presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Абдиевдин тамагына кеткен акчасы - мугалимдин 2 айлык маянасы
Аттуу-баштуу эле аксакал депутат Курмантай Абдиевдин айтканын угуп, күйбөгөн жерибиз күл болду. Аксакал аты бар ошол депутат "15 миң сом үчүн Нурлан Төрөбековго кылмыш ишин козгогон Башкы прокуратура уялбайбы. 15 миң сомду 2 киши түшкү тамагына эле коротуп коет" - деп жатпайбы кыжырды кайнатып. 15 миң сом эмес, 500 сомдук тоок уурдап, камалып жактандар толуп жатат. Бул эмне деген келжирек сөз? Курмантай Абдиев түшкү тамагына эле 15 миң сом коротсо, керээлден-кечке кезээрип иштеген мугалимдер 15 миң сомду 2-3 айда араң алышат. 15 миң сом үчүн кылмыш ишин козгогон прокуратура эмес, жасалма диплом менен депутат болуп отурган Нурлан Төрөбеков, кесир сүйлөгөн Курмантай Абдиев уялыш керек эле.


Үй-бүлөсүн Сирияга жөнөткөн адам кармалды
Чүй облусунун 10-бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын башкармалыгы менен бирге өзүнүн 5 адамдан турган үй-бүлөсүн Сирияга жөнөтүп жиберген жаранды кармашты. Маалыматта айтылгандай, 1986-жылы туулган Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жашаган М. Айбектин үйүнөн диний-экстремисттик мүнөздөгү 175 диск, 12 баракча, компьютердин системдик блогу жана 2 ноутбук табылган. Компьютерде Сириядагы экстремисттик жана джихаддык ишмердикке чакырык менен материалдар болгон. Опер кызматкерлер анын бардык кат алышууларын текшерип, Айбек 2014-жылдын октябрында өзүнүн атасын, эки бир тууганын, карындашын, келинин Сирияга жөнөтүп жибергени маалым болгон. Укук коргоо органдары кылмышка шектүүнүн жакындары учурда Сириянын Ракка шаарында экенин болжолдошууда.
Айткандай, экстремизмге шектелип кармалган жигиттин карындашы Сирияга кетээрден бир күн мурун кыргызстандык жигитке турмушка чыкмак. Бирок агасы аны джихадга үндөп, экстремисттик иштер үчүн Сирияга кетүүгө көндүргөн. Компьютердеги кат алышууларда белгилүү болгондой, кармалган жарандын карындашы ИГИЛ мүчөсүнүн бирине күйөөгө тийген.


"Ата Мекенди" эскилер ээлейби?
"Ата Мекен" партиясынын кадыры учурда кыйла эле түшүп кетип, Өмүрбек Текебаев баш болгон барандуу делген мүчөлөрү келе жаткан парламенттик шайлоодо кантип жеңишке жетебиз деп баш оорутуп жатышкан кези. Учурда аталган партия катарын жаңы адамдар менен толуктоо аракетин көрүүдө. Башкача айтканда, Нарындан Карганбек Самаковдун ордун Турсунбек Акун менен, Ысык-Көлдөн Эркинбек Алымбековдун ордун Өкмөтбек Алмакүчүков менен, Чүйдөн Өмүрбек Абдырахмановдун ордун Медеткан Шеримкулов менен, Таластан Равшан Жээнбековдун ордун атасы Бабырбек Жээнбеков менен толуктай турганы айтылып жатат. "Ата Мекен" партиясынын катарын толуктай турчулар эл да, бийлик да жээрип турган партияга шайлоодо күч бере алабы, жокпу айтуу кыйын.


Токтогулдун "Беш каманы" же Нарындын "беш катыны"
Айтылуу демократ акын Токтогул Сатылгановдун "Беш каманын" эске салып, Нарында калкка тынчтык бербеген "Беш катын" деген топ пайда болуптур. Бул туралуу Нарын облустук ИИБ башчысы Орозбек Молдосариев кабарлады. "5 катын" деген топ коомго терс таасирин тийгизип жатышат. Беш аялдын аркасынан чоңдор жамынып алып элдин ынтымагын бузууда. Чынында "5 эжекебиз" чектен чыгып кетишти. Ар нерсенин чеги болот" - деп жаны кашайды.


Аида айым үн катты
Экс-башкы прокурор Аида Салянова 28-январь күнү Коррупция менен күрөшүү боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда жакын арада кызматтан кеткенинин себептерин ачык айтаарын шардана кылды. Бул тууралуу, "мен убактылуу тайм-аут жарыялаганга мажбур болдум. Мага кызмат ордума калышым үчүн көп нерсени жасоону сунушташты. Мен өзүмдү зордоп араң карманып турам, айрым маселелерди ачыкка чыгарбай. Жакынкы убакта өткөн иштер менен келечек пландарым боюнча өзүмдүн оюмду айтам. Мен силердин колдооңорду күтөм. Мен билем, силердин артыңарда өлкөнү өзгөртө алчу чоң күч бар", - деп билдирди. Сыягы, Аида айым коомчулукка кызыктуу маалыматтарды ачыкка чыгармай болду көрүнөт.


Бизге бензин 25 сомдон эле келет
Экономика министри Темир Сариевдин айтымында Кыргызстанга келген бензиндин бир тоннасы 580 доллар, литрлеп эсептегенде бир литри 25,2 сомдон айланат экен. Ортодогу кызыл кулактар 15 сомдон кошуп жатканын дагы кошумчалады. Элдин эсебинен оңбогондой олжого тутунуп жаткан арам тамактарга таасир этчүлөр табылаар бекен?


Сыйлыгыңыздар менен!
Гезитибиздин өткөн санында балакатка жете элек авторлорубуздун бири "Турдубек Чокиев менен Гүлмира Эсенгулова Токтогул сыйлыгын жөн жерден алган" дегендей кылыптыр. Ооба, ар-ар ким өз оюн айтууга укуктуу, субьективдүүлүк деген нерсени кайда катмакпыз… Чын-чынына келгенде аталган эки инсан тең ондогон жылдар маданиятыбызга, анын ичинде искусствобузга чоң салым кошуп келаткандардан. Токтогул сыйлыгы алардын эмгегинин, дурус эмгегинин жемиши деп билели. Буюрса, жакын күндөрдө Турдубек мырза жана Гүлмира айым менен маек куруп, чыгармачылыгы менен кенен тааныштырып калаарбыз.









??.??