Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадам ушул…
Адам болуп калбайлыбы...
Мамлекетибиздин жалпы тагдырына кам көрүү деген ураандарда, кагаз бетинде, жана эми айтылып эми унутулчу адыраңбай сөздө калып, эл алдында мен дегендердин чыныгы дили байлык менен бийлик эңсеп калганына көп болду. Жаман болду. Соцзаман мезгили азыркы мезгилге караганда бир топ эле мыктыбы деп калдым. А кезде, өмүрдүн бир учурунда уга жүргөн баатырлардай болгубуз келчү да, мейли бала кезде болсун, кээ бирибиз эр жетип калганда деле, бир ирет баатырдык жасагыбыз келчү… Эмдигинин баласы түз эле президент же министр, андан кудай айтпаса, бизнесмен же кримтөбөл болгусу келип жатпайбы. Кабат-кабат үйлүү, кымбат жип машиналуу, көл жээгинде пансионаттуу, чет элдин жеринде дачасы, банкында акчасы болгонун тилеп жатпайбы. Ушунун баарын кийинки заман алып келди, булар дүйнөлүк "кырсык" түрүндө мыйзам ченемдүүлүккө чейин жетип келип жатат. Бирок, биз окшогон өзөгүндө жулунбаган элдин арасында бүгүнкү айбанчылыктарга алдырбаган нечен бир азаматтарыбыз бар го, алар темирден жаралган эместир… Ооба, темирден жаралган эмес, бирок, адам экендигин унутта калтырбай, тобосун көп айтып, топугун кылып, ыйман ээрчий жашаш керектигин өзөгүнөн өткөзүп, дилине орнотуп салгандар экен алар. Эми андайлар азайгандан азаят… Ыйман деле акча сындуу, мал-жан сындуу азаят экен, азайып барып түгөнөт тура! Биздин ыйман түгөнүп барат…Трагедия деп ушундайда айтылат!
Адам баласы кылымдар баскан жолунда практиканын аркасы менен өз жүрүм-турумун, жашоосун жакшы менен жаманга бөлүп алган да. Ал бөлүштүрүү, а балким, жебе деген алманы жеп жибергенден башталгандыр… Ошонун баары практикадан келип чыккан. Анан ал болуп ууру кылган жаман экенин, ушак айткан жаман экенин, кара мүртөздүк жаман экенин, жулунгандык жаман экенин, ач көздүк жаман экенин, жөнсүз мактануу жаман экенин… койчу деги баарын жон тери менен сезип келип, азыркы жаман эсебиндеги көрүнүштөрдүн баарын тактап келди. Андан соң, жогоруда айтылгандардын антоними жакшы деген бүтүмдү орнотту. Анан эмне болду? Анан Грибоедов белгилемекчи "акылдан азап" болду. Адамдын акылы ашып-ташып калганда ага жакшы нерселер туруштук бере албай калат көрүнбөйбү, жаманга ыктап калат экен, ушундай коркунучтуу парадокс… Ошол учур келгенде жинди боло баштайт экенсиң. Айталы, байлыкка эпсиз жулунуп, хан болгуң келип, падыша болгуң келип, бүтүндөй журтту башкаргың келип, эркекти эркек алгысы келип, алгысы келбесе да андайды колдоп, жаш балдарды зордуктап, а турсун өз канынан жаралган наристесин зордуктап! О, шоруң курган адам баласы, эми адамдан айбан болуу процессин баса баштадыкпы. Айтам да, эмнеге эле кээ окумуштуулар Дарвин чалдын окуусун чана баштады деп. Көрсө, анын окуусундагы адамдын маймылдан жаралышы дегениң түбөлүктүү эмес тура, тескери процесси да бар тура! Ал процесс кетти! Ооз баргыс бир эле мисал: чочко дагы ымыркай торопоюн зордуктабайт! Ит дагы, карышкыр дагы, чөө дагы күчүктөрүнө тийбейт! А адам баласы деген аты бар айбандар зордуктап жатат! Аларды биттеп туруп анан атыш керек, болбосо, түз эле атыш керек! Накта гумандуулук дал ушул учурда болор! Аларды аткандан андай иштер токтоп калбайт деп "боорукер" катындар чыгып жатат. Мейли, пайда болбосо да аларды ит аткандай атып туруш керек! Токтобогонун көрөйүн!
"Адам көзү топуракка гана тоет" деген ар улутка тиешелүү болгон бу маани, биринчи иретте, кыргызга арналып чыгарылганбы деп калам. Анан ошол да, тоюнбаган кыргыз баласы толуп кетти… а балким, бүтүндө улут тоюнбай жатат окшойбуз. Андай болсо, кой турбайбызбы, уй турбайбызбы. Илгери колхоздун кой короосуна чөп салган учурду көрдүңөр беле? Чөп салганда же чачканда бирин- бири жөөлөгөн, тебелеп- тепсеген койлоду "өлүп кеткен энеңди…"" деп сөгүп ачууланган чабандардын үнүн да уккам. Азыркы жулунган адамдар ошол койлордон көп эсе жаман, алар бирин-бири тебелесе, адамдар бири- бирин өлтүрүп жатат! Ушундай абалга келип жеттик!
Ай сайын, жума сайын, кээси менен күн сайын баланча деген кызматкер пара менен кармалыптыр дегенди угабыз. Алып жатат, кармалып жатат, соттолуп жатат… кайрадан алып жатат… Жөн адамдар кармалса, коркунучтуу эмес, анан эл ишенип шайлаган адамдар, айталы, депутаттар кармалса, алар депутат эмес турмушунда аябай жеп, байып, анан ошол арам акчанын жардамы менен депутат болуп шайланып келсе эмне дедиң?! Бул өтө коркунучтуу көрүнүш го бир! Анткени, ошол депутат деген, биздин кийинки бийлик системасында чечүүчү күчкө ээ болду. Мурун жөн гана мыйзам чыгарып, башка эч нерсеге жарабай олтуруп берсе, азыр реалдуу күчү бар, өкмөт курамын түзөт, мамлекеттин өнүгүү жолун аныктайт ж.б. Мына ошондой күчкө эгедер адамдар коррупцияга небак эле алдырып койгондон кийин иш өтө жаман го бир! Андан да жаманы - жеп-ичкен депутатты жоопко тарталы десе, 120 депутат бир кишидей биригип, ошол жеп-ичкенди калкалап жатпайбы, кармаганга, камаганга улуксат бербей жатпайбы. Конституцияда бадырайып жазылып турат "бардык адамдардын укугу бирдей" деп. Андай болгон күндө эмне үчүн депутаттарга артыкчылык укук беришибиз керек, кол тийбес кылып?! Туура, депутаты коргош керек, аларга атайын чечим болбосо, кол тийүүгө мүмкүн эмес деген да мыйзам бар, бирок, ошол мыйзамды эмне үчүн чыгарып алганбыз?! Көрдүңүзбү, ушундайдан башталат жанагы абийирсиздик деген жол! Жогоруда "120 депутат биригип" дегенди ашыкча айтып салдык көрүнөт. Парламенттеги он-он беш депутат бар ошол атка толугу менен татып берчү. Алардын күнөөсүн көтөрө албайм…аша кетсем, кечиришет…
Азыркы парламенттен Нариман Түлеев соттолуп кетти, Келдибеков, Аманбаева дегендердин иши сотто, Нурлан Сулайманов качып жүрөт, ал эми Обдунов, Пирматов ж.б. бир катар депутаттарга кылмыш иши козголмок эле, анысынын да дайыны чыкпай калды. Бир кезде Феликс Куловдун кай жерден канча жегени аябай айтылган, ал жөнүндө баарыдан да Топчукебиз мыкты билет, тим эле шаркыратып санап жиберет. Мына ошол Кулов азыр парламентте олтурат, олтурганда да фракция башчысы болуп олтурат, мамлекеттик маанидеги маселе чечишип жатат. Эми ушул көрүнүш жакшылыкпы, ыя, шайлоочум?! Кулов сыяктуу "тескери тоюнган" депутаттар бир топ эле бар. Анан ошолор бизди башкарган болуп жатпайбы, жок, кадимкидей эле башкарып жатпайбы. "Мурун жеп-ичип алса, депутат болуп парламентте олтурууга ар кимдин укугу бар" деген мыйзамды таппайм, сыйпалап…Жогорудагылар кайра-кайра айтылып келет. Эмне үчүн антип жатабыз? Анткени, папрламентке таза адамдар, таптазасын кайдан тапмакпыз, салыштырмалуу түрдө таза адамдар келсе дейбиз. Шайлоочуга таза адамдарды тандоого дагы кыйынчылыкты түзүп ташташты. Анткени, шайлоого партиялык тизме менен барып жатышат. Ал эми ал тизмеге колунда акчасы барлар кирет экен. Акчасы барлардын 95%ти арам жол менен байыгандар экенин эл небак эле эсептеп салган! Бул абал "кайда барсаң Мамайдын көрү" дегенге алып келет. Бирок, тазалануунун жолу ар дайым бар. Маселен, партия лидери таза болсо, анан ал таза адамдардан тандаса, эл дагы ошол адамдын таза экендигине ишенип берсе… Жок, жок, дагы эле болсо, турмуш реалдуулугунан алыстай кеттик окшойт…Канткенде оңолуп кетер элек деп суроо салып жооп издесек ал жообубуз баналдык чындык болуп дапдаяр төшөлүп берет: мыйзамды сактоо керек. Көрдүңөрбү өтө эле оңой, жөпжөнөкөй. Ал эми жөнөкөй нерсени турмушка ашыруу оголе кыйын экен, биздин азыркы турмуштун ыргагы менен алганда таптакыр эле ишке ашпачу нерсе экен… Ой аягына чыкпады, чыгарчулар бар деп ошенттим да…