Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Талаштуу такта же амалкөй "Атамекен"
Бишкектин көчөсүндө коомчулуктун бүйүрүн кызыткан такта илинип турат. Анда: "Ата Мекен партиясы: Карызыңарды кайтаргыла уят" деген жазууга көпчүлүк аң-таң. Көргөндөрдүн көбү "Жүздөй жигит каза таап, миңден ашууну жаракат алып кансырап жаткан беш жыл илгерки революция түнү болгон мародёрлук боюнча "атамекенчилерге" Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, бир канча "атамекенчилердин" кол тийбестигин алууну суранбады беле, ал боюнча качан жыйынтык чыгат" деп кыжалат тартышат. Кай бир сабаттуулар болсо "жок, тигинде эки чекити турбайбы, "атамекенчилер" карыздарын доолап, аларды уятка чакырып жатат" дешет. "Ой, кыз боозуп энесин коркутат дегендей алгач "атамекенчилер" өздөрүнүн карыздарынан кутулуп, тазаланып алып анан башкаларды уяткарбайбы" дегендер да кыйла.
Эмнеси болчо да "укмуштуунун төөсү жорго" дегендей бул тактаны "атамекенчилер" кандай ой-максат менен бакыйта илип койду, түшүнүксүз. Башкаларга сөөмөй жаңсай коюп өзүбүз кургак чыгып кетели дешкен куйтулугубу... Же шайлоо алдында көпчүлүк көзүнө апакай, таза көрүнүп коёлу дешкениби... Эл айтса төгүн айтпайт деген бар эмеспи...


Шоноевдин өлүмүнө шектүү УКТ мүчөсү кармалды
Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектүү делип, Ош шаарынын тургуну Сайдиев Кадырбек кармалды. Маалыматка ылайык К.Сайдиев көп жылдан бери Орусияда жашап келген. Териштирүү маалында анын жанында Камчыбеков Азизбек Кубанычбековичтин атына жасалган паспорт табылган. Ыкчам-иликтөө кызматынын кызматкерлери билдиргендей, 4 жыл аралыгында ал бир нече жасалма паспорт алууга жетишкен. Кылмышка шектүү адам буга чейин да талап-тоноо жана бейбаштык беренелери боюнча соттолгон. Кадырбек Сайдиевге 2010-жылы издөө жарыяланган болчу.
Эске сала кетсек, Толкунбек Шоноевди 2013-жылдын январь айында атып кетишкен болчу.


Текебаев Узакбаевдин айласын кетирди
Жогорку Кеңештин 9-февралдагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Талантбек Узакбаевди филармониянын жанына мыйзамсыз үй куруп жатат деп айыптады. Мындай өкүмгө эмне дээрин билбей калган Талант Узакбаев: "Мен сизге документтерди берейинчи, менин ал курулушка тиешем жок. Эгерде ал меники экендиги аныкталса, ошол үйдү сизге берейинчи. Колунда жокторго өткөрүп бериңиз",- деп актанды. Мындай жоопко канааттанбаган Текебаев ого бетер күчөп: "Мен аны далилдеп берем. Кимге каттатканыңызды дагы далилдеп берем. Эртең үйдү басып алганда анан сиз чуркап барасыз. Мен карапайым элге басып алгыла дегенде анан, ошол жерге чыныгы ээси келет",- деп көбүрдү. Эми качан Текебаев айтканын далилдеп аталган жайды басып алгыла деп буйрук берет, Узакбаев чуркап келеби, жокпу айтуу кыйын.


Куловго Кудай береби?
Жакынкы аралыкта кадрдык өзгөрүүлөр орун алып, бир катар министрлер кызматынан кол жуушу мүмкүн экени айтылууда. Алардын катарында Каржы министри Ольга Лаврова, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова бар. Каржы тармагын тарта албай койгонун түшүнгөнбү, Лаврова кызматтан кетүү тууралуу президентке арызын жазыптыр. Шаикованы болсо Мамлекеттик катто тармагындагы жүргүзүп жаткан башалмандыктары үчүн кызматтан алуу жагы каралып жатыптыр. Бул эки айым тең "Ар-Намыс" фракциясынын квотасы менен келген Куловдун кадрлары. Эми экөө тең кызматтан кетсе, Кулов бошогон орундарга кайрадан конкурс жарыялап, "чөнтөк" толтуруунун камын көрө баштайт тура.


Кашкар мырза министр болобу?
Ак үйдөгү шыбыштарга караганда Ички иштер министри Мелис Турганбаев шайлоого чейин кызматын тапшырып бериши мүмкүн экен. Учурда бул боюнча жогору жакта чоң талкуу жүрүп жатыптыр. Мелис мырзанын ордуна Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кашкар Жунушалиев келээри күтүлүп жатыптыр. Буга чейинки министрлердин дээрлик баары Бишкек шаардык ИИБсын жетектеп, анан министр болушканын эске алсак, айтылып жаткан сөздөрдүн чындыгы бардай туюлат. Эгер Кашкар мырза министр болуп калса, Мелис мырза Абдырахман Маматалиевдин ордуна Коопсуздук жана укук коргоо органдары боюнча вице-премьер министр кызматына барат дешет, узун кулактар.

Сокулуктун тагдыры сокур тыйынбы?
Түндүк менен түштүктү байланыштырган кан жолдун боюнда жайгашкан Сокулуктун мал базары боюнча өткөн саныбызда жаздык эле. Базар күндөрүндөгү бул базардын абалына көңүл бурган аткаминердин табылбаганы абдан өкүнүчтүү. Сокулуктуктардын сообуна калчу Ак үйдөн бирөө жарым табылып калаар деген ой менен кайра жазып отурабыз. Жалкоолугу жанда жок район башчысына Өкмөт жак баш көз болуп койсо...