Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Максат Чакиев, Туризм департаментинин директору:
Чыныгы кыргызчылык "Кыргыз Кодексинде"
Кыргызстанда жаңы долбоорду баштап жатабыз. Бул Кыргыздын Кодекси. Буга чейин кыргыздарга ичик жана сырткы таасирлерден улам ар кандай жаман адаттар жабыштырылып, кыргызга тиешелүү мүнөз катары кабылдандырып, таңууланып келет. Мисалы кыргызчылык деген түшүнүк пайда болгон. Ал сөзүнө турбаган, бир ишти аягына чыгарбай чампалап бүтүрүп салган же белгиленген мөөнөттөн кечигип келген адамдарга карата айтылып, "кыргызча болуп калды, кыргызча келди, кыргызчылык кылып койду" - деп шылдың иретинде, өзүбүздү өзүбүз мыскылдап келдик. Ошондой эле акыркы жылдары эң эле ыйык, аялуу делинген энелерге, аял затына карата ОБОН деген жарнак тагылып келет. Бул туура эмес түшүнүк. Чыныгы кыргыз эч качан, эч убакта андай болгон эмес. Кыргыз сөзүнө турган, намыс үчүн өлүп берген улуу эл. Ата-бабадан калган нарк-насилдерибизди, улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү жыйнап келип, көп жылдык изилдөөнүн негизинде "Кыргыз Кодексин" иштеп чыктык. "Кодекс" деген сөз ар бир адамдын өзүнүн көз карашы жана философиясын түшүндүрөт. Адам ошого карата жашайт, чечимдерди кабыл алат. Туура эмес, кылмыштуу дүйнөнүн "кодекстери" да бар. Ошону менен бирге, намыстуулуктун кодекстери бар. Айрым калктарда бул кеңири жыйылган. Мисалы, Кавказ элинде жигиттин кодекси абдан күчтүү. Кыргыздын белдүү жигити, чыныгы мекенчили Карганбек Садыкович Самаковдун демилгеси менен, жеке каржылоосу менен "Кыргыз Кодекси" деген китеп жарык көрдү. Келечекте бул китеп ар бир кыргыздын үйүндөгү китеп текчесинде турушу керек. "Кыргыз коому" уюмунун атынан бул кишиге терең ыраазычылыгыбызды билдирип кетебиз. Ата-бабаларыбыздын баалуулуктарын чогултуп ушул китепке киргиздик. Ал бир нече баптан турат. Кыргыз элиндеги намыстын кодекси, сөздүн кодекси, башкаруу кодекси, хандын кодекси, жарандын кодекси дегендер бар. Мындан тышкары үй-бүлөнүн кодекси бар. Эр-аялдын ортосундагы мамиле, уул-кыздын жүрүм-туруму, моралдык-этикалык эрежелери киргизилген. Китепти окуган ар бир кыргыз атуулу биздин ата-бабаларыбыздын жүрүм-турумун, кулк-мүнөзүн түшүнө алат. Сөз үчүн, намыс үчүн алар эмнеге барган? Кыскасы, бул китептен ар бир кыргыз өзүн көрө алат. Өзү үчүн бир нерсе таба алат. Бул жазылбаган мыйзамдар. Кудай буйруса бул китеп бир айдан кийин толук басылып бүтсө, ар бир редакцияга, башкаруу системасындагы ар бир мамлекеттик жетекчилерге таратып беребиз.




"Газпром" жыргатты! Азырынча сөз менен...

"Кыргызгаздын" азыркы ээси "Газпром" ишканасы Кыргызстандын 60 пайыз аймагын газ менен камсыз кылабыз, түндүк-түштүктү бириктирген газ түтүгүн курабыз, баш-аягы 45.5 миллиард сом жумшайбыз - деген билдирүүсүн таратты. Бул маселенин ишке ашаарына ишенесизби? Деги эле, "Кыргызгаздын" сатылышы канчалык деңгээлде туура болгон? Мына ушул эки суроо менен төмөндөгү инасандарга кайрылдык.


Жумакадыр Акенеев, экономика серепчиси:
"Эми буюрса газ өчпөйт"
- Бул толук ишеничтүү билдирүү. Себеби, "Газпром" газды өндүрүү, чыгаруу, сатуу боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунда турат. Газды Кыргызстан аркылуу бөлөк мамлекеттерге экспорттойбуз деп жатышат. Мурунку курулган газ сактагычтарга жаңы түтүк, жаңы газ сактагычтарын кошуп курабыз деп жатышат. Өздөрүнүн кыйынчылыгына карабай ошончо акчанын бөлүнгөнү жатышы жакшы кабар деп айтат элем. Эми буюрса өлкөбүздө газ өчпөйт деп ишене берсек болот. "Кыргызгаздын" сатылышы эң туура болгон. Ал сатылбаганда, өзүбүздүн газыбыз жок, же башкадан ала албай отурмакпыз. "Кыргызгаз" сатылды деген аты эле болбосо, ордуна туруктуу газ сунушу кирип жатпайбы.

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи:
"45 миллиард сом бөлөөрүнө ишенбей турам"
- Иштин башталаарына мен күмөндөнүп атам. Себеби, баарыбызга маалым Россия азыр санкцияда, учурда акчасынын куну түшүп, экономикасы аксоодо. Украинадагы конфликти баса албай оор акыбалда турат. Буга чейин жардам бербеген, өзү кыйналып жаткан мамлекеттин 45 миллиард сом берип ийиши, бул ишке ишенбөөчүлүктү жараткандай. Мен Миллердин айткан сөзүнө эле бактылуу болуп атам. Калганын көрө жатаарбыз...

Марс Сариев,
"Ишти башташсын, анан көрөбүз..."
- "Газпром" ишканасынын 45,5 миллиард сом жумшаарын жана деги эле бул иштердин ишке ашаарын убакыт гана көрсөтөт. Жок дегенде бир жыл убакыт күтүшүбүз керек. Ишти баштагандан кийин бир нерсе дебесек, азырынча айтуу кыйын.

Азамат Арапбаев, "Ата Журт" фракциясынын депутаты:
"Кыргызгаздын" "Газпромго" сатылышына эч качан өкүнбөшүбүз керек"
- "Кыргызгаздын" акыбалы абдан оор болуп турганда, бул кадам мамлекет башчысы, өкмөттүн демилгеси менен, парламенттин колдоосу астында 5 жылдык мөөнөттө ратификацияланган. Билебиз, бул ишкананын аты дүйнөгө таанылган. Мамлекет ичинде бул ишкананын бир топ адамдары келип иликтөө жүргүзүштү. Өздөрүнүн жасаган презинтациясында өлкөбүздө канча айыл, кичи шаар жана канча квартира, жеке турак жайлар бар анын баарын айтып чыгышты. Ошонун баарын иликтеп, маалымат топтошкон. Кандай газ түтүктөрү өтөөрүн так эсептеп чыгышкан. Эң жакшы көрсөткүч беш жылдык мөөнөт дегенди өздөрү үч жыл кылып кыскартышты. Бул да болсо ишенимди бекемдеп, элибизге оңой шарттын ылдамдашы деп түшүнсөк болот. Алыскы региондордо жашаган карапайым калкыбыз үчүн газдын барып калышы жашообузду кыйла жеңилдетет. "Кыргызгаздын" "Газпромго" сатылышына эч качан өкүнбөшүбүз керек.

Гүлмира Шаршеева