Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Тынчтык Шайназаров, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Жаңы башкы прокурор ишти алып кете алат"

Жогорку Кеңештин 28-январдагы пленардык жыйынында депутаттар Башкы прокурор кызматына сунушталган Жолдубаева Индира Ырысбаевнанын талапкерлигин 105 добуш менен колдоп беришти. Индира айым коррупцияга каршы күрөшүү иштерин улантып, бир дагы саясий буйрукту аткарбай турганын, кадрдык саясатка өзгөчө көңүл бурула турганын белгиледи. Жаңы шайланган Баш прокурор ишти алып кете алабы деген суроонун айланасында Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаровду сөзгө тарттык.
- Тынчтык Ураимович, жаңы шайланган Башкы прокурор коррупция каршы күрөштү тереңдетип улантаарына көзүңүз жетеби?
- Менин жеке пикиримде Индира Ырысбаевна коррупциялык күрөштү тереңдетип улантып кетет деп айта алам. Ага деңгээли жетет. Мен Индира айым менен президенттин алдындагы сот, укуктук реформа боюнча кеңеште иштешип калдым. Кабыл алынып жаткан жаңы мыйзамдар боюнча көп иштерди жасады. Эң негизгиси таза, аты булганган эмес, сырттан барып жатат. Эми прокуратура 90 жылдык тарыхы бар система да. Аны бир адам барып эле өзгөртүп жибере албайт. Албетте, жетекчиден көп нерсе көз каранды болот. Мен ишенем, жаңы башкы прокурор ишти алып кетет деп.
- Айрымдар жаш, прокуратура системасында иштеген эмес, ишти алып кете албайт деп жатышпайбы?
- Эми ар кимдин өз ою бар. Бирок мен мындай пикирлерге кошулбайм. Анткени, Исхак Раззаков сыяктуу мамлекетти башкарган көрүнүктүү инсандардын көбү жогорку кызматтарды 30-40 жаштарында эле аркалай башташкан. Ошол себептен бул жаш, иштин көзүн билбейт, тартып кете албайт, бул карып калды ишке жарабайт деген сөздөр болбош керек. Кандай иш болсун аны аткаруу ар бир адамдын жөндөмүнө байланыштуу. Эгер адам таза болсо, өз ишин билсе, тескери, мыйзамсыз иштерге барбаса кандай иш болсун алып кетет.
- Жаңы прокурордун келиши менен коррупцияга шектелип мурда кылмыш иши козголгон айрым аткаминерлер акталып кетиши мүмкүндүгү айтылып жатат. Ушундай болушу мүмкүнбү?
- Кандай сөздөр айтылыпа жатат, мен ага комментарий бере албайм. Мен билгенден коррупциялык берене менен кылмыш иши козголуп кармалгандардын иши сотко өткөн. Демек, күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп сот гана чечим кабыл ала алат. Ага башкы прокурор кийлигише албайт. Болгону, сот чыгарган чечимге макул эмес болсо даттанууга бара алат.
- Мурунку башкы прокурор Аида Салянова кандай иштеди деп айта аласыз?
- Аида Жеңишбековна эң чоң иш жасады. Өзүнүн тазалыгын, компетенттүүлүгүн айгинелеп, мыйзамды көзгө илбей өз билгенин жасап, эч нерседен коркпогондорду мыйзам бар экенин, ким мыйзам бузса эртеби-кечпи акыры жооп беришээрин далилдеп койду. Башкача айтканда мыйзамдын күчүн көргөздү. Учурда мамлекетик жогорку кызматтарда отуруп алып каалаганын жасагандар чочуп калышты.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу





Бакыт Төрөбаев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери:
"Спортту массалык түрдө өнүктүрүү - партиянын негизги багыттарынын бири"

"Өнүгүү-Прогресс" партиясына Чүй облусу чоң үмүт артып жатканын жергиликтүү тургундар партиянын төрагасы Бакыт Төрөбаев менен болгон жолугушууда билдиришти. Өткөн жумада Ысык-Ата районунун Кеңеш айылына райондун 14 айыл өкмөтүнөн эл чогулуп, бир топ көйгөйлөрүн ортого салышты. Жолугушууга келген ар улуттун өкүлдөрү Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө тирек боло турган партияны колдошубуз керектигин айтышты.
Жергиликтүү бейөкмөт уюмунун өкүлү Казима Сушанло "Бул партия сөз эмес, иш жүзүндө эмгектенген жаш адамдардан турат экен. Элге жакындан жардам көрсөтүүдө, мисалы, дунгандар тыгыз жайгашкан айылдарда кыргыз тилин үйрөтүү же таза суу чыгаруу өтө маанилүү, бул маселелерди чечип берди"- дейт кубанганын жашыра албай. Ал эми айыл аксакалы Хаки Ясуров "Партиянын өкүлдөрү иш билген адамдар экен. Көптөгөн жакшы ойлор айтылды. Алардын койгон максаттары ишке ашсын" - деп батасын берди.
Бул жолугушууга ашыккандардын саны арбын болгондуктан 500 орунга ылайыкталган жерге миңдей адам чогулуп, батпай сыртта күтүп калгандар да болду. Партия төрагасы, элдин суроолоруна жооп берип жатып, ар бир тармактын аксап жаткан жагдайларын чечмелеп да берди. Бул аймактын жашоочулары жер иштетип жан баккандыктан көпчүлүгү жер айдоо, техника маселелерин ортого салышты. Жыйындын көркүн ачкан жаш спортчулар болду. Айта кетсек, иштеп баштаганына аз эле убакыт болгон "Өнүгүү" спорт мектебинде эл аралык мелдештерге чыга турган спорт чеберлери даяр болуп калды. Аларга дагы кошумча демди дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев кошту. Партиянын сыймыктуу мүчөсү өспүрүмдөргө спорт кара күчтү эмес акылды талап кыларын айтып, ак батасын берди.
Ал эми Бакыт Төрөбаев спортту массалык түрдө өнүктүрүү - партиянын негизги багыттарынын бири экендигин айтып, спорттун бардык түрү боюнча мелдештер жергиликтүү аймактарда дайыма өткөрүлүп турушу керектигин баса белгиледи. Бул тармакка мамлекет жеткиликтүү көңүл бурбагандыктан, жарым жылда бир жолудан мелдеш уюштурулат. Ошондуктан волейбол, футбол жана башка спорттун түрлөрү боюнча айыл өкмөттөр аралык турнирлерди өткөрүп туруу учурдун талабы - дейт эл өкүлү.