presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кадам ушул…
Салянованы эл бийикке чыгарган… секирип кеткен өзү болду
Кайдан калпы болсун, ырасында эле мамлекетибиз эгемендикке чыккандан кийинки толгон Генпрокурорлордун мыктысы ушул Аида Салянова айым болду. "Алтын баштуу аялдан…" деген макалды тебелеп туруп, өзүнөн мурунку эркектана прокурорлорго кандай иштеш керектигинен "ликбез" өткөздү десек жарашып берер, жарашпай көрсүн… Генпрокурордук кызматта Салянова президенттин аябагандай чоң колдоосуна ээ болду, аны менен бирге өзүнүн кызматы да мыйзамдан башка эч нерсени, эч кимдии тоотпогон, укугу аябагандай кеңири кызмат эле да. Анан ошолор биригип келип ага чоң күч, кудурет берди көрүнөт, баса, өзүнүн тайманбаган мүнөзүн да кошуп кетели, анан коррупция короосунун чаңын асманга сапырып турду! Мурун жалаң гана "чабак" коррупционерлер жооп берип турчу эле, Аида айым ал "деңиз-короонун" "киттерин гарпунга алып" турду. Кыйынсынган далай лөктөр кези менен шымын булгап, жашынарга жанталаша тешик издеп да калышкан. Ошондо жумурай журт Аида Салянованы Жаңыл Мырзага теңеди, Маргарэт Тетчерге тийешелүү "темир айым" деген сыпаттаманы беришти, башка толгон сыпаттамаларга эгедер кылышты… Анын жолу жакшы келаткан. Анан кашайып, өз жанынан каскак чыкты, болгондо да карачечекей күйөөсү "мүдүрүлтүп" таштады. Жок, атайын эмес, эч кимди аябай турган акча деген желмогуздун азгырыгы менен ошентти! Соолуп кал ай, "пулду көрүп Пайгамбар жолдон чыгыптыр" деген айтылуу макал биздин азыркы турмуштан кеткис орун алганын карабайсыңбы! Күйөөсү алган акчаны Аида айым билбей коймок эмес. Кантип эле койнунда жаткан жарынын эмне кылып жүргөнүн билбесин, мыкты билет, майда-баратына чейин билет да… бирок, акча дегенди азырынча эч бир жетекчи жеңип көрө элек! Айта кетели: Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров "Тазалык" ишканасындагы кылмыш ишти жаптырам деп 50 миң доллар пара алыптыр дегенди мен эмес, тигил менен бул эмес, "бир катын айтты" принцибинде эмес, УКМК айтып жатат, пресс-катчысы Рахат Сулаймановдун оозу менен. Анын билдирүүсүндө Абдыкапаровго "алдамчылык" деген берене менен кылмыш иши козголуп, ага пара бергендер тегиз суралып, пара бергендигин тастыктап беришкен. Абдыкапаров болсо үй камагына чектелген. Аталган кызмат дайны жок эле айта бербейт. Салянова кызматында турганда коррупционерлер кылганын такыр моюнга албасын, бирок, прокуратура далилдеп берерин көп айтчу, эми болсо өзү тиги коррупционерлердин терисин жамынган болгонсуйт да… баарын танып, бул деген "саясий заказ" деп… Биздин оюбузча, эгерде Абдыкапаровдун күнөөсү жок болсо, анан да ал Генпрокурордун күйөөсү болсо, ким эле жалган жалаа жабууга аракет кылмак. Илинчек бар үчүн илип жатышат да… Салянованын кызматтан кетиши өтө эле күтүүсүз болду. Анткени, андан аз мурун Атамбаев Салянованын мыкты иштеп жатканын, керек болсо ушундай адамдар президент болуш керектигин айткан. Анын кебин Келдибеков менен Түлеев жана алардын жакындары, ашкере коррупционерлер эле жактырбай калбаса, эл массасы колдогон деп айтууга негиз бар эле. Биз деле Салянова жөнүндө көп жаздык, "ал президент болсо…" деген тилекти айта келгенбиз… Ошентип, Генпрокурорубуз түптүз эле келатып, катуу мүдүрүлдү дейсиң, келаткан жолунан чыгып кетти. Эми ал жол менен баса албайт, башка жол издеш керек. Мүдүрүлгөнүнүн себебин бирөөлөрдүн жосундарынан көрбөй, өз бутунан көргөнү дурус, чалып жиберген жакынынан көргөнү дурус болчу. Аида айым ошенткен күндө эмгеги менен, тайманбастыгы менен жеңип алган аброюн сактап калмак. Тилекке каршы, "мүдүрүлгөнүн" президенттен, жана башка саясатчылардан көрүп, ошолорго шылтап чындыктан тайды да, оңой эмес табылган аброюн булгап алды. Бул чындык болду! "Салянова отставкага кетти" деген кабар баарыбызга катуу тийди. Эмне балакет болуп кетти деп башты катырата тырмап турдук, жүрөктү оорутуп турдук, далай божомол-жоромолдор дилден наркы-терки өтүп, чын-бышыгы кылтакка илинбей турду. Анан да "мен эмнеге кызматтан кеткенимди, кийин айтып берем" деген көп сырдуу сөзү, биз дайым күтчү, кызматтан түшкөн же айдалган жогорку деңгээлдеги чоңдордун "бомбасы" Аида айымга накта тийген экен, эми сөз жок жарылат болуш керек деп да күттүк. Сак болгонго караганда кызыга күтүп жатпайбызбы. Азыр ошентип кызыга күтүп калганбыз, кудай сактагай эле деген экинчи планга калган… Анан мезгил келип Салянова журналисттерди чогултуп айтчусун айтып берди, "бомбасы" жок эле келиптир…кебетеси жок го… Ошондо кызматтан кеткен жөнүн айтты, "бир мезгилде президент мени колдобой калды, мени кетирчү саясий күчтөр аракет кылды" дегенди уктук. Жеке мен, мен окшогон дагы биртоптору анын "кызматтан кетишимдин бирден бир себеби: күйөөмдү маселеси болду, агам да өлтүрүлгөн кыз менен тааныштыгы бар экен… андыктан мен бул кызматта иштөөгө моралдык акым жок" деп айтат деп күткөнбүз. Антпеди. Антпеди да кызматтан айдалгандардын тапталган жолу менен шыр кете берди, себептин баарын башка бир күчтөрдөн, президенттен көрүп туруп. Көрсө, Аида айым биз ойлогондой Жаңыл Мырза, "темир айым" деле эмес окшобойбу. Бул эми жеке пикир. Анткен менен ал жеке пикир Аида айымдын өз аракетинен жаралып жатпайбы, кийинки жүрүштөрүнө шайкеш келип жатпайбы. Баса, ага II даражадагы "Манас" орденин тапшырбадыбы. Ал орден эмнегедир ага жарашпай калгандай да көрүнүп кетет… "Бир убакта президент мени колдобой калды" деп кайсы мезгил экенин тактап бербеди эле, аны өзүбүз эле белгилеп алдык, ал мезгил-Бакыт Абдыкапаровдун пара алганы аңыз боло баштаган убак экен. Ошондо президент "өз күйөөңдү тыйып алсаң болмок" дегенден айтпай коймок беле… Аида айымдын кийинки жүрүшү анын терең саясатчы болууга али бышып жетиле электигинен кабар берди окшойт. Анткени, шайлоого барам деп аты-жыты жок партияга төрага болуп алыптыр. Ал партияны энергетика боюнча көз карандысыз- экспертмин деп жүргөн Расул Умбеталиев деген 2005-жылы түзүптүр. Партиянын мурунку аты "Жарык Кыргызстан", бүгүнкү аты "Күчтүү Кыргызстан" экен. Партиянын катарында 324 мүчөсү бар дейт. Бул азырынча белгисиз "өмүр баяны" бар партияга төрага болуп саясий жолду улап турган Салянова чоң жаңылышты окшойт. Аз мурункуга чейин билермандар айтып келген: өзүнө жакшы тааныш жана да "Күчтүү Кыргызстанга" караган көп эсе күчтүү "Ата Мекен" партиясына кошулганда бир нерсе чыкмак. Болуптур, "Күчтүү Кыргызстан" менен шайлоого барсын, бирок, жыйынтыгында 0,5% добуш алып далайды мыйыгынан жылмайтпас бекен?.. Азыркы Генпрокурор Индира Жолдубаева мурун прокуратурада иштебегени менен президенттик аппараттын ошол жагын көзөмөл кылчу бөлүмдө иштеп келген тура. Юридикалык билими жогору, аны менен бирге мыйзамды сактаганга келгенде катаал мамилеси бар дешет. Анысы жакшы. Азыркы заманда билими күчтүүлөр көп, мыйзамды көз карегиндей сактайбыз дегендер андап көп. Бирок, ишке келгенде анын баары ара жолдо калып жатат. Билимин жана башка жакшы жактарын турмушка ашыралбай келе жатышпайбы, жетекчи кызматта иштегендердин дээрдик көбү. Ошондуктан Жолдубаеванын алдыдагы ишин жакшы болот дейли, Саляновадан артык иштебесе, кем иштебейт деген ишенимде бололу. Ошондой болсо экен! Билбегенибиз жоктур, азыр майда-баратты айтпай да калдык, ал эми жогорку эшелондогу кызматтагы коррупционерлердин "чети оюлбай" турат. Жолдубаева айым ошону тереңден түшүнүп, тамырына чейин анализдей жакшы карап, бизге мүнөздүү "чылыктардын" бирине моюн бербей жалаң гана мыйзамга таяна иштесе, далай чуулгандуу иштер чубалып чыгып жок кылынып, коомубуз тазара түшөт эле. Андыктан Индира Жолдубаевага Президенттин, Спикер менен Премьердин, ак дил журналисттердин, жалпы эле элдин жардамы, колдоосу керек. Массалык түрдө колдошубуз керек!

Баратбай Аракеев







Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_4.htm on line 67

Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_4.htm on line 67

Warning: include(): Failed opening '../../news_presskg.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_4.htm on line 67






??.??