presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кылмыш ишин кыскартуу - бул жеткен наадандык!
Бүтүндөй бир мамлекеттин "машаягына" айланган Акматбек Келдибеков жана анын жата калып да, тура калып да колдогондордун абийирсиз иштери барган сайын күчөп жатат. Анын чет мамлекетке ден соолугуна шылтоолоп чыгып кеткени коомчулукта чоң сөз болду эле, эми ал жактан кайра кайрылып келгени жөн гана сөздөн мурун чоң маселе жаратып олтурат. Тактап айтканда, сот анын Соцфонддо төрага болуп турган маалдагы (2003-2005-жылдар) мыйзамсыз иштерине карата козголгон кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти деген шылтоо менен кылмыш ишин кыскартуу маселесин 10-март күнү караганы турат. Туура, Келдибековдун Соцфонддон кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп, тоюнуп кете бергенине туура 10 жылдын жүзү болуптур. Ортодогу он жылды эске алгандар мыйзам менен кылмыштын мөөнөтү өттү деп кылмышты кыскартса болот деп ишенимдүү кыйкырып турушат.
Эске сала кетсек, Келдибеков Соцфонддо төрага болуп, көзүн май басып турган учурда "Ротак-Бишкек" деген ишкана түзүп алып, ал аркылуу мамлекетке 21 миллион сомдон ашуун зыян келтирген. Бул ишти иликтөөгө алган укук коргоо органдарынын кызматкерлери өтө татаал коррупциялык схема болгонун жар салышкан. Ал схемага бир нече фирма жана көптөгөн мамлекеттик кызмат адамдары менен бирге ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү да аралашкан. Негизинен Акматбек мырзага мамлекетке 40 млн. сомдон ашуун зыян келтиргени боюнча айып тагылган. Бул билингени эле, дагы билинбей калганы канча?! Ошон үчүн мындай кылмыш ишин кыскартуу чынында акылга да, эч бир мыйзамга да сыйбайт. Кылмыштын мөөнөтү эскирди деген болбогон мыйзам. Аны эчак эле жокко чыгаруу керек эле. Акылга сыйса Келдибеков жана анын тарапташтарынан акылына сыят чыгар. Бирок бул маселеге мамлекет, мыйзамдуулук, калыстык, адилеттүүлүктөн алыс эмес кадыресе дени - карды соо, акылы ордунда адамдардын баары караманча каршы турушу керек! Кыскасы, Келдибековго козголгон 3 кылмыш иши тең кандай болгон күндө да кыскарбашы керек. Ал колу менен кылгандарга керт башы менен жооп берип, жылуу-жумшак үйүндө, балдарынын, аялынын кашында эмес, бери болгондо түрмөнүн төрүндө, зектердин жанында 10-15 жыл жатышы зарыл.
Келдибеков келесоо эмес, акмак да, ошондой эле эч кандай мекенчил да эмес. Бир сөз менен айтканда ал мамлекеттин кызыкчылыгын таман астына тебелеп, жеке кызыкчылыктын, байлыктын, мансаптын ашыкча кулуна айланган напсисин тыя албаган адамдардын бири экенин эчак далилдеп койгон адам. Ал өмүр бою мамлекеттик кызматтарды аркалап, өзү, туугандары, бала-бакырасы үчүн чириген байлык топтоп алганын ким жокко чыгара алат. Өзү да мамлекеттин бир тыйынына суук колумду салбадым деп куран кармап айта албас. Бирок "ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" болуп андай адамдар куран эмес башкасын да, керек болсо "энемди алайын", "баламдын боорун жеп калайын" деген сөздөрдү да айта бериши толук мүмкүн. Андыктан, ага эч кандай кепилдик жок.

Жагымдуу жагдайлар себеп болдубу?
Эгер Акматбек мырза өзү үчүн биздин өлкөнүн саясатында айрым бир жагдайлар түзүлбөгөндө, чет мамлекеттен партиялашы, дагы бир чоң коррупционер Нурлан Сулайманов сыяктуу келбей деле коймок. Эмесе ал үчүн жакшы шарт түзүп берген ишенимдүү жагдайларга токтололу. Биринчи жагдай: өзүнө кылмыш козгогон №1 душманы Аида Салянованын күтүлбөгөн жерден кызматтан кетиши, экинчиси: өзүнө козголгон кылмыш ишин кыскартууга үмүт жаралгандыгы, анан ал аркылуу өзүн апакай кылып актоо маселесине аздыр-көптүр ишенимдин жаралгандыгын айтсак болот. Үчүнчүсү, болбой эле улам босогобузга жакындап келаткан шайтаны көп шайлоо да бул маселеге кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар.
Албетте ал чет мамлекетте жөн жаткан жери жок, бул айтылган маселелерди Ак үйдөгү, Көк үйдөгү, парламенттеги билерман аткаминерлер менен бышыра сүйлөшүп, кандайдыр бир деңгээлде соодалашуу болгондур. Эми бул чындыкка жакын божомолго бирин-экин далилдерди келтирели. Өзүн өтө эле кыйын, өтө эле "гений" сезген Келдибеков өлкөгө кайтып келгенде Баш прокуратура аны камоого аракет кылды. Бирок ал №1 СИЗОнун астанасын аттабай, сол чөнтөк үчүн иштеген соттун жардамы менен оңой эле моюн толгоп, баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырууга жетишти.
Эми болсо мыйзамга такап, өзүнө козголгон кылмыштардын эң оору болгон Соцфондго байланыштуу кылмышты кыскартуу ишине бар мүмкүнчүлүгүн жумшап билек түрө киришти. Албетте, бул аракеттин баары жогоруда айтканыбыздай эчак эле тиешелүү адамдар менен сүйлөшүлгөн болуу керек. Деги эле, Келдибековду колдогондор да жетиштүү болуп калышы мүмкүн. Маселен, Жогорку Кеңеште Акматбек деген ысым үчүн өлүп бере турган депутаттардын саны көп. Ошол себептен, бул иш баары өтө ыкчамдык менен башталып турат. Эгер 10-мартта бул маселе Келдибеков үчүн оң жагына чечилип кете турган болсо, анчалык таң калуунун кажети жоктур. Себеби биздин мамлекетте мындай өтө жагымсыз окуялар байма-бай болуп жатпайбы. Мисалы, Батукаевдин, Акмат Бакиевдин чаламандын чак түшүндө түрмөдөн чыгып кетишин айталы. Демек, Келдибековдун иши ошондой "керемет" иштердин кезектегиси болуп калышы да ыктымал.
Акматбек мырзанын эң оор айып делген Соцфондго байланыштуу иш кыскарып кетсе (кыскара турган болуп калды көрүнөт), анда Жогорку Кеңеште спикер кезинде Москвадагы өкүлчүлүктү ачуу жана Салык кызматынын төрагасы болуп тургандагы кылмыш иштери деле бара-бара кыскарып же жабылып кетпейт деп ким кепилдик бере алат. Парламентпи? Парламенттин көп депутаттары "подхалим" болуп Акматбек мырзаны колдоп жатпайбы. Сотпу? Сот бизде качан эле соо иштечү эле? "Жашылбайларды" көргөндө жантыгынан жата калып, мамлекеттин кызыкчылыгын унутуп коюшат. Мыйзамды кыйын билген Курманбек Осмонов: "Тергөөнүн өндүрүшүндө болсо тергөө, соттун өндүрүшүндө болсо сот кыскартышы керек. Бул мыйзамдын талабы. Кечээ прокурорлордон ишти кыскартуу боюнча пикирин сураса, "Келдибеков күнөөсүн мойнуна алат бекен же жокпу" деп сурап жатышат. Мыйзамда күнөөсүн мойнуна алса да, албаса да кыскартышы керек деп жазылган",- деп "Азаттыкка" аны колдоп үн салып турат. Аксакал кишиге минтип үкасы үчүн төш тосуп жатканы жарашпас. Кантсе да жердешчиликтин да чеги болушу керек да. Анан өмүр бою мыйзам менен жүргөн, мыйзам жазган адам ушинтип жатса, калган мыйзамды чала түшүнгөндөр кайда барат. Ал эми өзүн наристедей таза, периштедей аруу сезген Келдибеков өз максатына жетүү үчүн шайлоо алдында жана шайлоо маалында түштүккө түрмөк-түрмөк акчасын чачып, бир топ элди түп көтөрүп, мамлекетти жүдөтүү аракетин көрүшү толук ыктымал. Ал мындайга өтө жөндөмдүү экенин өткөн жылы жол тостуруу иши менен далилдеп көрсөткөн. Айрыкча түштүктүк, алайылык туугандар "Жаман болсо да өз короомдон кочкор салам, биздин уулубуз кыйын, таза" деп жол тосуп, анча-мынча акчага азгырылганды токтотушу керек. Бир жолу жол тосуп, мамлекетке 10 догон миллион сом зыян келтиришти. Ага да эч кимиси жооп бербей кутулуп кетти. Экинчи ирет Келдибековду жактагандар буйрук аткарып, жол тосмой ит оорусун карматпашы, ал ишти кандай болгон учурда да кайталабашы абзел. Эгер жол тосуу, митинг, башаламандыктар кайталана турган болсо, анда мамлекет өзүнүн мамлекет экенин көрсөтүп, аларга өтө катуу чара колдонушу зарыл. Айтор, акыры мамлекетти, мыйзамды, эч болбоду дегенде абийирди ойлош керек эмеспи. Келдибеков деп эле баарыбыз акылдан адашып, келесоо, маңкурт болуп кетсек болбойт да. Акыл токтотуп, аз болсо да мамлекетти, тазалыкты ойлобойлубу. Антпесек, ансыз да замандын түрү бузулуп турат...

Айбек Шамшыкеев













??.??