Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бакыт Бакетаев, саясат таануучу:
"Кыргызстанда да үчүнчү күчтөр кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн"
- Бакыт мырза, Россиянын Москва шаарында өлтүрүлгөн оппозиционер Борис Немцовдун өлүмү Украинанын АКШ үчүн кызмат кылган атайын кызматтарынын адамдары тарабынан жасалганын америкалык "RAND Corporation" корпорациясынын президенти Збигнев Бжезинский билдирди. Мындай аракет менен Америка Россиянын ичиндеги саясий кырдаалды курчутууну көздөгөн дейт. Сиз буга кошуласызбы?
- Азыркы тапта Немцовдун өлүмүнө 99 пайыз Путинди күнөөлөп жатышат. Мына ушунун өзү эле бул ишке Путиндин күнөөсү жок экендигин көрсөтөт. Дагы бир негизди айта турган болсок, Борис Немцов туура, оппозиция өкүлү болчу. Бирок, ал оппозициянын деңгээлин өтө бийик көтөрө алган жок. Азыр деле Россияда 90 пайыз Путинди колдошот. Демек, Немцов Путин үчүн өтө чоң карама-каршылык жарата алган эмес. Андыктан муну башка, үчүнчү күчтөр жасады десек болот.
- Бул жерде АКШнын тиешеси барбы?
- Бул жерде АКШ гана эмес, башка толтура күчтөр бар. Израиль бар жана башкалар. Үчүнчү, төртүнчү, бешинчи күчтөр бар. Өтө чырмалышкан саясий технологиялык кадам болду.
- Эске сала кетсек, Немцов АКШ саясатын колдогон саясатчылардын бири болгон. Аягында өзү сиз айткандай үчүнчү күчтөрдүн колунан ажал таап отурат. Бизде да ошондой кырдаал болуп кетпейби?
- Бизде дагы оппозициянын деңгээли жакшы эмес. Өтө майда, сектанттарга бөлүнүп кеткен. Бири-бирин көрө албайт, пикирлери келишпейт, сыйлабайт, чогуу чай да ичише алышпайт. Андыктан бизде деле Россиядагыдай кырдаал. Үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн.




Кадр кызматынын кара тизмеси же....
Карашев жетектеген кадр кызматы өзүнүн кара тизмеси бар экенин жана анын башында кайсы чиновниктер турарын ачыктады. Кара тизмеге киргендердин экинчиси болуп мурдагы ички иштер министри, генерал Зарылбек Рысалиев турат. Анын бул тизмеге эмнеге кирип калганын сурасак, өзү дагы таң калып, комментарий бергиси келбегенин айтты. Болгону, кадр кызматы 2010 жылдан берки гана анализди айтып жатканын, апрель окуяларынан кийин ИИМди ал эмес, азыркы атамекенчи депутат Болот Шер жетектегенин айтты. Ооба, 2010-жылдагы окуялардан кийин Кыргызстандын бардык жеринде райондук милиция башчылары алмаштырылган. Көбү кызматтарын таштап качса, дагы бир бөлүгүн өздүк кызматкерлери көчүккө тээп айдап чыгышкан. Мына ушундай кадрдык калпыстыктардын көбү Болот Эсентаевичтин убагында болгону менен, соттошуулар Рысалиев менен Атахановдун учуруна туш келген. Эгерде сот аркылуу утуп келгендердин барысын Зарылбек мырза ордуларына отургуза берсе, азыр ГУУРду абакта жаткан Парманкулов, ГУБОПту качууда жүргөн канкор Айбек Абдыразаков, Бишкекти кызматын таштай качкан Кыязов, Чүйдү Маевка окуясында таштай качкан Нурманбетов, ИИМди таластыктардын талпасында калган Конгантиев башкарып отурмак да? Ошондуктан, кадр кызматы калпыстыктан мурун калыстыкты карап койсо болмок.


Салянованы сазга түртчүдөй...
Салянованын саясаттагы жаңы санаалашы Расул Умбеталиев Аида айымды алдыга эмес, аңга түртчүдөй. Умбеталиев өткөндө маалымат жыйын өткөрүп, президенттин айланасындагы бир топ чиновниктердин тетири иштери боюнча материалдар топтолуп, бирок Аида Салянова ишти акырына чыгарууга жетишпей, иштен кеткенин айткан. Ажобуз муну угуп жөн калбай, "айланамдагы кайсы чиновник арам ишке аралашканын тезинен аныктагыла" - деп азыркы прокурор Индира Жолдубаевага катуу тапшырган. Ошол замат Умбеталиев прокуратурага чакыртылып, Индира айымдын алдында эмне деп жооп берээрин билбей, элеңдеп турду. "Мен президенттик администрациядан эч кимди айткан эмесмин. Президенттин айланасындагылар деп айрым өкмөт мүчөлөрүн, вице-премьер, министрлерди айткам" - деп "артка секирди".


Үн катып койсоңуз боло?
Бүгүнкү күндө коррупция менен шектелип, сотто сурак берип жүргөн Ахматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматова да күйөөсүнөн кем калышпаган неме көрүнөт. Келдибеков камалганда "журналисттерди чөгөлөтөм" деп албууттанган элеси коомчулуктун эсинен кете элек. Бул айым Ахмат мырза Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган 2010-жылы кош бойлуу экенине карабай "токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет" болуп, күйөөсүнүн арты менен Адамдын репродукциясын изилдөө кыргыз илимий борборунун жетекчиси болуп дайындалган. Ошондон бери аталган борбордо тынчтык жок. Акыры илимий борбордун кызматкерлери чыдай албай Токтоматованын жолдо калчу жоруктарын тизмектеп маалымат жыйын өткөрүшүп, илимий докторлук даражасы дагы жасалма экенин айтып чыгышкан. Андан бери бир айга жакын убакыт болуп калды. Бул чырды иликтеп чыгууну социалдык тармакты тейлеген Дамира Ниязалива өзү көзөмөлгө алганы айтылган. Бирок али күнчө жыйынтык жок. Ак же көк деп үн катып койсоңуз боло же Аида айымга алыңыз келбей, иштин көзүн таппай жатасызбы?


Батька Бакиевди баалабай калдыбы?
Орус тилдүү "Дело №" гезити 21-февралда Белорус президенти Александр Лукашенко Минскиден Курманбек Бакиев менен жолукканын, жолугушуу 1 саатка чейин созулуп, сөз бүткөндөн кийин Лукашенко Курманбек Бакиевди мурдагыдай резиденциясынан узатып чыкпаганын жазыптыр. Бул гезит океңдердин атайын кызматы менен тыгыз кызматташат деп укчу элек, тактап, анан аябай таразалап жазышса керек. Лукашенконун мээсине да акыры бирдеме жеткенби же орус президентинен орден алганы барганда Путин ордуна койгонбу, ким билсин.