presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кадам ушул…
Усубалиев 100000 сом, Отунбаева 80000 сом, Баекова 70000 сом пенсия алат…орусум, кыргызча билбесең чоң болбойсуң…
Биздин кенедей мамлекетте "абийирсиз мыйзамдар" толуп кетти. Аларды санап олтуруу да дагы өзүнчө бир чоң түйшүк. Менин бу жерде айта турганым бир-эки эле маселе жөнүндө.
Өткөндө соцфонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев биздин мамлекетте пенсиясына 100 миң сом алган бир киши,70 миң, 50-60 миңден алган биртоп киши бар экенин айтып далайыбыздын кыжырыбызды кайнатты. Катуу кайнатты! Жок, Абылгазиев мырзага жинибиз келген жок, 100 миң сом, 60 миң сом, 50 миң сом пенсия алган адамдар бар экендигине жинибиз келип жатпайбы. Бул эмне деген нааданчылык… жок, антип катуу кетпейличи, бу эмне деген жаман иш дей турайынчы… Эми ошол нааразычылык эмнеден чыгып жатат дегенди чечмелеп берели.
Менин Жон-Булак айылымда, менин айылыма окшогон жүздөгөн айылдарда он миңдеген пенсионерлер бар. Алардын көбү 2000 сомдон 5000 сомго чейин пенсия алат, 1500 алгандар да толтура. Адегенде эле айтып коелу, ал сумма эч нерсеге жетпейт! Мына ошол пенсияны алгандардын бири чабан. Ал өмүр бою чабан болуп иштеген, ошончо жыл төлөмөр болуп келген, эмнеге төлөмөр болуп келгенин өзү деле билчү эмес. Анан ал чабан кыштын кыраан чилдесинде коюн карап, чөбүн салып, сугарып, ыгы келсе, күнөс жерге жая коюп керээли кечке тынымы жок. Кечинде чарчап үйүнө келсе чай менен нандан башка эч нерсе жок. Ооба, кээси менен эттүү да болот, майлуу да болот… кээси менен гана. Балдарынын буту бүтөлбөй, кийими эптелбей, аялынын өлгөнгө же тойго кийип барчу жакшы пальтосу жок, өзүнүн жаман тумагы бар экенине тобо келтирип, топук кылып күн өткөргөнү. Ошентип, тердеп-кургап төрдө олтуруп чай ичпеди пенсияга чыкканча, анан чыккандан кийин деле кара түйшүктү тартып келген ошол куураган чабан 3000 сом пенсия алып жатпайбы! Анын кошунасы дейли, дагы бирөө өмүр бою мугалим болуп иштеди. Мурунку мугалимдер азыркы мугалимдердей эмес, бүт дитин окуткан балдарына берип таштачу да, басса-турса ошолордун окуусун, тагдырын ойлочу, мектебин ыйык сезчү. Ошол мугалим далай көз майын коротуп, далай нервин коротуп анан пенсияга чыккан, алганы 5500 сом. Үчүнчү бирөөнүн кесиби жок болчу. Бирок, колхоздун кандай жумушу болсо да бара берчү, бригадир айдай берчү да: сугатка, кой кыркканга, козу дарылаганга, арык чапканга, чөп чөмөлөгөнгө, башкарманын огородун караганга… баарына-баарына. Анан пенсияга чыгып 2500 миңди таза санап алат! Санабай калсын, анысына эки мүшөк ун келет. Бүттү! Жогоруда айтылган үчөө тең өкмөт тарапка, мамлекет тарапка акаарат айтпайт, буюрганы ошол дегенинен жазбайт. Мына, накта адам дегендер дал ошолор. Ошолор накта адамдардын карылары, пенсионерлери!
Эми пенсионерлердин дагы бир тобуна келели. Ал неме министр болуп иштеген, кийин ал кызматтан алынып ошол министрдикте келип-кетип турчу иште иштеп жүрдү. Өмүр бою машинадан түшкөн жок, муздак сууга колун салган жок, аязда буту үшүбөдү, кулагы да үшүбөдү. Кааласа чучук жеди, эт жүрөккө тийди деп борщ жасатып да ичти, ашказанга жакшы деп "Боржомиден" алдырып койчу жашик-жашиги менен. Далай параны алып көнгөн неме… Жай саратанында аябай чарчаган болуп отпускеге чыгып курортторго барат, кыпкызыл болуп, жарылчудай семирип кайтат. Анткен менен бир-эки оорусу бар экенин оозунан түшүрбөйт. Анысы оору эмес экенин өзү жакшы билет. Айлыкты арбын алат, эл үчүн эмгектенип жатам дегенди андан арбын айтат. Иши кылып бейиштегидей жашап жүрүп пенсияга чыгат, ана эмесе, 60000 сом пенсия ! Аш болбой калсын деп дал ошолорго айтсак, кудай алдында күнөөгө батпайбыз! Андай болгондон кийин эми бир ирет айталы, ошол пенсиясы аш болбой калсын! Эй, билермандар, пенсия жаатын реформалайбыз деген билермандар, кайсы бир көпкөн коррупционер шоруң курган чабандан жыйырма эсе көп алган наадандыкты жойбойсуңарбы?! "Наадандык" деген сыпаттама дал эми айтылчу убагы экен, наадандык го бир! 60000 сом алган неменин акчасынан 40000 миңди алып беркилерге чачууга эмнеге болбосун! Болот. Ал үчүн карапайым эл тагдырын ойлогон жигиттер керек. Андайлар бизде аз болуп жатат, алардын шаасы жетпей жатат, шаасы жеткендердин бийлиги кем болуп жатат.
Мына мен кырк жылга чукул журналисттикти кесип кылып келдим. Болушунча таза иштедим. Далай коррупционердин, бандиттин сазайын бере жазган күндөрүм болду. Акаев менен Бакиевди арбын жаздым. Ошол материалдарды окуп алып азыр жүрөгүм түшөт! Өлтүрөбүз дегенден да уккам, коркком. Кудай маңдайга жазыптыр, азырынча тирүүмүн. Элим үчүн таза иштеп келдим. Анан менин алган пенсиям жанагы мен жазып келген коррупционер наадандыкына караганда он-жыйырма эсе аз…
Ии, дейли, соцфонддун төрагасы айткан 100000сом пенсия алган Усубалиев экен. Ал эми Акаевди мыйзамсыз түрдө үчүнчү мөөнөткө шайлап берген Чолпон Баекова 70000 сом алат экен. Кайсы эмгектери үчүн деп тишти кычырата суроо берип туруп токтоп берели…
***
Жакында эле эне тилибиздин мыйзамына кээ бир өзгөртүүлөр киргизилип, ал боюнча мамлекеттик кызматтагы жетекчилер мамлекеттик тилди-кыргыз тилин сөзсүз түрдө билишин шарттады. Бул жакшы. Бирок, биздин мамлекеттин практикасында нечен бир мыкты мыйзамдар турмушка ашпай, ара жолдо каларын эске алсак, анда "туулганына эмес, турарына" сүйүнчү маанай сарсанаа түрүндө эстен кетпей турат. Бул мыйзамдын түптүз эле ишке ашып кетпесине бир орчун себеп-тоскоолдук бар, ал-"музоо кезибизде орустарга катуу сүздүрүп койгон" абалыбыз. Ооба, кезинде кайран орусуң бизди катуу сүзүп таштаган. Ошондон соң ал тарапка аяр мамиле жасаганга, чочулоо менен мамиле жасаганга, коркуу менен мамиле жасаганга өткөнбүз. Анан биз айткан мыйзамдын ишке ашары арсар абалында, асылган абалында тура бериши реалдуулукка жакын деп айтканы жатпайбызбы…
Эгемендик алгандан кийин "беш-алты жылдын ичинде" мамкызматтарда иштеген адамдардын баарын, мейли орус болсун, мейли немис болсун, маадемектен шайтан болсун, кыргыз тилинде сүйлөтөбүз дегенбиз. Жакшы дегенбиз. Андан бери ондогон жылдар өттү. Бир дагы немис, бир дагы орус кыргызча сүйлөп берген жок. Тескерисинче, "кыргызча сүйлө" дегендин баарын улутчул кылды, башка улуттарды кысып жатат, күн көрсөтпөй жатат деп ушул эле биздеги орус гезиттер чуулдап турушту. Кайран кыргызым, орус келатат десе эмдигиче үйгө кире каччу кыргызым туруп берди. Дале туруп берет… Эй, бийлик, тетиги Прибалтика өлкөлөрү өз тилин накта мамлекеттик кылып, орусча сүйлөгөндөрдү латышча, эстончо, литвалыкча сайратып таштабадыбы. Анткени, алар улуту үчүн накта күйөт, алар трибунага чыгып алып улутуна калптан күйбөт, жерде туруп чындап күйөт. Коркпойт! Тигине, алар өлгөн жок, орустарың көнүп берди. А биздеги орустарга кыргызча сүйлө десең шылдың кылат, улутчулсуң деп туруп көчүктөн ары бир тепсе, Афлатундун чокусуна барып түшөрсүң, Топчукенин туулган жерине жакындап…
Мына, эгемендик алдык дегенден бери 24 жыл өттү. Аны күнгө айлантсак 8760 күн болот экен. Анан жанагы ойрон орусуң менен башка каапырың бир күндө бир сөздөн үйрөнсө, туй ата, 8760 сөз билип, кыргыздын түшүн жорумак экен да! Азыр болсо бир сөз билбей, билгиси да келбей биздин ырыс-кешигибизди соруп турганы… Ошонун баары биздин жамандыгыбыздан, башка кандай сын бермексиң?! Жок, биз жакынкы жылдарда мыкты улут, намыстуу улут болуп бере албайбыз. Анткени, бизде жашаган орустар, өзүбектер, уйгурлар, дунгандар, түрктөр, чечендер, азербайжандар ж.б. чын дилден "Кыргызстан менин мекеним" дегенди айта элек, айтпайт дагы. Алар "биз Киргизияда жашайбыз" дегенди эптеп айткан болот. Анткени, биз былжырбыз… кээси менен. Эч кимге зыян кылбай, бирок "кызыл өрт" болуп турсак, андай болмок эмес. Ооба, мен улутчулмун. Менин улутчулдугум ошол: кыргыз үчүн өлүп берүүдөн кайра тартпаган жана бизде жашаган башка улуттарга дайыны жок эле тийише бербеген, алардын жакшыларын сыйлаган адаммын жана да көп кыргызды өзүмдөй ойлойм…
Баратбай Аракеев







Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_4.htm on line 74

Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_4.htm on line 74

Warning: include(): Failed opening '../../news_presskg.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_4.htm on line 74






??.??