбайт. Биздин "Азия ньюс" гезитибиздин кожоюну Аслан Сартбаевдин 2 айга камакка алынганы тууралуу жана айланасындагы "уу-дуу" кептерге өлкө Президенти Алмаз Шаршенович Атамбаев да үн кошуп, соттун мындай чечимине нааразы экенин билдирди. Буга чейин бир нече коомдук ишмерлер, белдүү саясатчылар, эң негизгиси Жалпыга Маалымдоо Каражатынын 50дөн ашык редакторлору, эркин журналистер соттун мындай чечимине нааразычылыгын билдирип, өлкө Президенти Атамбаевге, ЖКнын төрагасы Жээнбековго, Жогорку соттун төрайымы Жамашевага, баш прокурор Жолдубаевага жапа тырмак кайрылуу кылышкан. Учурдан пайдаланып, бизди кыйың кезеңде колдоп чыккан кесиптештерге терең ыраазычылык билдирем. "Кудай" деген кур калбайт" дейт. Эң негизги айтчу сөздү ажобуз айтты. Күтө туралы.


Рыскелди Момбеков,
"Учкун" акционердик коомунун башкы директору
- Албетте, Асланбекти абакка алгыдай, ал ашынган зөөкүр же качып кете турган канкор эмес да! Дегеним, ага тагылган айып менен аны абакта кармаштын деле кажети жок болчу. Бейбаштык деген берене менен эле камай берсек, айылдарың аңгырап эле калбайбы. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы, Асландын атагы арбынбы же чатагы арбынбы, ал белгилүү, журт тааныган журналист экени бул факт. Жаңы досторуна жан тартам деп, эски досторун эрмектей бергенине эл деле көнүп калган. Бирок, негедир ошол Асландын арты менен айгай салып келгендер, бу жолу аны ачык коргоп чыкпаганына таң калдым. Асландын азыркыдай айып менен камалып жатканы, анын ишине саясат аралашып кеткенинен кабар берет. Бул биринчиден. Экинчиден, мен Самсаалынын кайсы убакта бизнесмен болуп кеткенине таң калып жатам. Алмамбет Шыкмаматов менен иштеп жүргөндө байып алдыбы дейин десем, Азимбек менен иштеп жүргөндө эле олигарх болуп алганын Сокулуктун чоңдору айтып калды. Анысын өзү ачыктаар, мен анын эмнеге тоголок арыз жазып, артынан тосмо арыз жазып жатканына таң калам. Аслан экөөнүн ортосундагы мамилесин билем, оюндан от чыкканын деле билип турам. Бирок, Самсаалынын артында ким турганын ачык билбей турам.

Дилбар Алимова
"Полит клиника" гезитинин башкы редактору
- Аслан Сартбаевдин 2 айга камакка алынышы туура эмес болуп калды деп эсептейм. Анткени, арыз жазган тарап туура эмес түшүнүп калганын айтып, экөө элдешип жатса, тосмо арыз жазып берип жатса, камакка алганга эч кандай негиз жок болчу. Аслан Сартбаев менен душмандашкан, касташкан адамдар көп. Ушул учурдан пайдаланып калалы дегендер болду окшойт. Президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев "Фейсбук" социалдык тармагында бул боюнча өз оюн жазып, тиешелүү органдардан журналисттин бошотулушун өтүнөрүн жазып чыкты. Демек, журналисттердин камалышына президент кызыкдар эмес деп бүтүм чыгарсак болчудай. Буюрса, кийинки инстанциялар анын баш коргоо чарасын өзгөртөт деген ишеничтемин.

Назгүл Мамытова,
"Ачык саясат плюс" гезитинин башкы редактору
- Мыйзам боюнча алып караганда, кесиптешибиз Аслан Сартбаевдин баш коргоо чарасы оор болуп калды. Биринчиден ага карата арыз жазган Самсалы Четинбаев тосмо арыз жазып, доом жок деп жатат. Доом жок дегенден кийин сот камакка ала албайт. "Бейбаштык" беренеси административдик айып пул менен чектелет. Анан эми мунун баарына көз жумганда деле Сартбаевдин туруктуу жашаган жери бар, үй-бүлөсү бар, эч кайда качып кетмек эмес, тергөөгө чакырган мезгилде келип - кетип турмак деп ойлойм. Албетте анын иши кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышы жок, жеке бейбаштык болуп жатат. Бирок ошол нерсе айрым бир адамдарга майдай эле жакты окшойт. Эми көпчүлүк редакторлор кепилдигин алып жаткандан кийин, орган кызматкерлери кесиптешибиздин тергөө иштерин калыстык менен жүргүзөт го деген ойдомун.

Шаиста Шатманова,
"Супер-Инфо" гезитинин президенти
- Жаш баласы, туруктуу жашаган дареги бар, анан да журналисттер коомчулугу кепилдик бололу, качпайт деп жатышат. Үй камагына чыгарып деле тергөөнү аягына чыгарышса болмок.

Суроо салган Тиленбек Азык










??.??