Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Калыкбек Мамбетакунов, Кыргыз Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы:
"Бекешовду мен депутат кылгам…"
- Калыбек байке, жакында эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга арнап курган үйдү бүтүрүп, ээлерине тапшырдыңыздар. Бирок, айрым мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар "үй калыстык менен берилген жок" деп, нааразы болуп чыгышты. Бул боюнча коомдун төрагасы катары эмне айта аласыз?
- Биринчиден мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үйлүү болгону биз үчүн чоң жетишкендик жана майрам. Мен учурдан пайдаланып, Президентибиз Алмазбек Шаршеновичке, ЖКнын депутаттарына, Өкмөткө, жалпы эле бийликке биздин коомго мүчө болгон 10200 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар, алардын атынан, жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем. Президенттибиз Алмаз Шаршенович биздин абылды туура түшүнүп, каражат жагын да, башкасын да мамлекет тарабынан камсыздап, буга чейин үйгө жетпей, кезекте турган бир канча жараныбызды үйлүү кылды. Мен жогоруда айтпадымбы, үйдүн бүткөнү биз үчүн майрам деп. Бирок бүгүнкү коомдо, ушундай майрамды туура кабыл алып, биринин жакшылыгына, экинчиси кубанган заман болбой калыптыр. Мени ушул нерсе абдан өкүнтүп, бушайман кылып турат. Бирөө үйлүү болсо, экинчиси сен ушундай үйлүү болдуң, ушул үйдөн агар, көгөр деп жакшы тилегин айткандын ордуна, тескерисинче үйгө жетпей калгандар сага эмне берди, буга эмне берди деп, ызычуу чыгарып жатышат. Эгер менин колумда күчүм болуп, мамлекеттин мүмкүнчүлүгү болсо, жылына миң деген квартираларды салып, баарын үй менен камсыздап турсак кана. Ошондо дагы кезекте үйгө жетпеген 1050 адам турса, миңи үй менен камсыз болсо, элүүсү нааразы болуп чыкмак. Кичине сабыр кылып, күтө турайын деген бирөө жок өкүнүчтүүсү.
- Үйдү бөлүштүрүү комиссиясында Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү барбы?
- Алардан жок. Бизде ишканалар бар. Ал ишканаларда миңдеген жарандар иштешет. Алардын жетекчилери бар. Профсоюз уюму бар. Ошондой эле биздин баштапкы уюмубуз бар дегендей. Ошолор тарабынан коммиссия түзүлүп, албетте ал комиисяда мен да бармын, кеңейтилген масштабда үйдү бөлүштүрүү маселесин карадык, мен эле эмес баары карап, анан акырында документти мага беришип, мен ал докуменке кол коюп, ошонун негизинде үй бөлүндү. Мен документти булгап, бирөөнү чийип салып, экинчисин жазып койгон жокмун. Документ кандай жазылса, кезекте кимдер турса, ошонун баары калыстык менен үйгө ээ болушту. Майыптар өздөрү деле бири-биринин шартын жакшы билет. Бири- бири менен катташып, чай ичшет. Керек болсо кимдин кайсыл жерде жери бар, кимдин канча баласы бар экендигин да беш колдой билишет.
- Ызы-чуу кылгандардын айрымдары мурда үйгө ээ болгон деп да айтып жатышат, мунун чындыгы барбы?
- Албетте ошондой. Чууну уюштургандардын көбү мурда квартираларга ээ болушкандар. Мисалы чуу кылгандардын арасында Жетимиш Мамашов деген жигит жүрөт. Ал жигитке биз 1991- жылы Ош шаарында "Жийделик" деген махаля бар, ошол жерге беш кабат, 60 квартиралуу үй салып, ошондон үч бөлмөлүү квартира бергенбиз. Ал бизден алган квартирасына жашабай, аны эки бөлмөлүү квартирага алмаштырып, кийин анысын да сатып, Бишкекке келип, Дордой тараптагы "Калыс Ордо" деген жаңы конуштан жер алып үй салган экен. Ал азыр "менин эч нерсем жок, базарда ырдап жатам, үй бергиле"- деп, чуу салгандардын катарында жүрөт. Андан тышкары чуу салгандардын катарын толуктаган Орозбакова Лиля деген бар. Ал келиндин Жалал-Абадда эки бөлмөлүү квартирасы бар экен. Ал дагы ал үйүм тура берсин, Бишкектен дагы бекер үйгө ээ болуп калайын дегендердин бири. Алтынбек деген бар. Ал юрфакты бүткөн, юрист жигит. Анын карындашы бар. Ага биз 2009-жылы шаардын алтынчы кичи районунан бир бөлмөлүү квартира алып бергенбиз. Алардын ата-энеси өтүп кеткен. Ата-энесинен калган эки бөлмөлүү квартиралары да бар. Ошого тобо дебей, дагы үй сурап жүргөндөрү мени таңкалтырат. Сенде атаңдан калган үй бар эмеспи, ошого жашабайсыңбы десем,"ал үйдү мен таякеме берем, силер менин үйүм менен ишеңер болбосун"- деп, мени коркутат. Ошондой эле Батма Койгелдиева деген келин дагы нааразы болгондордун катарында экен. Бул келинге дагы убагында Ошко курган үйдөн үч бөлмөлүү квартира бергенбиз. Ал үйүн алмаштырып, башка үй алган экен, анысында азыр квартиранттар жашайт дейт. 2009- жылы Замир Тажибаев деген жигитке шаардын чок ортосунан үй берген элек. Көзү көрбөйт. Бирөөнө баш байлап, азыр аны менен жарандык никеде жашап жатат. Гүлназ деген кызы, дагы балдары бар экен, "жашап жаткан үйүмө балдарым жашайт, мага үй бер"- деп, ал дагы эшигимди жыртып, күндө келүүдө. Кыскасы наарзы болуп,чуу чыгаргандардын көбү мурда эле үйгө ээ болушкан. Пендечилик кылып кезеги жетпей калгандарды чогултуп алып, нааразы болуп жүрүшөт.
- Нааразы болгондор менен жолугуп, сүйлөштүңүзбү?
- Өткөндө баарын чогултуп алып түшүндүрдүм. Нааразы болгондордун баары келишти. Айттым, силер мени күнөөлөбөгүлө, бекер үй салып берип жатса дагы мамлекетке рахмат айтпастан, чуу чыгарып, үй талашып жатасыңар, токсон квартираны мен баарыңарга жеткире албайм, сен жаман майыпсың, сен жакшы майыпсың деп бөлүштүрүүгө менин акым жок, антүүгө абийрим да жол бербейт, кезекке жараша, кимдин оорусу күчтүү болсо, же кимдин үй бүлөөлүк шарты оор болсо ошолорго гана биринчи берилет. Мамлекет бекер салып берип жатканына кубанышыбыз керек, кайсыл мамлекетте эле бекер салып берип жатыптыр деп түшүндүрдүм. Чынында эле, майыптарды бекер үй менен бизде гана камсыз кылат. Россияда айтылып жатат, жакында эле Өкмөт башчысы Медведов айтыптыр; "Майыптар мындан ары салынган үйдүн теңин төлөп алат"- деп. Союз ыдыраганына жыйырма беш жылга жакындады. Ошондон бери Россияда майыптарга деп бир үй салынга элек. Өзбектерде дагы, Казактарда дагы, Тажиктерде дагы салынган жок. Түркмөндөр жыйырма үч жылдан бери жети азизке болгону жети квартира берди. Алар менен бизди салыштырып болбойт да. Биз башыбыздан бир эмес, эки революция өткөрдүк. Экономикабыздын кандай экенин билесиң. Ошого карабай үйлөрдү куруп, майыптарды үй менен камсыздап жатканыбыз биз үчүн чоң жетишкендик. Эгемендик алгандан бери ушул күнгө чейин 600 квартира салдык. 600 квартирада экиден, бала-чакасы менен бештен киши жашаганда эле, учурда 4000 миңден ашуун жаран салынган үйлөрдө күн кечирип жатышат.
- Үйүн банкка ижарага коюп, үйүнөн ажырап калгандар да бар деп айтылып келет, ошондойлор барбы?
Тилекке каршы андайлар да көп. Ошондуктан, акыркы убактарда үйдүн ордерин бербей жатабыз. Үйдүн ордерин берип, документтин берип койсок, үйүн ижарага коет экен дагы банктан ири суммадагы акча алып, төлөй албай үйүнөн ажырап калышат. Кээ бирөө сатып жиберип, көчөдө калдым, үй алып бер деп, мени жакалап жүргөндөр толтура. Бакир Абдылдаев деген аксакалыбыз бар. Байбичесинин да, өзүнүн да көзү көрбөйт. Убагында Чынгыз Айтматов депутат болуп турганда мамлекеттен үч бөлмөлүү квартира алып бериптир. Ошол квартирасын кыркка чыккан кызы банкка күрөөгө коюп, банктан 38 миң доллар алып Россияга качып кеткен экен. Азыр абышка кемпирди банктын өкүлдөрү үйдү бошоткула деп кууратып жатат. Ортого мен түшүп, банктын жетекчилери менен сүйлөшүп, үйдү бербей кармоодомун. Кыскасы, абал ушундай.
- Ишканаларабыз бар дедиңиз. Эмне болгон ишканалар?
- Биздин коомго караштуу 11 ишкана бар. Анда жаңал мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар эмгектенишет. Тагыраак айтканда жумушчу орундардын 24 пайызын ден соолугу таза адамдар түзсө, 76 пайызын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар түзөт. 2013- жылы 72 миллион сомго продукция чыгарсак, былтыр, 2014- жылы 108 миллион 400 миң сомго продукция чыгардык. Ал ишканаларыбыз бирөө Жалал- Абадда, экөө Ошто, бирөө Караколдо, дагы бирөө Токмокто, Кант шаарында бирөө, Чүйдүн Москва районунда бирөө, Бишкекте төртөө жайгашкан. Продукциянын 137 түрүн чыгарабыз. Мисалы, жууркан, шейшеп, матрас, дарыгерлердин, ашпозчулардын ак халатын, жумушчу камбинезон, шымдарды тигебиз, андан тышкары мебел жазайбыз, мебелди көбүнчө дудуктар жазашат. Көлдүн жээгинде пансионатыбыз бар. Ага барып эс алып келебиз. Республикалык адистештирилген китепканабыз да бар. Анда 24 миңден ашуун китеп сакталган.
- Ишканадан түшкөн каражаттарды эмнеге жумшайсыздар?
- Түшкөн каражат мамлекетке төгүлбөйт, ишкананын өзүндө калат. Жумушчулардын айлыгына жумшалат, техника жана башка керектүү буюмдарды алабыз, ага сарпталат. 14 жерге интернет түйүндөрүн ачытык, азыр каалагандар интернетти үйрөнүп, маалымат менен камсыз болуп, билим деңгээлдерин тереңдетип жаткандар дагы көп. Жапондор менен сүйлөшүп, шаардагы жапон окуу борборлорунда 350 дудук окуп жатат. Алар жапон тилин жакшы өздөштүрүп, үйрөнүп калышты.
- Парламенттик шайлоого аз калды. Кайсыл бир партиядан депутат болуу ниетиңиз барбы?
- Андай сунуштар көп эле болгон. Болсом буга чейин эле депутат болмокмун. Дастан Бекешовду депутат кылгандардын биринчи демилгечиси, колдоочусу менмин. Анда Куловдун "Ар -Намыс"- партиясынын штабын Акылбек Жапаров жетектеп турган. Жапаров экөөбүз эки үч жолу кезигип, ага мен азыр депутат болбойм, мен өз ишимди иштейм, Дастанды депутат кыл, бирок бизде, биздин коомдо дагы акча жок, силер бизнесмендер менен сүйлөшкүлө, мен колумдан келишинче, Республикадагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды үгүттөп, "Ар-Намыска" добуш алып берейин десем, Жапаров, Кулов экөө тең макул болуп, Дастанды депутат кылышкан. Куловго дагы, Жапаровго дагы рахмат. Дастан депутат болуп иштеп жатат. Дастан жаман иштеген жери жок, экөөбүз бат- бат кезигип, маселелерди такташып турабыз. Бизде болуп жаткан көйгөйлүү маселерди мен ага айтам, Дастан сен депутат болуп отурасың, мага караганда сөзүң өтүмдүү чеч деп, ал айтканымды эки кылбай, маселени убагында чечкенге аракет кылат. Керек болсо президентке чейин кирип чыгат. Мен болсо депутат болоюн деген оюм жок. Кудай ден соолук берсе, мага ушул эле жумушум жетишет. Дастан "Ак ниет" деген партия түздү. Мен ага айткам, КСДП партиясына кошулганга аракет кыл дегем. Биздин коомдо 10200 майып болсо, жалпы Кыргызстан боюнча 162 миң майып бар. Ошонун 25 миңи 18 жашка чейинки жаш балдар болсо, калгандары шайлоого жараган инсандар. Аялы, күйөөсү, куда-сөөгү болуп, майыптар 400, 500 миң добуш алып берет деп айтат элем. Болгонун айтып салдым, эми партиялар ойлонуп калышат го.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев