presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Ала-Тоосун сагынган Аскар Акаев ар кайсы оппозициячылды неге мактай баштады?
Кыргызстанда коррупциянын тамырын терең жайылтып, үй-бүлөлүк башкаруу режимин түптөп кеткен Аскар Акаевдин Ала-Тоосунан куулганына быйыл мартта туура 10 жыл толгону турат. 10 жылдык кусаматы ичине батпаган Аскар мырза акыркы 3-4 айдан бери карай айрым чала сабат журналист аркылуу Кыргызстанда пиар-акциясын жүргүзүп келет. Интеллектуалдык деңгээли бийик, эл аралык деңгээлдеги илимпоздун 5-6 сүйлөмдү дагы катасы жок жазбаган журналистке күнү түшүп калганын туура түшүнсөк болот. Себеби акыл-эси ордунда, элинин кызыкчылыгын ойлогон, Мекен кызыкчылыгын акчага алмашпаган журналисттер эч качан Кыргызстанды үй-бүлөсү менен тоноп качкан мурдагы президенттердин үйүнө жатып алып, бекер сыйлуу тамактарды жеп, бекер эс алып, анан чөнтөгүн култуйтуп койгонуна ыраазы болуп пиар-акциясын жүргүзүп бермек эмес. Андайга абийир жол бербесе керек. Андыктан Акаевдин карманганы аргасыздык.
Экинчиден, Аскар Акаев бүгүнкү бийликтин тушунда Кыргызстанга келе албасын бөркүндөй эле түшүнүп туру. Себеби коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатат. Ошол эле убакта элибиз дагы аны азырынча көрөйүн деген көзү жок. 10 жыл убакыт болсо дагы Акаев мырза кыргыз элин өтө оор кыйынчылыкка кептеп качып кеткени үчүн эки ооз кечирим сурап койгон жок. Андыктан бүгүнкү бийликтин оппоненттерине жармашып, аларды алды-артынан түшүп мактап отуру. Кыязы, дагы бир революциянын болушун самап жатат. Андай окуя болуп кетсе, азыркы тапта бийликке таарынып, өчөшүп, ызырынып жүргөндөр келиши мүмкүн. Алардын катарында кадимки Акматбек Келдибеков, Оштун экс-"кожоюну" Мелис Мырзакматовдор бар. Буга чейин Акаев дарыланганы чет өлкөгө чыгып кеткен Келдибеков менен Дубайда жолукканы билинген. Эми болсо Мелис Мырзакматовду мактап туру. "Мырзакматов жаңы муундагы күчтүү саясатчы, чарбачыл, жаратман. Ордолуу Ош шаарын гүлдөтүп-өнүктүргөнүн окуп-угуп жүргөм. Түз басыгынан тайбаса келечекте өлкө лидерине айланаарына ишеним бар" дейт Акаев. Кайран гана Акаев, ушинтип калпты чындай айтып, карыган кезинде калың кыргыз элинин алдында дагы бир жолу кадыр-баркын төгүүнүн не кереги бар эле? Ордолуу Ош шаарын жеке Мырзакматов гүлдөтүп-өнүктүрбөгөндүгүн жалпы эл билет. Тескерисинче ал республикалык бюджеттен барган акчаларга эстеликтерди кымбат баада тургузуп келгендиги ашкере болуп жатпайбы? "Орто Азияда жок чоң көпүрө курат элем" деп казынасында акчасы жок асма көпүрөнү баштап алып, анысы дээрлик бир жыл бою кыймылдабай тургандыгын окубаптырбы? Албетте, окуган болушу керек. Андыктан мындай мактоолор дагы Акаевдин тек гана аргасы кеткендеги тапкан жолу. Кыргызстанга кайтып келүү үчүн кимден болсо коопсуздугуна кепилдик алгысы келет. Ал үчүн эртең Бакиевди макта десе дагы мактап берсе, таң калбай эле койгонубуз оң…

Жанкорооз Эсенгелдиев


Окудук, ой бөлүшөбүз

Шайлообек менен Баратбайдын "Баатырдык, атак-даңк, сыйлык, наам" деген маектерин окуп биз дагы үн кошолук дедик. Чыга албай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле дегендей, өйдөкү темаларда биз дагы айыл жеринде кеп кылып жүрчү элек аябай туура маселе козголду. Биз мамлекеттик Токтогул сыйлыгынан баштайлы деп турабыз. Азыр ал сыйлыктын башында ким турарын дале билбейбиз. Бирок Токтогул сыйлыгын аябай майдалатып баратышат. Бул сыйлыктын ырчыларга, обончуларга эмне тиешеси бар? Керим Турапов, Анарбек Ибраев, Саламат Садыковага кандай негизде берилгенин түшүнбөйбүз же булар Токтогул жөнүндө чыгарма жазышпаса же Токтогул жөнүндө обонун дагы, сөзүн дагы өздөрү чыгарып, элдин калың катмарына сиңип кеткендей ыр чыгарышпаса. Туура жакшы ырчылар болгону менен алар даяр чыгарманы эле ырдап жатышпайбы. Анда Токтогул сыйлыгын башкаргандар Токтогулдун Алымканына обон чыгарган Бектемир Эгинчиевге бериш керек. Кыйналып, толгонбой эле даяр Алымканды ырдашып наамдарды алып жатышпайбы. Маркум эжекебиз Мыскал Алымканды Маскөдө ырдап Сталинди тургузган кол чаптырып. Ошол эженин арбагын сыйлап, ошол кишиге берсе эл ыраазы, арбак ыраазы болот го дейм. Эми Түгөлбай Казаков иним таарынып жүрөт. "Жамгыр төктүгө" Токтогул сыйлыгын бербей коюшту деп. Жамгыр төктүнүн Токтогулга эмне тиешеси бар? Анда Рыспайга "Эл артистигин" берип, бир айдан кийин Токтогул сыйлыгын бергиле? Андан кийин бири-бирине душман кылбай Калыйбекке, Аксуубайга, Үсөнгө, Бабаравшанга, Жолдошбекке, Эсенбекке бергиле, дүңгүрөтүшүп той берип чардап жатып калышсын. Кийинки жылы Жанета Бобкова менен Алтынай Нарбаевага аларга кошуп Нурлан Насипке берип таштагыла. Ошондон кийин бакыйган Токтогул сыйлыгы өзүнөн-өзү жоюлат. Өгүнү телевизордон "Маданият майданында" бир жигит айтып жатпайбы "Токтогул сыйлыгын экиге бөлүш керек, жарымы Токтогул сыйлыгы, жарымы Алыкул сыйлыгы болсун" - деп. Ой, иним анан бирөө чыгат эмеспи, үчкө бөлүп бийчилерге арналган Бүбүсара Бейшеналиева атындагы сыйлык болсун. Жөн турбаган Келдибек чыгат, төрткө бөлөлү, куудулдарга ылайыктап. Куйручук атындагы сыйлык кылып деп. Эми баатыр наамына келели. 80-жылдар болсо керек, Токмокко Жеңиш күнүнө карата Дайыр Асанов, Калыйнур Үсөнбековдор жана башкалар келишти. Эки баатырды жакындан көрүп ушундай сыймыктанганбыз, ошол элес дагы деле унутулбайт. Согуш жөнүндө кино көрсөк, китеп окусак ошол эки баатыр дайыма эске түшөт. Накта элин, жерин коргогон баатырлар. Эгемен болгону бизде кошоматтанган нерсе пайда болду. 70-80ден ашкандарды баатыр кыла баштадык. Минтип ой келди бере берсек, ошол баатырдыкты алгандарды баатыр деп айта албай деле калабыз го. Акназаров менен Акматовду накта социалдык эмгектин баатырлары деп тайманбай эле айтып жүрөбүз го. Депутат Каныбек Иманалиев иним айтып жатпайбы Султан Ибраимовду баатырлыкка көрсөтүп жатабыз деп. Каныбек иним андан эмне чыгат? Токмоктогу иштебей жаткан ишканалар иштеп, Токмокко троллейбус жүрүп калабы. Анча болду убагында албай кетишти деп Шабдан, Ормон, Алымбек, Нүзүп, Көр Шермат Боромбай, Балбайларга дагы берели деп чыкпайсыңарбы. Айта турган сөздүн орду болуш керек. Сүйлөсөңөр эле артыбызда эл турат, эл бизди күтүп турат дейсиңер. А жалпы эл үшүп, карды ач, кымбатчылык каптап силерди сөгүп, каргап турганы менен ишиңер жок. Шайлоо жакындагандагы далбасаңар экенин базардагы келесоо дагы түшүнүп турганын билбейсиңер го. Саламат кызыбыз күздөгү концертинде "Аалам ырчысы" наамынын ээси деп кулактандырып жатты. Ал эмне болгон наам деп биз оозубузду ачып калдык. Чындыгында андай наам болсо, эми калгандары ошону талашып кырылышат тура. Жаңы министр Максүтов Алтынбек уулум. Уулум дегенге таарынба, эң улуу неберем менен тең экенсиң. Жанагы "Маданияттын мыкты кызматкери" деген "значогуңду" оңду-солду тага бербей ошого татыктууларга берсең. 60-70-жылдарда курулган клубдар бар, кулаганы калган ошолорду кулатпай, сырты калтырак болсо дагы ичин жылтыратып, жарыгын өчүрбөй жашатып келе жаткан канчалаган клуб кызматкерлери бар, жанагы "значогуң" ошолордун төшүнө жарашат. Ушуну эске ал, уулум. Дагы көп нерселерди жазайын дедим эле, улгайганда калем алганда көбү мээден учуп кетет экен.

Эч кандай наамы жок, бирок маданият, адабияттан кабары бар карыя
Кенжебеков Кубанычбек
Чүй облусу, Ысык-Ата району





Жиниккен заман
Бирин-бири көрүп жинигип там салмай, аялы туруп аял алмай, тамы туруп там салмай, жер ала коюп аны сатмай, деги койчу байлыкты кубалап жатып жинигип өлөбүз го? Ач көздүк, жем кордук, паракордук мойнубуздан эшектей эле жетелеп алды го? Кайда барып токтоор экенбиз. Антпейин десең болчудай эмес. Үйдөгү аялың, балдарың жан койгудай түрү жок. Тигинин атасы тигинтип жатыптыр, антип жатыптыр, минтип жатыптыр, арак ичпейт экен, балдарын бутуна тургузуп, аялын көйкөлтүп багып, бири-бирин кагылыштырып оокат кылат экен... айтор деги эле кулак-мээ тынч эмес. Эми кантем. Убалым Горбачевге жетсин. "Перестройка"болбогондо эмдигиче бир колхоздо башкарма болуп, аялым көйкөлө кийип, жайкала басып, балам көзүнө эч нерсе көрүнбөй көөп, бирин чечип, бирин кийип, бирин бузуп, бирин тээп турбайт беле. Кызым дагы бир башкарманын келини болуп дегендей. Азыр эмне кылышым керек? Эми кантип жейм? Колдо бийлик жок болсо. Жашым пайгамбардын жашына келип калды. Кантем, кантем, кантем ай. Көздү гана кычыштырган байлык, гоншиктер ай. Силерди кууп жетиш..., тиги дүйнөдө эле жетпесең же болбосо түрмөдөн эле көрбөсөң?... "Алты саның аманда, артта калыш жаман да" деп, бир арманданам. Чындыгында менде мээ деле жок экен. Үч дипломум туруп депутат боло албасам, эгер мыйзам ылайыктап берсе, дипломумду диплому жок депутаттарга мындай эле кадыр-көңүл алып кармата берээр элем. Себеби мен дипломдорду колдоно албайт экенмин. Дипломду да колдоно билген билермандар колдонот тура. Байлыгым чемоданда көгөрүп жатканын билбейт турбаймынбы, чала мага. Илгери кызым биринчи класста окуп жүргөндө, ырдап койчу кана дегенде:

Бүгүн болду тескери,
Тоок сарайга кой кирди.
Кой сарайга уй кирди,
Демек бүтүн тескери дегендей, мага да заман келип, арманым Ат- Башыда турган аттын башындай болуп турат.

Темирбек Мамбеталиев,
Бишкек шаары







Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_12.htm on line 88

Warning: include(../../news_presskg.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_12.htm on line 88

Warning: include(): Failed opening '../../news_presskg.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/15/0224_12.htm on line 88






??.??