Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Алтынай Нарбаева, КРнын эмгек сиңирген ырчысы:
"Балдарымдын астында
сынып калуудан корком..."

Ийгиликке бөлөнгөн көз ирмемдер
- Өткөн жылдын аягында абдан кубанычтуу кабарлар көп болуп, жаңы жылга жакшы маанай менен кадам таштап, азыркы учурга чейин ал кубанычтардын кучагынан чыга элекмин. Алардын айрымдарына токтоло кетсем, "Жетиген" журналынын "Мыкты ырчысы" болдум. Бул мен үчүн чоң сыймык. Жаштардан Гүлжигит Калыков алды. Негизи эле жаш ырчылардын арасынан Гүлжигит, Омар, Нурлан Насип, Замир Арыкбаев, Аскат Мусабековду абдан баалайм. Аракетчил, мыкты жигиттер. Жакшы иштешип, жакшы ийгиликтерге жетишип жатышат. Булардын ырларын угуп, баалайм, сыйлайм. Ал эми орто муундан Кутман Жолдошев, Токтобек Асаналиев, Гүлнара Кахарова, Элмира Кайып кызын сыйлайм, урматтайм. Мындан сырткары ЭлТР каналынын "Ыр бермети" деген сынагына катышып, ал жерден төрт ырчы : Токтобүбү Черикчиева, Гүлнара Кахарова, Гүлжигит Калыков жана мен атайын номинацияга ээ болдук. Бул дагы биз үчүн чоң ийгилик. Дагы баса белгилей кетчү нерсе, Аялдар конгрессинен "Жылдын мыкты айымы" деген алтын медаль, Маданият жана маалымат министри Алтынбек Максүтовдун өз колунан "Ардак грамота" алдым. Албетте, бул жалгыз эле менин ийгилигим, жетишкендигим эмес. Бул жалпы күйөрмандарымдын, үй- бүлөмдүн, мени колдоп жүргөн Ысык- Ата "Арашан" фольклордук ансамбилинин жетекчиси Болот Едигеевдин, мэриянын алдындагы эл аспаптар оркестринин жетекчиси Бакыт Тилегеновдун, Т. Үмөталиев атындагы № 67- мектеп гимназиясынын жетекчиси Светлана Керимкулованын да ийгиликтери десем жаңылышпайм. Учурдан пайдаланып менин ырымды, чыгармачылыгымды баалап, урматтаган күйөрмандарыма, жетекчилериме терең ыраазычылык билдирем. Мына ушундай стимул берген жакшылыктардын дем - күчү менен 14-15- апрелде Филармонияда жеке концертимди берип, андан кийин түштүк аймагын кыдырып гастролго чыгып, төркүнүмө барып эркелеп сахнадан сырдашып келсемби деп даярдык көрүп жатам.

"Жарты кайык" менен ооруп, элден качып жүрөм
- Менин күйөрмандарым жакшы билишет, жылда концерт бергенде концерттин башынан - аягына чейин өз үнүм менен ырдайм. Жандуу ырдоодон кыйналбайм, тескерисинче өзүмдү жеңил сезип рахат алам, ырдап жаткан ырымды жүрөгүмдөн чыгарып элдин жүрөгүнө жеткизе алам. Муну мен ар бир концертимде байкам. Себеби жандуу ырдап жатканда элдин мени менен кошо ырдап, кошо кайгырып ырга берилип, сүңгүп киргенин көрүп, чыйралып, ырдап жаткан ырым менен жашап, анын ар бир сөзүнө, нотасында жашап эргүү менен ырдайм. Ошондуктан фонограмма менен концерт берип жатканымды такыр элесте албайм. Албетте, ар бир концертимде сөзсүз жаңы ырлар болот. Жок дегенде 5-6 жаңы ыр жаздырууга аракет кылам. Азыр дагы Рустам Аттокуровдун "Түгөйүмө", Арзыбек Бедияровдун "Атама", жаш обончу Түмөнбай деген жигиттин өтүнүчү менен "Жарты кайык" деген ырын азыркы учурда аранжировкага берип, ошол ыр менен ооруп жаткан кезим. Ар бир ырымды ырдаганда бир ай же алты айлап ошол ыр менен ооруп, башка эч нерсенин кызыгы жок болуп калат. Жаздырып жаткан ырымдын ар бир нотасында, кайрыгында, сөзүндө жашап жүрө берем. Азыр дагы "Жарты кайыктын" оорусу менен ооруп, элден качып, эч ким менен сүйлөшпөй жүрөм.

Кимдин эле автор болгусу келбесин
- Жаш кезде балдарыма, ата- энеме, туулган жериме арнап ырларды жазгам. Бирок кийинчерээк жазган жокмун. Балким, ыр жазганга мага илхом келе элек же убакыт жок... Бардык дитимди аткаруу чеберчилигине буруп койгондуктан ыр жазуу, обон чыгарууга көңүл буруп, аракет кылып көрбөптүрмүн. Эртеден кечке инструментте отурасың сага обон келиш керек деп тааныштарым да айтып калышат. Ооба, кээде келип калат. Ырдап көрсөм башка бир обондорго окшоп кеткендей туюлат. Эми өзүм залкарлардын ырын ырдагандан кийин менин чыгарган обонум алардыкына тең ата болбосо да, мыкты болушу керек деп ойлойм. Балким, бир учурда эргүү келип, мыкты обон жаратып калармын. Кимдин эле автор болгусу келбесин.

Тарбиячы өзү тарбиялуу болуш керек
- Бир уул, бир кызым бар. Экөөбү тең башка тармактын адамдары. Кызым экономист, учурда иштеп, уулубуз болсо юрист. Быйыл бүтөт. Тааныштардын арасында эле ырдашпаса, чоң сахнага чыгууга аракет кылышкан жок. Андай максаттары да жок. Уулум эле кээде апа мен тамада болом деп калат. Таланттын болсо аракет кыл, унчукпай калба, бул жашоо бир эле жаралабыз деп кеңешимди берем. Эми чечимди өзү кабыл алат да. Балдарым кандай чечим кабыл алса, аны колдойм. Себеби мен абдан бактылуу энемин. Кудайым кубанарыбызга уул, жыттарыбызга кыз берди. Аларга татыктуу тарбия берип, убакыт бөлгөнгө болгон аракетимди жумшап келдим. Канчалык чыгармачылык десем да, бош убакыт тапканда балдарым менен баарлашып, алардын калоо- тилектерин угуп, аны аткарууга болгон күчүмдү жумшадым. Колумдан келишинче мээрим төгүп, бирге болдум. Эми ырчы десе эле үй бетин көрбөй, 24 саат көчөдө жүрөт деп түшүнбөш керек. жумуштан кийин, дем алыш күндөрү биз дагы кадимки эле эне, аялзатыбыз. Баланын жанына отуруп алып башка- көзгө койгулап, тигини оку, муну жатта деп тарбиялоо керек эмес. Тарбиячы өзү тарбиялуу болуш керек дегендей, баскан - турганың, сүйлөө маданиятың менен эле балдарыңды эле эмес, туугандарыңды, айланадагыларды да тарбиялап койсоң болот.

Сырдаша турган досторум деле жок
- Отуз эки жашымда чоң сахнага кадам таштадым. Ошол кезде көп адамдар алакан чаап, "Ой Алтынай, кеч чыгып калдың сахнага, кечиктиң. Көп убактыңды өткөрүп жиберипсиң" дешкен эле. Алардын сөзүн угуп абдан кайгырып, жүрөгүм ооруп мен эч нерсеге жетпей, көп нерседен артта калган турбаймынбы деп абдан капа болгом. Бирок андай эместигин кийин түшүндүм. Чыгармачылыктын, ийгиликке жетүүнүн эрте- кечи жок экен. Көрсө, мен убагында, даяр кезимде сахнага чыгып, чыгармачылыкка аралашыптырмын. Эң башкысы талыкпас эмгек, изденүү, чыныгы талант керек экен. Мына ушул үч нерсе айкалышканда гана элдин адамы, ырчысы боло алат экенсиң. Сахнага кеч чыктым деп такыр өкүнбөйм. Ушул жетишкендиктериме ыраазымын. Бир гана өкүнгөнүм ушул жетишкендиктериме ата- энемдин күбө болбогону жана эл арасындагы жалган ушактар. Албетте, мен жөнүндө аябай катуу сөздөр чыккан жок. Бирок жалган сөздөрдү укканда эне катары, бирөөнүн жары катары жаман абалда болом. Балдарымын алдында сынып калбайын деп колдон келишинче жакшы жүргөнгө, ушак ээрчитпегенге аракет кылам. Өзүм жөнүндө сөз угуп калганда аккордеон менен ырдап бугумду чыгарып алам. Сыр бөлүшүп, чечилип сүйлөшө турган досторум деле жок. Чыгармачылыкта дос болбойт экен. Мектепте иштеген эжелер, сиңдилер менен досмун, бирок жүрөк сырымды бөлүшө турган бир гана Бактыгүл Бокоева деген сиңдим бар. Башка эч ким менен сыр чечишип, бук чыгара сырдаша албайм.

Жаркынай
Кадыркулова