presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Таалайбек Алисопиев, Руслан Абасовдун кайын атасы:
"Күйөө баламды өлтүрүп, жерин тартып алып коюшту"

Кыргыздын белгилүү спорт чебери, оор салмактагы кикбоксер "Гермес" каймана аты менен бир канча сыйлыкка татып, мекенибиздин атын таанытып келген Руслан Абасовду былтыр 2014-жылы 27-мартта Токмок шаарынын аймагынан өз автоунаасында жардырып кетишкен эле. Бул өлүм коомчулукка резонанс жаратып, ар кандай кептерди таратып койду. Ушул күнгө чейин ким колдуу болгону белгисиз экенине туугандары нааразы, ал гана эмес артында калган үч уулуна жана келинчегине калган жерге да көз арткандар болуп жатканын айтып, кайын атасы Таалайбек аксакал редакциябызга кайрылды.

- Аксакал, кандай көйгөй менен бизге кайрылдыңыз?
- Күйөө балам Руслан Абасовдун каза болгонуна бир айдан кийин бир жыл болот. Ушул бир жылдан бери тергөө иштери бүтпөй келет, эч киминен пайда болбой жатат. Кимге кайрылбайлы, жашыруун иликтөө жүрүп жатат деп коюшат. Эмне үчүн ошол эле бирден-бир чоң кызматта отурган Медет Садыркуловдун өлүмүнө ошол кездеги бийликтеги Бакиевдер күнөөлүү экени белгилүү болгон. Ошондой эле Раатбек Санатбаев жөнүндө айтсак криминал тарабынан курман болгону айкын болбоду беле. Айта берсек мындай мисалдар көп. Депутат Руслан Шаботоевди өлтүргөндө Алмазбек Атамбаев айткан, "биз билип турабыз партиялашыбыздын ким колдуу болгонун" деп, бирок ким экенин айта алган эмес. Ошондой эле биз да балабыздын өлүмүнө ким тийиштүү экенин билебиз. Биздин бул окуяда Феликс Шаршенбаевич Куловдо шегибиз бар.
- Эмненин негизинде шектенип жатасыз?
- Күйөө баламдын Ат- Башы районунда 30миң гектар ижарага алган жери бар. Ошонун жанында "Интел-Линк" компаниясынын чоңу Дмитрий Цойго тиешелүү фирма бар эле. Бирок, аны кыргыз бир жигитке каттатып койгон. Ал жакка Феликс Кулов, Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев сыяктуу аткаминерлер барып эс алып кетишчү. Мен муну кайдан билет элем, бардыгын күйөө балам айтчу. Цой башында турган бул фирма 5 миң гектар жерге ээлик кылган. Ал эми Русландыкы 30 миң гектар жер болуп жатпайбы. Ошон үчүн Куловдун аталаш бир тууганынын баласы Нурлан деген бала Русланга жериңерди бергиле, саткыла деп жүргөн. Руслан: "Бул ижарага берилген жер, кантип сатмак элем, жер мамлекетке тийиштүү" - деп келген. Эң көп берилген жер 49 жылга гана берилет, аны көпчүлүк билет. Эч качан жерди түбөлүккө сатпайт. Экөөнүн ортосунда ушундай сөз болгон экен. Русландын жакшы пландары бар болчу, бул жерге заповедник курам деп жүрчү. Пакистандан "винтор" эчкисин алып келип, "марко поло" эчкиси менен аргындаштырсак бөлөк порода алабызбы деген ою бар болчу. Азыр ойлосом ошол кезде эле тийишип, ар кайсыны айтып жүрүшчү экен. 2010-жылы Русланга Нарындан чалышат, бизде конкурс болгон жатат жериңерди кайра караган жатат дейт, облустук администрация башчысы Канатбек Муратбеков. Руслан шашып эле кеткен. Барса конкурс башталып калыптыр дейт, мурунтан бери договорум бар десе бизге жогорку жактан көрсөтмө келди, сен эмне кыла алат элең, жылаңач баатыр спортсменсиң, деп ачык эле сыртка чыгарып койгон экен. Ошондо Бишкекке келип Президент Алмазбек Шаршеновичке кат жазган. Президент Икрам Имиляевге текшерип чык деген көрсөтмө кылган. Ал кишинин жардамы менен бул иш өз убагы менен ордуна коюлган. Ошол боюнча жакшынакай иштеп келатып, былтыр 2014-жылы аңчы чарба жерлери 70 миң гектардан кем болбош керек деген токтом чыгартышып, "Супа" деген фирмага тийиштүү жер менен биригип 70 миң гектар кылып жерлерин тууралашат. Ошентип, күйөө баламды конкурска катышам деп даярданып жатканда жардырып кетишти.
- Мураскери катары маркумдун жубайы конкурска катыштыбы анан?
- Биз алты айга чейин эч нерсе кылган жокпуз. Анткени, биринчиден алты ай болмоюн жер мураска өтпөйт, экинчиден өзүбүз өлүм кайгысын тартып отурдук. Алты айдан кийин мураска өтүш керек болчу, ага жеткирбей облус администрациясы жерди аукционго коюп коюптур. Конкурска катышасыңарбы, эмне шартыңар бар деп айтышы керек эле. Бир ооз чалып коюшкан жок. Биз сотко кайрылдык, мураска өткөнчө алты ай убактысын күтүп конкурсту токтотуп койдук. Ошентип, 30-декабрда конкурс болду, жердин мураскери катары кызым катышты. Ырас, налог жагынан эч кандай карыз болбогон үчүн да бул конкурстан утуп алдык. Сегиз фирма катышты. Мыйзам боюнча жети күндүн ичинде жыйынтыгы чыгыш керек экен. Январдын сегизинде кызыма жеңүүчү деп кагазын берди. Кайра эки саат өтпөй чалыптыр, колундагы кагаз жараксыз экенин айтып. Кайра кирип-чыгып бизди экинчиге түшүрүп, үчүнчү орундагы фирманы биринчиге чыгарышыптыр дейт. Ал фирма 20 баллга артта эле, эки саатта 5 баллга өйдө чыгып, ал фирма өтүп кетти. Кызым жини менен ал ишти уюштурган адамдан сураса, "Мурда силер утсаңар азыр булар утту же эмне күйөөңдүн артынан кеткиң келип жатабы?"- деген экен. Бул боюнча чыркырап сотко кайрылдык, прокуратурага кайрылдык, Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жаздык. Эч кимден жооп болбой отуруп калдык. Коррупцияга каршы агенттикке кайрылсам, бул жакта аябай коррупция жатат экен дешти. Бирок алар деле эч нерсе кыла албай коюшту. Ушунча темирдей бекем крыша бар экенине ушундан кийин ынанат экенсиң да. Мен эмнеге кейип келем. Өзүн өлтүрүп туруп жерин тартып алганга кейийм. Мындай өлүм болгон эмес. Жардырып өлтүргөн өлүм болгон эмес. Муну өздөрү да айтып келишет. Эгер, криминал тараптан жардырган болсо айтылып калмак. Башка бирөө өлтүргөн болсо милиция сүйрөп чыкмак. Кулов Руслан каза болгондо айтты. Руслан Абасов браконьер болчу деп. Өлгөн адамды эч ким жамандаган эмес. Биз Русландын ким колдуу болгонун билип турабыз, бирок кантип далилдейбиз кеп ошондо. Русланды кыргыздын Манасы болчу дебейм, бирок жакшы спортсмен экенин эл билет. Дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Европанын эки жолку чемпиону эле. Кейигеним, калыстык кылып, конкурстан уткан жерин өздөрүнө берип коелу деген бир киши болбогону. Кантсе да Руслан Абасов кыргыз желегин желбиретип жүргөн инсан эле.

Гүлмира Шаршеева







Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_8.htm on line 73

Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_8.htm on line 73

Warning: include(): Failed opening '../../news_presskg.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_8.htm on line 73






??.??