Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Менин тилим - менин душманым
Макаланын ушундай аталышы бекер жеринен эмес. Байыркы замандын акылманы Эзоп ой көрөңгөсү чакталуу кожоюну дүйнөдөгү тамактын эң таттуусун таап келген деген буйругун аткарып, тилден даярдалган тамактарды алып келген экен. Кожоюн түштөнбөйт.
- Кантип эле тил баарынан таттуу болсун, түшүндүр?- дейт.
- Ээ, кожоюн, тилден таттуу эмне бар? Тилиң менен балаңа жалынасың, ага болгон мээримиңди билдиресиң, тилек тилейсиң, жан эргиткен махабатыңды сүйгөнүңө багыштайсың, жылуу сөз айтсаң жылан да ийинен чыгат. Элдешкис душманыңды, элдештирет деген тура.
Аны уккан кожоюн дүйнөдөгү тамактардын эң ачуусун алып келүүнү буюрат. Эзоп болсо тилден жасалган тамактарды кайта алып келиптир. Ачуусу келген кожоюн, - эми эле тилден таттуу тамак жок дебедиң беле же мени эмне бул шылдың кылганыңбы? - деп баарын түшүндүрүп берүүсүн талап кылат. Эзоп: "Кожоюн тилден ачуу, тилден заар дүйнөдө эч нерсе жок. Сага жамандык кылгандарга каргыш-илкиш айтасың, бирөөгө ушак сүйлөйсүң, тилден досуңду кас душманга айлантат, тил уудан да жаман"- дептир. Сөздүн узарып бара жатканына карабай, ушул насыят ойду толугураак жазууну туура көрдүм. Себеби жакында келе жаткан шайлоо өнөктүгү эрте башталып, ар кандай позициядагы саясатчыларды, козу-карындай жайнаган партияларды активдештирүүдө. ММКда жокту бардай, барды жоктой кылган компроматтар байма-бай жарыялана баштады. Карандай ушактарга жык толгон, соо адамдын оюна келбей турган, ал антиптир, бул минтиптир деп көрүнгөнгө асылып, айрым кызмат адамдарынын аброюна шек келтирип, үй-бүлөлүк турмушуна кийлигишкенге чейин барган авторлор четтен чыгат.
Сөз эркиндиги деген оюна келгенди оттоо эмес, "мактоо жеткирет, чагым өлтүрөт" дейт элибиз. Төртүнчү бийликтин мүмкүнчүлүгүн туура пайдалансак, калк арасында уу-дуу ушак сөздөр көбөйөт, элди толкутат, мамлекеттүүлүккө доо кетет. Айрым паракор, куйтку адамдар муну жакшы түшүнүшөт. Эптеп бийликке жетүү, ал аркылуу эсепсиз байлык топтоо, жалган авторитетке ээ болуу, дымагы күчтүү мансапкорлор түркүн амалдар менен, каршылаштарын чөгөлөтүүнү максат кылат. Тескерисинче, элдин байлыгын ичип жеп, кылмыш кылгандарды опсуз мактап, эл баатыры, патриотторго айландыргандын аракетин көрүшүүдө. Жакында, бир гезиттен Н.Мотуевдин сүрөтү менен басылган маегин окуп таң калдым. Мотуев бийликке сөөмөй кезеп, ислам мамлекеттеринин күбөлүгүн алганын, мени суракка чакырып жатышат, мен алардан коркпойм, мага тийишкендерди атып салам дептир. Мотуев десе дейттир, бирок бул материалды гезит эмне максат менен жарыялады? Же кыргыздарды "жихадга" үндөдүбү? Мага түшүнүксүз. Гезит беттеринде жарыяланган элдик баатыр, патриоттордун ана башы болушкан К.Ташиев, Н.Түлеев, С.Жапаровду чоң саясатчы, мамлекеттик ишмер, элдин, мамлекеттин камын ойлогон патриот катары пропагандалоого далалаттар күчөөдө. Баатыр патриоттордун кайсы кылган жакшылыгы мамлекеттин мүлкүн урдоо, элдин ырыскысын колдон талашкан кылмыш иштери далилденип аныкталганына карабастан өзүлөрүн сүттөн акпыз, өкмөттүн жалган жалаасынан жабыркоодобуз дешип, кылган күнөөлөрүн моюнга алышкысы келбейт. Тойдогу кыздын жоругуна окшоп, кайра кылмышка аларды бийлик түрткөнсүп чөнтөгүнө, "кулкунуна" акчаны өкмөт салып бергенсип, көрүнгөнгө зар какшап жүргөндөрүнө жол болсун. Ушундай баатырлардын катарында дагы бир эл баатыры кошулду, учурунда Бакиевдердин обонун созуп, этегине намаз окуп жүргөн Мырзакматов бийликтен кордук көрүп, чет жакта аргасыздан качып жүрөм деп, жакында жар салып, барсам баарыңарга бирди көрсөтөм деген саламын бир гезитин эки бетине толтура берип, чыпчыргасын коротпой жазып, ага жан тартканга ишарат кылыптыр. Ага ишенсек, Мелис мырза элдин, мамлекеттин бир тыйынына да зыян келтирбептир. Оозу, мурду кыйшайбастан булар өкмөт мага бут тосуп жатат, саясий күнөө тагууда дегенди ырдап жатышат. Баамдасак Кабылан келатат, Арстан келатат, Кара-Кулак шер келатат деген кошоматчыларга аябай ишенип, өзүн чын эле "Кара-Кулак шер" сезип, төшүн керип манчыркап калгансыйт. Ал аз келгенсип, Мырзакматов макаласында өзүн кыргыздын көрүнүктүү ишмерлери К.Тыныстанов, А.Орозбеков, Ж.Абдрахмановдордун катарына кошуптур. Мен чынында Мелистин эл үчүн жанын курман кылаарына шегим бар. Болбосо ал четте эмнеге качып жүрөт. Ушундай туугандар, айрым гезиттер элге кызмат кылбай, ушак айтуунун, бирөөлөргө көө жабуунун жолуна түшүп, мансопкорлордун ишенимдүү куралына айланып калды. Мансопкор, куйткулар элди бузуп, карапайым, ак-караны анча ажырата албаган момундарга бийликти мокочо көрсөтүп, жумурткадан кыр издеп, кылдан кыйкым издөөнүн жандалбасында. Бул аракеттер аз да болсо, бирде болбосо бирде максатына жетпей калган жери жок. Теледен же радиодон чыгууга мүмкүнчүлүк боло калса бийликти карандай жамандап, батыштын демократиясын ылгабастан кыргыз жерине орноткусу келген демократтарга да байбыз.
Демократия десе эле элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын, үрп-адат, каада-салтын түк-тургузбай, Европада мындай эмес, батышта тигиндей эмес деген, сандырак нормаларды кыргыз элине таңуулап, зордоп киргизгенге аракет кылышкан айткандары кабыл алынбаса, оппонентинин оозунан сөзүн жулуп алып, микрофон талашкан Т.Үмөталиева, Ч.Жакыпова сыяктуу демократтарыбыз батыштын бизге жат, туура келбеген жорук-жосундарын зордоп киргизгиси келишет. Дүйнөдө, тарыхта абсолюттук чындык, абсолюттук демократия болгон эмес, болбойт дагы. Ушул чындыкты өзүн чыныгы демократ деп эсептеген, ашкере демократ Равшан Жээнбеков эмне үчүн мойнуна алгысы келбейт? Башка элдин салт-санаасы, башка мамлекеттердин ички жана тышкы саясаты күч менен ордун таба албасын эмне үчүн түшүнгүсү келбейт. Эл анын абстрактуу, утопиялуу демократиясын кабылдаган жери жок. Демократия теориясын мандемдүү саясатка айландыргысы келип, кур кыялга баткан Р.Жээнбеков батыштын жардамы менен бийликке жетем деген оюн элден жашырбайт.
АКШнын бийлигинин Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсүн, ал аркылуу башкаруу бийлигин алууга каражат берүүсүн сурап АКШга барганын "Азаттык" шардана кылды.
Чындыгын айтсак, Равшан мырза бийликти кумар тутуп, максатына жетүү үчүн элдин тагдырына "быш" этип койбогону көрүнүп турат. Колунда бийлиги туруп, депутат өз элинен колдоо таап, бийликке жетүүнүн ордуна, Америкадан колдоо издеп, жат элге колтук ачып, биздин ички ишибизге түздөн-түз кийлигишүүгө мүмкүндүк берип жатпайбызбы. Албетте, Америка мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргысы келбейт. Жакында Американын Кыргызстандагы убактылуу элчилигине тышкы саясатта алчы таасын жеген, чалгындоо боюнча атайын даярдыктан өткөн, барган жеринде мамлекетти бүлүнтүп, кйыраткыч деген атка конгон адамды жибере тургандыгы маалымдалууда. Айтмакчы, ал пенсиядан чакырылып алыныптыр. Мына, Равшандын жакшылыгы, элине кылган кызматы.
Ошентип, Равшан Жээнбеков мырзанын дымагы кайда экени белгилүү болду. Дымак дымагы менен, дарамет деген улуу түшүнүктү кайда алып барабыз. Ал дарамет Равшанда барбы? Бул чоң суроо.
Оппозицияга өтүп, башкаларды керсейип карап туруудан сын таккан мырзалар да ушул маселеге да көңүл бурса деймин. Болбосо бийликке барам деп ээликкенден мурда, өзүнүн чама-чаркын, тажрыйбасын таразалап, жакшы-жаманды ажырата калчап көрүп далалаттанса дейт элем. Сын айтканда кемчиликтерди жоюунун чараларын, жол-жобосун анализдеп көргөндөн кийин гана саясий жүрүш жасашса дурус болмок.
Антмек кайда, орустар айтмакчы, "Цель оправдывает средства" дегендей иши кылып, максатыма, бийликке жетсем болду, эл эмне болсо ошо болсун принцибинде. Кыргыздар кыйын күнгө туш болду. Элибиз итке минип калды. Бийликти токтоосуз түрдө кулатыш керек. Министрлер кабинетин, премьерлерин кошуп туруп, отставкага айдаш керек деп саймедирегени саймедиреген. Элди бөлүп-жарып, андан ары эмне кылаары жөнүндө конкреттүү сунуштары жок. Тилегенинин эл дагы кыйнала түшсө экен, бийликтегилер канча жаңылыштык кетирсе бизге жакшы дешет. Кагылайын кыргыз элим, ушул тапта дүйнөдө коогалаңдуу кан төгүлгөн согуштар болуп жатат, алааматтан качып, өз мекенин таштап миңдеген адамдар бозгунга айланды. Мындай чалкеш заманда биримдикте болуп ак менен караны, жаман менен жакшынын ажырата билели. Элде: "Өгүз өлөңдүү сазга, инек баштаса ийри-муйру жарга" деген сөз бар. Кылган кылмыштарын мойнуна албай, элди удургутуп, жол тостуруп, кары-картаң, жаш балдарга чай-чамек, арак жана башка ичимдиктерди берип, шаардын борборунда боз үй тиктирип, ооруп-сыктап калаарына карабай, Баатыр энелерди кышта жууркан жамынтып отургузуп, эл мени колдоп жатат деп чаң салып жүрүп абакка түшүп, чет мамлекетке шылтоо таап эс алууда жүрүп келген А.Келдибеков кайтып келиптир. Келе элек жатып мен акмын, соттошууга даярмын, баатырыңар кайтып келди, колдосоңор эми колдогула деген кербезин чалып жатат. Кимди тандап, кимди ээрчийбиз? Дагы ойлонолу. Дараметинен дымагы күчтүү, арынан чыры көп мансапкор жегичтерди ээрчибейли. Өзүңөр ойлоп баккыла.
Азыркы бийлигибиз аз да болсо, экономиканы жандандырып туура багыт алгандай. "Кумтөр" маселеси оң жагынан чечилип, "Жер-Үй" кени өздөштүрүүгө берилгени турат. Көрбөс төөнү да көрбөйт, оппозициябыз дегендерден деги эле жылыш жок, биз бийликке келмейинче оңолбойсуңар, жакшылыктан үмүт этпегиле дешип, ооздорун куру чөп менен аарчышууда. Диний экстремизм исламдаштыруу сыяктуу опурталдуу кыймылдар баш көтөрүп жаткандагы коркунучтарды эске албай, революция жасоого даярданып жатышат. Азыр бизге биримдик жана тынчтык жолу менен баргандан башка жол жок. Аягында айтаарым: Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш кырдаалга туура баа берүүсү, келтирилип жаткан кемчиликтерди жоюунун чукул чараларын көрүүсү зарыл. Антпесе, ана оңолобуз, мына оңолобуз, бюджетти профицит менен кабыл алабыз деп, элге жер упчуну соргузган союз мезгилиндеги коммунизмге баратабыз. Көрүнүп турган горизонт ошол коммунизм, тээ тиги кырды ашсак эле түптүз кирип барабыз десек эле, анын ары жагында дагы бир кыр турганы, ага жетмек тургай эсептебей калгандай болгонго окшошуп турат.
Туратбек Иманканов, пенсионер, демократ