presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Окшошкондор...
Минскиде кримтөбөл Алманбет Анапияевдин өлүмүнөн кийин кылмышкер Бакиевдердин Кыргызстанга өткөрүп берүү талабы кыргыз президенти тарабынан кайрадан айтылды. Бакиевдердин чектен чыккан айбанчылыгын Кыргызстан гана эмес, дүйнө коомчулугу эң жакшы билет. Анапияевдин өлүмүнө ошолор шектүү болушу мүмкүн деген ой менен кыргыз президенти канкорлорду калкалап жаткан беларус бийлигине ачуу сөздөрүн айткан. Чычалаган беларус бийлиги "Кыргызстандын жетекчилигинин Белорусиянын дарегине айткан кемсинтүүсүнө комментарий берүүнүн кажети жок. Цивиллизациялуу мамлекеттин лидеринин деңгээлинде мындай эмоционалдуу билдирүүлөр мүмкүн болмок эмес" - деген сыяктуу былжырак жообун таркатты. Башкасы айтса дагы, цивилизация тууралуу ушул Лукашенко башында турган беларус бийлиги айтпай деле койсо туура болмок. Дүйнөнүн цивилизациялуу өлкөлөрү дал ушул Александр Лукашенкону "Европанын акыркы диктатору" атап, АКШ, Европа мамлекеттери аны өз өлкөлөрүнө кирүүсүнө тыю салган. Канкорду канкор калкалап жатканын баардыгы эле түшүнүп турат. Акылы тайкы айрым өзүбүздүн эле мекендештерибиз Лукашенко бийлигинин тараткан билдирүүсүнө маашырланып, "кыргыздар ушуну көрмөкпүз" дегендей ачык эле аларга жан тартып жатканы жанды кейитпей койбойт экен. Беларусиянын интернет ресурстарына көз жүгүртсөң, пикир калтырган көпчүлүк эл Бакиев өз элинин чыккынчысы экендигин, аларга жарандыкты берип, камкордукка алган бийлигине нааразы экендиктерин ачык эле жазышууда. Лукашенконун бийлиги бүтөөрү менен эл безер Бакиевдерди алар бир күн дагы өз өлкөсүнө батырчудай эмес. Ал күн деле алыс эместир. Баса, Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча Алмазбек Атамбаевдин талабын дүйнөнүн 23 мамлекетинин элчилери колдоорун билдиришти.




"Коля кыргыз" Анапияевди өлтүргөндөрдү табам деди
Белоруссиянын Минск шаарында канкор президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин колунан өлтүрүлдү делген Алманбет Анапияев 28-февралда Чоң-Алайда жерге берилди. Тажыясына катышкан "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев табыттын башында туруп сүйлөгөн сөзүндө, кан досун өлтүрүүгө буюртма берген адамдарды жана аны аткаргандарды таап, жазага тартаарын убада кылганын уккандар бизге айтып келишти. Эми Көлбаев убадасын канчалык деңгээлде аткараарын убакыт көрсөтөт. Кандай болгон күндө да, Алманбет Анапияев жерге берилди. Эгер анын тобундагы жигиттер эркек болсо, аны чын дүйнөгө узаткандарды таап, жазалашы абзел. Андай кыла алышпаса, анда өздөрү Анапияевдин өлүмүнө кызыкдар болгон…


Салимовду "Ата-Мекен" айдап чыгабы?
ЖК депутаты Турсунтай Салимовго туш-туштан чабуул күчөгөндө дагы бир кызык ишти уктук. Мыйзам боюнча ЖК депутаты ишкердик кылууга таптакыр укугу жок эмеспи. Ал эми Турстунтай Салимов депутат экенине карабай базарына байланышкан келишимдерге, документтерге бакыйта эле өз колун коюп келгенин "Ата-Мекен" партиясынын айрым өкүлдөрү казып чыгышкан экен. Жакынкы арада дал ушул маселени БШК атайын жыйынында карап чыкмакчы болууда. Айтылгандар аныкталса эле Аманбаеванын артынан Салимов дагы мандатынан ажырап калчудай болуп турат.


Бакиевдерге "Моссаддын" ыкмасын колдонуш керек!
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алик Орозов Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу үчүн Израилдин чалгындоо кызматынын ыкмасын колдонсок оң болоорун жар салды. "Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүү бул - мамлекеттин намысы, кадыры. Кылмышкерлерди кайтаруу үчүн конкреттүү чараларды көрүшүбүз керек.Ондогон жылдар бою дүйнө жүзү боюнча нацисттик кылмышкерлерди таап, жазалаган Израилдин мисалын колдонушубуз керек. Башка мамлекеттер кылмышкерлерди качан өткөрүп берет деп Израиль күтпөйт" - деди. Мына чыныгы чекситтин сөзү. А биздин атайын кызмат мамлекеттен намысын эмес, өздөрүнүн көр тирилигин ойлоп жүрүшөт.


Бүгүн Келдибековдун соту уланат
Мамлекетти миллиондогон зыянга учуратты делип, коррупцияга шектелип 2013-жылдын күзүндө камалып, кылмыш иши козголгон Ахматбек Келдибековдун соту бүгүн 3-мартта уланат. Келдибеков 2014-жылдын августунда соттун уруксаты менен чет элге дарыланууга кеткен. Кыргызстанга 10-февраль күнү кайтып келгенде, Биринчи май райондук соту 20-февралда үй камагына калтыруу боюнча чечим чыгарган. Ага чейин Башкы прокуратура козголгон кылмыш иштин оор экенин жана айрым күбөлөргө басым көрсөтүлүшү мүмкүн экенин негиз кылып, аны №1 тергөө абагына камакка алууну суранган болчу. Бирок сот четке каккан.


Деги соо депутат калдыбы?
"Республиканын" атынан депутат болгон Урмат Аманбаеваге тиешелүү делинген сойкукана табылыптыр. Аманбаевага таандык Ош шаарындагы "Жетиген" эс алуучу жайына күч органдары рейд жүргүзгөндө сойкулук менен алектенген "шайтан көпөлөктөрдү" табып чыгышкан.





Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_2.htm on line 82

Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_2.htm on line 82

Warning: include(): Failed opening '../../news_presskg.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_2.htm on line 82






??.??