presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Шайтан аралашкан коомдо жашап жатабызбы?
Азыр биздин коомдо баланы уруп-согуп, өз билгенин жасап, зордуктап, өлтүрүп салгандар көбөйдү. Жүрөк үшүн алган ушундай окуяларга "адамдар" кантип барат? Аларды айбан жасабаган ишти жасоого, жапайычылыкка, маңкурттукка, караөзгөйлүккө, мыкаачылыкка, көк мээликке ким же эмне түртүп жатат? Балдардын алсыздыгынан, аруулугунан пайдаланып, ар түрдүү жийиркеничтүү жана эч убакта кечирүүгө болбогон иштерди кайсы жүрөгү бар адам жасайт? Кудум жүрөгүн бирөө сууруп алып, денеси калган коркунучтуу жомоктогу жаналгыч өңдүү же диний ишенимдерде айтылган оттон жаралган шайтан сымал жандар арабызда көбөйгөнү ар бир адаммын деген жанды ойлондуруш керек. Аларга -өлүм!-деп бир эмес, миң ирет айткың келет.
Албетте, ар бир коомдо ушундай "иттер" бар болчу. Бирок, бүгүнкү күндөгү цифралар мындай иштерди кайсы жол менен токтотуу керек деп ой калчоого аргасыз түртөт. Айтмакчы, бул цифралар гана. Ал эми турмушта көмүскө калгандар андан көп деп жатышат. Барган сайын кылмыштуулук азайган менен, угуп адам чыдагыс кылмыштын түрү көбөйдү деп билдирет ички иштер кызматы.
Өткөн жылы Ысык-Көл облусунда жаш кыздарга карата сексуалдык зордук көрсөткөн 8 кылмыш иши катталса, анын экөө өгөй аталары тарабынан жасаган. Ошонун бирин айтып берели.
Үй бүлө ажырашып кетет. Аял эки кызы менен калат. Ал "жаңы" күйөөгө тийип, анысы намаз окуган, "динге берилген" адам экен. Ай сайын аял Бишкек шаарына 10 күнгө иштегени кеткенде, намаз окуган күйөө аялдын эки кызынын улуусун зордуктап жүргөн. Азыр ал кыз 15 жашта. Бул айбандык ишти күйөө сөрөй кыз 13 жашында эле баштаган. Эң өкүнүчтүүсү, көп учурда энелер өз кызын коргобой, жаап-жашырып жатканында.Бул окуяда күйөө сөрөйдүн туугандары келип, анын үстүнөн жазылган арызды алууну өтүнүшкөн. Эне буга да макул болгон, бирок, коомдук уюмдар буга каршы чыгышкан. Эң коркунучтуусу учурда ал адам зордук көргөн кыз менен бир чатырдын астында жашайт. Энеси баягы ишкерлигин улантууда. Экспертиза чыкканча "зордукчу" үйүндө жашоого акылуу. Мына ушул мыйзам зордук көргөн тарапты калкалоого албай, кайрадан запкы жегенге түртөт экен. Дал ушундай мыйзам менен жакында эле экспертиза чыккыча кое берилген адам үйүнө барган соң аялын мууздап салды.
Мындай окуяларды санай берсең уланып кете берер, жүрөк оорутуп. Ак-Суу балдар үйүнүн директору Ж.Ниязова бул боюнча: "Бизге азыр балдарды өгөй эне , өгөй ата эмес, өз атасы, чоң энеси жетелеп келет. Бала психикалык жактан чүнчүп, өзүн өзү өлтүрүүгө 4-5 жолу аракет кылганда гана алып келип жатышат",- деп билдирет.
Ушуну угуп чын эле адамдар кайда бара жатабыз деп сурап бүтпөйсүң. Буга себепкер жетишпеген жашоо дейли десек, ачкадан өлүп бараткан адам жок. Андыктан, бул жерде напсинин бузулушу адамдардын басымдуу бөлүгү кантип "гүл турмушта" жашайм деп стресске, депрессияга кабылып жатканы жана ата-энелердин балага болгон кайдигерлиги деп бааласак болот го.
Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин билдигенине таянсак, учурда өлкөбүздө 15 миң өспүрүм ата-энесиз жашайт экен. Анын билдирүүсүндө, жакында эле бир бала интернет клубда 3 күн жашаган учур катталган. Көрсө, ата-эне бир жакка меймандап, баланы ошол жерге таштап кетишкен. Ал эми, убактылуу жайга түшкөн балдарды алып кетүүгө шашылбаган ата-энелердин башка жумушу күйүп жаткандай туюлат. Бул мисалдар ата-эне кыйдигерлигин бир эмес, миң ирет далилдеп турат.
Андан соң руханий байлыктын жетишсиздигинен, адамдардын нравасынын бузулушунан, ички агрессиянын, ички конфликтин өсүп кетишинен, мамлекет тарабынан улуттук идеалогиянын жүргүзүлбөгөнүнөн, мектептерде бул ишти алдына алган атайы сабактар болбогонунан биз айткан кейиштүү окуянын баары болуп жатса керек деп ойлойсуң. Арабызда үй-бүлөлүк институн бекемдеш керек, элетте активисттер менен иш-чараларды арбын өткөрүү зарыл, мектепте балдарга үй бүлө тууралу тарбиялык сааттарды, жумасына бир ирет психологдордун сабагы өтүлкөрүлсүн, жергиликтүү органдар кварталына чогулуп, ушундай окуяларды изилдеп, себебин билсин, ар бир үйбүлө менен, өзгөчө ички, сырткы мигранттардын балдары багылган үй бүлөлөрдө иш жүргүзүлсүн деген сунуштарды айтып жатышат.
Балдарга карата зомбулук чоочун адамдар тарабынан эмес, жакын туугандары аркылуу болууда. Жакын тууган ким болуп кетиптир, өзү жашоо берген энеси тарабынан эки баланын бирдей мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн көрүп туруп жүрөк титирейт. Биз балдарды өз ата-энесинен коргошубуз керек деген маселе көтөрүп жатканыбыз- биздин тунгуюкка камалып калганыбыздын далили эмей эмне? Бул кандай өкүнүчтүү жана коркунучтуу.
Биздин коомдо күнөөлүүлөр татыктуу жаза албаган үчүн ушундай окуялар болуп жатат дегендер да арбын, алар өлүм жазасын кийирүү зарыл болуп турат дешет. Бирок, ошол эле учурда ал иш жакшы изилденбесе, милициялардын кылмышты ачуу үчүн көргөн "ашыкча аракетинен" күнөөсүздөр жазаланып калабы деген да көз караш бар. Маселен, советтик эң белгилүү маньяк Чикатило 53 кылмыш жасаганга чейин 12 жыл бою жашыруун жүргөн. Ал 9 жаштан 16 жашка чейинки 7 жеткинчекти өлтүргөн. Анын ордуна 29 жаштагы Александр Кравченко өлүм жазасына кабылган . Андан кийин дагы бир кылмышка шектүү 50 жаштагы Анатолий Григорьев өз жанын кыйган.
Бир кызык жери, ошол кездеги эң мыкаачы кылмышкерлер Ростов облусунан чыккан. Чикатило, Муханкин, Черемухин жана "Электрик", "Лифтер" деп аталган жан алгычтар ушул облуста турушкан. Акыркы 10-12 жылда бул өрөөн сериялуу өлтүрүү боюнча дүйнө чемпиону болуп кала жаздаган. Окумуштуулар муну өзгөчө климаттык шартка жана социалдык жайлуулуктун жоктугуна байланыштырган. Анан да, адистердин айтымында, жакын жерде мыкаачылык менен жасалган кылмыштын болушу башка ушундай кылмыш кылууну каалагандарды, бирок, чыгынбай жүргөндөрдү да ойготот экен.
Бул кылмышкерлер өз башы менен кетсин дейли, айтайын дегеним, биз берип жаткан маалыматтар башкаларга сабак болуп бере алабы? Жашы жете элек улан-кыздарды, наристелерди зордуктаган учурларды баарылап айтып, көргөзүп, жазып ызы-чуу түшүргөн менен, ошол балдардын тагдырына балта чапкандардар кандай жаза алганын айтпай келебиз. Чын эле аларга кандай жаза берилип жатат? Ошол "айбандар" өзүнүн кылганы үчүн татыктуу жооп берип жатабы?
Икардай мен асмандан кулаганда,
Илинип силер көктө калгансыңар.
Эстүүлөр тааныганды тангансыңар,
...Кудайга жылаң аяк баргансыңар.
Балдар ай, ошондуктан балдарсыңар,
Өтүнүч, жерге эрте түнпөгүлө,
Ал жакта жашайт жалаң жалганчылар.
Карбалас Бакировдун ушул ыр сабындагыдай, балдардын аруу дүйнөсүнө Кудайдан, өз абийиринен коркпой кол салгандарга аео жок болушу керек!
Жумагүл
БАРКТАБАСОВА







Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_10.htm on line 85

Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_10.htm on line 85

Warning: include(): Failed opening '../../news_presskg.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0303_10.htm on line 85






??.??