presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Саресеп
"Майданыңардын" мамлекетибизге кереги жок!

Белгилүү болгондой атына заты жарашпаган кыргыз оппозициясы, так айтканда Улуттук оппозиция кыймылы өткөн жумада океандын ары жагы Америкага аттанган. "Кудайдан жөө качкандардардын" максаты элге белгилүү болсо да, алар АКШга болгон сапарын: "Кыргызстанда чыныгы экономикалык жана саясий реформа жүргүзүү маселесин талкуулоо" деп түшүндүрүүгө аракет кылышты. Бирок оппозиционерлердин негизинен кандай максатты көздөп АКШнын аткаминерлеринин этегине намаз окуп жатышканы айдан - ачык болуп калды. Эмесе, төмөндө элге анчалык жете элек маалыматтарды өз ирети менен окурмандардын таразасына коелу:

1.Равшан Жээнбеков башында турган кыргыз оппозициясынын АКШга болгон сапары боюнча сүйлөшүүлөр АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде 2014-жылдын күз айларынан бери кызуу талкууланып келген. АКШ тараптын бул маселеде чечүүчү кишиси биздеги эличиликте экономикалык жана саясий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген Джеймс Моррис деген адам. Жээнбеков АКШга бара турган адамдардын тизмесин ушул адамга берген. Биринчи тизме боюнча: Бекназаров, Мырзакматов, Суваналиев, Ботобеков, Кадыров, Наргозуев, Турдукулов, депутаттардан: Жээнбеков, Келдибеков, Тербишалиев, Исаков, Абдырахмановдор барышмак. Бирок ар кандай жагдайлар эске алынып бул тизме өзгөрүп, жыйынтыгында: Жээнбеков, Абдырахманов, Ботобеков, Байболов, Турдукулов, Кадыров, "Улуттар биримдигинен" Мырзакматовдун ордуна С. Жунусбаев, А. Иманов, (Ош шаардык кеңешинин депутаты), "Демократиялык альянс" партиясынын лидери М. Баязев, бейөкмөтчүлөр М. Саматов, А. Султанбекова, А. Алжанбаевдер 23-25-январда аталган өлкөгө учуп кетишкен. Алардын эптеп из жашыруу максатында өз-өзүнчө топ-топко бөлүнүп учушканы да ачыкка чыкты. Биринчи болуп 23-январда Жээнбеков менен Абдырахманов Бишкек-Стамбул-Лондон-Вашингтон каттамы менен учушса, ошол эле күнү жогоруда аттары аталган бейөкмөтчүлөр автобус жалдап алып Алматыга барышып, Алматы-Амстердам-Вашингтон каттамы менен учушкан. Алардын арасындагы Адил Турдукулов "Ак жол" бекетинен өтө албай калган. Себеби, 600 доллар карыз акчасы ачыкка чыгып, аны төлөгөндөн кийин кое берүү чечими чыккан. Кийин ал УОКтун өтүнүчү менен гана баратканын да кошумчалаган. Кадыров, Ботобеков, Имановдор 25-январда Бишкек-Стамбул-Вашингтон каттамы менен сапар алышса, эч кимге көрүнгүсү келбеген чекист Байболов жалгыз өзүнчө учкан. Өз акчабызга кеттик деп өпкөсүн чабышканы менен, аларга өзгөчө камкордукту АКШ көрүп жатканы бешиктеги балага да маалым.

2. Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу концепциясын жазышып...
Америкага кеткендердин максаты Жээнбеков менен Абдырахманов тарабынан иштелип чыккан "Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу концепциясынын" презентациясын өткөрүү жана ага америкалык аткаминерлердин алымча-кошумчасын кошуу болуп эсептелет. Айрым маалыматтарда бул концепцияны экс-депутат Кабай Карабеков менен Төлөнбек Абдыраев жазган. Аталган концепцияны ишке ашыруу үчүн 1 миллиард доллар керек экен. Бул акча Кыргызстандын бюджетинин жарымы. Албетте, чоң акча. Демек, Жээнбековдорго айтылган акчаны АКШ эле бербесе, башка бир да мамлекет бербейт. Себеп дегенде, бул маселеде АКШнын чоң кызыкчылыгы бар. Маселен, былтыр Президент Атамбаевдин Манастагы" АКШнын транзиттик базасын чыгарганы АКШга кыпындай да жакпай калганы белгилүү. Андан тышкары, Кыргызстандын Орусияга ыктаган саясаты АКШнын көңүлүн суутуп, ызалантып турат. Муну АКШнын айрым саясатчылары ачык эле айтып келишкен. Алардын бири мурунку элчи Памела Спратлен. Ал кызматтык мөөнөтү аяктап жатканда Кыргызстандагы демократияны колдоо көйгөйүнө камтама болуп, соңку мезгилде орусиялык мас-медианын даңазалоосу күчөп кеткенин, Кыргызстандын Орусия менен тереңдеп, өөрчүп бараткан өнөктөштүгү өлкөнүн демократиялык өнүгүү процессин сактап калуусуна коркунуч келтирерин билдирген.
Буга кошул - ташыл болуп Кыргызстандын 1-майда Евразия экономикалык союзга толук кандуу мүчө боло турганы АКШ бийлигин тынчын алып, түн уйкусун бузуп жатат. Мына ушул чоң иш-чаранын алдында Америка Кыргызстанга кылы анчалык кыйшайбаган кыргыз оппозициясынын колу менен "кызыл чокту" шилтөөгө кам уруп, белсенип жаткандай туюлат. Мындай болбойт деп баса белгилеп айтып эч ким кепилдик да бере албайт.

3. Миллиондор. Келдибеков, Мырзакматов, Бекназаров жана Анапияев...
Эми жогоруда айтылган маселеге далил келтирели. АКШ кыргыз бийлиги Бажы биримдигине кирүү маселесин биротоло чечкенден кийин, бизге болгон көз карашын, саясатын кескин өзгөрттү. Америка узак жылдар бою Кыргызстандын социалдык тармагына жардам берип келгени белгилүү. Маселен, биздин өлкөгө жардам берүү боюнча алгылыктуу иштерди аткарып келген ЮСАИДдин "Гуманитардык жардам" программасынын бюджети быйыл жылдагыга караганда бир топ кыскарса, эмдиги жылы бул программа толугу менен жабылуу алдында турат. "Экономикалык өнүгүү" ж.б. программалардын бюджетин кескин түрдө кыскартып, бул багытка "агып" жаткан миллиондогон "жашылбайлардын" агымын эми саясий долбоорлорго буруп салды. "Акыйкат жана демократиялуу башкаруу" долбооруна эле 14 млн. 800 миң доллар каралганын мисалга тартсак жетиштүү болоор. Негизи, бул сумма биз үчүн чоң акча болгону менен, АКШга акча деле эмес. Ал тургай, жогоруда сөз болгон концепцияны ишке ашырууга керектеле турган 1 млрд. доллар каражатты деле кыргыз оппозициясына этап-этап менен берип коюшу да толук мүмкүн. Болгону көзөмөлдү мурункудан да катуулатышат.
Кыргыз оппозициясы АКШдан келгенден кийин, февраль айынан баштап ар бир региондо жок дегенде 100дөй адам чогултуп алып узакка созулган нааразычылык акцияларын өткөрө турганы айтылууда. Ал эми азыркы бийликти "желкемдин чуңкуру көрсүн" дешкен Мелис Мырзакматов, Садыр Жапаров, Акматбек Келдибековдор март-апрель айларында Кыргызстанга кайтып келишип, өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша элди көтөрүп, митинг өткөрүү планын бышырууда, ошондой эле УОК Мырзакматов аркылуу түштүктөгү ОБОНдордун башын бириктирип, тынч жаткан элди түп көтөрүүнүн жол жобосун иштеп жатканы айтылууда. Бул ишке дагы бир фигура, чириген бай, түрмөдөгү Түлеевди да тартып жатканы имиш катары ачыкталды. Бул иш-чаралардын эң негизи бөлүгү катары кыргыз бийлигин басып алуу, ал үчүн Украинанын "Майдан" сценарийинин негизинде массалык түрдө башаламандык уюштуруу, боз үй, чатырларды тигүү, автомашинелердин дөңгөлөктөрү менен чоң "костер" жагуу, укук коргоо органдарына туруктуу каршылык көрсөтүү, керек болсо аларга каршы снайпер колдонуу сыяктуу иш-аракеттер толук колдонулушу толук ыктымалдыгы тар чөйрөдө кызуу талкууланып баштады. Мына ушул маселеге байланышкан дагы бир маалыматты айта кетпесек болбос. Азимбек Бекназаров 2014-жылдын 6-ноябрынан 14-декабрына чейин Түркияда ден соолугун чыңдап келгени белгилүү болду. Ошол учурда ал Дырылдаев менен Түркиянын кайсы курортунда Келдибековдун (ал өзүн колдогону үчүн ыраазычылык билдирип) эсебинен 10 күндөн ашуун эс алышканы буга чейин ачыкка чыккан. Дагы бир такталбаган маалыматтарда: Келдибеков, Дырылдаев, Бекназаров жана Анапияев төртөө жолугуп, УОКтун алдыдагы ишине колдоо көрсөтүү маселеси боюнча сүйлөшкөнү айтылууда.

4. УКМК уктаба...
Албетте, андай "Майдан" кыргыз оппозициясы менен АКШга аба менен суудай керек. Бирок биздин мамлекетке бир тыйынча да кереги жок. Себеби, андай башаламандыктан эч нерсе өзгөрбөйт. Тескерисинче, мамлекет артка кетет, керек болсо мамлекет болуудан да калып калышы мүмкүн. Ансыз да ар Кыргызстандын ар бир кадамын аңдып араң турушкан диний-экстремизмге, террористтерге да өз максатын ишке ашырууга шарт түзүлөт. Ири держава, акчасы арбын Америка үчүн мындай Кыргызстанда чоң тополоң чыгарып коюу иши анчалык оор иштерден эмес. Аталган мамлекет Иран, Ирак, Афганистан, Вьетнам жана учурда согуш жүрүп жаткан Украинадагы сценарийлердин автору. Айтор, бул жагынан тажрыйбасы да жетиштүү. Дагы бир жолу эске салсак, АКШ Кыргызстандын Орусия менен терең мамиледе болушун эч качан каалабайт. Оңтою келип калса, оңдурбай сокку урат. Ал эми бул маселе кыргыз оппозициясынын көктөн тилегени эмеспи.
Ошон үчүн биздин УКМК баштаган тартип сакчылары, күч органдары уктабай көзүн чоң ачып, мамлекеттин коопсуздугун, келечегин көздүн карегиндей сакташы зарыл. Экинчи маселе, АКШ менен кыргыз оппозициясынын мындай жаман тилегине, арам акчасына ар бир кыргыз азгырылып кетпей, акыл-эси менен каршы турушу абзел.

Айбек Шамшыкеев









??.??