presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Мен урматтаган бир туугандар
(Башы өткөн санда)
Айтпадымбы, бул бала менен деле жакындашып, сырдашып көргөн эмесмин деп. Телевизордон, башка жерден сүйлөгөнүн көрүп, өзүмчө ыраазы болом. Сессия убагында ушунчалык аракеттенип, депутаттардын суроо-жообуна, тийишкенине дагы так, таза төрагалык жообун жаңылбай берип жатканын көрүп жатпайбызбы. Бир топ убакыт болуп калды, газетадан окуп калдым, Асылбек ишти билбейт, башкара албайт, ошон үчүн парламенттин аброюн кетирип жатат деп. Ушинтип жазган адамга суроо, эмненин негизинде жаздың деп, менимче шайлоо жакындап келатат да, ошонун алдын алып, көрө албастык кылып, эртелеп элдин алдында бир аз тескери ой жаратып койсом деген эле амалы бар, түшүндүм. Азыр кудая тобо, ушул күнгө чейин ыраазы болгонум, турмуш жагынан жаман эмеспиз, мурун окуп жүргөндө алты жылда үч жолу тойгонум күнү бүгүнкүдөй эсимде. Эми тамак менен, кийим кече менен эч кимди таң калтыра албайсың. Бизде азыр эмне жетпейт, бири-бирибизге жасаган мамиле, ынтымак. "Жакшы сөз жан эргитет" деген сөз бар, бул укмуш сөз түшүнгөн кишиге. 2012-жылы 1-октябрда 85 жашка чыктым. Бул жашка чыккан да бар, чыкпаган да бар, ушул жашка чыккыча көп эле элдин чайын ичтим деп, туулган күндү өткөзүп коеюн деп үй-бүлөм, коллективим менен чечтим. Туулган күнүм "Дасмия" ресторанында укмуштай кооз, татынакай боз үйдүн формасында жаңы тургузулган эки таланттуу адам - Керексизов менен Мамашев өзүлөрүнүн эмгеги менен бирөөдөн бир тыйын сурабай салып коюшкан, акжолтой сарай болсун деп ырымдашып, бирден-бир сакалдуу адамыбыз деп мага арнашып, 1-октябрда бүтүп, биринчи болуп менин юбилейим ошол жерде өттү эле. Менде, ушул жашка чыккыча көп эле теңтуш, туугандар, санаалаштар өтө көп. Кээ бир оор операциядан айыгып кеткендер ушу күнгө чейин тууган, дос болуп калышкан. Ошондо, эң жакшы көргөн депутат балам мага келип калды, сүйлөшүп отуруп чакыруу билетим даяр эле, өзүнө бердим, депутаттардан Жээнбеков Асылбек, Текебаев Өмүрбек, Феликс Кулов, Мыктыбек Абдылдаевдерге даярдап койдум эле. Тиги депутат тууганым, Мамбет аба, мен эле ала кетип берип коеюн деди. Мен кубанып кеттим, ырас болбодубу силерге кириш дагы кыйын эле деп. Ошону менен юбилейим менимче абдан көңүлдөгүдөй өттү, чакыргандарымдын баары келишти, келбей калган жанакы депутатым. Ал берип коем деген депутаттардын бирөөсү дагы келген жок. Ойлодум, башка жумуштары болуп калды го деп. Себеби ушул депутаттарды өзгөчө түзүгүрөөк көрчү элем. Кезиге калганда мамилелерибиз ушундай сонун эле, ошого карата чакырсам керек. Булардын келбей калганына эч таарыныч болгон жок. Ошондон 5-6 күн өткөндөн кийин Асылбектин жардамчысы телефон чалды, сизге спикер барып юбилейиңиз менен куттуктаганы жатат деп. Келээр күнүн, убактысынан бери айтып берди. Мен кубанып, таң калып да жатам, чакырган күнү келбей эми өзүнчө келгени кандай деп. Бир топ ой кетти. Ошентип, айткан убагында келип калды. Көчөнүн баары, хирургиянын ичи толтура күзөтчүлөр, эч кимди эч жакка жүргүзбөй, бастырбай салды. Келди, Асылбек менен кошо Марат Султанов, Токон Мамытов дагы бир-эки депутат, фамилиялары эсимде жок, чогуу келишти. Конференция залыбызга бүт хирургдарым, сестра, санитаркаларыбыз баары чогулушту. Асылбек абдан куттуктап, чепкен жаап, калпак кийгизип, гүлүн берип, эстеликке сувенирин берип, баарыбызды кубандырып, сүйүндүрүп кетти. Бул мен үчүн чоң сый-урмат болуп, көпкө чейин ден соолугумду, көңүлүмдү оңдоп кетти. Менимче, мындан Асылбек чоңдугуна, убактысынын жоктугуна карабай атайын өзү келип куттуктап кетиши бул адамдын жөнөкөйлүгүнүн, адамгерчилигинин бийик чокусун көрсөттү десем болот. Мындан Асылбектин эч жери корогон жок, тескерисинче өзүнүн адам экенин көрсөттү. Келгенде, чакыруу белетин жиберсем да, түшүнүксүз болуп калбадыбы бекен деп, "сизге чакыруу жибердим эле" десем, Мамбет Мамакеевич мен алган жокмун дейт. Мен берем деп алып кеткен депутаттын фамилиясын айттым, негедир мага жетпей калыптыр деди. Мен ыраазычылыгымды өзүмдүн атымдан, бүт хирургдарымдын атынан айтып узаттык. Ушундай ачуум келип, тиги жакшы көргөн депутатыма чалып, ой, бу сен эмне кылганың, мени чоң уятка калтырбадыңбы десем, кабыл алмасына таштадым эле дейт.
Менин оюмча, Асылбек Шарипович өсүп-өнүп келаткан жаш, таланттуу балдарыбыздын бири. Ушундай ак көңүл, өз ишин мыкты билген, карапайым адамдын оюн биле билген, ар бирине сөз тапкан, жооп берген балдарыбызды колдошубуз керек. Акырында айтаарым, ушул беш бир тууган эс тарткандан, ушул күнгө чейин эч жаман атты болбой, элдин, республиканын ар түрдүү, жооптуу кызматтарында ийгиликтүү иштеп келе жатышат. Булардын бири - бирине жасаган мамилеси, ынтымагы дагы абдан жакшы экен. Менимче, окурмандар, ушул беш бир туугандардан үлгү алсак жакшы эле болоор эле.


Кыргыз Эл Баатыры,
Академик
Мамбет МАМАКЕЕВ




Кыргызым быйыл кой жылы абайлайлы
Камбар-Ата жылы кыргыз үчүн жакшы эле жыл болду. Эң негизгиси тынчтык болду. Майда-чүйдө митинг-пикеттерди эсептебегенде. Мен өзүм жеке Камбар-Ата тукумуна ырахматымды айтып сурандым эле. Эми аман-эсен узаңыз. Жөн эле кетип калбай, өзүңүз менен бирге оору-сыркоону, жаманчылыкты, жетишпегендикти, көрө албастыкты жана ошондой эле эң негизгиси коррупционерлердин баарын өзүңүз менен жүктөй кетиңиз деп сурандым эле же орун болбой калдыбы же унутуп калдыңызбы коррупционерлер дагы деле жайнап, жайдаңдап жүрүшөт. Жаңырып кой жылы келди. Бири айтат кой жылы деп, бири айтат эчки жылы деп, эптеп ирденип келе жаткан кыргызга кой жылы эле туура. Кандай дейсиң, кыргызым? Эчки жылын кабыл алсак, жылыбыз эчкинин кыялындай болуп кабыл болбой калат. Күн күркүрөп, жамгыр жаап, мөндүр урса эчки итиң чычаңдап, баарын унутуп, суунун аркы өйүзүндөгү токойго кире качат. Ал өзүнүн керт башын ойлогон жандык. А кой байкуш өзү жайлаган жайлоосун эч жакка таштап кетпейт. Ошондуктан жылыбыз кой маарек жыл болуп, жылыбыз кыргызга торгой жумурткалаган жыл болуп, Чолпон-Ата тукумуна аяр мамиле кылалы.
Козу
- Сиз козуну кайдан, кантип таап алдыңыз?
- Мен 31-декабрь күнү тоодон түнкү саат 10дон өтүп калганда түшүп келе жаткам. Аңгыча айылдын четиндеги кара сайдан козу маарайт. Токтоп эки жакка карап түшө калсам, бир аппак козу келип мени сүзгүлөп калды. Атка өңөрүп алып эки жакты карадым да, үч жолу кыйкырдым. Ким козу жоготту деп. Эч ким үн катпайт. Баары эле жаңы жылга даярдык көрүп жаткандай. Үйгө келип козуну короого киргизип, көчөгө чыгып дагы кыйкырдым. Чалагайым Делдеш келиптир меники деп. Мен билем да Делдештин козу эмес тоогу жок экенин.
- Милийсага барган жоксуңбу?
- Бардым, милийсакана жабык экен. Кароолдон сурасам, биздин милийса бөлөк жактан келип иштеген жигит 7-январга чейин бош экен, айылына кетти. 8-январда ишке чыгат деди.
- 8-январда келген жоксуңбу?
- Эмнеге келмек элем, 8-январда козунун териси эле калат да.
Тоо текенин улагы
Илгиз айтат атам көзгө атаар мерген эле. Мергенчилеп жүрүп, тоодон жаңы туулган тоо эчкинин улагын көтөрүп келиптир. Баарыбыз сүйүнүп, баягы улакка эчкинин сүтүн берип, багып алдык. Эркек экен. Даңкыйган теке болду. Малдын баары тоого кетет, теке айылда калат. Каалагандай айылды аралап жүрө берет. Элдин баары текени жакшы көрүшөт. Күндөрдүн биринде кашайып, текебиз жоголуп кетсе болобу, издебеген жерибиз калган жок,тоо таштын баарын аралап таппадык. Анан эле Баткен окуясы башталып кетти. Военкомат айылдагы мергенчилердин баарын ошол жакка чогулта баштады. Алардын катарында биздин атабыз да бар эле, ал да кетти. Ыйлап-сыктап атабызды узаттык. Биздин аталарыбыз Баткенге жеткиче сакалчандары өлгөнү өлүп, өлбөгөнү колго түшүп, тынчып калган экен. Бир айдан кийин атабыз келди. Баарыбыздын сүйүнгөнүбүздү сураба. Улуу байкем эртеси тоодон козу алып келип түлөө өткөрөлү деп жатса, түн ортосунда дарбаза такылдайт. Апам чыгып ким десе үн каткан жок. Дарбазаны ачса баягы тоо теке келип калыптыр. Кубандык. Эртеси аксакалдар, молдокелер чогулуп кеңешип байкемди тоого жибербей, балдардын ыйлаганына карабай тоо текени жайлап салышты. Азыр үйгө барып текенин талпагын көрүп көзүмө жаш келет. Келбей койгонуңда тоодо ээн-эркин жүрө бербейт белең деп калам. Мүмкүн теке атамдын аман-эсен келгенине кубанып учурашканы келгенби? Биз адамдар аны түшүнгөн жокпуз.
Чебич
- Мария кудагый айтат, Миң-Кушта болгон чоң жер титирөөдө болгон окуяны. Эртең менен короону ачканда эле кой-эчкилер өздөрү эле жайылып кетип, кечинде өздөрү эле келишчү. Ал кезде аларды кайтарган деле киши жок эле. Ошол жер титирөөнүн алдында кой-эчкилерди короодон чыгарсак, бир чебич чепелеңдеп эле чыкпайт, апам "чыкпаса кара жерге кирсин, короону ачып койгула, ачка болсо өзү кетет"- деген. Бир саат өттүбү, жокпу баягы чебич маараган боюнча ушундай чуркаган бойдон тоо тарапка бет алды. Бирок анда-санда токтой калып мекиренип үй жакты карап коет. Аңгыча эле азан-казан болуп жер титирей баштады. Ураганы урады. Бирок адам баласы курман болгон жок. Биздин мал короо дагы урап, баягы чебич коргологон бастырма талпайып жерде жатат. Эртеси эл эсине келип, молдокелер, аксакалдар атама айтышыптыр. "Сен баягы чебичти сой, аны бизге аян катары жиберип, ошол аркылуу сактангыла деген экен. Биз аны түшүнбөптүрбүз. Эгерде аны сойбосок, дагы бир нерсе болобуз" дешип. Ошентип чебичти союп жешпедиби. Азыр ойлоп ичим ачышат.

Сыйыртмак
- Айылдан келген Күлүйпа карындашым шаар аралап келип үшкүрүнөт. Эмне үшкүрүндүң десем.
- Байке шаардыктар кары-жашыңар, бала-бакыраңар, кыз-кыркыныңар, деги баарыңар эле мойнуңарга сыйыртмак салынып калгансыңар, мунуңар жакшылыктын белгиси эмес дейт.
- Эмне болгон сыйыртмак десем.
- Ой кадимки эле моюн орогучту сыйыртмак кылып баары эле моюндарына илип алышыптыр. Сыйыртмактын анты болоорун билишпейт го дейм. Мен кайсы бир жерден уктум эле, бирөө болгон экен, отунга баратса деле, мал-сал издеп жүрсө деле, колундагы арканы болобу, чылбыры болобу мойнуна сыйыртмак кылып алчу экен. Ата-энеси тилдечү экен. Белиңе ороп алсаң боло, эмне эле мойнуңа сыйыртмак кыласың, анын анты болот деп. Айткандай эле бир кырсык болуп баягы өзү мойнуна сыйыртмак кылып жүргөн кыл чылбырга өзүнүн бастырмасында асынып өлгөн экен. Чын эле кечээ борбордук аянтка барсам улуу-кичүүсү дебей моюндарына моюн оргучту сыйыртмак кылып алышыптыр. Бирөөсүн токтотуп бул эмнең десем, мода дейт. Модаң менен модураң калгырдыкы, ошону чыгаргандардын модасы өз баштарына тийсин деп ичимден тилеп ары бассам, алдымдан каркайган саясатчы келе жатат, мойнуна сыйыртмак салып. Көз алдыма элестеп кетти. Баягынын карт даракта мойнуна салган сыйыртмагына асылып турганы. Туугандар арыдан-бери болуп, ата салтын сактап эле жашасак. Өзүбүз араң телчип келе жатканда моданын балакетин алабызбы?!
Келдибек Ниязов, КРнын Эмгек сиңирген артисти






Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_13.htm on line 91

Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_13.htm on line 91

Warning: include(): Failed opening '../../news_presskg.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_13.htm on line 91






??.??