Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Айтылбай турган сөз эле…

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кызматтан күтүүсүз кетишинин айрым себептери тууралуу 11-февралда "Хаят" мейманканасында журналисттерге кеңири маалымат жыйынын өткөрүп, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан суроолорго жооп берди. Анда мурунку башкы прокурор кызматтан кетишинин себеби Батукаев маселеси, талап-тоноочулук боюнча "Ата Мекен" партиясынын айрым депутаттарына козголгон кылмышы иши, күйөөсүнө байланышкан чуу, коррупцияга болгон күрөштө президенттин акырына чейин тура албагандыгы, келе жаткан парламенттик шайлоого катышаары, президенттин айланасындагы адамдардын интригалары, чиновниктер арасындагы тирешүүлөр, ага болгон коркутуулар, аны коркуткан чиновниктерге болгон эскертүүсү, алдын ала жазып койгон керээз каты, "Манас" орденин алууга эч ким чакырбаганы сыяктуу бир топ маалыматтарды ачыктады.


Алгы сөз
- Урматтуу брифингдин катышуучулары биринчи кезекте ЖМКга, коомдук бирикмелерге, серепчилик коомго жана жөн гана өлкөнүн жарандарына, менин башкы прокурор болуп иштеп жаткан кезимде көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биздин жалпы ишибиз жана менин коллегаларым -прокурорлордун, башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгү, жарандарга коррупция менен күрөшүү мүмкүн экендигине, Кыргызстанда тактык жана тартиптүүлүк норма боло турган жарандык коом курууга мүмкүн экендигине ишеним берди. Үч жыл аралыгында коррупцияга каршы күрөшүүнүн "Трансперенси интернешнл" эл аралык индекси боюнча 28 позиция жогору көтөрүлүү - бул багыттагы иштин дагы бир ачык көрсөткүчү. Эгер өсүп жаткан бул темпти колдосок, анда жакынкы 5 жылда коррупциянын деңгээли аз мамлекеттердин катарына кошулууга болот. Биз баарыбыз коррупцияга каршы күрөшүү жолунун башталышында гана тургандыгыбызды түшүнөбүз. Бул этапта пландалгандарды аяктабай туруп кетип калуу жоопкерсиздик болмок. Бирок мен түзүлгөн жагдайдан улам кызматтан кетүүгө мажбур болдум.

Кызматтан кетүү
- Башкы прокурордун иши дайыма саясий басымда жүрөт. Жоопкерчиликке тартылган адамдардын таасири жана макамы канчалык бийик болсо, басым ошончолук күчтүү болот. Менин оюмча, бийик кызматтагы аткаминерлердеги коррупция менен күрөшүүдө, мамлекет башчысы башкы прокурордун коопсуздугунун абсолюттук гаранты болушу керек. Бирок президент мага каршы күчтөргө каршы тура алган жок. Саясий интригалар менин түшүндүрмөлөрүмдөн бийик болуп калды. Өлкөдө болуп жаткан окуяларды, чуулгандуу кылмыш иштеринин козголуп жатканын эске алганда, андай кылмыштардын артында бийликтеги адамдар жана акчалуу адамдар турганда саясий колдоо өтө маанилүү, анын ичинде президенттин колдоосу абдан маанилүү. Прокурор өзү коргоосуз болуп туруп, миңдеген жарандардын кызыкчылыктарын коргой алабы? Эффективдүү ишти алып баруу үчүн ушул колдоо маанилүү. Мен президент тарабынан колдоону сезбей калдым. Бул учурда жемкорлук менен күрөшүүнүн эч кандай кажети жок. Бул менин кызматтан кетишимдин жалгыз жана негиздүү себеби. Мен чоң пландарым бар эле, бул кызматта дагы иштемекмин.

"Манас" ордени
- Мени "Манас" орденин ал деп эч ким чакырган жок. Бул жеке адамдын эмес мамлекеттин сыйлыгы. Тиешелүү чакыруу болсо бармакмын, алмакмын. Эгер бербейбиз деген оюндар болуп жатса, ага каршы эмесмин. Эгер мага буюрган сыйлык болсо мен бүгүнбү, эртеңби аны алам. Буюрбаса эч кимге капачылыгым жок.

Данияр Нарынбаев боюнча
- Мага каршы интригалар Данияр Нарымбаев тарабынан уюштурулганын айтып жатышат. Бирок Нарымбаевдин "салымы" азыраак, балким таптакыр жок болушу мүмкүн. Мен билем ал адамдарды. Алардын ысымдары келечекте белгилүү болот деп ойлойм. Бул саясий интригалар деп айттымбы, демек алар президенттин айланасындагы адамдар. Интриганы жөнөкөй кишилер эмес саясатчылар жасайт.

Күйөөсү тууралуу
- Кызматтан кетүүм күйөөмө каршы козголгон кылмыш иште эмес. Кылмыш иш менин профессионалдык ишмердүүлүгүмө карата жооп, менин атымды дискредитациялоо боюнча аракеттердин жыйынтыгы деп эсептейм. Менин күйөөмө карата шектенүүлөрдүн жалгандыгын жана негизсиздигин билгенден кийин, мен жеке өзүм расмий иликтөөнү талап кылгам. Бүгүнкү күндө менин күйөөмө (Бакыт Абдыкапаров) карата эч кандай кылмыш иш жок. ЖМКда ага карата кылмыш иши козголгондугу тууралуу жалган маалымат жарыялангандан 10 күндөн кийин гана жактоочунун аракети менен гана менин жолдошум УКМКга чакырылып, күбө катары суракка алынды. Мага маалым болгондой, учурда эч кимге айып тагылган жок. Президент бул ишти өз көзөмөлүнө алып, объективдүү тергөөнү камсыз кылат деп үмүттөнөм.

Азис Батукаевдин маселеси
- Батукаевди чыгарууга бирөөлөрдүн көрсөтмөсү болду деп айта албайм, андайды билбейм. Батукаев боюнча менин кол алдымда иштеген прокурорлордун мыйзам бузгандыгы жөнүндө парламентте талкуу болгон. Бирок, сот прокурорлордун күнөөсү такталган эмес. Батукаевдин бошотулушуна медиктердин жакын арада Батукаев каза болуп калышы мүмкүн деген корутундусу шарт түзгөн. Кийин биз медиктердин корутундусу жана Батукаев Орусияда жашап жатканына байланыштуу кайра кылмыш ишин ачканбыз. Батукаевге козголгон кылмыш иши бир жылдан бери УКМКда жатат, бирок ошондон бери эч кимге айып угузула элек.

Ахматбек Келдибеков туурасында
- Мен адилеттүү соттук чечимдерге ишенем. Биз Ахматбек Келдибековдун ишин тоскоолдуктарга карабай сотко жеткирдик. Ошондой эле, мурдагы депутат Нариман Түлеевдин иши боюнча эки соттун чечими жана мурдагы депутат Урмат Аманбаеванын иши боюнча дагы чечим бар. Бардык депутаттарга мен өзүм кылмыш иш козгогом. Мен козгогон кылмыш иштеринин баары сотко жетти.

Мелис Мырзакматов боюнча
- Мелис Мырзакматов боюнча кылмыш ишин мен козгогон эмесмин. Мэрлер менин категорияма кирген эмес. Мен башкы прокурорлук кызматка киришкенде кесиптештериме айткам "кылмыш ишин козгоодо менден уруксат алуунун кереги жок" деп. Эгер иш сотко жетпесе же факттар тастыкталбаса, мен аларга чара көрөм деп эскерткем. Мен ушундай принцип менен иштегем.

Индира Жолдубаева тууралуу
- Жаңы башкы прокурор мен баштап кеткен иштердин аягына чыгаарына ишенем, жана ишенгим келет. Менин, мурунку жамаатынын эмгегин баалап, өлкөдөгү акыйкаттык, адилеттүүлүк менен күрөшөт деп ойлойм.

Талап-тоноочулук боюнча
- 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулук боюнча "Ата Мекен" партиясынын айрым депутаттарына кылмыш иши козголгон. Бирок бул ишти прокуратура тергеген эмес. Бул ишти УКМК, ИИМ, ЖАМК иликтеп тергешти. Бул иш көп убакыт тергелди. Бирок "Ата Мекен" партиясынын депутаттарына айып угузулган жок. Иш кыскарган. Анткени тергөөдө андай факт табылып, далилденген жок. Эгер фактылар табылганда прокуратура өзүнүн мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, бул ишти сотко ашырмак.

Керээз кат
- Учурда коркутуп-үркүтүүлөр болууда. Коркутуу мага эле эмес, үй-бүлөмө да болуп жатат. Буга байланыштуу алдын ала керээз кат жазып, ишенимдүү жерге катууга туура келди. Бул коркутуу кайдан келип жатканын билем. Мен ал адамдарга эскертүү бергим келет. Мен үй-бүлөмдү мага жеткиликтүү бардык каражаттар менен коргоого аларымды эскертким келет. Мени принциптеримден кайтуума аргасыз кылышпасын. (Учурда жан сакчылары алынып салынып, өзүнүн жеке жан сакчылары менен жүргөнүн кошумчалды).

Кызмат
- Президент Кыргызстандан жана чет өлкөдөн сунуштаган бир катар мамлекеттик кызматтардан баш тарткам. Мындай чечим кабыл алууга ошол учурдагы кырдаал себеп болгон. Андан кийин Өмүрбек Текебаев мага юстиция министри кызматын сунуштады. Менин оппоненттерим "күйөөсүн коргош үчүн Юстиция министрлигин жетектей калды" деп ойлошпосун деп, буга да макул болгон жокмун.

Шайлоо
- Бүгүн биз өзүнчө команда түзүп, саясий партия түзүү аракетин көрүп жатабыз. Азырынча тиешелүү документтер топтолуп, ишенимдүү адамдар топтолууда. Өлкөгө кайдыгер карабаган, менин багытымды колдогон, мага акыйкат карап, мыйзам алдында таза жана бардык тоскоолдорго карабастан өлкөнү өзгөртүүгө умтулган команданы түзүүдөбүз. Ал эми азырынча башка саясий партияларга кирүү боюнча пландар жок. Бул балким саясий кеңештерден кийин болушу мүмкүн.

Келечекте
- Башкы прокурорлук кызмат мага, өлкөдөгү коррупциянын масштабын жана тереңдигин көрүүгө мүмкүндүк берди. Эгер коррупция менен күрөшүү болбосо кайра түзүлүүлөр мүмкүн эмес жана анын мааниси жок. Өлкөдө коррупция жок чөйрө жок. Коррупцияга каршы күрөшүү - бул мажбурлаган чаралар эмес, бул системалуу превенция. Мен келечекте ушундай чараларды иштеп чыгуу менен алектенем. Ошондуктан мен өзүмдүн абалымдан көз карандысыз түрдө, активдүү жарандык позициясы бар адам катары, менин аракеттеримдин жыйынтыктары тышкы таасирлерден көз каранды болбошу үчүн бардык аракеттерди кылам жана кайдыгер эмес бардык жарандарды менин мындан аркы ишмердүүлүгүмдү колдоого чакырам.

Акыйкаттык туурасында
- Кыргызстанда акыйкаттык бар. Ошондуктан биз баарыбыз адамдык принциптерибизди карманышыбыз керек. Ал болбосо жашоонун кызыгы жок. Жашоодо ар кандай нерсе болот, бирок акыйкаттык деген бар. Баарын жашоо сынагы катары кабыл алышыбыз керек. Кыйынчылыктардын артынан жакшылык сөзсүз келет.


Аида Салянованын кызматтан кетишинин себептери тууралуу маалымат жыйынында айткандарына кандай баа бересиз?


Эдил Байсалов, коомдук ишмер:
- Салянованын "аргасыздан жумуштан кеттим" деген сөзү башкы прокурорлук Конституциялык кызмат экенин жана анын даражасын толук түшүнбөгөндүгүн билдирет. Эң бийик, керек болсо президенттин үстүнөн иш козгоочу адам катары ал убагында өзүн мамлекет башчынын алдындагы кол бала катары сезгенин бүгүн билдирди.

Туратбек Мадылбеков, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты:
- Аида Салянова башкы прокурор кызматында иштеди. Ал бул кызматка келгенде мыйзамга кызмат кылам деп келген. Бул жерде ага президент болобу, Жогорку Кеңеш болобу, Өкмөт болобу тоскоолдук кылган күндө да, мыйзамдын чегинде иш кылыш керек болчу. Биз билебиз, бүгүнкү күндө Башкы прокуратурада көптөгөн иштер катылып жатат. Буга ким күнөөлүү? Мына ушул маселени Аида айым ачык айтыш керек эле. Баары өзүнүн колунда. Эми мындан кийин чыгабы-чыкпайбы белгисиз. Ал президентке карата өзүнүн сөзүн айтты да, жол бербей жатат деген өңдүү. Мунун канчалык далилдери бар, бул келечектин иши го деп ойлойм.

Бакыт Бакетаев, саясий эксперт:
- Акыркы кыргыз тарыхында бардык башкы прокурорлор кызматтан нааразы болуп кетип жатышат. Алсак, Бекназаров, Байболов, Салянова дегендей. Бул адатка айланып баратат. Өздөрү эч нерсе жасай албай калганда ушул жагдай жаралат. Салянова президентке демарш жасады. Эми анан жолу "Ата Мекен" менен гана бир болот. Башка партиялар албайт. Өзүнчө партия түзөм деп жатпайбы? Ага миллиондогон каражат керек. Андай акча Саляновада барбы? Эгер партия түзсө эл түшүнбөйт. Ал үчүн акчаны кайдан алды ачык айтып, далилдеп бериши зарыл. Деги эле Салянованын кызматтан кетиши өтө өкүнүчтүү. Себеби өмүрү коркунучта. Бизде кандай гана трагедиялуу окуялар болгон. Ошондуктан керээз катын жазып койгону туура болгон. Керээз катта көп фамилиялар чыгышы мүмкүн. Анткени Аида айым коррупциялык күрөштүн алкагында көптөргө кылмыш ишин козгоду. Душмандары көп. Өкүнүчтүүсү коррупциялык күрөш максатына жетпей калды. Коррупционерлер жеңди. Эми эч ким коррупция менен күрөшпөйт.

Мирлан Бакиров, Жогорку Кеңештин депутаты:
- Маалымат жыйынында кызматтан кеткенинин себеби катары президенттин айланасындагы интригалар таасир тийгизгенин айтты. Бирок биз анын негизги деталдарын билбейбиз да. Ушунча болгондон кийин алар кимдер экенин, бүдөмүк кылбай ачык айтса жакшы болмок. Ал эми колдоо болгон жок дегени боюнча айтсам, колдоо биринчи Кудайдан болот. Экинчиден, укуктук мамлекет болгондон кийин Конституциянын негизинде мыйзамдарга таянып иш алып барышы зарыл болчу. Албетте, "менин кызматтан кетүү оюмда жок болчу, баштаган ишимди аягына чыгармакмын" дегенине караганда олуттуу себептер таасир берген. Анын партия түзүү туурасында айтканы, саясатта калаарын көргөзөт. Ал кыргыз тарыхында башкы прокурорлордун арасында эң мыкты иштегени менен элдин эсинде калды.

Рыскелди Момбеков, "Учкун" акционердик коомунун башкы директору:
- Аида Жеңишбековна өткөргөн маалымат жыйынын интернет баракчадан толугу менен көрүп чыктым. Албетте, Аида айымдын башкы прокурорлук кызматтагы аракетине эч ким каршы пикир билдире албайт, ал иш козгогон коррупционерлерден башка. Эркектер жасабаган эрдигин эч ким деле танбаса керек. Ал эми, маалымат жыйынындагы маселерге өтө турган болсок, менин жеке пикиримде Аида айым ачуулукка алдырып койду. Ажобуз Алмазбек Шаршеновичке андай таарынычы болсо, анда эмне үчүн өзүнө кирип айткан эмес? Мына, ушул суроонун артында чоң саясат жатканы көрүнүп турат. Аида айым ажобуздун эң ишенимдүү, эң таасирдүү адамдарынын бири болгондуктан, каалаган убакта, каалаган сөзүн айта алмак. Жеке таарынычын ачыктаганга караганда, бул жерде кайсы бир саясий күчтөрдүн катыштыгы бар экени байкалып турат. Анан калса, ошол эле маалымат жыйынында Аида айымдын ар бир суроого аярлап, алдастап жооп берип жатканы дагы алдын ала кимдир бирүүлөр менен кеңешилгендей таасир калтырып койду. Каалайбызбы-каалабайбызбы, Аида айым жаңы парламентик шайлоо алдындагы саясий сюрприздердин алгачкысын ачып берди.


Даярдаган Алмаз Темирбек уулу