presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Шакемдин "Агындыларын"
улай аккан ойлор

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин "Агындыларын" сурабаган, издебеген адам жок го дейм. Окуп алып, бир эле сыйра эмес кайра-кайра окуп тамшанып, өз оюн басма сөз аркылуу, интернетте жарыя кылып жаткандар да арбын. Эл оозуна бат алынып, элге тез сиңип кеткен жаңылык чыгарма болуп калды.

***
Досум Алмазды, анын анекдотторун жазыптыр Шакем, кубандым. Досубуз Мелистин арбагын ыраазы кылыптыр Шакем. Ага да кубандым. Мекем өзү айтууга, элге түшүндүрүүгө үлгүрбөй калган нерселерди жаап-жашырбай ачып берип, Табылды кайнагамдын гана эмес башка дагы далай кишинин пикирин жакшы жакка оодарыптыр. Мелис Эшимкановдун саясий карьерасында Шакем жазып жаткан Алмаз Акматалиевдин тикелей тиешеси бар экенин айтпай кетпесем болбойт деп ойлойм. Шакем жазгандай Мелис комсомолдун пленумунда сүйлөп жатып "мен Жалал-Абаддык болом" десе эле Пленумдун түштүк жактык мүчөлөрү жапа тырмак колдоп кеткен эмес. Ал шайлоону уюштурууда бир топ аракет, бир топ интрига да болгон. Ал кездеги окуяларга мен сырттан караган күбө катары эле эмес, жигердүү катышуучу да болуп калган жайым бар. Мелис менен бир топ жыл үй-бүлөбүз менен катышкан дос да болуп жүрдүк эле 1994-жылга чейин, кийин катышпай калдык, жолукканда саламдашканыбыз болбосо. Баса, кийин кызы турмушка чыгып жатканда "Дасмия" ресторанынын жайкы серүүн багында өткөн тойго чакырды, барып, жаштарга каалоо-тилек айтып, тойлоп кеткенбиз мурдагы достор.
***
Ал кездеги окуяларды ирети менен кыскача айта турган болсом, 1987-жылы Илимдер Академиясынын жаштарынын арасында Прибалтика республикаларынын мисалында Элдик фронт түзүү, Кыргыз ССРинин экономикалык жана маданий маселелерди чечүүдөгү өз алдынчалыгын арттыруу демилгеси көтөрүлүп калган. Элдик фронттун негизги идеологдору Алмаз Акматалиев менен Райхан Төлөгөнов эле. Илимдер Академиясынын комсомол комитетинин секретары, комсомолдун Борбордук Комитетинин мүчөсү катары Алмаздын коомчулукта байланыштары да, кадыры да көп боло турган. Ошол биздин Академиялык саясий топко Мелис Эшимкановду Алмаз алып келип кошкон, ал кезде Мелис жаштар гезитинде иштечү. Анан Алмаз ЛКСМдин Борбордук Комитетине бөлүм башчы болуп кетти, кийин Мелисти ошол жакка Басма сөз секторунун башчысы болуп барышына түрткү болду. Ал эми 1991-жылы болсо Мелистин жаштардын "Ленинчил жаш" гезитине "түндүктөн түшүп" барышынын сценарий планын түзүп, аны уюштурган, комсомолдун пленумунун өтүшү боюнча ЦК түзгөн планын бузуп, алар тандаган кандидатураны четке кагылуусун камсыз кылып, аягында Мелисти шайлаткан ушул Алмаз Акматалиев болучу. Бул окуя жөнүндө дагы бир ыгы келгенде коомчулукка кеңири айтып берем деп ойлойм.
***
Шакемди энеси колунан жетелеп арык боюнда отурган абышкаларга алып барганын, ал жерде отурган абышканын бири агып жаткан муздак сууга кичинекей Шайлообектин чачын чала-була жибитип, мокок макиси менен маашырлана кырып жатканын окуп, элестетип алып көзүмдөн жаш чыгып кете жаздады. Анткени андай окуя баштан далай өткөн. Колхоздун алма багынын оозундагы үйдө жашаган Жунуш ата ары-бери өткөндө биздин короодогу боз үйгө көп эле кирип калчу. Отуруп ачкыл же чай ичип кете турган. Кай бирде энем мени чакырып Жунуш атанын колуна сала берүүчү, чачы өсүп жүдөп кетти, башын да ысык басып баратат, алып бере салчы деп. Ал киши шашпай чөнтөгүнөн макисин алып чыгып, маасысынын кончуна жанып курчутумуш болуп, анан менин чачымды катыратып кыраар эле, ылдый да тартып, анан тескери карай өйдө да тартып. Көзүмдөн жаш агып унчукпай отуруп берер элем, негизи чыдамкай, көк болчумун. Азыр ойлосом макиси өткөн жерине өтүп, өтпөгөнүн күчтөп эле жулуп салчу окшойт. Кийинчерек Жунуш ата биздин короого бурулганда эле огороддун баш жагын карай жылт койчу болгом.
***
Бешинчи класста окуп жүрсөк керек эле, кошуна турган Төлөн классташым экөөбүз Жунуш атанын макисинен кутулууну пландадык. Анын чачын дагы энеси далай жолу Жунуш атага кырдырган экен. Экөөбүз чач кырганды үйрөнүп, анан бирибиздин чачыбызды бирибиз кырып алып турмак болдук. Үйдөн "Нева" деген бритва салынып сакал алуучу станокту мен алып чыктым, Төлөн дагы атасынын станогун алып чыкты. Экөөбүздүн тең биринчи класста окуган инилерибиз бар, ойноп жүргөн жеринен аларды таап келип, огороддун башындагы арыктын боюна күчкө салып отургузуп, баштарын самындап жибитип туруп баягы сакал алгыч менен кырып кирдик. Экөө тең озондоп ыйлап жатышат. Бир карасам Төлөндүн инисинин моюнунан ылдый кан агып жатат, ал болсо "тынч отурбайсыңбы нең дуррайын" деп инисин жонго муштагылап жатат. Аңгыча бир киши (азыр ким экени эсимде жок) ат минип өтүп бара жатып токтоп калды "Ай, эмне кылып жатасыңар, карачы, башын шылып салгансың го" деп. "Чач алып жатабыз" дедик экөөбүз тең жер карап. Ал киши аттан түшүп, Төлөндүн инисинин чачын аягына чейин кырып, чөнтөгүнөн гезиттин айрындысын алып чыгып ширенке чагып күйгүзүп туруп кесилген жерге жабыштырып туруп кайра атына минип кетип калды. Ага чейин мен инимдин башын кырып бүтүп калгам. Ошентип чачты лезвия менен кырганды үйрөндүк, анан чынында эле бирибиздин чачыбызды бирибиз алып, Жунуш атанын макисинен кутулуп калганбыз. Жетинчи-сегизинчи класска барып калганда атамдын, а түгүл класс жетекчибиз, физика мугалими Бостери агайдын да чачын жылтыратып кырып берип калдым.
***
Чоң атам Турсунбай өмүр бою мугалим болуп иштеди, 1926-жылдан баштап аягы 1968-жылы мага сабак берип, анан пенсияга биротоло чыкты. Бою 190 дой зор болгону менен бир да кишиге катуу айтпаган, мүнөзү жумшак киши эле. Ошол жетинчи-сегизинчи класстарга барып калганда тил укмак тургай, чындап эле катуу таяк да жей турган үч "эксперимент" менен кармалдым, ошондо Турсунбай атам бир ооз да катуу айткан эмес. Тетирисинче шашпай отуруп, ошол иштин көзүн айтып, кандай жасала турганын түшүндүргөн эле. Атамдын ушунчалык токтоо, сабырдуу экендигине азыр да таң калам. Ал окуяларды да убагында келиштирип туруп аңгемелеп жазуум керек экен деп ойлоп койдум. Шакемдин "Агындылары" чынында эле ошондой багыттагы чыгармачылыкка шыктандырып салды. Автобиографиялык чыгарма жазуунун өзүнчө бир жаңы стили ачылды да, Шакемдин "Агындылары" менен. Мен эле эмес, дагы далай киши ушундай ыкмада бир топ кагаздын бетин карала кылат го деп да ойлоп койдум. Атам Турсунбай санжыраны, дастандарды жакшы билер эле, "Куранды" баштан аяк жат билчү, таң эрте анан кечинде жатаарда бир сааттан ашык убакыт сөзсүз Курандын аяттарын окуй турган. Кичинемде атамдын куранды кырааты менен окуп жаткан үнүн, анан энемдин сүт тартып жаткан сепараторунун үнүн тыңшап ойгоноор элем. Балалыкты эстегенде ушул эки доош азыр дагы кадимкидей кулакка угулат...
***
Шакем "жиндилер" жөнүндө укмуш философиялык ой жазыптыр. Азыр айыл ичинде андай жиндилер жок болуп, ошондон улам бүтүндөй коом жинди болуп калды деген тыянагы чындыгында кишини ойлонтпой койбойт. Биз кичине чакта биздин айылга Кубат деген киши келип калаар эле, "Кубат жинди" деп коюша турган. Жайы-кышы дебей үч-төрт тукаба пальтону кабаттап кийип алар эле ал киши. Кай бирде көөнөрүп эскирип калган кара кыйыктуу кыргыз калпак, кай бирде шляпа кийип жүрүүчү. Сыйдаң муруту бар дайыма күлүмсүрөп жүргөн сары киши эле. Дайыма колтугунда папке боло турган. Аны көрүп калсак "жинди Кубат" келди деп бир топ бала ээрчип ала турганбыз. Келип эле биринчи дүкөнгө кире турган "Салоом алейкум, мен йевизоймун, йевизия кылганы келдим, текшейем" деп чулдурап дүкөнчү Акай абага кайрылчу. Колтугундагы папкасын ачып кагаздарды алып чыгып көрсөтүп да калчу, алар эмне кагаз экенин ким билет. Акай аба дагы "Оо... Кубат ревизор келип калган турбайбы, кандайсың, дениң сакпы, көптөн бери жоксуң го?" - деп бажактап учурашып калаар эле. Анан сөзсүз арак куюп бере турган граненный стаканга. Жаңылбасам бир аз акча-тыйын да берчү окшойт. Дүкөндөн чыгып Кубат жинди устаканага, андан ары почтага, колхоздун кампасына барып, ал жакта дагы "йевизия" кыла турганын айтып, бирдемелерди чулдурап сүйлөп, ошол жердеги элге эрмек болчу, улам бирдеме сурап кыраан-каткырык болуп эле калышчу. Анын кайдан, кайсы айылдан экенин билбейт экемин. Жол тосуп, машинеге отуруп кетип калчу. Ал дагы эч кимге зыяны жок Кудайдын бир момуну окшойт, азыр ойлосом. Ошондой эле "Майор" деген дагы бир жинди киши келип калчу биздин айылга, анын кебетеси башкача болчу, андан биз коркчубуз, жанына барчу эмеспиз. Шакемдин жиндилер жөнүндө жазганы чынында эле бир топ ойго салып койду кишини... Балким Кудай аларды коомго "эскерткич" катары, ыпластыкты өздөрүнө сиңирип алып кетчү "тазалагыч" катары жаратканы чындыр.
***
Сансызбай агай жөнүндө көп жазыптыр, ал кишини жөнөкөйлүгүн, студенттерине атасындай мээрим менен мамиле кылып, а түгүл мас болуп милицияга түшүп калса 15 сомду штрафын да төлөп бергенин айтат Шакем. Таң калдым. Биздин мехматта андай болуусу да мүмкүн эмес болчу, дароо эле айдап чыгарылчу окуудан, андай чатагы бар студенттер. Сансызбай агай менен мен 1975-жылы университетке тапшырып жатканда жолуктум. Математика жазуу, математика оозеки анан физика оозеки экзамендеринен төрт деген баа алып, эми өтсөм да өттүм, өтпөсөм да өттүм деп дердеңдеп жүрсөм Сансызбай агай кыргыз тил сочинениеден эки коюп салыптыр. Апелляцияга кирип, агай менен өзүм жазган сочинениени талдап, а киши менен талашып отургам. Мен үч койсо болот дейм, анткени тогуз ката жалаң үтүрдөн кетиптир, аларды мен үч эле ката катары саноого болот деп далилдеп жаттым, анткени болгону үч эле эреже бузулган. Агай болбойт, жок үчкө оңдой албайм деп. Ошентип тартышып жатсак Жолдош Жусаев агай келип калды, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы экен. Ал киши менин жүйөлөрүмдү угуп туруп "профилдик сабактарын жакшы тапшырыптыр, үч эле коюп бербейсизби" десе, Сансызбай агай болбой койду, жок деп. Анан кайра бир аз жибидиби "Анда кайра жазсын, эгерде сиз кол коюп уруксаат бере алсаңыз" деди, Жусаев агай арызымдын башына "кайра жазууга уруксаат берилсин" деп жазды, колун койду. Ошону менен мен кыргыз тилден кайра экзамен берип, окууга өтүп кеткем. Кийин деле ойлоп жүрдүм - ошондо Сансызбай агай апелляциялык кароонун жыйынтыгы менен мага 3 деген бааны жөн эле коюп койсо болмок, тырышкан кырс киши болсо керек деп. Шакемдин китебин окугандан кийин ал агай жөнүндө пикирим өзгөргөндөй болуп калды, милицияга түштүм эле деп "сүйүнчүлөп" келген студентке өз чөнтөгүнөн акча чыгарып берип жаткан деканды элестетиш кыйын эле. Жарыктык киши мага карата эмне себептен анча көшөрүп койду экен ошондо?
***
Агындаларды улай аккан ойлордун аягы көрүнчүдөй эмес. Шакемдин китебинин элге сиңимдүү болуп калганынын дагы бир себеби ушунда окшобойбу, окурманды ой-боюна койбой айылга карай алып учуп, тээ алтымышынчы-жетимишинчи жылдардагы турмуштун шарына чумкутуп, кайрадан бала кылып, көчөнүн чаңын буркулдатып жылаңайлак чуркатып, чүкө талаштырып мушташтырып, кезүү кайтартып уйдун артынан дегдеңдетип чуркатып, аларга ээ боло албай эгинге киргизип жиберип көздүн жашын көл кылып ыйлатып, койчу деги ар кимди эбак унутта калган, түш сымал үрүл-бүрүл болуп жок болуп бара жаткан жомок дүйнөгө кайра учуруп жеткиргенинде окшобойбу. Орустар ностальгия деп коюшат эмеспи. Адам өзү сезбегени, туйбаганы менен балалык доорун сагынат көрүнөт. Ошол балалыкка кайра кайрылуунун өзү ар кимибиздин ичибизде катылып жаткан адамдык аруу сезимибизди козгоп, саамга болсо дагы адамдык кейпибизди кайра кайрып келет экен. Шакем бул китебин жазуу менен ошол АДАМ болуунун сырын ачканбы деген ой келди.
***
Бар бол Шаке, бул эмгегиңиз менен салкын тартып, кунары кетип, пейили бузулуп бара жаткан коомубузга кандайдыр бир жылуулук алып келе алдыңыз. Өзүңүз ачкан "Кайдыгерлик философиясын" жандыруунун ачкычын өзүңүз тапкан көрүнөсүз.
Эмилбек Каптагаев
Каракол шаары,
2014-жылдын декабрь айы











??.??