Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Шабдан баатырдын кыргыз биримдиги үчүн кылган кызматы
(Башы өткөн санда)
1862-жылы июнь айларында Шабдан баатыр Кокон тараптан кайтып келе жатканда атасы Жантай орустар менен ымалага кирди делип, Бишкек чебинин беги Рахматулла тарабынан камакка алынып, андан качып чыгып кутулган. Ошондон кийин да, Шабдан Түркстандыктардын эркиндиги үчүн күрөшүүнү улантууну максат кылып Кашкарга Жети шаар мамлекетинин өкүмдары Якупбекке барып кошулууну ойлонуп жүргөн.
Атасы Жантай Карабек уулу 1867-жылы өлгөндөн кийин, орус өкмөтүнүн өкүлүнүн Шабданга мекендештерин жаңы турмушка көнүүсүнө көмөктөш болууну сунушталганда, ал ага өзгөчө шарттарда макул болгон сыяктанат. Анткени, бүлүнгөн Орто Азия хандыктарынын ортосундагы өз ара арыздануулары сыяктуу саясий кырдаалы менен толук кабары бар жана да баскынчыларга каршылык күрөшүүлөрдүн кайгылуу тажрыйбасы, анын күчтүү Россия империясына чөлкөмдүн бириктирилиши кайтарылгыс процесс экендигин так баамдоого мүмкүндүк берген. Андыктан, Шабдан баатыр ошол күндөн тартып, бүт күч-кубатын мекендештеринин падышачылыктын оторчулук турмуш шартына ашкере зыянга учуратпастан өткөрүүнү максат кылып, өмүрүнүн аягына чейин өзгөчө бир уникалдуу ыктар менен аларды башкарууга аракеттенди.
Ал эч бир административдик кызматка тартылбастан, демек ыңгайсыз жоболор менен чектелбестен, элдик жөрөлгөлөргө негизделген, акыл-эстүүлүк даанышмандуулук менен коомдогу акыйкаттуулукту камсыз кылуу болчу. Бул менимче падышачылыктын ичиндеги өзгөчө укуктуу мамлекетченин өкүм сүргөнү сыяктанат. Бул жөнүндө Осмоналы Сыдык уулу өзүнүн китебинде минтип сүрөттөйт: "Ал кыргыздардын кичине ишинен чоң ишине чейин бүтүрүп турчу. Кыргыздардын үстүндө турган амир (эмир-Д.С.) - буйрукчусу эле. ... Жай болсун, кыш болсун таңдын сапары менен эрте туруп, намаз окучу. Андан кийин... боз үйдүн ичине кирип, отурары менен эки адам самоор киргизгенде: "Ассалоому алейкум" - деп араб, перс эшен, молдолор киришчү. Андан кийин: "Ассалоому алейкум" - деп топ-топ болуп, биринин артынан бири, кечке чейин кыргыздар, казактар, сарттар келе берчү. Алар арыздарын айтчу... Ар биринин ишин бүтүрүп, муктаждыктарын, максаттарын орундатып туруучу. Кыскасы ал зат окуу-жазуу билбесе да, кыргыздын адаттары бу заттын көкүрөгүнө уюп калган. Ошол үчүн арыбай-талыбай 73 жашын жогоркудай кызмат менен өткөрдү".
1876 - жылы 19 - июлда сарыбагыш волостунун өкүлү Бердибек Уркимбаевдин Жети-Суу областынын башчысы Г. А. Калпоковскийге жолдогон кайрылуусунда Шадбан (архивде ушундай, туурарагы Шадман экен - сөз Шабдан жөнүндө болуп жатат - Д.С.) кара кыргыздардын губернатору - андан улуусу да, кичүүсүда коркушат (Шадбан губернатор в кара кыргызах - его боятся старшие и младшие) деп Шабдан Жантай уулунун ошол учурда эле кыргыздардын арасында өзгөчө кадыр-баркка жетишкендигин белгилептир.
Ал эми Осмон империясынын падышасы Абдулхамид хан II инин (21-сентябрь 1842-10-февраль 1918 - жылдары жашап, 1876-1909 - жж. падышалык кылган) Сириядагы Шам шаарынан Мекке, Мединага жана Жидде шаарларына карай мусулмандардын ажылыкка барышын жеңилдетиш үчүн салынып жаткан темир жолунун курулушуна кошкон салымы үчүн 8-март 1904-жылы Шабданга берген алтын медалынын күбөлөндүргөн жарнемесинде аны "Россиянын Жети-Суу областынан Токмок калаасынан кыргыз бектеринен, жоомарт Жантай уулу Шабдан хан (алдын сызган мен - Д.С.)" деп сыпаттаптыр. Ушундай эле сыпаттоону биз жакында Осмон империясынын архивинен табылган архив документинде да, жогоруда аталган курулушка 23813 куруш салым кошуп, "кыйын кырдаалда жардам берген адамдардын" тизмесинин эң башында, "Россиядагы Ke'iysti (кебетеси жаңылыш жазылган, туурасы Жетису - Д. С.) обласынан Токмок калаасынан кыргыз бийлеринен Жантай уулу Шабдан хан (алдын сызган мен - Д.С.)" деп атайын эсепке алынган жазууларында да берилиптир.
Мекке менен Мединага барып келгенден кийин Шабдан баатырдын дүйнөгө болгон көз карашы бир топ өзгөрүлүп - ааламда Россия мамлекетинен тышкары кыргыздарга бел боло ала турган кубаттуу боордош мусулман калктары бар экендигигине шерденип, өзүнүн Туркстандык мусулман мекендештеринин чөйрөсүндөгү талаптарды чечүүгө болгон аракеттерге да активдүү колдоо көрсөтө баштаган. Бул тууралуу Жети-Суунун мусулман калкынын атынан түзүлүп, 1905-жылы Россия империясынын Министрлер Кабинетинин төрагасы П.А.Столыпинге (1862-1911 - жж. жашаган) жөнөтүлгөн 11 пункттан турган жолдомо-кайрылуу да (петиция) мисал болот.
Кайрылууда Жети-Суу крайындагы мусулман калкын башкарууда бийликтин укуктук турмуштагы мүчүлүштөрү айгинеленген. Бул жердеги мусулман меджелисин (собрания) уюштуруп, анын карамагына жергиликтүү калктын башкаруусунан тартып сот, мыйзам чыгаруу ишине чейин ыйгарууну талап кылышкан. Мындан тышкары мусулман калкына мечит, медресе, мектептерди ачып, өз тилинде газета, журнал жана китептерди чыгаруу укугуна ээ болуп, гимназияда (орус тилдүү окуу жайларда) окуган мусулман окуучуларга христиан диний таалимдин ордуна мусулман таалимин окуу укугун берүүнү, ошондой эле жергиликтүү калктардын өкүлдөрүнүн өлкөдөгү жогорку мыйзамдарды чыгаруу ишине катыштыруу менен бирдикте жерге, жеке менчикке ээлик кылууда жана жогорку кызмат адистиктерине ээ болууда тең укуктун сакталышын талап кылышкан.
Буларды орус падышасына өз колу менен тапшырууга жол ачкан Шабдан баатырга Жети-Суу калкынын атынан ишеним кат беришкен. Анда ал өзү кандайдыр бир себептерден бара албаган болсо, анда баатыр башка ишенген адамдарга ыйгарым укук берилишинин мүмкүн экендиги жана орус Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышыш үчүн Жети-Суу областынын мусулман калктарынын өкүлдөрүн жеке өзү дайындай ала тургандыгы да белгиленген экен.
Чет мамлекеттен Жети-Сууга анын ичинде Кыргызстанга келген коноктор Шабдан менен жолугуп кетүүнү өзүлөрүнүн расмий парзы катары эсептешкен. Маселен 1907- жылы Жети-Суу областын кыдырып жүргөн түрк атуулу Сеид Шериф Мухаммед Эфенди Шабдан баатыр менен жолугушуп, андан ары Ысык-Көлгө жол тарткан.
Орус агенттеринин 18-декабрь 1909-жылдагы берген маалыматтары боюнча Шабданга "маал-маалы менен түрк чалгынчылары (эмиссарлары) өзүлөрүн "сеидмин" (Мухаммед пайгамбардын жандоочуларынан болгон Хазрети Алинин тукумдары - Д.С.) деп аташкандар келип турушат, алардын бири Сеид Хожо Мавлян хан" болгон.
Ал эми бул жагдайды падышанын чиновниги, Пишпек уездинин башчысы А.Талызин 18-март 1896 - жылы өзүнүн жетекчилигине берген жолдомодо да мындайча баяндайт: ("... ал, бул жерде уезддин начальнигинин жардамчысына окшогон ролду ойнойт, ага даттануулар менен келишип, жогорку өкмөттүн алдында колунан келген жеткиликтүү маселелер боюнча жактоочулук кылышын жана уезддеги насыя бүтүмдөрүн макулдашууда кыргыздардын атынан кепилдикке өтүшүн суранышат. Ал коомдук иштер менен дайыма алектенет..."). Ошол эле адамдын сөзү боюнча, "анын көзүнчө (б. а. Шабдан катышып турганда) волостук башкаруу кызматы жана мыйзамдуу соттор тийиштүү даражадагы мааниге ээ болбой калат". Андан ары ал "Шабданга каражат керек болгондо элге кайрылып, "джилга" деген кыргыздардын адатында "курдаштардын өз ыктыяры менен берилүүчү жардам" кылууларын өтүнөт жана аны сөзсүз ар бир адамга бөлүштүрүлүп дайындалат. Бул "джилуну" (өзгөчө укуктуу мамлекетченин казынасы сыяктанат - Д.С.) ага алар эч каршылыксыз, соопчулукту самагандай беришет, анткени андан өзүлөрү да колдонушат".
Милициянын аскердик старшинасы Шабдан Жантаевдин кызматтык маалымат баракчасында жазылгандай, ал "даана аскердик кызматта турган эмес, жергиликтүү бийликте да жана орус колониалдык администрациясында да эч кандай кызматты ээлебеген".
Шабдандын саясий таасири кыргыздарга эле эмес, Түркстандагы орус администрациясынын ортоңку жана жогорку чөйрөлөрүндө да өтүмдүү болгон. Бул тууралуу Жети-Суу областынын аскер губернаторуна жеп-ичкендери жана кызмат орунундагы татыксыз жүрүш-туруштары үчүн Шабдандын сунушу менен 1890-жылы Пишпек уездинин башчысы кызматынан четтетилген аскердик старшина Нарбуттун жана 1911-жылы Сарбагыш волостунун жөндөмсүз башкаруучусу М. Алпысбаевдин иштеринен алынышы далил боло алат.
Шабдан баатырдын турмушундагы өзгөчө өмүрүнүн акыркы 10-20 жылдагы аралыгындагы саясий көз карашындагы кескин өзгөрүүлөр жергиликтүү колониалдык бийликтердин тынчын ала баштаганын байкайбыз. Буга анын үстүнөн 1886-1888 - жылдардан баштап тымызын байкоолор жүргүзүлүп турганын баамдайбыз.
Аягында падышанын мыкчыгерлеринин, Шабдандын мекендештерине тийгизген таасирин төмөндөтүү чаралары, анын ден соолугунун начарлашына алып келген.
(Уландысы бар)
Сапаралиев Дөөлөтбек,
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун башчысынын орун басары, профессор.