presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Саресеп
аракетиңер акылга да, мыйзамга да сыйбайт

Парламенттик шайлоо жакындап, мансабынан, депутаттык мандатынан айрылып калуу коркунучу жаралгандан тарта айрым аттуу-баштуу саясатчылар эптеп эле элге жагынуунун айла-амалын издеп калышты. Азырынча ал ыкма боюнча "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен "Ар-Намыстын" лидери Феликс Кулов алдына киши сала элек. Буга далил катары эки чоң саясатчынын акыркы аракеттерин мисалга тарталы.

Бир кезде "темир", андан кийин "жыгач" жана "желим" генерал атка конгон Куловдун учурдагы эси-дарты өкмөттүн структурасын өзгөртүү болуп турат. Ал азыркы 15 министрликти 9га кыскартып, бир канча мамлекеттик корпорацияларды түзүүнү сунуштап чыккандан бери 1 ай болду. Бул маселе алгач кызуу талкууга алынганы менен, акыркы учурда элдин эсинен чыгып калгандай болду. Жоюла турган министрликтердин катарына: Өзгөчө кырдаалдар, Энергетика жана өнөр жай, Айыл чарба жана мелиорация, Экономика, Маданият жана туризм, Жаштар, миграция жана жумуш менен камсыз кылуу, Социалдык өнүктүрүү, Транспорт жана байланыш министрликтери кирет. Куловдун бул "ачылышында" ӨКМ менен миграция ИИМге, Социалдык өнүктүрүү, Жаштар министрликтерин Саламаттыкты сактоо министрлигине кошсо, Экономика, Айыл чарба, Маданият министрликтерин жаңы түзүлө турган Өнүгүү жана соода министрлигине караштуу департамент болорун жазган. Эгер бул айтылгандар айныксыз ишке ашып кетсе, анда мамлекеттик бюджеттен жылына 20 млрд. сомго жакын каражат үнөмдөлүп, мамлекеттик кызмат орундары 30 пайызга кыскарат экен. Ошондой эле айрым багыттар боюнча өзүн - өзү каржылаган бир катар мамлекеттик корпорацияларды түзүү сунушун айткан. Бирок Кулов өкмөттүн структурасын өзгөртүү маселесин көтөрүүдөн мурун бул маселени канчалык деңгээлде ийнине жеткире изилдеп чыкты? Тиешелүү адистер, ар тармактын чоо-жайын терең түшүнгөн атагы таш жарган доктор, академик, серепчилер акыл коштубу? Же шайлоонун шайтан оюну менен өзү эле үстүртөн чампалай салдыбы? Айтор буга да өзүнчө баа берип, көңүл буруу керек. Менимче, бул маселе азырынча ишке ашпайт. Анткени, азыр алдыдагы шайлоого кызуу даярдык менен алаксып калышты. Убакыт да тардык кылышы ыктымал. Демек, парламентке кийинки келе турган 6-чакырылыштын депутаттарынын "шыбагасына" тийиши мүмкүн.
Туура, өкмөттүн структурасын сөзсүз кыскартуу керек. Ага эч ким каршы эмес. Бул маселе элге майдай жагат. Муну жакшы билген Кулов шайлоо алдында маселени шашылыш кабыргасынан коюп, өзүнө жана намысы жок "Ар-Намыска" коомчулук тараптан упай алгысы келип турат го. Азыр өкмөттө 15 министрлик, 1 комитет, 7 мамлекеттик агенттик, 10 мамлекеттик кызмат бар. Булардын айрымдарынын функциялары окшош болуп, бирин-бирин кайталашат. Ошондой болсо да, жалпы иштин, жыйынтыгы начар. Мисалы, айрым мамлекеттик мекемелерде 4 - 5 адам аткара турган жумушту он адам аткарат. Эмне дегенде, миңдеген кереги жок штаттарды ачып алышкан. Жалпысынан орто жана чоң кызматтагы аткаминерлердин саны 18 миңди чапчыйт. Албетте, бул өтө көп. Ошон үчүн кыскартуу маселеси эчак бышкан. Ал эми айрым министрликтерди таптакыр жоюп салып, аларды кайсы бир министрликке караштуу департамент кылуу маселесин да кылдаттык менен карап чыгуу керек. Мисалы, Маданият министрлигин жоюп, атына заты коошпой турган Өнүгүү министрлигине каратуу канчалык деңгээлде акылга сыят?! "Жаман иттин аты бөрүбасар" дегендей, Өнүгүү деген министрлик ачып койсо эле, баары өнүгүп кетеби?! Жалпысынан 16-17 миң кызматкери бар көп багыттуу Маданият министрлигин өзөгү курук Өнүгүү министрлигине зордоп "тыгып" жиберүү ары болгондо аңкоолук, бери болгондо маңкуртчулук эмеспи. Маданият тармагынын кызматкерлери Куловдун мындай өзүм билемдигин колдомок тургай, аны ашата сөгүп турган кези. Бакиев баш, Кулов өзү төш болгон эси жок эски бийлик Маданият министрлиги агенттик, анан комитет да өзгөртүп, кыскарта чабышканда, жалпы коомчулук катуу нааразы болгон. 2010-жылы 7-апрелге чейин агенттикти азыр Түркияда элчи болуп жүргөн ырчы Ибрагим Жунусов башкарып турган. 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Маданият министрлиги болуп кайра түзүлгөн. Эми Куловдун департамент кылабыз деп опурулуп турганы, эскини эңсеп турганы го. Маданият - бул керек болсо бардык тармактардын өзөгү! Маданият болбосо мамлекет да болбойт. Адамды адам кылган, ага руханий азык берген да маданият эмеспи. Маданият менен иши жок адам - маңкурт адам! Демек, Шаршенбай аксакалдын баласы Феликс мырза ушул сыпаттоолорго жакынбы? Эл го жакшы билет, калганын өзү ойлонушу керек. Негизи, Маданият министрлигин өкмөттүн курамынан чыгарып, президенттин карамагына өткөрсөк жакшы болмок. Ошондо азыр көйгөйү көп болуп, аксап жаткан министрликтин иши бир топ оңолмок. Кыскасы, кандай болгон күндө да өкмөттүн структурасы кандай болуп өзгөрсө да, эң биринчи маселе катары Маданият министрлиги жоюлбашы зарыл. Тескерисинче мыйзамда жазылгандай мамлекеттик бюджеттин 3 пайызын маданият тармагына толук түрдө бөлүп берүү маселеси ишке ашуусу керек. Ал эми 20 жылдан ашуун убакыттан бери маданият тармагына мамбюджеттин 1 гана (1 млрд. сомдон ашуун) пайызы берилип келет. Ал акчанын басымдуу бөлүгү айлык, коммуналдык төлөмдөргө кетип, өнүгүүгө болбогон акча калат. Ошон үчүн маданиятыбыз аксап турат. Андай эле акылдуу болсо Кулов ушул маселени айтып чыкса болмок. Болбосо, бул киши өкмөт башчы болуп эмнени кыйратты эле?! Чынын айтканда, пайдасына караганда зыяны көбүрөөк болду го. Кыйын экен, ошондо ушул маселени ишке ашырбайт беле?
Мыйзамсыз турак жайга мыйзамсыз мунапыс
Өмүрбек Чиркешовичти эл баш мыйзамдын "атасы" катары баалаганын жокко чыгарууга болбойт. Себеби ал узак жылдардан бери өз өмүрүн мыйзам жазуу жана аны аткарылышына көзөмөл кылганга арнап келет. Мына ушундай ашкере мыйзамчыл адам шайлоого жакындаган сайын мыйзамдан өзү негиздеген партиясынын кызыкчылыгын бийик коюп, тескери "ушатып" турат. Айтсак, ал Кыргызстандагы, айрыкча Бишкектеги мыйзамсыз салынган үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети менен жандалбастап, бул мыйзамга каршы чыккан депутаттар менен кызыл чеке болуп талашып-тартышуу менен алек.
Маалымат катары айта кетсек, Кыргызстан боюнча 52 миңден ашуун турак-жайдын тиешелүү документтери жок, анын 6 миңден ашууну Бишкектин 47 конушуна тиешелүү. Кандай болгон күндө да мыйзамсыз ишке барып, мамлекеттин мүлкүн (жерин) өзүм билемдик менен мыйзамсыз басып алгандар мыйзам алдында жооп берип, жазаланууга тийиш. Жок дегенде административдик жоопко тартылышы зарыл. Өмүрбек мырза, бул аракетин: "Эркинен ажыратылган кылмышкерлерге карата маал-маалы менен мунапыс жарыялап келебиз. Мыйзамсыз үй салынган жер тилкелерине деле жок дегенде бир жолу мунапыс жарыялап, аларды легалдаштырып коюуга эмне үчүн болбосун"- деп уялбай - этпей эле сайрап турат. Маселени тереңдетип айтканда, Текебаев мыйзамсыз үйлөрдү көздү жумуп мыйзамдаштыруу аракети менен мындан аркы ушундай чатак маселеге даңгыр жол ачканы турат. Албетте, бул абдан кооптуу көрүнүш. Андыктан, шайлоонун шайтан оюнуна азгырылып мансапты эңсеп, акылга да, мыйзамга да сыйбаган иштерге көп эле мурунду тыга берүүнүн эмне кереги бар. Мунун баарын Өмүкебиз эң жакшы билет, бирок эң сонун билип туруп, өзү жазган мыйзамдарды каратып туруп тебелеп-тепсеп жатканына жол болсун! Ошондуктан, акылы ай чапчыган эл өкүлү бул маселеден өз партиясына упай топтоо аракетин токтотсо өзүнө да, элге да, эң ириде мамлекетке жакшы болмок.
Акыркы төрт жылдан бери "Ата Мекендин" кадыры болуп көрбөгөндөй түшүп кеткени жалпыга маалым. Ошондуктан Өмүрбек мырза, шайлоого жакын калган кезде элдин колдоосуна жетишүү жана партиясынын кадырын аз да болсо көтөрүү үчүн ушундай көйгөйлүү маселелерге басым жасап олтурат. Маселен, эгер бул маселени депутаттар колдоп койсо, мыйзамсыз курулган турак-жайларда жашап жаткан 6 миң үй-бүлөнүн көктөн тилегени жерден чыккандай болору турган иш. Баарылап Текебаевге батасын беришер. Анан шайлоодо ошол 6 миң үй-бүлөнүн добушу "Ата Мекенге" "агып" кетиши толук мүмкүн. Ошон үчүн Өмүке эмитеден өлдүм-талдым деп арыктын нугун чаап турган чагы. Бирок мамлекетке андай кооптуу "арыктын" кереги жок. Кеч боло электе бөйрөктөн шыйрак чыгарууну токтотуу зарыл.

Айбек Шамшыкеев









Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_5.htm on line 76

Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_5.htm on line 76

Warning: include(): Failed opening '../../news_presskg.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_5.htm on line 76






??.??