Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Шайлообек Дүйшеев, Кыялбек Урмамбетов
АЙЫЛ ӨКМӨТ, "ХАЙЛ ӨКМӨТ!" БОЛОБУЗ!
К: -О, эмнеге кыргыз болуп жаралдым?
Ш: -Оозун, Кыял, тырмабачы жарамдын!..
К:: -Эх, энеңди!... Урдум ушул өмүрдү,
Элүү жылга Кытай алса Көлүмдү!
Ш: -Көл элсиңер, көрүнгөнгө бергиле,
Көлдү кийин "кытай жээнге"өткөрүп,
Көк муз баскан Хан Теңирге келгиле!
К: -Үшкүрүгүм ташыганы ташыган,
Үзөңгү-Кууш кеткенине ачынам!
Ш: -Легендарлуу парламенттин атынан,
"Лейкодерма" токтом токуп сасыган.
Элдин мүлкү арзан болду кантели,
Экс ажо академик Аскардын -
Эки Кемин көрүнбөгөн кашынан,
Эларалык эмалданган башынан!
К: -Балакетин калтырыптыр артына,
Бардаңкеден жумурткасын аткылап,
Бакиевден кетпедиби Каркыра!
Ш: -Бир ыптасын "айрып" берген утуру,
Бизди Жердин урбаса экен кусуру!
К: -Кыргызыңдын кай жери соо, каран күн!
Кыйналды жан, барбы, Шаке, баралгин?
Ш: -Оштун көзүн оюп турса анклав,
Ойдо-тоодо той-тамаша, аншлаг!
К: -Шемшейген бир эл болдук го кунарсыз,
"Шерше ля фам!" - болсом эмне француз!
Ш: -Бомждардан жасап алып батальон,
Болгум келип жатат дечи Наполен?
К: -Жоон Таластын, Оштун, Чүйдүн мыктысы,
Жокпу такыр "Кыргызым!" деп чыкчусу?
Ш: -Уламышпы, улуу кеппи, себебин,
Уккун анда, саган айтып берейин:
-Калкын таштап Кан Манастын жаны учкан,
Кан Жакыптын алты арамы ошондо
Кайран журтту талап-тоноп алышкан.
Алтымышка бөлүп-жарып бир элди,
Абыке, Көлбай, Көбөш болгон арыстан.
Кабыландын Чыйырдыдай энесин
Карга-кузгун жүргөн жолго салышкан.
Каныкейдин эки эмчегин жара чаап,
Каракчылар канын жолго агызган.
Энелердин көрүп туруп көз жашын,
Эр азамат кыргыздардын бири да,
Эшике чыгып, "эй" дегенге жарабай,
Этегине катындардын жабышкан.
Кайран Каныш каргап кеткен ошондо:
"Кара башы аз болсун,- деп,- камыштан!",
"Кайрат-күчү пас болсун,-деп,-намыстан!"
"Калысы жок калк болсун,-деп,-кабышкан!",
Мына ошондон кийин биздин энелер,
Билесиңби, Манас туубай калышкан.
Мына ошондон кийин биздин элибиз,
Бирикпестен чабышканы чабышкан...
К: -Айкөл жок деп аза күтүп, муңбайлы,
Ал жок болсо башкалары турбайбы?
Ш: -Маң кылалбайт, кара бороон, пургаң да,
Майкасы жок, мал-мүлкү жок ыйман да.
Мыйзамдары жалаң шалбыр, импотент
Мамлекеттик машаяктар турганда.
К: -Тамекиге күндө 100 сом, "түтүн жейм",
"Кризиске баттык" дешсе түшүнбөйм?
Ш: -"Кризиске баттык" дешет "пошомайт",
Кризиске батканды кой, Кыялбек,
Кризистен чыктык беле, ошону айт!
К: -Карап туруп, маңдайымдан тер аккан,
Казакстан кай-хайлап тур бел ашкан!
Ш: -Өлөң айтып өпкөлөрүн кең ачкан,
Өлсө дагы казак бизге жеталбайт,
Өмүр бою кризисте келаткан!
К: -Азыр бизде жүргөндөр аз ит минип,
Айылдарга чейин жетти банкнот!
Ш: -Өйүз-бүйүз айыл баары ЖИП минип,
Өмөр тургай, өзүн бакпай өчөйгөн
Өкмөттү кылыш керек банкрот!
К: -Качандыр бир калк ишенип шайлаган,
Карга, кузгун айланууда кайрадан?..
Ш: -Дагы ишенип, баар табам деп пайдадан,
Жолго түшсө карышкырды тандаган.
Калк терисин дагы беш жыл тарп кылып,
Карга-кузгун жайлаганы жайлаган!..
К: -Алдын ала өзү кыйын болжоштун,
Андан көрө оңдоор жагын ойлошкун?
Ш: -Эгер Кудай мага бийлик бергенде,
Парламент дегениңди жоймокмун!
Мыктысынан юристтин онду таап,
"Мыйзам жаз!" деп олтургузуп коймокмун!
К: -Кудай бизге тоночусун көп берип,
Оңочусун эмне мынча аз кылган?
Ш: -Элди жеген эртең эле токтомок,
Эгер бүгүн мыйзам кирсе аттырган!
К: -Түгөтө жеп, казы, чучук, картаны,
Түптүү элбиз, түшүрбөйлү марканы!
Ш: -Энгельс менен маңдайлашып сен эми,
Евролуу немис болгуң келеби?
К: -Шаке-Шиллер, Кыял-Гейне бир болот,
Шайтан алгыр, а Гитлер ким болот?
Ш: -Адольф капут! Акыр бир күн оңобуз,
Айыл өкмөт-"Хайл өкмөт!" болобуз!
К: -Кыйкырып биз ООНго чейин күүлөнүп,
Кыргыз тилди кылабызбы дүйнөлүк?
Ш: -Кыял, неге кырга чыгып элирдиң,
Бүт дүйнө эмес, бүркүттөргө буюрган,
Кыргыз тили-тили болот Теңирдин!
К: -Жашап анда дачасында Кудайдын,
Жашообуз не "кашасында" ылайдын?
Ш: -Түп көтөрө чыгыш үчүн бейишке,
Түшүш керек тозок деген кейишке!
К: -Өлгүң келет чыга качып териңден,
Өзүн өзү сыйлбаган элиңден!
Ш: -Алжып калган чалга айланып калкыбыз,
Ар кай жерден чыгып жатат "мантыбыз".
К: -Яра тартып өзүмдү өзүм сойсомбу,
"Япономайт!" деп самурай болсомбу?
Ш: -Окшош дечи, кулак-мурун, кашыбыз,
Окшошпойт го барабандай башыбыз!?
К: -Я, Шаке, жандар чыкты тажаткан,
Япондорду кыргыздардан тараткан?
Ш: -Акмактарын таштап салып биякка,
Акылдуунун бирин дагы калтырбай
Ала качып кеткен дечи тиякка!
К: -Ягуардай чапчаң элең, эр элең,
Япон кыздан маек алдым деди элең?
Ш: -Волонтер болчу бизге келип жүргөндөн,
Ат-Башыда-мектепте иштеп эки жыл,
Кыргыз тилин суудай таза үйрөнгөн.
-Эмне жакты? -десем, ал кыз, демиге:
-Айылдардын түгөнбөгөн түйшүгү,
Анан жапкан наны жакты,-деди эле...
К: -Бурмакандын бугу барын Буш билбейт,
Бут кирсе эле, бутка илешип кут кирбейт!
Ш: -Кык чокуган карга эч качан куш болбойт,
Кыргыз деген кыйналмайын муш болбойт!...
К: -Анда, Шаке, кыргыз бойдон калалы...
Ш: -Апкел, Кыял, ошон үчун алалы?!..