presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ:
"ТОЛУП БАРАТ КӨЧӨЛӨРҮ КЫРГЫЗДЫН, МЕЧИТИ ЖАЙ, МЕКЕНИ ЖОК БАЛДАРдын"

Коомубуз кайда баратканы билинбейт, алдыда жакшылык болору андан бетер билинбейт. Эшектин этин жедирген эшектер чыгып жатат. Мындай кырдаалда айла кетип Шакеме суроо салгандан башка жол жок. Менин суроомо Шакем ыр менен жооп берип турганы.

- Шаке,Эгер журналисттердин жазгандары анык болсо, жанагы Юруслан Тойчубеков деген неме эшегинин эти менен Манастын эли-журтун бир заматта "күм-жам" кылып, душманыбызга "эми каалаганыңдай мууздай бер" деп так желкеден басып берип, касиеттүү калкыбызды "сөзгө сөлтүк, кепке кемтик" кылды го, алалбай кеткен Алоокенин өчүн алып... Кечээ эле казактардын катыгын берип келдик деген төкмө акындарыбыз эми алар менен кантип айтышып, кантип ырдайт, катыгүн? Ачарчылыкта каптап келген казакты кыргыз багып, кыргыз сактап калганбыз деп өйдөлөй түшчү элек, эми канттик? Антсек эле: "Ачкадан кырылып, "ач бел, куу жондо" калып атканда да силерге окшоп эшектин этин жеген эмеспиз, а силер неге ит болуп турсуңдар, туугандар?" десечи? Мындан өткөн шермендечилик болобу?
Айтор Ыйман да, Уят-Сыйыт да, Бет да кетип бүттү. Аны айтып жатып, жазып жатып, башкасыныкы болбосо да менин тилим тешилди. Шаке, шартым ушул, берген суроолорумдун бирин калтырбай ыр менен гана жооп берип отурмай болсун, болбосо акындыгың кайсы, кеттик анда!..

- Азаюуда кайран өмүр,
ачканда не эсепти,
ансыз деле сааты келсе, ажал алат кезекти,
жыгылганда көрдүк го биз төшөй калса ат жалын,
жалын эмес, туяктарын төшөп турган эшекти.

Карганын да, бүркүттүн да канаттарын бирдей чайкап эзет жел,
кайырчы да, хан дагы өтөт сурак берчү бекеттен.
Каргабызбы, бүркүтбүзбү, кайырчы же ханбызбы,
кайдан кимдин келатканын Кудай өзү эсептээр...

Балиттикти көтөралбай
батып барат эсил Күн,
о, Кудурет,
колдон келсе ушулардын ыпластыгын кечиргин,
ушулардын жаңылганын унутуп,
ыйманына секет бер,
ансыз деле муздак көрдөн баарыбызга жетет жер.
Ансыз деле,
арты Манас, алды талаш,
элди эл деп санабай,
абийир, намыс эмне экенин карабай,
аттап өттүк Уят менен Убалдан,
аттап өттүк Ата-Энеден,
Ыйман деген дубалдан,
Аттап өттүк,
аттап өткүс Курандан!
Аттап өттүк,
жадакалса Кудайдан!..

-Эми эмне кылдык? Акылмандардын бири: "Эл эч качан карыбайт, элге эч качан акыл кирбейт, эл деген ар дайым бала бойдон кала берет" деген тура. "Баланын иши чалабы?" Бир интервьюңда, илгери кара кытайлардын ханы кол алдындагыларга: "Кыргыздардын касиети калпагында, эптеп ошол калпагын башкаларга белек кылып бергенге көндүрсөңөр, калктын касиети качып, акыры өзү да жок болот деген экен" дедиң эле...
-Калктын сөөгү чачылып арчада дейт,
Кара кытай жеңалбай чарчаган дейт.
Манжуунун бир ошондо ханы келип,
Мамындай бир акылын калчаган дейт:

-Каада-салтың укмуш!-деп,- алкагыла,
Кайта-кайта калп айтып жайкагыла.
Качан сааты келгенде канын ичип,
Кара көзүн кашайтып жайпагыла!

Ач көз болот кыргыздар, байкагыла,
Алтын менен күмүшкө чайкагыла.
Ак калпагын башкага тартуулатып,
Касиетин качырып, кайсагыла!
Касиети жок болот калпак менен,
Касиети кыргыздын-калпагында,-
Деген экен кытай чал кайтарында.

Кан Манастын тукуму деген элдин,
Канжыгалуу ак көңүл, кенен элдин,
Калпагында акактай аруу, таза
Ак батасы бар эле Энелердин.

Кийиз болуп бышканча канын салган,
Кийим болуп чыкканча жанын салган.
Ошол бата канакей? Калпак бүгүн
Баштык болду мончодо самын салган!

Кырсык деген келем деп эстеттирбейт,
Кыйын элдер кыздарын жектеттирбейт.
Чийки алмасын мындай кой, душманына
Чирип калган кыгын да тепсеттирбейт!

Коюн сойгон, колтуктап ашын берген,
Коногуна тартуулап атын берген.
Бапак берген чеченди көрөлекмин,
Чечен бапак бергенче башын берген.

Башы бар эл базарын желек кылбайт,
Башы бар эл балдарын жемек кылбайт.
Башы бар эл эч качан башкаларга
Башындагы калпагын белек кылбайт!..

-Аттиң десеңчи, атаганат! Биз ошол башыбызга кийип жүргөн ак калпагыбызды тартуу кылган бөлөк-бөтөндөр өз жерине кайтып барганда мончого ала кирип, чын эле сен айткандай көр-жер салган баштык кылып, көтүнө жаздык кылып олтурганын көрүп-угуп келатып деле арыбызга келбей, баш кийим кийгизмей ит адатыбызды таштабай койдук го?
-Манасы жок калганда жетим бизге,
Макулуктун салсак деп эсин бизге.
Бешбармак деп эшектин мээсин кошуп,
Берген окшойт дей берем этин бизге.
-Кенедей элбиз. Экөөбүз аркы заманды да, өлкөбүз өз алдынча арбайын согуп келаткан берки заманды да жакшы билебиз. Бир түрдүү болсо да, өткөн доордо басчу жолубуз, барчу багытыбыз айкын эле. Өлкө тагдырын мындай кой, өз тагдырыбыз тууралуу түйшүк тартып, баш катырып ойлончу да эмеспиз. Биз үчүн баарын мамлекет өзү ойлончу. Эмичи? Эми баары башка. Эртең эмне болот? Келечек эмне болот? Эл эмне болот? Айтор кайда барба, "эмне болот?" деген суроо менен уктап, "эмне болот?" деген суроо менен туруп, "эмне болот?" деген суроо менен жашап калдык. Ишенген муун: бир даары АКШны мактаса, бир даары Пакистанды мактап, бири баптис, бири абжип, бири араб, бири кришинаид болуп... миң тарапка таралып, миң тарапка бөлүнүп, жарылып жатат. Акын катары "эмне болот?" деп ооруйсуңбу?
-Чындык бүгүн чырак жагып жалганга,
Чымчык болуп сайрап калды ар кайда.
Толуп барат көчөлөрү кыргыздын
Мечити көп, Мекени жок балдарга.

Каада-салтты жолбун иттей атышкан,
Кан агууда Чыгыш менен Батыштан.
Кан Манастын урпактары ушубу,
Календер баш, даки чалма, даки ыштан?

Эшектериң эт жасады эшектен,
Элдин куну арзан болду тезектен.
Башы сотка, иши интернет, банан бет,
Балдар чыкты ата-энесин кекеткен.

Бейиш издеп, а жайда эмес, бу жайдан,
Ак мээлейчен, шейх шейшепчен Дубайдан.
Кыргыздардын кызы чыгат жылаңач,
Күнү-халал, түнү-харам ылайдан.

Ат-Башыда Ак-Бейиттин башынан,
Агат кербен абжип товар ташыган.
Туруп келе жатат кытай жээндериң
Туз наныңан, сууңан, тооңон, ташыңан.

Кайда барба, кара курсак, жол мамай,
Мутанттарга толуп барат колбалар.
Каңгыгандар, азган-тозгон, безгендер,
Качандыр бир жарылуучу бомбалар...

Кайырчылар, кап сүйрөгөн араба,
Жалаң кыргыз, кай жагыңды караба.
Жалаң кыргыз ресторан, кафелер,
Жалаң аш-той, жалаң сайран, тамада.

Дааватчылар дамбал кийип чаңы узун,
Айдап жатат ар ким билген аңызын.
Карышкырга шариятты үйрөтсөң,
"Каякта?"-деп, сурайт койдун жайытын.

Сайдан акпай, агып жатат суу кайдан,
Кыздар бетин паранжыга бууп алган.
Өкмөттө партиялык шылуундар,
Өздөрүнүн токтомундай кууланган.






Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_5.htm on line 192

Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_5.htm on line 192

Warning: include(): Failed opening '../../news_presskg.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_5.htm on line 192






??.??