Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бакыт Жетигенов, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
"Мындай чоң маселеге шайлоонун
алдында көңүл бурулбай деле калат"

- Бакыт мырза, лидериңер Кулов өкмөттүн жаңы структурасын сунуштап жатпайбы, ал сизге жактыбы, колдоого аласызбы?
- Ал структураны карап чыктык. Өзгөчө кырдаалдар, Маданият министрлиги баштаган бир нече министрликтер кыскарыптыр. Корпорацияларды түзүү сунушу айтылыптыр. Бул маселе канчалык деңгээлде анализ кылынды, мен аны айта албайм. Негизи, азыркы өкмөттүн структурасы абдан чоң, кереги жок агенттик, комитеттер толтура. Ошондуктан мен кыскартуу маселесин колдойм. Мисалы, Айыл чарба министрлигинин такыр кереги жок. Жыл сайын бул министрликке бери болгондо 2 млрд. акча үзүрүн бербей эле кумга сиңген суудай кетип жатпайбы. Дыйкандарга эмне жардам берип жатат? Эч кандай деле жардам берген жок. Ушунча чоң министрлик президенттин Кытайдан сурап койгон 30 млн. доллардан ашык грант акчаны тыңгылыктуу ала албай жүдөп, катуу сынга кабылганын көрдүк го. Бул министрликти 10-15 кишиден турган бөлүм кылып койсо эле жетет. Ошол бөлүм азыркыдай эле республика боюнча статистикалык маалыматтарды топтогонго жетишет. Бирок азыр өкмөт дагы, саясатчылар дагы парламенттик шайлоого даярданып жатканда мындай чоң маселени алып чыгыштын кереги жок деп ойлойм. Менимче кеч болуп калды, жок дегенде 1 жыл, жарым жыл эрте алып чыкса болмок. Азыр чоң шайлоонун алдында бул маселеге жакшы деле көңүл бурулбай калат.
- Жакында сиздин казинолорду жабуу боюнча кабыл алынган мыйзамыңызга өзгөртүү, толук кирди окшойт. Букмекерлерди жабуу ж.б. Ушул мыйзамдын чоо-жайын толук айтып берсеңиз?
- Бул мыйзамга Төрөбай Зулпукаров, Майрамбек Расулов, Мирлан Бакиров жана өкмөттүн тиешелүү мекемелери демилгечи болушту. Буюрса, бул мыйзам 2 окуудан кийин кабыл алынды, эми 1 окуудан өтсө анан бүтөт. Күчүнө киргенден кийин ачык жана жашыруун түрдө ойнотуп жатышкан: букмекерлердин, рулеткалардын, интернеттеги онлайн казино сыяктуу кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынат. Биз казинону жабуу демилгесин көтөрүп чыкканда шаарда спорттук оюндарга багытталган букмекердик конторалар ашып кетсе 10дой эле болчу. Казинолор жабылгандан кийин, кыска убакыттын ичинде көбөйүп кетти. Себеби казиночулардын баары букмекерлерди иштетүүгө өтүштү да, кээ бирлери ал жерлерде жашыруун казино ойнотуп башташты да. Аларды укук коргоо органдары кармап тыюу салышканы менен, улам эле бир жерден болбосо бир жерден чыгып калып жатты. Бул боюнча ондогон мыйзам бузуулар катталып, ондогон кылмыштар козголду. Ошондо да укук коргоо органдары укуктарыбыз жетпей жатат, андай болду, мындай болду дешкенде, Зулпукаров экөөбүз кылмыш кодексине дагы өзгөртүү киргизип бергенбиз. Азыр бул мыйзамга демилгечилер бардык толуктоолорду киргиздик, эми бул жаатта алектенгендер, жалпы эле кумарчылар эми эч жакка кача алышпайт деп айтып жатышат. 2016-жылдын 1-январынан башталсын деп талаш болуп кетип, көпчүлүк аны жактырган жок. Мыйзам кандай кабыл алынса, ошондон баштап күчүнө кирсин деп чечилди. Ылайым эле ошондой болсун! Буюрса, алдыда анын баарын көрө жатарбыз. Букмекерлерден жылына ашып кетсе 17 млн. сом түшөт экен. Өкмөт бул акча түшпөй калат деп кейип жатпайбы, ага кейибиш керек, тескерисинче мындай пайдалуу мыйзамдын жакшы иштеп кетишин каалашыбыз керек.
- Сизде казинолор жабылгандан кийин мыйзамсыз иштегендер, кармалагандар, топтолгон каражат боюнча толук маалыматтар барбы?
- Коалициялык жыйында кылмыштуулуктун деңгээли укмуш өсүп кеткени айтылды. Бул пикирге кошуласызбы?
- Мен анчалык укмуш өсүп кетти деген пикирге кошула бербейм. Ошол эле учурда азайып кетти деп да кескин түрдө айта албайм. Ошто кырдаал канчалык деңгээлде болуп жатканын чынында билбейт экенмин. Бирок министр Турганбаев кылмыштуулук боюнча толук маалымат берип, кырдаал айрым депутаттар айткандай курч эмес экенин далилдер менен айтып бербедиби. Анын үстүнө министр республиканын булуң-бурчун бүт кыдырып келбедиби. Мелис мырза профессионал эмеспи, ал кылмыштуулуктун деңгээлин кыскартат, жалпы абалды жакшыртат деген ишенич бар.
- Сиз мүчө болгон ЖКнын коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин акыркы учурда дымы чыкпай калгансыды. Муну менен коррупциялык иштерди мурункудай жар салбай калганыңарды айткым келип жатат...
- Колдон келишинче бизге жеткен маалыматтар, кайрылуулар боюнча иш алып барып жатабыз. Коррупцияга каршы күрөшкөн мекемелер менен бирдикте комиссиялар түзүлүп, иштеп, иликтөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Алар комитетте күрөш катуу болуп жатканын, коррупционерлердин, коррупциялык иштердин бетин ачып жатканын байма-бай айтып жатышат. Биз алардын айтканына дароо эле ишенип, унчукпай калган жерибиз жок, болгон кемчиликтерди ачык айтып жатабыз. Коом кандай болсо, коррупцияга күрөш ошого жараша болуп жатат окшойт. Себеби коомчулуктан да көп нерсе көз каранды эмеспи.
Бир мисал айта кетейин. Бир-эки жыл мурун "Кыргызтелеком" бизди текшерүүгө киргизбей сотко берип, утуп алышпады беле. Ошону менен токтоп калган. Жакында ал иш жанданып, былыктары ачыкка чыгып, эки-үч жетекчилери камалды. Биз алардын мыйзамсыз иштерин мурун эле айтканбыз да. Кеч болсо да, ушинтип бети ачылып жатканы жакшы да. Алдыда шайлоо келатат, шайлоонун шаңдуу жана шайтан жүрүштөрүнөн улам биздин комитетке да көп кайрылуулар түшөт болуш керек. Себеби биринин былыгын бири чукумай, коррупциялык иштерди ачыкка чыгармайлар башталат да. Ошондо андай мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, жалпы эле коррупциялык иштерге катуу сокку урсак болот.
- Өкмөттү алмаштырыш керек дегендер көбөйүүдө. Бул боюнча сиздин пикир кандай? Деги эле өкмөт азыр кайсы тармактардан көбүрөөк аксап жатат?
- Биринчиси энергетика тармагы боюнча катуу аксап жатат. Суу Казакстанга жең ичинен сатылып кетип жатат деген сөздөр да айтылууда. Ал сөз да бекер жерден чыкпаса керек, бир шек бар го. Ошого катуу көзөмөл кылышса... Кыскасы, энергетика тармагына жакшы реформа жүргүзүү зарыл. Экинчиси, албетте "Кумтөр" маселеси. Эл каалагандай, элге жаккандай келишимди көп кечиктирбей түзүү абзел. "Кумтөр" маселесинде мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунга чыкмайынча, нааразычылыктар токтобойт. Ал эми өкмөттү тез-тезден алмаштыра берүүгө мен каршымын. Алмаштырганда деле анчалык чоң өзгөрүү болуп кетпейт го. Азыркы өкмөт колунан келишинче иштеп жатат. Идеалдуу өкмөттү табуу кыйын да. Анын үстүнө Баш мыйзамда шайлоого 6 ай калганда өкмөттү алмаштырбаш керек деп жазылган. Кандай болгондо да муну эске алуу керек.
- Өлүм жазасын киргизүү маселеси катуу талкууга алынууда. Сиз колдойсузбу?
- Колдош керек. Баш мыйзамыбызга өзгөртүү киргизип, өлүм жазасын кайра алып келсек, ал иш баарына майдай эле жакмак. Себеби, акылга сыйбаган, эч оюңа келбеген кылмыштар жаш балдарга карата байма-бай жасалып жатпайбы. Чектен чыгып кетти. Жаш балдарда эмне айып?! Мына ошондой кылмышка баргандарга өлүм жазасын колдонуу керек. Бул эми мезгилдин, коомчулуктун талабы болуп калды. Мен окуп калдым, сексуалдык зомбулук боюнча 600 кылмыштын ичинен бир тобу эки тараптын жарашуусу менен бүтүптүр. Бул дагы болбогон иш. Эч кандай жараштырбаш керек. Азыркы мыйзам менен жаш балдарга зобулук көрсөткөндөрдү 25 жылга же өмүр бою камап, аларга мунапыс сыяктуу эч кандай жеңилдиктер берилбеши зарыл.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев