Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Токон Мамытов, "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси:
"Кумтөр маселесин февралда эмес, май айында чечебиз..."
- Токон Болотбекович, парламент өкмөткө "Кумтөр" маселесин чечүү тапшырмасын февраль айынын ортосуна белгиледи. Жетишесиңерби? Деги эле бул маселенин канча пайызы чечилип калды?
- Мен ачык айтып коеюн, "Кумтөр" маселесин эки тараптуу сүйлөшүп, бир жаңсыл кылып чечүүгө убакыт тардык кылып жатат. Былтыр 6-февралда келишимди парламент карап, өкмөткө тиешелүү тапшырмаларды берген. Ошол айдан баштап, сүйлөшүүлөр башталган. Бирок март айында "Кыргыз алтындын" мурунку жетекчиси акча которуу маселеси менен камалып, ортодон ызы-чуу башталып кетип, ошону менен сүйлөшүү токтоп, "Кумтөрдүн" жетекчилери Канадага кетип калган. Ошентип 26-августка чейин сүйлөшүүлөр такыр эле токтоп, болгону кагаз алмашуу, телефон менен такташуу эле болуп турган. Мен июнда бул кызматка келдим. Мени максатым сүйлөшүү маселесин жандандыруу болчу. Алгач "Центерранын" жетекчилери талашып - тартышып жатып, биздин чакыруубузду кабыл албай жатышып, акыры биздин талаптарга көнүп Кыргызстанга келишти. Биринчи сүйлөшүү 26-30-август төрт күнгө созулуп, абдан оор болду. Ошондо ашып кетсе 5-10 пайыз алдыга жылдык окшойт. Кийинки сүйлөшүүлөрдү Москвада 2-3 жолу телемост аркылуу сүйлөшүү жүргүздүк. Октябрда Бишкекке келишти, ал жолугушууда да бир аз утушка жеттик. Бирок биз үчүн чоң утуш, чоң сүйлөшүү 2-4-декабрда болду. Менимче, ал сүйлөшүүнүн жыйынтыгында "Кыргызалтынга" тиешелүү маселелердин 50 пайызы чечилди. Быйыл болсо 26-30-январда Бишкекте дагы бир чоң сүйлөшүү жүрүп, калган маселелердин бир тобун чечтик. Мисалы, "Кыргызалтынга" тиешелүү: уюштуруу, өндүрүш-экономика, айрым каржы сыяктуу маселелердин 80 пайыздан ашыгырагын чече алдык. Ал эми экология жана юридика маселелеринин азырынча 50 пайызы чечилди. Кыскасы, бир жыл ичинде чечиле турган маселелерди биз 5-6 айдын ичинде чечүүгө жетиштик деп айтсам болот.
- Эми биздин талаптарды айтсаңыз? Мурунку келишимден айырмаланган артыкчылыктары кандай болот?
- Буюрса, 50х50 пайыз менен биргелешкен компания түзөбүз. Азыркы келишим Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү сунуштап кеткен 50х50 пайыз деген келишимдин кеңири форматы. Айтсак: лизинг, директорлор кеңешинин курамы, президенттин орун басары (геология - техника маселеси боюнча) бирөө бизден жана эң башкысы буюрса түзүлө турган компания кыргыз мыйзамдары менен иштеп, бухгалтерия азыркыдай жабык эмес ачык болсун деп жатабыз. Буюрса, бул талаптарга макул болушту. Ал каржы маселесин атайы комиссия текшерип турушу керек. Ошондой эле "Кумтөр" тапкан пайданы алтын түрүндө экиге бөлүү талабын койдук. Бул маселенин да бир тобу чечилди, эми алдыда дагы сүйлөшөбүз. Мындан тышкары "Кумтөр" ишканасынын жылдык бюджетин директорлор кеңеши бекитиши керек. Мисалы, 20 млн. доллар деп белгиленсе, андан ашпашы абзел. Кыскасы, бүгүнкүдөй жөнү жок чыгымдарды көбөйтпөшү зарыл.
Бирок мен дагы айтайын, азырынча парламент менен өкмөттүн койгон талабын аткаруу үчүн сүйлөшүүлөргө ушул айдын ичинде чекит кое албайбыз. Мен ойлоп турам, сүйлөшүү май айына чейин улант го. Негизи, "Кумтөр" боюнча 23 жылдан бери майда сүйлөшүүлөрдөн 4-5, чоң сүйлөшүүлөрдүн биздикин кошкондо төртөө болуптур. Алардын баарын билесиңер, баарына токтолуп айтпай эле коеюн. Азыркы сүйлөшүүнүн айырмасы кандай? Мурунку сүйлөшүүлөрдүн көбү жашыруун өтүп, коррупциялык элементтер коштолуп, азыркыдай сүйлөшүүлөргө бардык тарап катышпай, ашып кетсе ондой киши катышып эле бир тараптуу чечип койгон. Анын кесепетинен Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" 67 пайыз үлүшү 16 пайызга чейин түшүп кеткен. Ал аз келгенсип, ар кандай укуктардан да ажырап калганбыз. Эми биз ушул маселелерди акырындык менен ордуна коюп, кээ бирлеринде биздин укукту күчөтүүгө аракет кылып жатабыз. Мен дагы бир жолу айтайын, "Кумтөр" боюнча "Кыргызалтынга" тиешелүү маселелердин 80 пайыздан ашыгы чечилди. Ал эми жалпы сүйлөшүүлөрдүн 70-80 пайызы чечилди десек болот. "Центерра" биз койгон талаптардын 70 пайызга жакынын кабыл алды. Бирок ошол эле учурда кабыл албаган талаш маселелер да бар.
- Мисалы кандай маселелер?
- Мисалы, кийин эки тараптуу компания түзүлүп иштеп баштаганда, кокус талаш маселе жаралып, ал сотто чечиле турган болсо, кайсы мамлекеттин сотунан чечебиз деген маселе. Канадалыктар сот маселесин өздөрүнө тартып Батыш өлкөлөрүндө чечилсин десе, биз өзүбүзгө тартып Москвада же Берлинде чечилсин деген талап коюп жатабыз. Менимче бул маселе боюнча алдыда орток пикирге келишебиз деген ойдомун.
Негизи "Кумтөр" маселесин мен бул кызматка келгенге чейин, так айтканда депутат кезимде укмуш билем деп бапылдап көп сүйлөп жүрүптүрмүн. Бирок чынында кыйратып толук билбейт экенмин. Себеби, мен "Кумтөр" маселеси боюнча 1992-жылдан ушул кезге чейин чогулган 100 томдон ашкан иш кагаздарды 2-3 ай бою күн-түндөп жатып, араң окуп бүттүм. Чынын айтайын, эми көп нерсени түшүнүп калдым. Демек, көп саясатчылар жана эксперттер "Кумтөр" маселесин толук билишпейт, кээ бирлери бир да келишимди окубай туруп ар кайсыны айтканда таң калам.
"Кыргызалтын" өкмөттүн мүчөсү эмес, комиссияга да кирбейбиз. Биз болгону "Кумтөр" менен өкмөттүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдү уюштуруп беребиз. Ошон үчүн "Кумтөр" маселесин бир гана "Кыргызалтын" чечип жатат дегенден алыс болушубуз керек. Муну да түшүнбөгөндөр көп. Бирок ошондой болсо да, биз колдон келишинче өз укуктарыбызга жараша салымыбызды кошуп жатабыз.

"Алтын алуу 3-4 кг. көбөйдү, демек уруулук токтоду"

- "Кумтөр" боюнча түшүнүктүү. Эми "Кыргызалтындын" өзүнүн ички ишин айтсаңыз? "Макмал" сыяктуу айрым алтын чыккан жерде алтын уурдоо болуп жатат деген кептер айтылууда. Ушул маселени өз оозуңуздан уксак...
- Эки жолу "Макмалга", бир жолу Кара-Балтадагы афинаждык заводго барып келдим. Уурулук маселесин жолугушууга келген эл, жумушчу жамаат айтып чыккан. Биз аны тыкыр текшерип, кескин чараларды көрүп жатабыз. Салыштырып көрсөк, "Макмалда" алтын алуу боюнча план аткарылбай калган учурлар болгон окшойт. Өзгөчө ноябрь-декабрь айлары план аткарылбай калды. Мисалы, бир тонна рудадан 3 грамм алтын бар болсо, бирок аны алып келип фабрикадан иштеткенден кийин 3 граммдын ордуна 1,5 же 2 грамм чыгып калып жатты да. Калганы кайда кетти? Көп тонна иштетилгенде 05,1 граммдан чогулуп олтуруп, бир нече кг. болуп кетет да. Анын үстүнө алтын бөлгөн аппарат да эскирип, майда күкүм алтындарды кармай албай калат экен. Аны экспертизадан да көрдүк. Техниканы алалы десек, андай аппараттын бирөөсү эле 150-200 миң доллар турат, андайдан бизге 10 чакты керек. Аны алалы десек, азыр каражатыбыз жок. Бирок эскини эптеп, айласыз иштеп жатышат. Биздин байкашыбызга караганда бул маселеде адам фактору чоң роль ойнойт. Ошон үчүн биз январь айында жумушчу кезметтин (смен) башчысы алмаштырып, алардын ордуна башкы инженер баштаган жооптуу адамдарды коюп иштетип көрдүк. Жыйынтыгында мурдагыга караганда алтынды алуу 3-4 кг. көбөйдү. Азыр ушул багытта баратабыз. Шектүү делген фактылар, адамдар боюнча иштин баарын прокуратурага текшерүүгө жөнөттүк. Азыр ИИМ менен сүйлөшүп, "Макмал", "Солтон-Сары", афинаждык заводдо уурулукту токтотуу үчүн атайы бир бөлүм ачып жатабыз. Буюрса, милиция ачылып, ал бөлүм уурулук маселелерине чекит коюу боюнча жардам берет деген ишеничтебиз.
(Уландысы 11-бетте)
(Башы 8-бетте)
- "Макмалды" менчиктештирүү маселеси кандай чечилди?
- Тогуз-Торо эли, жергиликтүү кеңештин депутаттары ушундай маселени көтөрүп чыккан. Биз алар менен бир нече жолу жолугуп, бул маселени "Кыргызалтын" эмес, өкмөт чечерин айтканбыз. Ошондо алар "Макмалдын" киреше-чыгым канча сумма болорун сурашты. Биз баарын эсептеп, жалпы чыгымды айтсак, ойлонуп көрүп менчиктештирүү маселесинен баш тартышты. Себеби 1 жылдык жалпы чыгым бери болгондо 250 млн. чапчыйт экен. Анча акча жок болгондуктан иштете албасына көздөрү жетти окшойт. Андан тышкары, 56 жылдан бери иштеп келген "Терек-Сайда" ресурстар түгөндү. Ошон үчүн анын жанындагы "Перевальный", "Терек", "Терекан" деген кендерин биз алсак деген үмүтүбүз бар. Азыр Англия, Кытай, Сингапур, КМШ, араб мамлекеттеринен инвесторлор келишкен, учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө, баарына шарттарыбызды, абалыбызды айттык, жергиликтүү эл менен да жолугуштурдук. Буюрса, апрель айына чейин алардын кайсы бири менен тил табышып калсак ишти баштайбыз. Алар менен "Солтон-Сары", "Макмалды" да бирге иштетсекпи деген ойдобуз. Чынында алтын тармагы татаал тармак. Аны казууга, таза бойдон алууга миллиондогон долларларды сарптап, анан анын үзүрүн бир нече жылдан кийин көрөбүз. Азыр биз чоң акча жумшабасак, кийинки жылдары абал мындан да оор болуп калышы толук мүмкүн.
"КСДПга кошулуу боюнча алдына ала өзүмдүн оюмду айткам, бирок..."
- Садыр Жапаровдун китебин окусаңыз керек. Балким ал китепте айтылган 3 тонна алтындын чоо-жайын сиз тажрыйбалуу чекист катары билип жүрбөңүз?
- Толук болбосо да үзүндүлөрүн окудум. Мен билгенден анда айтылган 3 тонна алтын тууралуу бир да факты жок, эч бир жерде катталган да эмес. "Кыргызалтын" өзү 10 жылдан бери 3 тонна алтын казып ала элек. Кыргызстандын алтындары бүт "Кыргызалтын" аркылуу өтөт. Себеби афинаждык заводдон өтөт да. Ал жерден өтсө кандайдыр бир изи калмак. Анын баарын мен өзүм акырын текшердим, бир да из табылган жок. Азыр прокуратура да текшерди. Биз тиешелүү кагаздарды бердик. Кыскасы, алтын боюнча жалган, чындыкка жатпайт. Негизи Садыр мырза ал китепке жазардан мурда депутат кезинде эле чын эле фактылары болсо прокуратурага берип текшертсе болмок. Тилекке каршы андай кылбады.
- Соңку суроо болсун. Сиз гезитке КСДПдан чакыруу күтүм жатам деп айткан экенсиз. Демек, шайлоого өз алдыңызча шаңдуу даярданып баштаптырсыз да. Эгер президент сизди шайлоого катышпай иштеп бер деп кетирбей койсо эмне кыласыз? Укпай эле басып кете бересизби?
- Укпай басып кете берүү болбойт. Иштеп бер деп өлкө башчысы өзү ишеним артса ал башка, чынында ойлоно турган маселе да. Эгер "Кыргызалтынды" айтсак, "Кумтөргө" тиешеси бар делген иштердин азыр 80 пайызын чечтик, чечилбегендерине жол ачып койдук, аны менден кийин келгендер кыйналбай эле чечип алат. Ал эми ачык айтканда парламенттик шайлоого катышайын деген оюм бар. Мен өзүм "Ар-Намыстын" мүчөсү болгон эмесмин, азыр бир да партияда жокмун. КСДПга кошулуу боюнча алдына ала өзүмдүн оюмду айткам. Аталган партиянын депутаттары менен да бирге сөз кылганбыз. Бул маселе эми кандай чечилет, аны көрө жатабыз да. Чакырса тизме менен кете беребиз, чакырбаса деле таарыныч жок.
- Сиз тизменин алдында болууну каалайсыз да туурабы?
- Бул маселе боюнча өзүм бир аз ыңгайсызданып турам. Себеби 10-15 жылдан бери партиянын ысык-сугуна күйүп-тоңуп жүргөндөр бар да. Аларды да кандай болгон күндө да эске алуу керек. Анан жаңы эле келе калып мен мындай элем, андай элем деп тизмеде алдыңкы орунду талашкан туура эмес да. Чынын айтайын, КСДП мени кел деп эле дароо чакыра коет деп ойлобойм. Анын үстүнө мен кайсы партияга барсам да башкалардай болуп чоң акча сунуштабайм. Муну мени өз партиясына чакырып жаткандар жана чакыруу ниети бар адамдардын баары билишет.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев