Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Алмамбет Анапияевдин мууздалып өлтүрүлгөнү айтылууда
Өткөн жумада, тактап айтканда 18-февралда Кыргызстанда крим төбөлдөрдүн бири катары айтылып жүргөн Алманбет Анапияевдин Минск шаарында мууздалып, мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча чуулгандуу окуя орун алды. Бычакталды делген Анапияевге түспөлдөш адам Алмазбек Шакиров деп жазылган Орусиянын паспорту менен жүргөн. Анын сөөгү Белоруссиянын Минск шаарындагы Либкнехт көчөсүнөн бизнес класстагы "Mercedes" унаасынан табылган. Өлгөн адам чындап Анапияевби же башкабы, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылууда. Кыргызстандын Ички иштер министри бул маалыматты тастыктаган да, жокко чыгарган да жок.
Алманбет Анапияев 2010-жылдагы революцияда Курманбек Бакиев Белоруссияга качканда, Жаныш Бакиевдин жакын санаалашы катары белгилүү саясий ишмер Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелип жүргөндүктөн Араб Эмираттарына чыгып кеткенден кийин бир топ оор кылмыштарга шектелип, 2011-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Ошого карабай, Кыргызстанда таасирин жоготпой, криминалдык териштирүүлөрдөн баштап, саясат жана журналисттердин ишмердүүлүгүнө чейин аралашып турганы айтылып жүргөн. 2012-жылдын 20-декабрында АКШ бийлиги Кыргызстандын айрым жарандарына катуу финансылык санкцияларды киргизген. Алардын катарында Алманбет Анапияев да болгон. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча республикадагы Азиз Батукаев, Максат Абакиров, Алмаз Бокушев таасирлүү деген крим топтордун ичинен "мыйзамдагы ууру" делген Камчыбек Көлбаевдин жакын адамы катары белгилүү болчу. Мына ушул топтордун ичинен Азиз Батукаев менен Камчы Көлбаевдин топтору таасир талашып, тирешип келе жатат. Азиз Батукаев Кыргызстандан сый-урмат менен узатылгандан кийин "Карышкыр", "Сакал" аттуу каймана аттары бар криминалдык лидерлер аркылуу өз ишин жүргүзүп жатканы кеп болуп келет.
Дал ушул "Сакалдын" тобу менен Алманбет Анапияевге жакын "Чач" аттуу каймана аты бар криминалдык лидердин тобу 8-февралда Москвадагы "Бишкек кечи" аттуу кафеде атышканын Орусиянын Ички иштер министрлиги кабарлаган. Анда өлүм да болуп, бир нечеси жарадар болгон. Айрымдар Анапияев Беларуска эмне себептен барып калды деген суроого мына ушул жактан да жооп издесе болоорун боолголоп жатышат. Кыязы, криминалдык териштирүүгө барган Анапияев ал жерден чыкпай калгандай. Анын кекиртегинен мууздалышынан улам бул окуяга Батукаевдин же чечен криминалдарынын аралашуусу мүмкүн экени айтылууда. Себеби, адамды мууздоо кыргыздарга мүнөздүү көрүнүш эмес дешет укук коргоо органдары. Айткандай, Алманбет Анапияевдин өлтүрүлүшүнө Ош аба майданында өткөн жылы 27-декабрда миллиондогон (5тен 13 миллион деп айтылып келет) доллардын курал менен каракталуусун байланыштыргандар да бар. Анткени бул окуяга Алманбеттин дагы тиешеси бар делген версия айтылып жаткан болчу. Демек, акча бөлүштүрүүдө келишпестиктер жаралып же кайсы бир таасирдүү крим топторду өчөштүрүп, кандуу окуяга түрткү бериши ыктымал.
Ал ортодо адам өлүмүнө байланыштуу Белоруссия кылмыш ишин козгоду. Алдын ала маалыматтар боюнча, Алманбет Анапияев болушу мүмкүн делген адам өлтүрүлгөндөн кийин анын жакын жөөкөрү - А.Гүлжигит жоголуп кетти. Бул тууралуу АКИpress маалымат булагы билдирди. Анда маалымдалгандай Анапияевдин жанында акыркы убактарда анын жакын таанышы - Ош облусунун жараны, 1989-жылы туулган А.Гүлжигит жүргөн. Минсктин полициясы учурда аны издөө аракетин көрүүдө. Ар кандай версиялар иштелип жатат - ал күбө катары да, шектелүүчү катары да өтүшү мүмкүн.
Мыкаачылык менен өлтүрүлдү делген адам Алманбет Анапияев экен деген маалымат тараары менен анын бир тууган байкеси сөөктү таануу үчүн Минск шаарына учуп кеткен. Белоруссияга барган туугандары сөөк Алмамбет Анапияевдики экенин тастыкташкан. Маалыматтарга ылайык, маркумдун сөөгү Москва аркылуу Ошко алынып келинет. Андан көп өтпөй алайлыктар "тирүүсүндө? баркына жете албаган уулубузду аргасыз кара жерге узатып жатабыз" дешип, акыркы сапарга узатууга мамлекеттик деңгээлде спортко тийиштүү комитеттердин катышуусун өтүнүп, бийликке кайрылуу жасашты.
Болот Жумабек тегин




Кутурганынын чеги көрүнбөйт
Мамлекеттин эсебинен чириген байлык топтоп алгандардын бири катары айтылып, жазылып жүргөн Акматбек Келдибеков чет өлкөдөн кайтып келип, "менин күнөөм жок" деп чамагарактап, оңду-солду маек берип күпүлдөп жатат. Сыягы, бул адамга мамлекетке 40 миллион сом зыян келтиргендиги түккө турбайт көрүнөт. Андан дагы Башкы прокуратару кылмыш козгоору менен дароо оорукчан болуп чыга келгенине таң калбай кое албайсың. Ага чейин куландан соо болуп, оюн салып эле жүрдү эле. Албетте, ооруга айла жок, эгер чындап ооруп жаткан болсо. Кокус жандимиленип жаткан болсо, каалайбы-каалабайбы эртедир-кечтир акыры мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет.
Арийне ден соолук табылбайт, жан деген кыйын. Акчасы, таанышы көп болгондуктан оорусуна шылтоолоп, депутаттардын колдоосу менен чет мамлекетке барып дарыланып да келди. Ал кеткенде келбейт дегендер көп болду эле, бирок өзүнө ишендиби айтор келип берди. Башкы прокуратура ага каршы козголгон кылмыш иштин оор экенин жана айрым күбөлөргө басым көрсөтүлүшү мүмкүн экенин негиз кылып, аны камакка алууну суранган менен Биринчи май райондук соту 20-февралда аны оорусуна байланыштуу үй камагына калтырууга чечим чыгарып салды. Чет өлкөдөн "айыкпаган" оорукчан Акмат мырза бул жактан балээнин айыгабы?
Келдибеков бул ирет камалбай, кандай болгон учурда да "суудан кургак" чыгарына көзү жеткенби, өзүнө тагылып жаткан айыптарды бул ирет да четке какты. Ал бул туурасында тартынбай эле: "Мыйзам менен иштеген органдардын мыйзамды бузуп жатканына таң калып жатам. Мыйзамды сыйлаганым үчүн соттун чечими менен чет өлкөгө барып дарыланып, кайра күнөөсүз экенимди далилдейин деп келсем, баш коргоо чарамды өзгөртүүнү суранып жатышат. Мен күнөөсүз экендигимди далилдейм, мен күнөөлүү эмесмин. Керек болсо менин колумда "Келдибековдун иши кыскартылсын" деген прокуратуранын токтому турат. Мен тергөө иштери менен таанышкан эмесмин, бир дагы жолу мага келип суракка алышкан жок. Мени мамлекеттин акчасын жеди деген күбөлөрдү да көргөн жокмун. Эгерде айыптоочу менин мамлекеттин бир тыйынын уурдаганымды далилдеп берсе, мен өз макулдугум менен камоого кол коюп берем",- деп титиреңдесе жанына киши түтүп тура албайт.
Мынчалык ишенимдүү бакылдап жатканына караганда жогору жактан кепилдик берип, жашыруун сүйлөшүү болгон окшобойбу. "Керек болсо менин колумда "Келдибековдун иши кыскартылсын" деген прокуратуранын токтому турат" дегенине караганда. Барыдан дагы "мени мамлекеттин акчасын жеди деген күбөлөрдү да көргөн жокмун" дегени жакаңды карматканга аргасыз кылат, э-эй. Келдибековдун логикасына таянсак, ал мамлекеттин казынасына суук колун салып жатканда күбө болчу жан болбоптур. Кызык, кайсы акмак "уурулук" кылып жатканда күбөнү каратып коюп жасайт. Ким болсун, кылмыштуу иш кылып жатканда жигин билгизбей жасай турганы "сокур менен дүлөйгө" деле маалым эмеспи. Ушунчалык да бет тырмарлык, кутургандык, Кудайын тааныбай көпкөндүк болот экен, тобоо. Бул кургур өтө амалдуу да экен. Баарын астын-ала ойлонуштуруп коюптур. "Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" дегендей, кокус, бийлик менен тил табыша албай кала турган болсом дегенби, коомдук коргоочусу Мамбетжунус Абыловдун оозу менен дарыланууну улантуу үчүн кайрадан Германияга кетерин, мындай зарылдыкты тастыктаган тийиштүү медициналык аныктамалар бар экенин айттырып отурат. Демек, мунун өзү бул жакта маселе оңунан чечилбей калса, Германияга "качып" кетүү планы деп түшүнсөк болот.
Бийлик болсо чартаңбай тептирип ээн-эркин үй камагына кое берип, саясаттын чалмакейин чалганга жакшы шарт түзүп берип отурат. Дегенибиз, учурда Келдибеков ал-жайын суроо шылтоосу менен көрүп келип жатышат дедиртип экс-чиновниктерди, депутаттарды четинен топтоп, саясаттын казанын кайнатып жатканы уу-дуу болуп жатат. Эгер Башкы прокурор Индира Жолдубаева бул болуп жаткандарды көрүп-билип туруп, Келдибековдун ишин тыкыр көзөмөлгө алып, Адиа Салянова баштаган ишти аягына чыгара албаса, бул чуулгандуу иш бетине чиркөө болуп, карерасына чекит коюлат го.

Жанкорооз Эсенгелдиев