Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жумгалда хокей боюнча 3-ачык чемпионаты өттү
Теңир тоодогу быйылкы хокей боюнча республикалык 3-ачык турнири 31-январь жана 1-феврал күнү болуп өттү. 2012-жылы бул ачык кубокко республика боюнча 7 команда катышса, былтыр 7 команда катышкан. Ал эми быйыл "Жумгал -Шортон", "Нарын-Дордой", "Ормонхан", "Нуралы-аке", "Барчын", "Байзак" жана Чолпон-Ата (жумгалдан 4 команда, Кочкордон 1, Нарындан 1, Ысык-Көлдөн 1) командалары жалпы көрүүчүлөргө өтө кызыктуу оюн көрсөтүштү. Тилекке каршы, Бишкектен жана башка 5 облустардан чакырылган оюнчулар ар кандай себептер менен келбей калышты. Быйылкы турнирдин уюштуруу иштерине жана байге фондуна жалпысынан 600 миң сомдон ашык акча сарпталды. Анын 450 миң сомго жакынын суммага Кыргызстан социал демократия партиясы жана коомдук ишмер, Жумгалдан чыккан белгилүү ишкер "Афтандил Кулабараков Юлдузович" атындагы фонд демөөрчүлүк кылып берди. Андан тышкары, райондун акими Исагулов Адылгазы, Кара-Кече жана Миң-Кушта көмүр казган фирмалар жалпысынан 122 миң сом чыгарышкан. Ошондой эле жыл сайын хокей оюнунун расмий оюнунун расмий өнөктөшү болуп келаткан Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы жана анын ректору Канат Керезбеков жалпысынан 25 миң сомун, коомдук ишмер Арстан Матыевдер 20 миң сомун бул турнирдеги: мыкты оюнчу, мыкты дарбазачы эң жаш жана эң кары оюнчу деп табылган оюнчуларга ыйгарышты. Эске сала кетсек, былтыр өткөн турнирдин жалпы чыгымы 500 миң сомдон ашкан.
Эки күнгө созулган оюндун жыйынтыгында 3-орун үчүн беттеште Нарындын "Дордой Ала-Тоо" командасы Кочкордун "Ормон-Хан" командасын 2:1 эсебинде утуп алды. Финалга Чакетин "Жумгал-Шортон" менен командасы менен Миң-Куштун "Барчын" командалары беттешип, бири-бири менен өтө катуу тирешти. Жалпысынан 40 мүнөткө созулган оюнда эки команда тең 4:4 эсеби менен тең чыккандыгына байланыштуу кошумча убакыт берилди. Анда да эсеп ачылбай калганда, футболдун тили менен айтканда "пиналтиге", же хокейдин тили менен "булитке" кезек берилип "Жумгал-Шортон" командасы "Барчынды" 4:3 эсебинде утуп чыкты. Ошентип, бул финал Жумгалда 18 жылдан бери болуп келаткан хокей оюну боюнча финалдардын эң кызыктуусу жана көрүүчүлөрдүн бүйүрүн өтө кызыткан финал болуп калды. Биринчи байге "50 миң сом, башкы кубок ар бир оюнчуга "алтын" медаль "Жугмал-Шортонго" ыйгарылды. Экинчи байге "Барчынга" 30 миң сом жана "күмүш" медалдары берилсе, үчүнчү байге "Нарын-Дордой" 20 миң сом жана коло медалдары, ал эми төртүнчү орун "Ормон ханга" 10 миң сом ыйгарылды. Байгесиз калган оюнчуларга да кызыктыруучу байгелер берилди. Белгилей кетсек, бул оюндун эң кары оюнчусу 53 жашта болсо, эң жашы оюнчу 12 жашта. Дагы бир кызык жагдай финалда биринчиликти катуу талашкан "Жумгал -Шортон" менен "Барчындын" дарбазачылары бир туугандар болуп чыкты.
Бул салтка айланган хокей оюнунан тышкары 31-январ күнү акимчиликтин 300 орундук жаңыдан оңдоп түзүлгөн жыйындар залында "Жумгал жаштар" уюму Түгөл-Сай айылынын тургун 21 жаштагы Нурзада Турубекованын бөйрөгүн алмаштыруу үчүн кайырымдуулук концертин өткөздү. Аталган концертке эстарда ырчылары: Айбек Саралаев, Иса Өмүркулов, Минура Райымжан кызы, "Чоро" тобу Үмүт Бегалиева, Батыр Рысалиев, бийчи Тургуналы баштаган бир топ ырчылар катышты.
Жыйынтыгында Гүлзадага 70 миң сомдун тегерегинде каражат чогулду. Ушул эле ырчылар эки күн бою хокейди көрүүгө келген элге да кыштын кыраан чилдесине карабай сыртта өз өнөрлөрүн тартуулашты.
1-февраль күнү хокейге башкы демөөрчү болгон Автандил мырза, 1200 түтүндөн турган Кызарт айылына барып, айыл жайшоочулары менен жолугуп, алардын өтүнүчү менен айылдагы 1974 -жылы салынган 15 орундук төрөт үйүн жана 5 орундук статционардык ооруканасын күз айларына чейин капиталдык оңдоодон өткөрүп берүүгө убада берди. Себеби, бул төрөт үй жакында эле министрлик тарабынан текшерилип, эскилиги жеткендиги үчүн жабылып калган болчу. Аны оңдоп түзөө ишине алдына-ала эсептөөлөр боюнча 6-7 миллион сом керектелери айтылды. Ошентип, Кулбараков Афтандил буга чейин өз атынан райондун көптөгөн иш-чараларына демөөрчүлүк болуп келсе, бул жолу КСДПнын атын дүңгүрөтүп келди.

Афтандил Кулбараков, КСДПнын мүчөсү, коомдук ишмер:
" Хоккей оюну башка райондордо Жумгалдагыдай өнүгүшүн каалайм!"
- Жумгалда хокейди биринчи жолу 1995-жылы Эркинбек Матыев байкебиз байкебиз уюштуруп, баштап берген эле. Ал кезде мындай заманбап стадионубуз жок эле, балдар Чаектеги Шортон деген көлдүн үстүндө ачык стадионду ойношчу. 1996-1997-жылдары кар аз жаап, аба-ырайы жылуу болгондугуна байланыштуу хокей оюну өтпөй калган. Ал 1998-жылдан бери республикалык деңгээлде оюндар тынымсыз өтүп келатат. Кудай буйруса, хокей оюну жылдан -жылга сапаты жакшырып, кызыккандардын да сапаты арбып калды. Быйылкы оюн республикалык деңгээлде 3- ачык чемпионаты болуп эсептелет. Эгер 1995-жылдан бери эсептей турган болсок, анда хокей оюну Жумгалда жанданганына быйыл туура 18 жыл болот экен. Мен башка райондордо да хокей оюну ушул биздегидей деңгээлге чыгып өнүгүшүн каалайт элем. Себеп дегенде, хокей деген чыныгы эркектердин оюну, коркоктор ойнопойт деп коюшат эмеспи.
Ал эми мындай мүнөз кыргыздын жигиттерине түздөн-түз таандык. Деги эле, бул оюн биздин мамлекетте өнүгүшү керек. Мен ишенем, келечекте биздин хокейчилер дүйнөлүк аренада ойноп, Кыргызстандын желегин желбиретишет.
Жыл сайын Жумгалдын эр-азамат жигиттери ушул хокей оюнуна демөөрчүлүк кылып келатышат. Бул самаалыкты башка колунда бар адамдар да колго алса хокейдин өнүгүшүнө чоң салым болмк. Мен дагы бир нече жылдан бери өзүм да демөөрчүлүк кылып, салымымды кошуп келем. Быйылкы оюнга республикабыздагы эң белгилүү болгон Кыргызстан социал демократиялык партиясынын жана өзүмдүн атынадагы фонддун эсебинен башкы демөөрчү болдум. Жергиликтүү эл жана сырттан келген коноктор абдан жакшы кабыл алып, ыраазычылыгын билдирип жатышат. Кудай буйруса, кийинки жылдары да боло турган оюндарга өз салмымбызды кошо бермекчибиз.

Урматбек Шамырканов, Бишкек шаардык хокей федерациясынын президенти:
" Республикада жалпысынан 20га жакын команда бар"
- 20 жылдан бери бул оюндун мекени болгон Жумгалда уюштурулган оюндарга катышып келатабыз. Алгач биз ушул жерде 1998-жылы ооган согушунун 10 жылдыгына жана аталган согуштун ардагери Абдылас Сулаймановдун жаркын элесине арнап республикалык деңгээлде хокей оюнун уюштурганбыз. Андан кийин жаңылбасам 2001-жылдан тарта Жумгалда 1996-жылы биринчи болуп хокей оюнун баштап, балдарга жол көрсөтүп берген элибиздин чыгаан улуу Эркинбек Матыевдин жаркын элесине арналган оюндар өтүп келди. 2010-жылы мен Россиядан Граждандык коргоо академиясында окуп жүргөндө ооган согушунда чогуу болгон досторум менен биргелешип, СССРдин легендарлуу оюнчулары, так айтканда дүйнөнүн 17 жолку, олимпиаданын 3 жолку чемпиондору: Якушов, Макаров, Шалимиов, Ляпкин баштаган бир топ атактуу оюнчуларды дал ушул Жумгал жергесине алып келип, чоң турнир уюштурганбыз. Ал иш-чарада Кыргызстанда хокейдин өнүгүшүнө чоң түрткү берди десек болот. Азыр Жумгал жергесинде 15-20 жылдык тарыхы бар 8 команда бар.
(Уландысы 16-бетте)
(Башы 12-бетте)
Урматбек Шамырканов, Бишкек шаардык хокей федерациясынын президенти:
" Республикада жалпысынан 20га жакын команда бар"
Нарындын "Ала-Тоо-Дордой" командасы илгерки "Золотой шайбадан" бери ойноп келатат. Кийинчерээк Кочкордон "Ормон хан", Ысык-Көлдөн "Чолпон-Ата", Бишкектен "Арстан", "Хан-Теңири" командалары пайда болду. Республика боюнча хокей командаларынын саны жалпысынан 20га жакындап калды. Өткөн жылы биз ардагер оюнчулар Сочи шаарына барып Түнкү хокей лигасына катышып, 16 команданын ичинен 11-орунду камсыздап келсек, бизден кийин ошол эле шаарда жаштар арасында өткөрүлгөн оюнда биздин жаш хокейчилер алдыңкы орнудардга жетишти. Мен айтып кетет элем, Кыргызстандын хокей командасы боюнча курама командасынын 70-80 пайызы ушул Жумгалдан чыккан оюнчулар түзөт. Бүгүнкү оюн дагы өтө кызыктуу болду. Себеби, катышкан 7 команданын баары эле мыкты ойноп, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытып койду. Өзгөчө финал абдан кызыктуу болду. Бул оюнга демөөрчү болуп берген Афтандил байкебизге чоң рахматыбызды айта кетели.

Алмаз Бөкөмбаев, "Ормон хан" командасынын администратору жана оюнчусу:
"Жапаров, Султанов, Ырсалиев деген кочкорлук байлар колдоп коюшса..."
- Биздин команда 2009-жылдын аягында алгач "Кочкор-Теңдик" деп түзүлгөн. Кийин, арбагы колдой жүрсүн деп атактуу бабабыз Ормон хандын атынан атадык. Бул азырынча биздин райондогу жалгыз команда. Мен команданын ичинен эң кары оюнчумун. Жашым 50гө келип калды. Балам да өзүм менен бирге ойнойт. Чынын айтыш керек, биздин райондо хокей Жумгалдагыдай өнүккөн эмес. Мындай стадиондорубуз да жок. Ошондой болсо саздак жерге тоңгон муздун үстүнө биринчи жолу оюн уюштурганбыз. 2010-жылдан тарта Жумгалдагы турнирге, Бишкектеги оюндарга катышып келатабыз. Андан кийин бизде да эки жыл катары менен чемпионат өттү. Мактанып кетейин, 2013-жылы биздин команда Жумгалдын Байзак айылында уюштурулган оюнда 5 команданын ичинен биз жеңүүчү болгонбуз. Бул жолку турнирде биз төртүнчү орунду камсыздадык, жаман эмес, бул дагы жакшы. Оюндун 2 күнүндө жука кар жаап, ошол бизге чоң тосколдук жаратты. Эмне дегенде биз кочкорлуктар кар менен ишибиз жок да, кары жок музда ойноп көнгөнбүз. Жумгалдыктар карда деле ойноп көнүп калышыптыр.
Негизи, Жумгалдын аттуу-баштуу, колунда бар адамдардын ушинтип жыл сайын демөөрчү болуп келатканына биз ыраазыбыз. Кочкордон чыккан: Жапаров, Султанов, Ырсалиев деген чоң байларыбыз деле жумгалдыктардан үлгү алып биздин райондун командасына сүрөөнчү болуп, кем-карчын толуктап, демөөрчүлүк кылып, коюшса жакшы болмок.
Айбек Шамшыкеев