presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Ак калпагыңды башыңдан түшүрбө, кыргыз!

Кыргыз эли майрамды сүйгөн эл. Мамлекетибизде белгиленип жүргөн көп майрамдын ичинен улуттук баш кийимибизге да бир күндү энчилеп бергенбиз. Жаздын келиши менен мырзаларыбыз калың баш кийимдерин чечип, ак калпак кийип калган кездери. Таза кийизден калпак тигип, 32 жылдан бери мырзаларыбыздын баш кийими менен алек болуп келе жаткан Ишенбүбү эженин иштеген жерине барып, калпак кандай тигилээрин көрүп кайттым.

Ишенбүбү Аламанова,
"Кыял" бирикмесинде эмгектенет;
- Айтсаңыз эже, 32 жылдан бери калпак менен алек болуп келгениңизге эмне себеп болгон?
- Мен бул кесипти тандаган күндөн бери, бул кесипти аркалагандан бери калпак тигип келе жатам десем жаңылышпайм. Албетте, биз калпак тигүү менен эле чектелип калган жокпуз. Кыздарга арналган улуттук топулар, энелердин элечеги жана кыргыздын улуттук кийимдерин дагы тигип келебиз. Сүйгөн кесипти, анан канча жылдан берки ишиңди ташташ оор боло берет. Ошол себептен дагы болсо керек, билинбей ушунча жылды бир иш менен алектенип өткөрүп койдум. Сүйгөн кесип деп айткан себебим, баш кийим улук, аны жерге койгонго болбойт. Сыйлап, кастарлап кийип жүрүшүбүз керек. Кыргыздын кыргыз экенин алыстан эле баш кийиминен тааныган. Башындагы ак калпак - ак мөңгүлүү Ала - Тоону элестеткен деп бекеринен айтылбайт.
- Калпактын түрлөрү жөнүндө айтсаңыз?
- Союз убагында калпактын 16 түрүн тикчүбүз. Кыялда көп жылдан бери иштеген Латипа деген эже бар эле, көзү өтүп кетти, калпактын көп түрүн ошол эже чыгарып кетти. Союз убагында 105-108-109-модель деп эле айтылчу. Ал эми союз тарагандан кийин ар бир калпактын өз аталыштары чыкты. Мурун чокусу бийик калпакка суроо-талап көп болуп келсе, азыр тескерисинче машина айдаган мырзаларыбызга ыңгайлуу болуш үчүн төбөсү жапыз калпактарды көп тиктирип кетип жатышат. Бакай калпактан баштап, калпактын 20 дан ашык түрүн тигип келе жатабыз. Чоро калпак деген бар. Азыр кыргыздын кырк чоросу деп чыгып жатпайбы, ушул балдардын өздөрүнүн калпактары бар. Ошондой эле ар бир уруунун да калпактары бар. Ар кайсы уруудан келип бизге заказ кылып кетишет. Бирок биз деле ар кимдин мындай кылгыла дегени менен боло бербейбиз. Калпак өтө бурмаланып, бузулбаш керек. Эки жагы тилинген калпактар жаан жааганга ылайыкталган, азыр бирок туюк калпактарды көп тигип жатабыз. Эң баалуу калпак бул чыраш калпактар. Энелерибиз илгертен колго сайып келген бул калпак эң баалуу калпак болуп саналат. Бизде чыраш калпактын баасы 1.5 миң сом. Ошол эле калпактар "Айчүрөк" соода түйүнүндө 3000 сомдон экен. Баасына жараша эмгекти көп талап кылган калпак. Секиртме, жөрмөмө сайма менен кырына гана түшүрүп келгенбиз. Азыр оңой болуп калбадыбы. Сайма сайган атайын машиналар бар. Алардын жардамы менен каалаган сайманы сайып койсоң болот. Негизи, кочкор мүйүз сайманы көп колдонобуз, көрүнүшү да жакшы. Кичине балдарга арнап, Умай эне саймасын түшүрүп калпак тигип келебиз.
- Айына канча калпак тигип чыгарасыздар?
- Союз учурунда план менен иштечүбүз. Айына үч миң, төрт миңдей калпак тигип чыгарчубуз. Ошол калпак 15 мамлекеттин арасына тарап кетчү. Таң калып эле жатчубуз, мынча калпак кайда кетет, бизден башка калпакты кийгендер бар го деп. Эгемендүүлүгүбүздү жаңы алган мезгилде калпакка болгон суроо талап азайып калган. Жакынкы жылдардан бери, өзгөчө ак калпак күнү белгиленгенден бери десем да болот, көп - көп заказдардын үстүндө иштеп жатабыз.
- Кийизди кайдан аласыздар, синтетика калпактар сиздерден тигилеби?
- Биз таза кийизди Токмоктон жана Сосновкадан атайын кийиз иштетүүчү фабрикалардан алып, алар менен иштешип келебиз. Бул ишканалардан таза кийиз алабыз. Токмоктогу кийиздин баасы арзан, ошонусу менен бизге ыңгайлуу болчу. Бирок, ал ишкана казактар менен иштешип, биз өз убагында кийизди ала албай калып жатабыз. Ал эми Сосновкадан калпакка ылайыктуу болуп, уютулган тоголок болуп чыгат. Бирок, баасы бир аз кымбат. Азыр кийиздер колго да жасалып жатат. Синтетика Кытайдан рулону менен келет. Бул синтетиканы кийим катары колдонгонго болбойт деп айтышат. Бирок, биз ага карабай эле алыш-бериштин калпактарын тигип жатпайбызбы. Колдон келсе ушундай синтетика калпактарды башка кийбей эле коюшса жакшы болмок эле. Менин бир таанышым айтып калчу, синтетика калпак баш оорулуу кылат экен деп. Чынында ошондой экен. Арзанына карап кийип алып жатпайбызбы. Бул туура эмес. Балдарга таза кийизден тигилген калпак кийгизишсе жакшы болот эле. Эч качан балдарга синтетика калпак кийгизбей, таза кийизден калпак сатып бергиле деп айтаар элем. Кыргыз элимдин 5-март калпак күнү менен куттуктап, ар дайым мырзалардын башынан ак калпагы түшпөй, кыргыз атын калпагы менен таанытып, кыргыз эли намыстуу бололу.
Гүлмира Шаршеева




БУЮРСА СӨЗСҮЗ БАРАМ!
Интернет айдыңдарынын биринде, Georgia деген ысым менен катталган орус кызынын баракчасынан алып котордум. Сүрөт да өздүк барагынан алынды. Сөз башынан болсун.
Мен кавказдыктарды мурда эле жаман көрчүмүн. А бул окуядан кийин өтө эле жек көрүп калдым. Атым Светлана, Москва шаарынын тургуну болом. Жигитим менен курбу кызымдын туулган күнүн белгилеп кафеден чыккан соң "бир аз сейилдейли" деп үйгө жакын эле аймакта таксиден түшүп калганбыз. Биздин короого кире бериштен ичкери жактан "лада" үлгүсүндөгү унаа чыгып келаткан жаныбыздан бираз өтүп эле токтой калып ичинен күрсүйгөн беш жигит түштү. Беттерин бүтүндөй жүн баскан буларды бир көрүп эле билесиң да. Кавказдыктар экен мас дагы окшойт. Келип эле бизге тийишип мени колдон жетелей баштады. Жигитим спортсмен деле эмес илмийген арык жигит. Ошого карабай мага болуша кетти эле тигилер ур тепкиге ала баштады. Өтө деле кеч эмес болчу. Өтүп бараткан адамдар жардам кылмак турсун алыс айланып кетип атышты. Же Женямды таштап кете албайм. Бир маалда ары жактан азиат түспөлүндөгү бир жигит чуркап келип арачага түштү эле тигилер саамга токтоп калышты. Мен Женяны тургузганча тигилер тирешип атты. Азиат жигит сөз менен жооткотууга аракет кылса да кавказдыктар болбоду кол салып жиберишти. Мына ушунда мен кино көргөндөй эле болдум. Тиги күрсүйгөн бешөөнө моюн бербей койду баягы азиат. Бир экөөсү оңбой да калды окшойт. Өзү да бир топ запкы жеди, бирок бешөөнүн алы келбей бирөөнүн колу сындыбы же чыгып кеттиби жерде ыйлактап жатты. Дагы бири бир жеген муштумдан тура албай темтеңдеп жыгылып атты, калган үчөө экөөнү сүйрөгөн боюнча өзүлөрүнүн "ладасына" түшүп бизди сөгүп-сагып, "жашабайсыңар мууздап кетебиз" дешип коркуткан бойдон кетти. Алар кеткенден кийин полицайлар да кинодогудай келди, кечигип. Баарыбызды алып кетишти, менин Женямдын мээси оор чайкалыптыр. Ошол жерден билдим, тиги азиат Азамат аттуу кыргыз жигит экен. Жакында эле келиптир Москвага. Гастарбайтерлик менен эмес досунун чакыруусу менен келип конокто экен. Тышка дүкөн карап чыгып биздин окуяга кабылыптыр. Бизди кордоп атканда ары-бери өтүп аткан мээримсиз өзүбүздүн славяндарга да тиги кавказдыктарга да жек көрүүм ызам калып калды. Ошончо алыстан биринчи жолу, Орусияга келип анан коркпой-үркпөй кавказдыктар менен мушташкан кыргыз жигитине алкышым чексиз. Ошондон баштап биздеги кыргыз гастарбайтерлери, деги эле кыргыз дегендерди жамандагандарга ишенбей, кыргыздарга болгон сыйым күчөдү. Буйурса жай келсе ошол өлкөгө барып да келем деп максат кылдым. Жанагы Азамат деген жигиттен кыргыздардын тээ бир мезгилдерде баатыр эл болгонун керек болсо ошончо көп кытайлар коркуп жашашканын уктум. Өтө кооз жерлерин, үйүнө барсаң берерге ашын таппаган меймандос элин айтып берсе суктануум артып кетти. Өтө көп нерселерди айтып берди, орусча эч кандай акценти жок таза сүйлөгөн абдан кичипейил жакшы жигит экен. Рахмат сага Азамат. Буюрса сөзсүз барам Кыргызстан.
Чолпонбек Жетиген











??.??