Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бишкек Эркин Экономикалык аймагында дагы бир жаңы имарат ишке берилди!
Кыргызстандагы өндүрүш өлөсөлүү абалда турганда Орозбек Нусувалиев башчылык кылган Бишкек Эркин экономикалык аймагы өлкөбүздү өргө тартып, эң мыкты ийгиликтерди жаратууда. Өткөн жумада БЭЭАдагы жаны имараттын ачылыш аземи болуп, ага вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, Жаштар жана миграция министри Айбек Азыранкулов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкуловдор катышты. Ошондой эле, алар журналисттердин коштоосунда өткөн жылдын май айында ишке тапшырылган 80 орундук 2 кабаттуу бала-бакча жана көргөзмөнүн имараттары менен таанышып чыгышты.
2014- жылы Бишкек ЭЭ аймагынын башкы дирекциясы аймактын ички инфраструктураларын оңдоп-түзөө жумуштарына 59 миллион 600 миң сом бөлгөн. Ал эми эркин экономикалык аймакта иштеген ишканалар өндүрүштүк потенциалын өстүрүү үчүн 256 миллион сом сарпташкан. Ал каражаттын акыбети кайтып, учурда мамлекетке эселеп пайда түшүүдө. Мисалы 2014 - жылы Бишкек ЭЭАнын субьектилеринин өндүрүш көлөмү 5 миллиард 290 миллион сомду түзгөн. Бул андан мурдагы 2013-жылга караганда 7,6 пайызга көп. Бюджетке 813 миллион сом төгүлгөн. Бул 2013-жылга салыштырганда 151 миллион 147 миң сомго көп.
Ушундай зор жетишкендикке ыраазы болгон Бишкек шаардык кеңеши Орозбек Нусувалиевге бул күнү чын жүрөктөн чыккан ыраазычылык катын тапшырып жана күмүш медалды төшүнө тагып, сый көргөздү.

Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынын лидери:
"Мунун баары БЭЭА-дагы экономикалык секирик..."
- Кыштын кычырган күнүндө Бишкек шаарында жакшы бир иш-чаранын күбөсү болуп жатабыз. Негизи акыркы эки жылдын ичинде Кыргызстандын экономикасына, мамлекеттик бюджетине чоң пайда берип келген биздин Бишкек эркин экономикалык аймагында абдан жакшы иштер жасалып, чоң өзгөрүүлөр болуп келатат. Албетте, бул маселе биринчи кезекте жетекчиге тиешелүү экен. Себеби жетекчиден көп нерсе көз каранды эмеспи. Биз буга чейин да БЭЭАда аткарылган чоң иштерди өз көзүбүз менен көрүп, айрым бир имараттардын ачылышына күбө болуп келгенбиз. Бүгүн дагы былтыр салынып ишке берилген БЭЭАнын заманбап үлгүдөгү бала-бакчасын, союз тарагандан кийин талкаланып жок болуп кетип, азыркы жетекчи тарабынан кайра калыбына келтирилген Көргөзмө павильонун, жумушчулардын жаңы жатаканасын көрүп абдан кубанып калдык.
Эми болсо минтип БЭЭАнын мындан ары башкы дирекциясы болуп кала турган заңгыраган үч кабат имараттын ачылыш салтанатына катышып жатабыз. Мунун баары БЭЭАдагы экономикалык секирик жана Кыргызстандагы жашоо-турмуштун өзгөрүүсүнөн кабар берет. Бардык маселе, албетте өндүрүшкө байланыштуу. БЭЭАнын салык төлөмдөрү жылдан-жылга көбөйүп, мамлекеттик бюджетке кубат берип келатат десек болот. Бирок айтып кетээр элем, мындан ары да өндүрүшкө өзгөчө көңүл буруп, өндүрүлүп жаткан продукциялардын саны көбөйсө, жумушчу орундар пайда болсо мындан да жакшы болмок. Ушул жаңы имаратыңар өзүңөргө ак жолтой болуп, узак жылдар бою кызмат кылышына тилектешмин!

Тайырбек Сарпашев, өкмөттүн биринчи вице-премьер министр:
"БЭАга киргенге көп инвесторлор кызыгып жатышат"
- Чынбай Акунович айтып кеткендей чынында эле БЭЭАда акыркы 2-3 жылдын ичинде бардык жагынан өсүш болду. Негизинен жумуш орундарын түзүү маселеси абдан көңүл жылытып жатат. Мисалы, БЭЭАда жалпысынан 3500дөн ашуун адам иштеп, айлыктарын алып жатышат. Бул эң башкы көрсөткүчтөрдүн бири. Бүгүнкү күндө мамлекеттер аралык экономикалык катнашка басым жасап, чоң өзгөрүүгө барабыз. Буйруса май айынан баштап Бажы биримдигине кирип, жалпысынан 180 млн. эли бар чоң базарга жол ачканы турабыз. Бул маселеге даярдыктар көрүлүп жатат. Мен ачык айта кетейин биздин БЭЭАга киргенге көп инвесторлор кызыгып жатышат, өзгөчө Кытай мамлекетинин инвесторлору абдан көп. Ошон үчүн өкмөт БЭЭАнын бардык ишин, сунушун колдойт. Анткени, БЭЭА Бажы биримдигине киргенден кийин дагы биздин экспорттук потенциалыбызды чыңап көтөрө турган эң негизги обьектерибиздин бири. Себеби, Бажы биримдигине киргенден кийин биз БЭЭАга окшогон ири ишканаларыбыз менен көп жетишкендерге жетип, чоң утуштарга ээ болобуз.
Мен учурдан пайдаланып, БЭАнын жетекчилерине, жалпы жамаатына ийгилик каалайм. Сиздер менен бирге биз Кыргызстандын экономикасын көтөрөбүз деген ишеничтебиз. Мындай заңгыраган имараттардын далайын ачып, ишке бере берели.

Марат Аманкулов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
- Мен Чыныбай Акунович менен Тайырбек Дүйшекеевичтин айткандарын кайталап олтурбайын. Алар БЭЭАдагы жетишкендиктерди толук айтып беришти, андан сырткары өз көзүбүз менен да көрүп чыктык. Орозбек Токталиевич, өндүрүштөн тышкары, социалдык маселелерге да өзгөчө көңүл буруп келатат.
Шаар бийлиги Орозбек Токталиевичке тыгыз кызматташып, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө кошкон орчундуу салымы жана өзүнүн граждандык позициясын үчүн Бишкек шаардык кеңешинин ыраазычылык каты менен бирге күмүш төш белгисин ыйгаралы деп чечтик.