presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Эл караган бетибизди жер караткан "эшек-гейт"
Кыргыздын өмүрү түшүнө кирбеген шумдукту окуялар болуп жатат. Эки жумадан бери эсибизди оодарган "эшек-гейт" маселеси эми парламентте карала баштады. Өкмөттү кетире албай жаткандарга "эшек окуясы" эбепке себеп болуп берди. Сайдулла Нышанов "Эгер Өкмөт бул окуяны териштирип, чекит кое албаса, отставкага кетсин" - дегенди айтты. Дагы бир депутат Талантбек Узакбаев "Казакстандан досторум чалса, эмне деп жооп берээримди билбей, телефонумду өчүргөнгө шашып атам" -десе, Эсенгул Исаков "Кыргыздарды эми эшектин этин жегендер" - дей башташат. Бизди маскара кылгандар жооп беришсин!" -деп ачууланды.
Ал эми ошол маскара кылгандар уялып калгандын ордуна галстугун чыкыя тагынып алып, бир Түркия, бир Гонконго экспорттойбуз деп элдин башын айлантып жатышат. Гонконгдогулар эле Такырбашевдин эшегинин этине муктаж болуп калыптырбы. Ал жакка жеткиче эле эшегинин эти эселеп кымбатка түшүп атпайбы. Ушул жылдын январь айында эле 605 эшек союлуп, устукандалган. Ветеринардык кызматтын башчылары акыркы 20 жылда Кыргызстандан бир дагы киллограм эшектин эти экспорттолбогонун айтып жатат. Демек, бул эттер элибизди эле аралап кеткен. Бишкектин кафелеринин биринде ашпозчу болуп иштеген адам КТРКга жүзүн жашырып маек бергенден кийин кожоюну таанып калып, "кафени атасаң сотко берип абирийңди аштай төгөм" -деп ачык эле коркутууга алыптыр. Баса, эшектер союлган сарай Юруслан Тойчубековго таандык экени такталды. Муну өзү деле моюнга алып, "Ооба, ал сарай аялым Жыпарга таандык. Бирок "Кайтал" фирмасынын балдары 5 жылга ижарага алышкан. "Кайталдын" 100 пайыз акциясы Такырбашевдики. Менин эч кандай тиешем жок" - деген. Бирок Тойчубеков эмнегедир күйпөлөктөп, бул маселенин парламентте каралышына каршы чыгыптыр. Депутат Эсенгул Исаков "Чуу көтөрүлгөндө Финнадзордун мурдагы башчысы Юруслан Тойчубеков мага чыгып, эшектер мыйзам чегинде союлгандыгын айтып, маселени жыйында карабай эле коюшубузду суранды. Ушу кантип болсун?!" Бул чоң чуу. Абийир деген болуш керек да" - деди.


Бөйрөктөн шыйрак чыгарбагыла
"Республиканын" Курманбек Дыйканбаевдин деген депутаты айрым учурларда көйгөйлүү маселелерди артык кылып айтам деп тыртык кылып салмай адаты бар. "Б6" деген каймана аты бар Курманбек мырза бул жолу парламенттин трибунасынан: "Союлган эшектин эттери Гонконгдогу зоопарктарга жөнөтүлчү деген калп. Бул эттерди кыргызстандыктар тамактанган кафе, ресторандарга, коомдук тамактануучу жайларга таратышчу. Мындай кафелерди аныктап, жаптырыш керек. Бизде бардак болуп жатат. Фаст-фуддарга селсаяктардын этин колдонушпайт деп ким кепилдик бере алат?" - деп "балп" эткизди. Маселенин башын жакшы айтып келатып эле, аягында "селсаяк" деп оттоп кеткени жаман болду. Кудай сактасын, өлкөдө андай шумдук болбосун. Андыктан, бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун кажети канча?


"Кашаңы" Капарбы?
Вице-премьер Абдрахман Маматалиев Чүй облустук милиция кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Анда чүйлүк кызыл шапкечендердин чабал ишин кайра - кайра айтып турду. "Чүй облусунда катталган ар бир үчүнчү кылмыш иши ачылбай калган. Ачылбай калган иштердин жалпы пайызы 69,4 пайыз. Дал ушул облуста оор кылмыштардын дагы саны өскөн" - деди. Албетте сандык эсеп, Чүй ИИБинин башчысы Капар Батыркановдун кандай иштеп жатканынан кабар берип тургандай. Иштин көзүн билген азыркы ИИМ башчысы Мелис Турганбаевдин командасын уят кылбай, тыңыраак иштеп койсо болмок экен...


500 миң сом пара берип…
Бишкектеги №4 төрөткананын жооптуу кызматкери Ольга Серская милиция кызматкерине 500 миң сом пара берип жаткан жеринен колго түшкөнү белгилүү болду. Андай паракорду ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын из кубарлары кылтакка илишкен. Кармалган адам перинаталдык борбордо коррупциялык схемалар аркылуу ири өлчөмдөгү мамлекеттик каражаттар мыйзамсыз өздөштүрүлгөн ишти жабууну максат кылган. Чынын айтыш керек, Суранчиевдин учурунда ИИМдин 5-башкармалыгы ушул сындуу коррпуциялык иштердин бетин ача албай келген, эми Турганбаев ИИМдин "тууруна" конгону, аны ээрчиген эски команда келгени, коррупцияга күрөш катуу жүрө баштады. Күрөштү мындан ары күчөтсүн.


Сариева жакшы саамалыкты айтты
Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева аялдардын форумунда: "Биз жакшы балдарды тарбиялайлы десек анда үй-бүлө кожойкелерине инвестиция салып, аларды билимдүү кылсак гана энелер балдарына толук кандуу билим берип, келечектеги таза муундун өсүшүнө өбөлгө болот" - деп сүйлөдү. Чынында айткан сөзүндө калет да, данек да бар. Эгерде эне билимдүү, тарбиясы жакшы болсо бала да тарбиялуу болот. Ошол эле учурда биринчи леди Раиса Атамбаева азыр мектеп жашындагы ар бир алтынчы-жетинчи кыз сексуалдык жашоо менен жашаарын айтып, келинчек алам деген жаштардын жакасын карматты...


Калматов эми кимдин обонун созот?
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Анарбек Калматов учурда Феликс Куловду чанып турган кербези. Сыягы, бул жолку шайлоодо "Ар-Намыс" маарага жетпей турганын сезип, башка партияга чиркешкени жаткан көрүнөт. Ошондуктан Куловго чүйрүйүп, өлкө башчысы Атамбаевге жагынып, кошомат кылып жаткан учуру. Максаты эптеп шайлоодо КСДПнын катарынан орун алыш. Бул үчүн отко-сууга түшүүгө даяр. Кызыгы, Атамбаев КСДПга кошпой койсо, кимдин этегин кармаар экен… Же өзбекче обон созуп, кафелерде ырдап калабы?


Президенттин тегерегиндегилер текшерилет
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Расул Умбеталиевдин президенттин айланасындагы бийлик төбөлдөрүнө кылмыш ишин козгоо боюнча документтер бардыгы тууралуу билдирүүсүнөн улам, Башкы прокурор Индира Жолдубаевадан бул маалыматты тыкыр иликтөөнү талап кылды. Анда Президент эгер жакын чөйрөсүндөгүлөр кылмыш иштерге аралашкан болсо, жазасын алыш керек жана бул тууралуу коомчулук ачык билиш керек деп эсептейт.


Кыз кыздай, кыш кыштай болбой калганда…
Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева кече Бишкекте өтүп жаткан аялдардын улуттук форумунда изилдөөгө таянып, акыркы учурда секелек кыздар арасында бойго бүтүү жана бойдон алдыруу фактылары көбөйгөнүн айтып, төмөнкүлөрдү кошумчалады: "Биз шаардагы 12 мектептеги 2 миңге жакын кыздан анонимдүү анкета алдык. Жыйынтыгында Бишкектеги ар бир алтынчы кыз жыныстык катнашка 16-17 жашында барары белгилүү болду" -деп билдирди. Белгилей кетсек, Раиса Атамбаева Кыргыз-орус университетинде жана Медициналык академияда акушер жана гигиена кафедрасында эмгектенип келет. Бул изилдөөгө кошулбаска чара жок. Себеби, чыркыраган чындык эмеспи.






Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_3.htm on line 92

Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_3.htm on line 92

Warning: include(): Failed opening '../../news_presskg.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_3.htm on line 92






??.??