presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Айнура Бердигулова, кыл кыякчы:
"Пикир келишпестиктер бизди жакындатып, сүйүүбүздү бекемдейт"
- Кечээ эле Ата Мекенди коргоочулардын майрамы болду. Сиз үчүн бул майрам канчалык деңгээлде мааниге ээ жана 23 - февралды майрамдайсызбы?
- Албетте, ар бир белгилүү күн өзүнчө мааниге ээ жана ал күн кимдир бирөөлөр үчүн зор майрам болушу мүмкүн. Ал эми 23 - февраль биз бала чактан бери майрамдап келе жаткан Ата Мекенди коргоочулардын күнү. Ошол себептен, мага бул майрамдын мааниси өзгөчө. Анткени Ата Мекенди коргоочулардын бекем чеби менен биздин тынчтыгыбыз сакталып, бүгүнкү күндү жашап жатабыз деп билем. Бул жалгыз эле мырзаларга тиешелүү майрам дегенге да болбойт. Ата Мекенди коргогондордун арасында биздин жоокер айымдар да бар. Андыктан бул майрамды жалпы элди - жерди коргоочулардын күнү деп билем жана баарын чын дилден куттуктап, кажыбас кайрат, бекем ден соолук каалайм.
- Бул майрам сиз үчүн маанилүү болсо, жакындарыңызга белек тартуулаганды унутпасаңыз керек?
- Жакшы сөз, күтүлбөгөн белек, куттуктоо мунун баары көңүл үчүн. Чыгармачыл эле эмес, бардык адамдардын көңүлү назик, жакшы сөзгө, мактоого, белектерге муктаж. Ошондуктан майрам болобу же жөн эле күндөрбү, жакындарыбызга жагымдуу сөздөрдү айтып, белек берип койсок жашообуз жаркырай түшөт эмеспи. Анан мындай майрамда жакындарды белексиз калтыра албайсың да. Мен дагы эл катары ата - энеме, ага - инилериме, туугандарга, жолдошума, уулубузга чын көңүлүмдөн чыккан белектерди тартуулап, бир жылмаюу жарата алдым.
- Аз күндө жадырап жаз айы кирип келип жатат. Аялзатынын көбү жаз айын сүйүшөт дешет. А сизге кайсы мезгил жагат жана эмнеси менен?
- Ар бир адамга өзү туулган айы жакса керек деп ойлойм. Туулган күндү жактырбайм деп кээ бирөөлөр айткан менен ал күнү ар бирибизде кандайдыр бир сезим жаралат. Анткени жарык дүйнөгө келген күнүбүз да. Ошондуктанбы мага күз мезгили абдан жагат. Себеби ушул мезгилде жарык дүйнөгө келип, ата - энеме кубаныч тартуулагам. Анан күз токчулуктун мезгили. Жаратылыш да кооз, баары бышып төгүлүп турган учур. Күн да жылуу. Кыскасы, абдан сонун, ак төөнүн карды жарылган күз айларын аябай жактырам.
- Эми чыгармачылыгыңызга кезек берсек. Учурда эмне менен алектенип жатасыз. Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктарыңыз бар?
- Учурда Улуттук филармониядагы "Камбаркан" фольклордук этнографиялык ансамблде музыкант болуп иштейм. Ошону менен бирге эле өз алдымча да чыгармачылыгымды өркүндөтүп эл алдына чыгып, жаңы клиптерди тарттырып, жаңы чыгармалардын, унутта калып бара жаткан күүлөрдү кайра жаздыруунун үстүндө иштеп жатам. Маселен, буга чейин бир топ залкар аталарыбыз, ыраматылык Нурак агай ойноп кеткен "Так теке" чыгармасын унутта калтырбайын деп кайра жаздырып чыгып, азыркы учурда ушул күүнүн үстүндө иштеп жатам. Мурда бул чыгарма комуз, ооз комуз аркылуу элге жеткен болсо, азыр кыл кыякка салып, кыл кыяк аркылуу элге жеткирейин деп турам.
- Азыр кыл кыяк тарткан жаштар саналуу эле. Сиздердин учурда жокко эсе болсо керек. Бул өнөрдү аркалап калууңузга эмне түрткү болду эле?
- Чыгармачылыкка кичинекей кезимден кызыктым. Болгондо да элдик ырларды, кыяктын, комуз күүлөрүн кызыгуу менен укчумун. Бирок ушул өнөрдүн ээси болушума энемдин кошкон салымы зор болду. Энем менин колумдан жетелеп алып М. Абдыраев атындагы музыкалык мектепке алып келип музыкалык билим алышыма, нота таанышыма чоң жол ачып берген. Андан кийин эле чыгармачылыкта жол көрсөтүп багыт берип, менин азыркы деңгээлге жетишиме зор салымдарын кошуп келе жатышкан устаттарыма терең ыраазычылык билдирем.
- Сизди чыгармачыл чөйрөгө алып келгенине караганда энеңиз чыгармачылыкты өтө баалаган адам окшойт?
- Туура айтасыз. Энем кыргыздын нукура чыгармачылыгын, элдик ырларды, күүлөрдү өтө баалап кызыгып угуп, чыныгы таланттарды абдан сыйлаган киши. Бирок өзү чыгармачылыктан таптакыр эле алыс адам. Медицина - кызматкери. Невропатолог.
- Кийинчерээк ушул багытты тандап алганыңызга өкүнгөн учурларыңыз болгон жок беле?
- Жок, андай учурлар болгон жок. Тескерисинче, өзгөчө өнөрдүн ээси кылган энеме, устаттарыма ыраазы болуп келем. Эми мындан ары да кыргыз элиме тээ эзелтеден келе жаткан залкар күүлөрдү алып чыгып, жаңы чыгармалар менен кубантып турууга колдон келген аракетти кылам.
- А кыл кыякты үйрөнүү татаалбы?
- А бир нерсени үйрөнүүдө эле күчтүү каалоо керек. Болбосо үйрөнө албайсың. Кыл кыякты үйрөнүү үчүн чыдамкайлык жана жан дүйнөң менен аспапка берилүү керек. Анткени бул сыйкырдуу, ошол эле учурда абдан кежир аспап. Сүйүп, бапестеп карабасаң добушу бузулуп калат. Ошондуктан ысыкка, суукка калтырбай багыш керек. Себеби суук болгондо кыяктын добушу бийиктеп кетет. Ойноп жатканда да кыяк менен бирге күүгө берилип, жүрөгүң менен ойношуң зарыл. Ошондо гана сенин ойноп жаткан күүң элге жетет.
- Сахнага чыкканыңызга бир топ эле убакыт болуп калды. Канчалык деңгээлде күйөрмандарды таба алдыңыз?
- Күйөрмандарым абдан көп, залга батпай тышка калып калат дебейм. Чынында башында чыгып жатканыбызда кыл кыяк угуучулар абдан аз болчу. Көптөр кызыкчу деле эмес. Бирок убакыттын өтүшү менен кыл кыяк да өз угармандарын таба баштады. Азыр баштагыга караганда угуучулар алда канча көп. Кыл кыякка болгон суроо - талап да көбөйө баштады.
- Эми үй - бүлөңүз туурасында да суроо узата кетейин. Жолдошуңуз да чыгармачыл адам эмеспи. Үйдө кимиңиздердин талантыңыздар жогору турат?
- Албетте, жолдошумдун чыгармачылыгын баалайбыз жана анын чечимдерин сыйлайбыз. Негизи эле жолдошумдун чыгармачыл адам болгону мен үчүн чоң жетишкендик болду. Анткени ал менин чыгармачылыгымдагы сынчым, кеңешчим, колдоочум жана жол көрсөтө турчу адамым. Кандай чыгарма жаратпайын алгач жолдошум менен кеңешем. Ал да колунан келишинче мага жардам кылганга, колдогонго болгон аракетин жумшап келет. Биз чыгармачылыктабы же жөн эле жашоодобу бири - бирибизге түшүнүү менен мамиле кылып, жардам берип, эриш - аркак жашоо кечирип келебиз.
- Кандай гана үй - бүлө болбосун казан - аяк кагышпай койбосо керек. сиздердин үйдө пикир келишпестик эмнеден улам жаралат?
- Ооба, казан - аяк кагышпаган үй - бүлө жок болсо керек. Кээде пикир келишпестиктердин жаралышы үй - бүлөдөгү мамиленин бекемделишине да алып келет. Ошондуктан айрым учурдагы кагышкан казан - аяктын аял менен эркек үчүн пайдасы да бар. Бизде болсо кээде бир болбогон нерсе үчүн эле чукулдаша кетебиз. Бирок ошол нерселер бизди дагы жакындатып, сүйүүбүздү бекемдеп, ынтымагыбызды арттырат. Анткени биз уруша кеткенде да бири - бирибиздин жүрөгүбүздү оорута турган жаман сөздөрдү айтпайбыз жана ичибизге кек сактабайбыз. Кайра эле жаркылдашып жарашып алып оокатыбызды кыла беребиз. Негизи эле конфликттен качып, көп урушпайбыз. Кантсе да чыгармачыл адам эмеспизби, бири - бирибизди жакшы түшүнөбүз
- Жолдошуңуздун кайсы сапатын баалайсыз?
- Жолдошум жакшы адам. Мыкты сапаттары көп. Адамгерчиликтүү, үй - бүлөгө камкор ата, туугандарына, ата-энесине, мага, адамдарга жасаган мамилеси абдан жакшы. Жөнөкөй, түшүнүктүү, үйдө өз ордун билет. Баарыбыз аны сыйлайбыз. Негизи эле эркек бар үй берекелүү, ырыс- кешиктүү болот эмеспи. Ошондуктан эркекти биринчи орунга коюп, сый көрсөтүү керек дейм.

Жаркынай Кадыркулова







Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_9.htm on line 88

Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_9.htm on line 88

Warning: include(): Failed opening '../../news_presskg.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_9.htm on line 88






??.??