presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Китеп менен адамсың!

Китеп- бул адамдын жан дүйнөсүнө азык берип турган негизги курал! Китеп менен достошкон адамдын акыл көрөңгөсү бай, интеллектуалдык деңгээли бийик болот. Акыркы кездери адамдар китеп окубай калды деп санаа тартып баса белгилеп айтып келебиз. Бирок бул кеп чындыкка жакын болсо да, көп учурда бир тараптуу айтылып калгандай сезилет. Себеби, китепкөй адамдардын саны али да болсо арбын. Республикадагы китепканалар, айрыкча борбор шаарыбыздагы китепканалар союз кездегидей болбосо да, кудайга шүгүр күжүлдөп эле кызуу иштеп жатат. Бул сөздү мен борбор шаарыбыздагы Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасынын ишмердүүлүгү менен толук таанышып, китепкананын жетекчисине, кызматкерлерине жолугуп, китепкананын ичин кыдырып чыккандан кийин чоң ишенич менен жазып жатам. Чынында эле аталган китепканага киргенде көңүлүң көтөрүлүп, көзүң ачылат экен. Анткени, китепкананы ааламдаштыруу заманынан артта калбай, бардык шарттарын заманбан үлгүгө өткөзүп алыптыр. Албетте, өлкөдө экономикалык каатчылык жүрүп жатканда, мындай жетишкендикке жетишүү оңой эмес. Буга биринчи кезекте китепкананын жетекчисинин салымы зор. Айтайын дегеним, Баялинов атындагы китепкананы Роза Султангазиева бир нече жылдан бери жетектеп, тартипти катуу орнотуп, кызматкерлерди "зымга тизгендей" кармап, алгылыктуу аракеттер менен китепкананы дүйнөдөгү эң мыкты китепканалардын катарына кошуп коюптур. Эмесе, китепкана тууралуу жалпы маалыматты жетекчи Роза айым менен Алия айымдын өз оозунан угалы.

Роза Султангазиева, Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасынын жетекчиси:
"Китепканага жылына 160 миң окурман келип, 900 иш-чара өтөт... "
- Роза айым, алгач окурмандарга өзүңүз жетектеген китепкана тууралуу негизги маалыматтарды айтып берсеңиз?
- Биздин китепкананын имараты 1962-жылы салынган. Акыркы жолу 5 жыл мурун оңдоп-түздөөдөн өткөрдүк. Жалпысынан учурда 160 киши эмгектенет. Чынын айтыш керек, биздин китепкананын абалы башка китепканаларга салыштырмалуу жакшы. Биздин китепканага күн сайын 500гө чукул окурмандар келишет. Ошондо жыл бою келген окурмандардын саны 160 миңдин тегерегинде болот. Ал эми жыл сайын 900дөн ашуун ар кандай иш-чаралар өтүп турат. Китепканада жалпысынан 500 миңге жакын китеп бар. Бирок ачыгын айтсак, ошонун 15 пайызы эле (27 миң китеп) кыргыз тилинде. Калганы орус тилинде. Буйруса, биз кыргызча китептерди көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз. Өзүңүздөр билгендей бизде азыр совет мезгилине салыштырмалуу балдар темасына арнап чыгарма жазган акын-жазуучуларыбыз абдан эле аз. Биз аларды колдогонго аракет кылып келебиз. Алар бизге китептери чыкканда сатып алгыла деп китебин көтөрүп келишет. Алардын китептерин дайым эле сатып алганга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошондой болсо да, айрым учурларда шартыбызга жараша сатып алып турабыз. Бирок жалпылап айтканда, азыр бир урууга таандык, бири-биринен көчүргөн, мазмуну тайкы, такыр эле кызыксыз китептер көп чыгып жатат. андай китептер биз үчүн кызык эмес. Негизинен балдардын акыл-эсине, дүйнө-таанымына тескери таасирин тийгизген китептер да чыгып калат. Мына ошондой китептерди биз балдардын колдоруна бербешибиз керек. Дагы айтарым, бизге кошумча китеп сактоочу жайлар керек. Чынын айтыш керек учурдагы китептердин 40 пайызы моралдык жактан эскирди. Муну да эске алышыбыз абзел. Айтмакчы, бизде да АКШ элчилигинин жардамы менен Америка борбору ачылган.
Эми биздин китепканадагы эң чоң жаңылыкты айтып берейин. Америка борбору жайгашкан бул китепкана дүйнөдөгү 7 заманбап борборлордун катарына КМШ өлкөлөрүнөн жалгыз болуп кирди. Алар дүйнөдөгү кайсы китепканаларда Америка борбору ачылган болсо, ошонун баарын тиешелүү талаптар менен текшеришиптир.
- Жакшы. Жылдык бюджетиңер, айлык-маянаңар кандай? Эл аралык уюмдардан жардам алып турасыңарбы?
- Бизде орточо айлык 5-6 миң сом. Мени айлыгым 9 миң сом. Мамлекеттен бизге жылына 6 млн. сом каралат. Анын жарымы айлыкка, калганы коммуналдык төлөмдөргө кетет. Бирок өкмөт биздин электер энергиябызды, суубузду төлөп берет. Ал эми сиз айткандай бир нече абройлуу эл аралык уюмдардан, чет элдик элчиликтерден кез-кези менен жардам алып турабыз. Атап кетсем, Дүйнөлүк банк, Азиялык банк, Кыргызстандагы Швецариялык элчилик, Америкалык элчилик, Жалпылап айтканда, акыркы үч жылдын ичинде биз китепканага 29 млн. сом жардам алдык. Бул акчага: китеп, кеңсе буюмдары, самын-айна, мебель, компьютер ж.б. керектүү буюмдарды алып, жана өрт өчүрүү боюнча сигнализацияны гранттык негизде койдуруп алдык. Азыр бизге күзөт боюнча сигнализацияны койдурганга 250 миң сом керек экен. Бул маселени буйруса Маданият министрлиги чечип бермей болду. Жакында эле биз Швецариялык элчиликтин жардамы менен бизде Айтматовдун болгон китебин чогултуп, улуу жазуучубуздун атайын бурчун ачтык. Андан тышкары, кыргыздын классик акын-жазуучуларынын да китептерин сатып алдык. Биздин китепканада балдар үчүн да атайы бөлүм бар. Каалоочулар 2 жаштан тартып балдарын алып келип, кааласа ойнотушат, кааласа, жомок окуп беришет. Ошондой эле ЖОЖдордо окуган энелерге да шарт түзүлгөн. Алар биздин китепканага балдары менен келишип, 2-3 саатка балдарын тарбиялоочуларга каратып, өздөрү сабактарына, экзамандерине даярданып алышса болот. Бизде мезгилдүү гезит-журналдар бөлүмү абдан популярдуу. Биз жылда гезиттердин баарына жардам бергиле деп кат жазып, гезиттерди Китеп палатасынан 200дөн ашык гезит алабыз. Эл азыр мурункудай гезиттерге жазылбай калышпадыбы. Ошон үчүн көбүнчө пенсия курагындагы адамдар келип гезит окушат. Биз негизи гезиттерди 5 жылга чейин сактап, кайра китеп палатасына өткөрүп беребиз.

Алия Абдиева,китепкананын жооптуу кызматкери:
- Биздин китепканада жалпысынан 14 бөлүм бар. Балдар жаштар китепканасы болгондон кийин бала-бакчадагы балдардан тартып ЖОЖдордун студенттерине атайы ылайыкташтырылган. Балдар жана жаштар үчүн эле китепкана болбостон жалпы эл үчүн чоң маалымат борбору болуп калды десек болот. Анткени, 14 бөлүмдө мамлекетибизге тиешелүү жана дүйнөлүк маалыматтар, анын ичинде ар бир багыттагы маалыматтар абдан арбын топтолгон. Жетекчибиз жыл сайын 900дөн ашуун иш-чаралар өтүп турарын айтып кетпедиби. Мисалы, Дүйнөлүк Банктын жардамы менен маалымат борбору ачылган. Вай-фай зонасы иштейт. Каалоочулар келип интернетке кирип, каалаган маалыматын алышат. Айта кетчү нерсе, биз жаш балдарды компьютерге көп олтургузбайбыз. Ашып кетсе 2 саат олтургузуп, ар кандай жаман сайттарга кирип кетишпесин деп катуу көзөмөлдөп турабыз. Ошондой эле, 2007-жылы ачылган Америка борбору чет мамлекеттерден келген волонтерлор каалоочуларга бекер англис тилин окутушат. Шарттары абдан жакшы. Баары жаңы. Жалпысынан алганда биздин китепканада 100дөн ашуун компьютер бар. Искусство бөлүмүндө искусствого тиешелүү бардык жанрдагы атактуу инсандар, окуялар тууралуу маалыматтар
камтылган.
Китеп чогултууда биз сөзсүз түрдө китептин маани-маңызына көңүл бурабыз. Эгер балдарга терс таасир тийгизе турган китептер болсо албайбыз. Жылына биз 4 миңдей китеп чогултабыз. Анын 1500дейин Китеп палатасынан алабыз.
Акырында айтарым, окурмандардын эсине. Китепканада ар жуманын 5-күнү санитардык күн болуп эсептелет. Бул күнү китепкана окурмандар үчүн жабык, себеби биздин кызматкерлер китепкананы ичин жууп-тазалашат.
Айбек Шамшыкеев







Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_7.htm on line 81

Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_7.htm on line 81

Warning: include(): Failed opening '../../news_presskg.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_7.htm on line 81






??.??