presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Ата журтубуз бактылуу болсун
Бейпил турмуш уялап, эли-журтубуз бакыбаттанып, Ата Журтубуз ар дайым бактылуу болсун! Мекен чегин жоокерлерибиз ар дайым тынчтык күндөрдө күзөтүп турушсун. Бейпилдиги мемиреген мезгилдин сакчылары болушсун. Куда й ушундай жакшы тилектен, анын турмушка ашып турушунан айтсын. Ата бабаларыбыздын уркун сүйүнтүп, куттуу дөөлөттөрүбүздү сактоо менен катар аларды өркүндөтөлү, күч кубаты менен айбаты артып мамлекетибиз бекем болсун, түбөлүгү түз болсун! Ата Мекенибиздин сыймыгы көкөлөп, урпактарыбыздын келечеги кең болсун!
Ар бир мамлекеттин максаты эли журтунун бейпил жана бакыбат турмушун, көз каранды эместигин камсыз кылууда , ата-бабалардан калган ыйык дөөлөттөрдү муундан-муунга жеткирүүдө, өзүнүн эркиндигин бекемдеп, эл, журтун аздырып- тоздурбай сактап, сыймыгын арттыра билүүдө турат. Бул дүйнөдө мунун баасы, баркы эбегейиз зор, мындан өткөн терең маани жоктур, турмуш турмуш болуп турган чакта . Ошон үчүн мамлекет дейбиз, ошол максатта арка тирегибиз болуп келет. Ошон үчүн мамлекеттер түзүлгөн, ошон үчүн тизмектешип уланып келет.
Республикабыздын куралдуу күчтөрүнүн Күнүнө карата, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арнап "Эгемендүү республикалардын жоокерлеринин бирлиги- СССР" ( "Союз солдат суверенных республик-СССР") коомдук бирикмеси өткөргөн иш чаранын өзөгүндө мына ушундай ой жалындап жанып турду. Ата Журтубуздун куттуу башатын түзүп шаңшып турган дөөлөттөрүбүз, азыркыбыздын көкөй кести көйгөйлөрү жыйында ар тарабынан кеңири айтылды. Коомдук бирикменин төрагасы Үрүстөм Кабылбековдун баяндамасы эч кимди кайдыгер калтырган жок. Жыйынга чогулган көпчүлүк анын мыкты уюштуруучу, лидер, мекенчил азамат, акын экендигин баамдады.
Куралдуу күчтөрдүн күнүнө, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш чарада ата-бабаларыбыздын даңктуу баатырдык салттарынын негизинде жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо, турмушубузду турмуш кылып турган ыйык дөөлөттөрүбүздү кадырлап күтө билүү, жакынкы мейкиндикте, ошондой эле жер жүзүндө тынчтыкты сактоо, ага салым кошуу чакырыгы жаңырды. Мурдагы СССР мамлекетинде кызмат өтөгөн аскерлердин бардыгын Украинада жүрүп жаткан согушту токтотууга арналган " Эсиңерге келгиле, полктоштор!" деген тынчтык акциясын колдоо, Сириядагы жана башка мамлекеттерде жүрүп жаткан согуш ааламатын токтотуу, жалпысынан эле адамзатынын турмушуна коркунуч туудуруп турган согуш очокторун өчүрүү аракеттерин күчөтүү, ар кандай табият кырсыктарын жоюуда, анын кесепеттеринин алдын алуу багытындагы ынтымакты арттыруунун мааниси зор экендиги айтылды.
Коомдук бирикменин "Жоокер ырын ырдайбыз" аттуу фестивалдан, садагалардан, ар кандай мүчөлүк акылардан түшкөн каражаттарга Ата Мекендик согушта ченде жок баатырдыктын үлгүсүн көрсөткөн жердешибиз, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин монумент эстелигин Москва шаарына орнотуу үчүн көрүп жаткан аракеттери, ошондой эле Бишкек шаарында дүйнө жүзүнүн көптөгөн мамлекетеринде изи калган "Жоокердин кирзо өтүгүнө" эстелик коюу багытындагы демилгелүү иштери көпчүлүктөн колдоо таап турган кези.
- Бул иш чаранын азыркы учурдагы мааниси өзгөчө зор,- деп айтты "Дордой" ассоциясынын президенти, "Эмгек" партиясынын лидери Аскар Салымбеков. Дүйнөдө тынчтыкты чыңдоо эң башкы милдет болуп эсептелет. Турмушубуз бейпил болсо өсүп-өнүгүү да, элибиздин бак-таалайы да, эртеңкиге үмүтүбүздү арттырып турган келечегибиз да болот. Ошон үчүн баардыгыбыз ата-бабаларыбыздын баатырдык жана нарк-нускалуу салттарын улантып ынтымактуу болушубуз керек. Ошол максатта мекенчил иш чараларга ар тараптан колдоо көрсөтүп турушубуз зарыл. Ал бирикменин ишине жакшы баа берди.
- Өткөнүбүздү эстеп, урматтап, кадырлап турсак келечегибиз да кең болот. Турмушубуздун жакшырышы да өз ара достугубуздун чыңдалышына, ынтымагыбызга байланыштуу болот,-деди "Каспий мунайгаз Концерни" акционердик коомунун вице-президенти Сергей Бенисов. Кыргыз эли өзүнүн дөөлөттөрү менен даңкталып келген бактылуу эл. Жаркын келечек каалайм.
Ушул иш чаранын мааниси, анын демилгечилери менен уюштуруучуларынын аракеттери жөнүндө көптөгөн адамдар жакшы пикирлерин айтып, ийгилик каалашты.
… Турмуш деген айлампа болот. Табыгий, тарыхый мыйзам ченемдүүлүк катары кылымдардын алмашуусу менен болуп туруучу дүйнөлүк чырмалышкан каатчылыктарды эске салып көрүңүзчү. Маселен; "Телеграф" доору деп аталган өткөн кылымдын башындагы окуялар, коомдук формацияны алмаштырган революциялар ( 1905,1917-ж.ж.), дүйнөлүк согуштар ( 1914,1941-1945-жылдар), өткөн кылымдын башына таандык Гневышевдин кичи муз каптоо циклы. Революциялардан кийин дүйнө картасынын бетинде СССР мамлекети пайда болсо, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин социалисттик система пайда болуп дүйнө өзгөрүүгө дуушарланып, эки системага бөлүнгөн. Ошону менен катар эле азык-түлүк жана энергетикалык каатчылыктан келип чыккан ачарчылык, аларды коштой келген эпидемиялар элдерди массалык кыргындарга алып келген. Тарыхта дайыма кайталануулар болуп турат.
Эсиңдеби жоокер, сен экөөбүз Калашников автоматын боорубузга кысып, Совет элинин алдында, ата-бабаларыбыздын каны-жаны менен түптөлгөн улуу жеңиштерди ыйык тутуп, сактайбыз деп ант бергенбиз…Эсиңдеби жоокер, сен экөөбүз кара нанды тең бөлүп жеп, суюк борщу бирге ичип, плацта жоокердик керзи өтүктүн таманы тешилгенче басып, жеңишке салымын кошкон аталарыбыздын эрдиктерин созолонто ырдап, улуу державанын бүтүндөй мейкиндигинде тынчтыкты сактап турчу элек… Эсиңдеби жоокер, сен экөөбүз бош убактыбыз боло калса эле Королевдей, Гагариндей бийиктикке жетсек, Стахановдой, Севериновдой эмгектик даңкка жетишсек, бизге каарман ата-энелерибиз кандай камкордук көрсө биз да келечекте балдарыбызга, неберелерибизге ошондой камкордук көрүп, бардар турмушун, бактысын камсыз кылып берсек деп кыяланчу эмес белек….
Биздин муун 20 жылдын ичинде көп нерсени башынан өткөрдү, анын катаал сынактарынан өттү. Бизди канчалык бири бирибизге тукурбасын турмуш менен ширелген боордоштугубузду, мезгил сынынан өткөн достугубузду эч качан буза алышпайт. Биз өз ара ынтымакка келип согуш очокторун басайтуу, азайтууга жабыла күч үрөп, тынчтыкты чындоо, турмушту жакшыртуу үчүн биргелешип аракеттенишибиз керек. Бардыгыбыз келечек үчүн биригели. Саясий бузукулардын жана саясий технологдордун "ишмердүүлүгү" жер жүзүнө ар дайым апаат менен алааматты алып келип турган. Алардын караөзгөй ой- максаттарынан дүйнө элин кудай өзү сактасын. Дүйнөдө жүрүп жаткан согуштардын көпчүлүгү наалатылардын жүргүзүп жаткан бузукулук иштеринин кесепети эмес бекен. Демек, тынчтыкты сүйгөн күчтөрдүн биригиши азыркы заманыбыздын эң башы талабы.
… Жыйында аскердик кызматтын мыкты жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн азаматтарына сый-белектер ташырылды. Урмат көрсөтүп, көңүл буруу, дегеле ушундай иш чаранын жүрүшү жоокерлерди шердентти. Ата Журтту коргоочулардын күнүнө арналган жоокер ырлары менен шаңга толгон концерт бул окуянын катышуучуларынын мекенчилдик жигерин арттырды.
…Тынчтыкты сактоого жана чыңдоого, ата-бабалардын жаратман эмгегин, эрдигин кадырлаган, бейпил турмуш дөөлөттөрүн урматтоого, өркүндөтүп өстүрүүгө арналган Кайрылуу мамлекет жетекчилерине, тынчтыкты сактоо вазийпасын аркалаган эл аралык уюмдарга жана башка тийиштүү мекемелерге, коомдук бирикмелерге
жөнөтүлмөкчү.
Майрамың кут болсун, жоокер!

Меңдибек Асылбеков








Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_14.htm on line 80

Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_14.htm on line 80

Warning: include(): Failed opening '../../news_presskg.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_14.htm on line 80






??.??