presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Максат Сабиров ЖК депутаты:
"Элде революциялык маанай жок"
- Жакында оппозициялык жоон топ саясатчылар АКШга сапар тартышты. Алардын океандын ары жагына эмне издеп, эмнени көздөп кетишкенинен парламенттеги оппозициялык фракциянын лидери катары кабарыңыз жокпу?
- Эмнени көздөп кетишкенин бизге айтышкан дагы жок, биз деле кызыгып сураганыбыз жок. Парламенттик бийликти күчөтүү, өнүктүрүп-өстүрүү боюнча тажрыйба үйрөнүп келебиз деп кетишкенин эл катары ММКлардан кабардар болдум. Биз эми радикалдуу эмес, конструктивдүү оппозиция катары бийликтин кемчиликтерин айтып, аны оңдоо боюнча сунуштарыбызды берип келебиз. Оппозициябыз деп эле опурула бербей, сүйлөшүү жолу менен мамлекеттин өнүгүп-өсүүсүнө өз салымыбызды кошсокпу дейбиз. Ошол эле учурда кемчиликтерин, шалаакылыктарын көзгө сая көрсөтүүдөбүз.
- Бийлик басып алмай илдети жаз айында күчөйт эмеспи. Депутат катары эл аралап көп чыгасыз. Элдин маанайы кандай, чын эле революция коркунучу барбы?
- Чынында азыр абал оор эле болуп турат. Электр энергиясы кымбаттап, толук эсептер эми келе баштады. Бул боюнча нааразычылыктар бар. Прокуратура, сот тармагындагы коррупциялык иштердин тыйылбаганы боюнча да даттанууларды көп угабыз. Бирок жалпысынан элде революциялык маанай жок. Беш жыл мурдагы кырдаал менен азыркыны салыштырууга болбойт. Ошол кездегидей буйрутма адам өлтүрүүлөр жок. Андан бери бир топ нерсе өзгөрдү. Тышкы саясатта да өтө туура багытты бет алып, Евразия экономикалык аймагына киргени турабыз. Тилекке каршы учурда Орусияда экономикалык кризис күч алып, анын таасири бизге дагы тийип жатат. Ал жактагы мигранттарыбыз кайтып келсе, жумушсуздардын саны эселеп көбөйөт. Өкмөт дагы ушундай оор кырдаалда чечкиндүү кадамдарды жасап, чечкиндүү аракеттерди көрүшү керек эле. Тилекке каршы андайды биз байкаган жокпуз. Өкмөттү кетсин деп жатканыбыз дагы ошондон. Жалпысынан абал оор эле бирок, революциялык маанай элде жок. Эгерде эле дагы бир революция болсо, андан ары жакырчылыкка батаарыбызды, балким мамлекет катары жок болуп кетээрибизди эл эң жакшы түшүнүп турат. Ошол эле учурда бийликтен жаңыланууну, өзгөрүүнү күтүүдө.
- Партиялашыңыз Элмурат Обдуновдун мандатын кайрып алуу боюнча чечим кабыл алыпсыңар. Себеби эмнеде?
- Биздин фракция өтө көп көйгөлүү маселелерди көтөрүп чыгууда. Мындай иште ар бир депутатыбыздын добушу, алардын эмгеги керек болуп жатат. Тилекке каршы, тартипке баш ийбегендерине аргасыз ушундай чара колдонуп жатабыз. Фракцияда тартип болбосо, парламентте кантип тартип орнойт? Башка бирөөлөрдөн бир нерсе талап кылаардан мурун өзүбүздү оңдоп алалы дедик.
- Дагы бир депутатыңар Урмат Аманбаеванын мандатын БШК жокко чыгарды. Бул окуяга кандай баа бердиңер?
- Урмат Аманбаева боюнча биз башында эле каршы чыкканбыз. Соттон чечим чыккандан кийин анан мандатынан ажыраткыла деп БШКга айтканбыз. Бирок Урмат Аманбаеванын ишкерчилик менен алек болуп келгенин, мурдагы алган кредитин депутат кезинде төлөп жатканын айтышты. Урмат Аманбаева дагы өз алдынча аракетин кылып жатса керек. Биздин фракция соттон чечим чыккандан кийин гана мандатынан ажыратылсын деген позицияда туруп жатабыз.
- "Республика - Ата-Журт" деген жаңы партияңардын быйылкы парламенттик шайлоодогу мүмкүнчүлүгү кандай болуп жатат?
- "Кул да жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту" - дейт. Азыр шайлоого камынып жаткандардын бардыгынын тилеги - парламентке өтүү. Баары тең биз күчтүүбүз, биз мыктыбыз деп жатышат. Эми бардыгы Кудайдын буйругунан, анан элдин ишенимине жараша болот да.
- Ташиев менен Бабановдун тандемине карата саясат таануучулар менен саясатчылардын көбү "аргасыз биригишти" - дегенди айтып чыгышты. Экөө тең "саясий банкротко" учураган немелер деп жатышат. Ошол партиянын өкүлү катары оюңузду уксак?
- Бизде "камалып кетти, соттолуп кетти, тарап кетти, чачырап кетти" дегендерди укканда тим эле баса калабыз. Ошого жабышып, аны кайра-кайра айткандан тажабайбыз. Ошого сүйүнгөндөй мамиле кылабыз. Ал эми "биригип жатыптыр, өнүгүп жатыптыр, оңолуп жатыптыр, жакшы болуп кетиптир" дегенди айткыбыз келбей, баягы каныбыздагы көралбастык дегенибиз күчөп кетет окшойт. Бири президент, бири премьер болом деп жүргөн жигиттер эски тирешүүлөрүн артка таштап, амбицияларын жыйыштырып, түндүк менен түштүктү ынтымакка ширелиштирип жатканына кубансак болмок.
- Наристелерге кол салган педофилдердин айбанчылыгы күчөп баратат. Жогорку Кеңеш жазаны катуулатуу боюнча эмне иш кылып жатасыңар?
- Акылга сыйбаган окуялар болуп кетпедиби. Кыргызга мындай нерселер чоочун болчу. Акыр замандын белгисиби, айтор шумдуктуу окуялар тилекке каршы болуп жатат. Учурда мындай жырткычтыкка өтө катуу жаза колдонуу керектигин депутаттар дагы, эл дагы түшүнүп турат. Атайын мыйзамдар жазылып жатат, Кудай буюрса биз колдоп беришибиз керек. Зөөкүрлөргө өздөрүнө жараша жазасын бергидей кылып мыйзамды тууралашыбыз керек.

Маектешкен
Эрнис Балбаков








??.??