presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Ушул кантип акыйкаттык болсун!

Турмушта ар нерсенин эсеп-кысабы болот. Бейчеки эч нерсе болбойт. Тирилигин кылып мээнет тартып кетип бараткан кумурсканы да балчайта басып кетүүгө болбойт. Деги, чама келип, алың жетсе эч кимге, эч нерсеге зыян келтирбегениң жакшы. Бул дагы турмушта өзүнчө билинип, билинбеген эрдик болуп эсептелет. Бирөөгө же бир нерсеге зыян кылдыңбы, акыры ал үчүн акыретте жооп бермейиң бар. Андан кандай амал кылып качса да эч ким кутулуп кете албайт. Бул дүйнөдө туруп оо дүйнөнү унутуп калууга болбойт.
Бирөөгө зыян кылдыңбы, мамлекеткеби же бей-бечарагабы акыры ал айыбың үчүн эртедир, кечтир жооп беришиң керек. Кургуйга түшүп кетпейин деп актанып, далбас кылып эч кандай артыкчылыктардан пайдаланбаганың оң. Бул күнөөнү гана күчөтөт. Дегиси, ким болбосун жогорку кызматтарда иштеп жүргөн чиновникпи, көпөспү же касапчыбы, же ыйманын жеп турган кызыл кулак соодагерби, деги ким болсо да катардагы эле пенденин бири экенин эсинен чыгарбаганы шарт. Кудай таалам баарын пенде кылып жаратып бирдей эле өмүр берген. Бириңден бириң өөдөсүң деген эмес. Бирок, анткен менен күнөөсү башынан ашынып турса да мен паландай элем, мен түкүндөй элем деп үстөмөндөп суудан кургак чыккысы келип, ар кандай айла амалга салып кубулуп жан далбас кылып тургандарга эмне демекчибиз.
…Андан да таң калаарлыгы, калаа башчысы болуп турганда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деген айып менен камакка алынган Жогорку Кеңештин экс- депутаты Нариман Түлеев 2 жыл жети айда 1 миллион 730 миң сом, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген беренелер менен коррупцияга шектелип абакка түшкөн, ушу кезде чет өлкөдө дарыланып жүргөн Акматбек Келдибеков ишке чыкпаган 1 жыл 2 айда 1 миллион 120 миң сом айлык алып турганын кандай түшүнсөк болот. А.Келдибековдун орточо айлыгы 80 миң сомду, Н.Түлеевдики 55 миң сомду түзүп турган. Тийиштүү маалыматтарда алардын эмгек акылары депутаттардын жакындарына которулганы айтылат. Депутаттардын жардамчылары менен кеңешчилери да кадыресе эле ай сайын маяна алып турушкан. Мейли эми алар аппаратта иш кылып жүрүшкөн деп эле коелу. (Бул эки депутаттын жардамчылары менен кеңешчилеринин тегерегинде айта берсек толгон токой түйүндүү кеп бар). Ал эми жатып алып эбегейсиз айлык алып турган депутаттарга жол болсун. А.Келдибеков менен Н.Түлеевдин иштебей жатып алып алган маяналары 3 миллион сомго жеткен. Депутаттар кылмышка шектелип камакка алынар замат (мыйзамда кандай жазылса да) кандайдыр бир негизде аларга айлык төлөө убактылуу токтотулуп турушу керек эле да. Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ жакында эле Түлеевди депутаттык мандаттан мөөнөтүнөн эрте ажыратты.
Бул эми тек гана маалымат, болору болуп, боесу канып калгандан кийин айтылып жаткан кеп деп эле коелу. Бирок, мунун моралдык, нравалык, социалдык, адептик жагынан алганда элдин бүйүрүн кызытып, өзгөчө таасир этип нараазылыгын күчөтүп туруучу экинчи тарабы да бар экенин унутууга болбойт. Азыр деле бул коркунуч төбө чачты тик тургузуп үрпөйтүп көпчүлүктү дүрбөтүп турат.
Өзүңүз эле акыл чаркабыңызга салып талдап көрсөңүз, ушул кайдан жакшылык болсун. Тамак- аштын баасы улам асмандап, карапайым элдин үрөйүн учуруп кымбатчылык туш тараптан кысымын күчөтүп турган кезде бюджетти ысырапка учураткан бул жорук кайдан кудайга жаксын. Депутат иштебей жүрсө деле, ал турсун камакка алынып жаткан болсо да презумпция концепциясы боюнча маяна ала беришине мыйзам жол берет экен. Эми коррупционер деп кылмышы ашкереленип жатса да мыйзамда каралган эмес деп абакта жатса да айлык ала беришине көз жумуп кое беришибиз керекпи. Көрмөксөн болуп дегендей кайдыгер карап келиппиз. А.Келдибеков менен Н.Түлеевдин "окуясы" ушундай эле болбодубу. Мыйзамдын буга окшогон чийки, кемчил жактарын түзөтүп, калыстыкка шайкеш келтирип койсо болот да. Мыйзам турмуш менен кошо өнүгүп, анын талаптарына туура, адилет үн кошуп турушу абзел. Депутаттын камакка алынганы кол тийбестик укугунан ажыратылганы, жөн эле жеринен абакка олтурбай калсын. Демек, логикалык жана юридикалык жактан алып караганда да кылмышка шектелип камалган депутатка иштебей жүргөн мезгили үчүн эмгек акы төлөнүп турбашы керек болчу. Мыйзам деген догма эмес. Демек, ал турмушта болуп жаткан окуянын жүрүшүнө жараша ийкемдүүлүк менен өзгөртүлүп жана өнүктүрлүп турушу керек.
…Бюджеттин акчасы туш келди самандай чачып ысырапка учурата бергендей бекер дүнүйө эмес экенин жумурай журт жакшы билет. Ал элдин таман акы маңдай теринен, ырыскысынан калпылып алынган, көздүн жашындай болуп тамчылардан чогултулган каражат. Элдин үмүтү түнөгөн каражат. Төбө чачты тик тургузуп коррупция араанынын опсуз ачылып турушу, жемкорлордун опкоктугу же болбосо ажыдаарчылыктын күчөшү, бюджеттин ыксыз ысырапка учурап жатышы, ал аз келгенсип коррупционер деп айыпталып кылмышка шектелип абакта жаткан экс-депутат Н.Түлеевдин, ушу кезде чет мамлекетте дарыланып жүргөн А.Келдибековдун Жогорку Кеңештин бюджетинен паланча миллион, түкүнчө миллион сом маяна алып туруптур деген маалымат элдин жаалын кайнатып, кыжырын келтирип туру. Бул иштин жоопкерчилигин ким тартат да, калыс сөздү ким айтат?
Бул бюджеттик каражаттын эң эле ыксыздык менен коромжуга учурап жаткандыгынын, оңбогондой жуксуздук менен мойсолуп кетип жаткандыгынын бир эле далили. Коррупционер деп айыпталып камалган депутаттарга бюджеттен ээн-элкин маяна жегизип тургандар карапайым элдин, көпчүлүктүн кандай турмуш өткөрүп, күндө кандай тамактанып жүрүшкөнүн билишер болду бекен?! Маңдай терин шорголотуп канча мээнет кылганы менен алган түшүмүн жакшы пулдай албай чыгым тартып сыздап жүргөн дыйкандардын арманын, жумушсуз калктын тарткан азабын жана башка толгон токой көкөй кескен көйгөйүн айтпай эле коелу. Калктын кедей тарабы ушу күндө нанга араң жетип, макарон кайнатып, кукси ичип отуру. Окорочкага жеткен күнүн майрам көргөндөрү бар. Көпчүлүк эл казы, карта сугунуп, май чайнап жүргөн жери жок. Ырас, бир азы жыргап жашап туру дечи. Маданияттын, илимдин адамдары кандай күн кечирип жатышат? Деги, аларга камкордук көрүү жөнүндө кандай аракет бар? Же алардын кайырчы кейпин кийип жүргөнү бийлик төбөлдөрүнө жагып турабы? Эптеп өлбөстүн күнүн көргөн кедейлерди социалдык коргоо маселеси да эптеп илээлеп жүрүп туру. Күндө шаарда кайыр сурап, тилемчилик кылып жиңкилдеп суукта тоңуп, өзөгү үзө тартып ачка жүргөндөр канча. Жакшы тамактанганга катардагы мамлекеттик кызматкердин айлыгы жетер бекен? Күндө бир маал эле өзөк жалгаганга өткөндөр бар. Мына ушундай көйгөйлөрдүн баары оңой-олтоң жоюлуп кетчү оокат эмес. Аялуу катмарды ар тарабынан коргоп көтөрмөлөп туруу зарыл, антпесе артынан жыла басып аңдып турган коркунучу бар. Ушундай акыбалда турганыбызда бюджеттин ар бир тыйыны эсепте болуп, ыксыз ысырапка бөгөт коюлбаса болбойт. Оо бурадарлар, ушинтип олтурсак элдин турмушун кантип оңойбуз.
Элдин ырыскысын кагып, кампаны тешип, мамлекет казынасынан кайсап жеп коррупционер деп айыпталып камалган депутаттардын абакта жатып алып кебелбей миллиондоп жалыйна алып турганы кайсы абийирге же нормага сыят? Кылмышка жараша депутаттыгы токтотулбаган күндө да айлыгын кармата бербей күнөөсүнө жараша маселе чечилгенче деп токтотуп турууга болот эле да. Андан да адилет, ыкчам жана калыс жолу (оперативдүү) фракцияларда, андан кийин ЖКнын бир эле отурумунда бул маселени ийине жеткире талдап, талкуулап, мыйзамга учурдагы кырдаалга жараша түзөтүү киргизип эле бир жаңсыл чечип койгондо болмок. Мындай ниет да, аракет да болбогону көрүнүп эле турбайбы. Качан, кайсы жерде (кайсы мамлекетте) коррупционер деп айыпталып, күнөөсү башынан ашынган, айыбына жараша абакта жаткан депутатка маянасы үзгүлтүксүз төлөнүп туруучу эле…
Андан көрө ошол акчаны мыйзамдаштырып туруп бей-бечараларга таркатып берсе, же борбор калаадагы жумушсуздарга, таңдан кечке иш издеп ачка жүргөндөргө, ким иштеткени алып кетер экен деп таңдан кечке биржада (" кул базарда") кезерип тургандарга ысык тамак уюштуруп берип турууга чегерип коюшса кудайга жаккан иш болмок.
Чын-чынына келгенде депутаттардын иштебесе да маяна ала беришине мыйзам жол берген менен коррупционер деп айыпталып камалган Н.Түлеевдин да, А.Келдибековдун да ошол каражатты дит багып алып турууга ыймандык да, моралдык да укуктары жок болчу…
Бизнеси эмес, үйүндө үрүп чыгар ити жок кедейлер өлбөстүн күнүн көрүп жакырчылыктан чыга албай турган кезде, мугалимдер менен врачтар, дегеле катардагы карапайым мамлекеттик кызматкерлер азын-оолак маянага иштеп турган чакта, өнөр адамдары жарыбаган жалыйна алып, кээ бирлери андан да кур-жалак эртеңки күнүбүз кандай болот деп сар-санаа чегип чоочуп турган маалда ашып-ташкан байлыгы болуп туруп Келдибековдун да, Түлеевдин да өздөрү абакта жаткан кезде эсептелип берилип жаткан айлык маяналарынан баш тартып коюуга мырзалык эрктери жеткен жок. Алардын жазмышы да, азабы да ушундай беле?... Жыргал турмушта жашаган пенде бей-бечаранын азабын ойлоп деле койбосо керек.
Меңдибек Асылбеков










??.??