presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Сот реформасы тууралуу Осмонов ооз ачпай эле койсо болмок!
Парламенттин кечээги жыйынында "атажуртчу" Курманбек Осмонов сот арачылары тууралуу кеп козгоп, мыйзамда көрсөтүлгөн нерсе аткарылбай жатканына жаны кейигендей түр жаратты. Ал эми парламент жетекчиси Асылбек Жээнбеков сот реформасы жүрүшү керектигин, бирок, 20 жылдан ашуун убакыттан бери бузулган системаны заматта оңдой салыш оңой эместигин билдирди. "Эгемендүүлүктүн алгачкы жылынан бери акты кара, караны ак кыла турган соттор чыга баштады. Бирок, ошого карабастан сот реформасын жүргүзүшүбүз керек. Себеби адилеттүү мамлекетти куруу - адилеттүү соттон башталат" деп Курманбек Эргешовичти "жибек менен мууздагансыды". Курманбек мырза спикердин кыйытмасына түшүнсө түшүнгөндүр, түшүнбөсө анын кулагына акырын шыбырап коелу. 1991-1992-жылдары Юстиция министрлигиндеги сот органдарын башкаруу бөлүмүн жетектеп, андан соң эки жыл юстиция министринин орунбасары, алты жыл Конституциялык соттун судьялыгын аркалаганыңыз эсибизде. 2000-2002-жылдары ЖКнын Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты, кийинчерээк юстиция министри, 2004-жылдан тартып Жогорку Соттун төрагалыгын алты жыл ээлеп отургансыз. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери сот тармагында жооптуу кызматтарды аркалап, неге бул системадагы көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштебедиңиз экен? Азыр деле Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетте мүчөсүз, сот тармагындагы мүчүлүштүктөрдү комитет жыйынына алып чыгып, аларды чечүү жаатында сунуш-пикирлериңизди ортого жайсаңыз болбойт беле? Андыктан, сын айтаардан мурда ошого жараша иш кылганыңыз оң болор…


Текебаевди сөккөн ким?
Депутат болгонуна анчалык көп убакыт боло элек "Ата Мекен" фракциясынын өкүлү Уланбек Нуркулов дегендин амбициясы аябай эле күчтүү экен. Анан дагы башка фракциялаштарына окшоп, Текебаевди көп теңине ала бербейт көрүнөт. Өткөндө "Ата Мекен" фракциясынын башчысы Өмүрбек Чиркешович дал ушул Уланбек Нуркуловду Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин башчылыгына отургузмакчы болгон. Бирок ортодон ал оюнан кайтып, Карганбек Самаковду ордунда калтырганда Уланбек Нуркулов жанындагы эки-үч кесиптешине "сөзүнө турбаган ошону урдум"- деп Текебаевди жети атасына жеткире ашата сөккөн экен. Билинбегени менен Нуркулов деле оңой эмес депутат окшойт.


Жаштарга жол ачылууда
Ошентип 35 жаштагы Индира Жолдубаева Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш Башкы прокурор болуп шайланды. Парламентке айда-жылда бир келген эл өкүлдөрү ошол күнү чыгынып, парламентке келишти. Жыйынга катышкан 107 депутаттын 105и Жолдубаеванын талапкерлигин колдоп беришти. Жолдубаеванын кандай иштээрин көрө жатарбыз, бирок жогорку мамлекеттик кызматтарга жаштардын жаңы толкуну келе баштаганын жакшылыктын жышааны катары кабылдагандар көп. Министрлер Элвира Сариева, Алтынбек Максүтов, Геология агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев жана башкаларды жаш муундун өкүлдөрү десек болот.

Түштүктө коррупционер көппү?
Биз урматтаган Өмүрбек Суваналиев деген генерал "Көпчүлүк коррупционерлер түштүктөн чыккандар. Ошол аймактан колдоо табуу үчүн бийлик ошолор менен сүйлөшүүдө. Ошолор партияларга киришет, ошолор парламентке өтүшөт дагы, көпчүлүк болуп Конституциянын нормаларын, анын ичинде президентти шайлоонун тартибин өзгөртүшөт" - деди. Азыр Кыргызстанда коррупцияга малынбаган саясатчы, чиновниктер аз. Андайлар түштүктө дагы, түндүктө дагы толуп жатат. Түштүк жактык коррупционерлерди өзгөчөлөнтүп айтканы Катаниге кадыр алып келбейт. Эл көзүндөгү саясатчы болгондон кийин айтаар сөзүн салмактап алып анан саймедиресе болмок экен...

Имангазиев иштен алынсын!
Өткөн жылы жай айында Өмүрбек Текебаев Камчы Көлбаевге жүгүнө кызмат кылып жүрөт деп айыптап, Ысык-Көл районунун акими Раимбек Имангазиевди жакшы эле "жакалады" эле. Анысынан майнап чыкпай, манчыркаган райондук чиновник дагы деле өз кызматында. Эл кызматында эмес, өз кызматында жүргөн Раимбек Имангазиевди эми вице-премьер Дамира Ниязалиева катуу такалады. "Ысык-Көл району былтыр планды толук аткара алган жок. Ушул райондон чогулган салык менен эле бүтүндөй облустун көрсөткүчүн көтөрүп койсо болот. Бул жакта 200дөй пансионат бар. Эмне үчүн салык аз чогулат? Райондун акимине чара көрүңүз" - деп облус губернаторуна тапшырманы катуу берди. Чынында эле Ысык-Көл району Кыргызстан боюнча эң бай район. Бул аймактын акимчилиги криминалдардын көзүн караган эмес, иштин көзүн билген, таза, чечкиндүү кадрларга берилиши керек. Эмилбек Саламатович Имангазиевди эртерээк иштен алаарына ишеним артып туралык...










??.??