presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Жамиля Муратова, ырчы:
"Аны ойлогондо жүрөгүм эзилип, акыл-эсимди жоготом"
- Жамиля эже, жаз майрамыңыз менен. Мына көптөн күткөн жаз айы да күлө багып кирип келди. Жазды жактырасызбы?
- Рахмат, силерди, жалпы эле элимди, анын ичинде жазга жакын, жазга окшош, жазды сүйгөн аялзатын жаз майрамы менен куттуктайм. Ушул жаз биздин элге, жерге күндүн мээрими менен бирге жылуулукту, мээримдүүлүктү алып келсин деп жакшы тилек менен жаркыраган жаз айын тосуп жатам. Жаз - менин эң жакшы көргөн мезгилим. Табияттын жаңыланышын кадимкидей денем менен сезгендей болом. Жүрөк дегдеп, жаш кызга окшоп элирип, жаңы бир жашоо күтүп жаткандай, жашоого кумарланам, алдыга умутулуп жашооого сүйүүм артып, жакшы нерселерден үмүттөнөм...
- Жаз дегенде эле 8-март майрамы эске түшөт. Ушул майрамда кимдерге жыл сайын белек берүүнү унутпайсыз?
- Апама. Апам өзгөчө, назик жасалгаларды, оригиналдуу белектерди жактырат. Жыл сайын апамдын каалоосун таап, жарашыктуу, көңүлүн ача турган белектерди бергенге аракеттенем. Анткени ал адам мен үчүн бул жашоодо эң ыйык жана кымбат инсан. Апама белек тартуулоодон өзүм да рахат алып, анын көңүлүн көтөргөнүмө абдан кубанам жана жан дүйнөм толкуп, көңүлүм ачылып кубанып калам.
- Өзүңүз дагы көп белек алган адамдардын катарын толуктасаңыз керек. Эсиңизде калган эң оригиналдуу белек?
- Менин эсимде калган эң баалуу белек, бул жашоонун өзү. Белектерди сындабайм. Анткени ар бир белекти берүүдө, ал адам кандайдыр бир жакшы маанай тартуулагысы келет. Менин көңүлүмдү ачкысы келет. Эч тандабайм. кичинекей гүл же түстүү кагаздардан жасалган кооз апликация болсо да, кубанып кабыл алам.
- Майрамдарда баарыбыз эле кимдир - бирөөдөн куттук сөз, белек күтөт эмеспизби. Сиз кимден куттуктоо, белек алсам дейсиз?
- Жакшы сөздү, чын дилден чыккан белекти сага жүрөгү таза, сенин көңүлүңдү көтөрүп, жакшы маанай тартуулоону каалаган адамдар гана айтышат эмеспи. Менден кимиси куттуктоо аябаса, мага көз карашы түз, чын дилден чыккан сөз, белек болсо кубануу менен кабыл алам. Ал кандай адам болбосун ыраазычылыгымды билдирем. Мага белек бериши керек деп кимдир- бирөөнү милдеттендирбейм. Белек ар кимдин каалоосу жана мүмкүнчүлүгү деп билем.
- Эми чыгармачылыгыңыз туурасында кеп кылсак. Жаздын келиши менен элиңизге кандай чыгармаларды тартуулаганы жатасыз?
- Эмнегедир "Бешик ырын" ырдагым келип жүрөт. Азыркы убакытта ошол тематикада ыр жаратуудамын. Албетте ал ырды ырдап жатканда, алгач менин балама арналган назик энелик сезимим жүрөгүмдү элжиретип, ырымдын ар бир сөзүндө, нотасында балама болгон сүйүүм сакталып эргүү, берилүү менен ырдайм. Андан да бул ырымды Алимхан небереме арнайм. Ырымдын ар бир кайрыгы небереме болгон сүйүү сезимимди күчөтүп, менин эң бактылуу чоң эне экендигимди сездирип турат.
- Акыркы убактарда чыгармачылыгыңыз солгундап кеткендей. Көп көңүл бурбай жатасызбы?
- Чындыгында, окуучуларыма көбүрөөк убакыт бөлгөнүм көрүнүп турат... Жакшы ырларды, таланттуу окучуларыма да жазып, чыгармачылыгымдын дагы башка жакшы жагын көрсөтүүгө аракеттенүүдөмүн.
- Кээ бир жаш ырчыларга продюсерлик кылып жаттыңыз эле. Бул жаатта иш -аракеттер кандай болуп жатат?
- Мен өзүмдү продюсер дегенден алысмын. Туурасы - мугалими, насаатчысы катары иш жүргүзүүдөмүн. Таланттуу окучууларым көбөйүүдө. Жакын арада элибиз дагы жаңы ысымдарды таанып, алардын аттарын угуп, өз сын-пикирин берет деген жакшы тилектерим бар.
- Окуучуларыңыз сиздин ишенимди актап жатабы?
- Окуучулар менен иштеш, аларды музыка дүйнөсүнө алып келүү, жол көрсөтүү ар дайым татаал болсо да, үмүтүм албетте чоң. Анткени, таланттуу жаштарды тарбиялоо, чоң жоопкерчиликти талап кылат эмеспи. Алардын ийгилиги, демек менин да ийгилигим. Чогуук уят болбогонго аракет кылабыз.
- Тасмага тартылып да көрсөмбү деп жаттыңыз эле. Өзүңүздү тасма жаатында сынай алдыңызбы?
- Тасма жаатында азырынча сунуштар болгон жок. Эч ким тартпай жатат. Балким режиссерлор мага ишеним көрсөтө албай жатат же ыр, музыка менен эле алектенсин деп көп байкабай жатабы, билбейм, айтор, тасмага сунуш ала элекмин. Бирок кинодо роль жаратуу каалом дагы да эле көкүрөгүмдө турат. Жакшы сунуштарды күтөм.
- Кайсыл чыгармаңыз сизди элге таанытты эле?
- Ар бир чыгармамдын өз тарыхы, өз угуучулары бар. Баарына абдан аяр мамиле кылам. Элге кенен тааныткан чыгарма - "Ак кайың" чыгармасы болду. Бул ыр өз актуалдуулугун, жагымдуулугун, назиктигин дагы да жогото элек. Андыктан ушундай чыгарманы аткарганыма кубанып турам.
- Азыркы маданият министринин ишине кандай баа бересиз. Деги эле маданият тармагында өзгөрүү болдубу?
- Маданиятта жакшы өзгөрүүлөрдү күтөм. Азыркы министрибиз чыгармачыл инсан. Маданияттагы көптөгөн көйгөйлүү маселелерди чечүүгө эрки, билими, тажрыйбасы жетет деп ойлойм. Ал маселерди чечүү көп убакытты талап кылат. Үмүт чоң...
- Азыркы коомдогу болуп жаткан көрүнүштөр сизди да түйшөлтпөй койбосо керек?
- Албетте, кайдыгер кароого мүмкүн эмес. Өз баам бар. Кайсыл бирин айтайын... Миң түркүн дүйнөнүн миң түркүн көрүнүштөрү бар эмеспи. А бирок эң негизги көрүнүштөр позитивдүү болсо экен деп тилейм. Аманчылык, тынччылык болсо, коомчулукта өнүгүү болуп, ыймандын, маданиятуулуктун тамыры ар дайым терең жайылып турушун абдан каалайм.
- Келиниңизге кандай кайнене болуп жатасыз?
- Келиниме болушунча жаман эмес кайнене болуп атам.
- Небере өз балаңдан да таттуу болоруна ишендиңизби?
- Небереме көп көнүл бургандыгым чын. Анын көзүн эле карап турам. Экөөбүздүн бири- бирибизге болгон мамиле сүйүүдөн дагы артык. Аны ойлогондо, жүрөгүм эзилип, акыл-эсимди жоготуп, балким тарбия процессине туура эмес нерселерди кылып жатам го дейм. Эркелетип эле Алимхандын бардык каалосун жасап жатам. Бирок менин эркелеткениме жараша неберем зээндүү бала болуп чоноюп келатат. Кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн, башка адамдар байкабаган, түшүнбөгөн байланыш бар экөөбүздө. Ар дайым неберемдин аманчылыгын тилейм.
- Сиздин чарчооңузду эмне жазат?
- Менин чарчоомду азыркы убакытта Алимхан жазат. Жакшы адамдар менен баарлашуу, ар кандай темалардагы позитивдүү сүйлөшүүлөр, жагымдуу музыка да чароомду жазып, жашоого болгон кызыгуумду арттырат. Мына жаз да келди. Кудай буйруса, жакшылыктар дагы да көбүрөөк болсо экен деп күтөм. Үмүт бар үчүн адамзаттын жашоосу да уланууда. Жаз менен бирге элибизде, жерибизде, жакшы жаңылыктар, өнүгүүлөр, жакшы өзгөрүүлөр, ийгиликтер көп болсун деп тилейм.
Жаркынай Кадыркулова




Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_9.htm on line 93

Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_9.htm on line 93

Warning: include(): Failed opening '../../news_presskg.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_9.htm on line 93






??.??