Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Шабдан баатырдын кыргыз биримдиги үчүн кылган кызматы
Урматтуу Башкы редактор!!!

Жакында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулунун, өмүр бою кыргыз элинин биримдигин көздөп, алардын тарыхый кырдаалына жараша, катаал оторчулукка тушуккан учурда "капилеттен ой таап, караңгыдан жол таап", өз элин бүлүнчүлүктөн сактаганга аракеттенген, чыгаан мамлекеттик ишмери Шабдан Жантай уулу (1839-1912жж.) жөнүндө көркөм тасма тартууга каршы экендигинен кабардар болдук. Эгер, тажырийбалуу мамлекеттик ишмер, тарых илимининин даражасына ээ болгон депутат, аталган инсан жөнүндөгү маалыматтары толук эместигин ушинтип билдирип жатса, анда калгандарыбыздын бул жагдайдагы түшүнүгүбүз кандай ахыбалда экени түшүнүктүү болду окшойт. Ошондуктан, кыргыз коомчулугуна Шабдан баатыр жөнүндө бүдөмүк болгон жагдайларды ачыкташ максатында, 2014-жылы 20-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Мамлекеттик филармонияда аталган инсандын 175 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүмдүн мазмунун, бир аз кеңейтилген түрүн, сунуштоону ылайыктуу деп эсептеп, сиздин гезит аркылуу коомчулукка жарыя кылып коюшуңузду өтүнөмүн.

Тарыхтагы тактык келечекке айкын жол ачат
(Россиянын Кыргызстандын түштүгүн басып алуу учурундагы ортомчулук аракеттери)
Шабдан баатырдын саясий бейнесин изилдөөдө эң бир бүдөмүк, бурмаланган жагдайда кала бергени, бул анын Кыргызстандын түштүк бөлүгүнүн Россия имперясынын карамагына каратылышы мезгилинде ээлеген орду болуп эсептелет. Бул жагдай көбүн эсе кыргыздардын Россия империясынын колониясы болуп турган мезгилде 1885-жылы Шабдан баатырдын өз оозунан жазылган өздүк өмүр баяндамасынын (Кыргызстанда алгач 1999-жылы жарыяланган) жана ага арналган алгачкы кыргыз тарыхый чыгарма катары 1914 - жылы Уфада жарыяланган Осмонаалы Сыдык уулунун "Тарихи кыргыз Шадмания" (Кыргызстанда Кусейин Карасаевдин кирил графикасына котормосу 1990-жылы басылган ) ошондой эле ушул сыяктуу Совет доорунда калк арасынан максаттуу топтолгон жалпысынан манаптарды эл душманы катары мүнөөздөлгөн, маалыматтарга негизделгендиги менен түшүндүрүлөт. Анткени, бул чыгармаларда ошол өзгөчө Россия империясынын жерибизгдеги оторчулук мезгилинде Шабдандын ал мамлекетине өтөгөн кызматын ашкере көрсөтүүнү талаптангандыгынын белгиси бар экендиги жетишээрлик эске алынбай калган. Совет мезгили учурдагы таптык көз караштын таасиринде жазылган илимий эмгектерде да алар - манаптар көбүн эсе, кыргыз элине жат элемент катары мүнөздөлгөндүгүнө тереңирээк сын мамиле кылынбай жаткансыйт.
Дагы бир жагдай, бул эгеменддүүлүктүн шарапаты менен түзүлгөн шартта жазылган белгилүү кыргыз жазуучусу Төлөгөн Касымбек уулунун "Келкел" ( 1986-ж., 2-чи оңдолуп басылышы - 2000 - ж.) жана "Баскын" (2000 - ж.) романдарында да Шабандын образын, адабият сынынын патриархы - профессор Асанбек Кеңешбековдун (1928-2007), менимче акыйкаттуу аныктамасы боюнча, "...өтө татаал тагдырга туш келген персонаждын ар бир жасаган кыймыл-аракети, акырында келип, аткара турган тарыхый миссиясы орус баскынчылыгы натыйжасында кыргыз жеринде түзүлгөн тарыхый кырдаалга тийешелүү түрдө жооп бергендей болушу тарыхый зарылдык болчу. Тилекке каршы, Шабдандын образы дал ушул зарыл болгон көркөмдүк деңгээлге көтөрүлө албай жатат" .
2013 - жалы коомдук ишмер Каныбек Иманалиевдин жаңы нукта жазылган "Шабдан баатыр" деген омоктуу тарыхый романы кыргыз элинин кеңири катмарына да жете элек сыяктанат.
Акыркы жылдарда табылган документалдык булактар, Шабдан баатырдын кыргыз элинин тарыхындагы эң бир орчундуу мезгилдеги окуяларда ээлеген ордун дагы тагыраак, акыйкаттуурак ачып берүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Ушул окуялардагы акыйкатчылыктын өтө маанилүүлүгү бул кыргыз элинин бүтүндөй биримдигине кызмат өтөй тургандыгында экендиги талашсыз. Жогоруда эскерилген Асанбек аганын, ошол эле макаласында айтылган, омокту пикирин бул жерде келтирүүнү зарыл экендигин эп көрдүм, "... өткөн тарыхый окуялардын сабактарынан чыгарылган жыйынтык, көркөм синтез бүгүнкү күндүн проблемасына "иштебесе", андай көркөм чыгарманын, дегеле, андагы сүрөттөлгөн персонаждардын хан болобу, же ханышабы, падыша болобу, же баатырыбы, айтор, ким гана болбосун баары бир баасы жарым тыйын" . Бул ой ар бир илимий чыгармага да толук талаптанаары шексиз.
Анда эмесе документтерге назар салалы.
Шабдандын көздөгөнү - кыргыз элиниин биримдиги жана алардын өзгөчө укуктуу мамлекетчесин түзүү болгон
Пишпек уездинин начальниги А.Талызиндин, 1896-жылдын 18-мартында өзүнүн жетекчилерине жазган рапортундагы сөзү боюнча Шабдан баатырдын турмуштагы негизги көксөгөнү "мага ал нечен ирет билдирген сүйүктүү теориясы: "кыргыздар бир уюктагы аарылардай биригишип жашашы керек" деп жазат. Мындай ой Шабдан баатырдын саясий ишмердүүлүктүн башталышынан тартып өмүрүнүн аягына чейин дайыма көкүрөгүндө болуп, кыргыз элинин келечеги үчүн аткарган ар-кыл иштеринен даана көрүнгөн.
Алгач, Шабдан жергиликтүү калктардын Россия империясынын басып кирүүчүлүк аракеттерине каршы турушун колдоп, 1858 - жылы жазында Кокондон келген Пишкек коргонунун беги Алишер датка менен кыргыздардын солто уруусунун өкүлдөрү Бошкой Канай уулу жана Чолпонбай Жангарач уулдары болушуп Чүй өрөөнүндөгү казактарга элчиликке барышып, аларды сырттан келген баскынчыларга чогуу аракеттенели деген сунуштарын айтышкан. Бирок, алардан колдоо табышкан эмес.
Бул учурда кыгыз урууларынын ичинде да өз ара чабышуулар уланып жатты, 1858-жылыдын ортосунда кокондуктардын тукуруусу менен бугу уруусуна жортуулга жиберилген сарыбагыштардын жоокер башчысы Төрөгелди туткунга түшкөн эле.
1860-жылдын ортосунда Чүй өрөөнүндөгү чет элдик душмандарга каршыклык көрсөтөт деп курулган Токмок менен Бишкек чептеги жоокерлер миңге жетпеген чакан россиялык аскерлерине каршылык көрсөтө алышпай, багынууга дуушар болушкан.
1860-жылдын 20-22 октябрында Узун-Агач жана Кашкелендин жанында, Кокондон келген Канат-Шаа башчылык кылган 10 замбиреги бар жалпы саны 32 миңге (дагы бир маалыматтарда 20 миң жана 22 миң ) жеткен зор күч, болгону 11 замбиректүү 2 миң падышалык баскынчылардын аскерлернен (дагы бир маалыматта 700 солдат, 6 замбирек менен жабдылышкан чакан кошуунунан ) жеңилүү ызасын тартканын, Туркестандыктардын алгачкы чон салгылашуусунун катышуучусу катары өз көзү менен көргөн.
1861-жылдын 18 -августунда Суван деген Жантайдын уулу "Падыша өкмөтүнө каршы уруулаштарын үндөөгөндөргө жардам бергендиги үчүн" деген, баскынчылардын талаа сотунун өкүмү менен өлүм жазасына тартылып атылган.
1862-жылдын 19 - июнунда Нарын тараптагы Эки-Чат деген жерде Үметаалы Ормон уулу баш болгон 30 миңге (архив документинде бул маалымат бир топ эле апыртылса керек - Д.С.) жакын кыргыз жоокерлери, азык-түлүк, ок-дарыларды ташып бара жаткан 30 солдаттан турган орус кошуунун курчоого алышып, 18 жолу чабуул жасашса да ийгиликке жетише алышпай, камалгандарга жардам келгенде чегингенге мажбур болушкан .
(Уландысы бар)
Сапаралиев Дөөлөтбек,
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун башчысынын орун басары, профессор.