Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Дин-
дилибизде,
а саясат кайда баратат?

Азан үнү кандай керемет. Балалгым исламдын тазалыгын, Алланын жалгыз экенин, анын кудуретин угуу менен өттү. Чоңоюп бой жеткиче эле пайгамбарлар тууралуу баяндар менен өстүк. Балким, мага ар кандай мамиле кылгандарга да унчукпай, көңүл бөлбөй койгонумдун бир себеби ошол тарбиядан болсо керек. Ар бир адам өз кылган иши, айткан сөзү үчүн Жараткан алдында жооп берет дегенге терең ишенем.
Кийин исламдын улуулугун дагы да билгим келип, башка диндер менен салыштырып, христиан багытындагы ар кандай диний агымдагылар байырлаган жерге барып, аны тутунгандардын катарына мен жакшы тааныган жаш кыздар кирип кеткенин көрүп жүрөк ооруган күндөр болду. Ислам дини боюнча аялдар баян уккан жерге барып, балалык кездеги баяндарды эшиттим. Курани Каримдин кыргызча которулганын окуп, исламда туура эмес багыт деп билинген ахмадиятчылар менен баарлаштым, ар кандай багытта сүйлөшүп, талашып-тартышкан учурлар болду. Адам дегениң кызык экен, кайда барсаң да Жаратканды издегенин көрөсүң. Ар ким ага баруучу жолду ар башкача тандап алган. Бала кездеги тарбия күчтүү болот дегенге өзүмдөн кийин ынандым. Канча түрдүү пикирлерди укпайын, канча киши менен сүйлөшпөйүн, Ислам-менин диним, аны тутунууда жан дүйнөң таза болуш керек деген түшүнүк мээме орноп калган.
Беш маал намаз окуп, дилин таза кармагандарга суктануудан тажабайм. Бирок, арабдарды туурап узун чапан кийгендерди, анан да чапаны кир боюнча жүргөндөрдү, сакалын тарап, тегиздеп албагандарды көрүп аларга иренжип кетем. "Биздин өлкөдөгү демократиянын жеткен чеги ушубу?" деп коем аларды карап капа болуп, үйгө келип кире электе дарбазаны такылдатып "сиз түбөлүк жашагыңыз келеби?" деп Ыйык китептен окуп берүүгө даяр турган кыргыз аялдарды көрүп. Дүйнө эли корккон диний карама-каршылыктардан коркпой, ушунча көп диний агымдарды кучагыбызга батырган биз демократиянын жеткен чегинде эмей эмнедебиз?
Баарыдан да, диний себеп менен жаш жеткинчектердин мектепке келбей калышы өкүнүчтүү. Ысык-Көл районунда башка себептен эмес, диний көз карашта 7 бала окууга тартылбай келет. Сабакка тартылбаган жана жоолукчан кыздар (хиджаб) боюнча мониторингдин жыйынтыгы менен облуста түзүлгөн атайын комиссия тиешелүү адамдар менен жолугушуу өткөрүп, ага Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн, облустук, Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, РИИБнын, социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү, мектептин директорлору, дин кызматындагылар жана окууга тартылбаган балдардын ата-энелери катышкан. Анда бир канча ирет комиссия менен барганына карабай, кай бир ата-эне балдарын мектепке окутуудан баш тартып жатканын Кыргыз Өкмөтүнүн облустагы өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева күйүп-бышып айтып жатат.
Билим берүү институтунун маалыматына таянсак, учурда Ысык-Көл облусундагы 192 мектепте 25 бала окууга тартылбай келет. Анын арасында акыл-сезими, психологиясы өзгөргөнү, үй шартына байланыштуулары бар. Албетте, кагазда эмес, турмушта бул цифра мындан көп экенинде талаш жок.
Ал эми Ысык-Көл районунда башка себептен эмес, диний көз карашта 7 бала мектепке келбейт. Ананьево айылынан 1 үй-бүлөдөн 3 кыз, Темир айылынан - 1 үй-бүлөдөн - 3 бала, Кашат айылынан - 1 бала. Ошондо үч үй-бүлөнүн балдары бири 6-класстан кийин окууну таштаса, экинчиси 4-класста, 3 бала 3-класста окууну таштаган. Арасында 1-класска кирбегени да бар. Атайын комиссия алардын үйүнө бир нече жолу барган менен, бул балдардын ата-энелери мектептин директору, класс жетекчиси эмес, укук коргоо органдарын да тоготпой турат. Окууга барбаган кыздардын атасы "кыздар үйдөн чыкпашы керек, мен аларды эмне кылсам, өзүм билем" деген ойдон кайтпайт экен.
Дин кызматкери да балдар фундаменталдык билим алыш керек деген ойду билдиришип, ошол балдарын мектепке жибербеген ата-энелердин урук-тууганы да бул көрүнүшкө кайдигер эмес. Алар өз тууганынын үйүнүн ичиндеги акиташты кырып салып, капкара бөлмөнү намазкана ачып алганын, өзү болбосо үйүнө эч ким кире албаганын айтышууда.
Айтор, биздин өлкөдө абал ушуга чейин жетти. Анан мындан артык кандай болуш керек? КР мыйзамынын негизинде бала 9-классты окуп бүтүрүүсү зарыл дегенибиз куру сөз болуп калды. Биз экономикабызды көтөрөбүз деп жүрүп, диний иштерди унутта калтыргандайбыз. Мектепке барбаган балдардан бой жеткенде эмнени күтөбүз? Алар бизге кең келечек алып келе алабы? Мурда чоң сөз болуп келген мектепте хиджабды кийгизүү же кийгизбөө маселеси экинчи орунда калган өңдүү.
Менин бир таанышым да узун чапан кийип, үй-бүлөсү жок жүрөт. Өзү мектепти да, жогорку окуу жайын да өзгөчө жакшы бүтүргөн. Аны карап туруп, балким ал туура жолдо жүрөт деп да ойлоп кетесиң. Бирок, ошолор ар кандай провокацияга кирип кетпейт деп ким кепилдик берет? Алар азыр түз жүргөн менен, кийин "Алла үчүн алга!" дегенде баарын унутуп, кыянаттык жасачу солдат болуп тарбияланып жатканын ким билсин?! Муну ойлогондон да коркосуң. Кичинекей өлкөбүздө алаамат болуп кетпесе экен деп коркосуң. Себеби жыл өткөн сайын өлкөбүздө ар кандай диний агымдарды жайылткандар өз билгенин кылып, өзү каалаган "намазын"окуп жатышат.
Албетте, жоолук салынгандардын ыйманына сүйүнүшүбүз керек. Дин тутуп, Кудайга жалынгандарды көрүп дагы сүйүнүшүбүз керек. Бирок, динди акыл менен тутпай, жаш балдарын мектепке жибербеген ата-энелер үчүн сүйүнүшүбүз керекпи, күйүнүшүбүз керек!
Өлкөбүздө кызамык оорусуна каршы эмдөө жүрүп жатканда Ысык-Көл облусунда эмдөөдөн баш тарткан 147 учур катталган. Анын ичинен эң көбү Жети-Өгүз районунда - 43 учур. Дархан айылында - 23, Ак-Терек айылында - 20 адам эмдөөдөн баш тартышкан. Баш тарткандардын көбү диний көз карашта.
"Дин, укук жана саясат" көз карандысыз аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов НАТОго мүчө мамлекеттер терроризмге каршы күрөшөбүз деген шылтоо менен башка бир мамлекеттин ишине аскердик жактан кийлигишип жатат деп белгиледи. Ошондой эле, Жакынкы жана Ортоңку Чыгышка "демократияны орнотобуз" деген аракеттерин бүт ислам дүйнөсүн туруксуздаштырууга болгон аракет деп баалады. "Эки стандартты колдонгон геосаясий оюндар бүгүн дүйнөгө коркунуч туудуруп жатат. Ислам дүйнөсүндөгү абал азыр олку-солку болууда. Экстремизм менен күрөшүүдө эки жүздүү стандартты колдонуу, радикалдык топторду жең ичинен колдоо бул аймактарда туруксуз абалдын чыгышына шарт түздү. Сирия менен Иракта өздөрүн "Ислам мамлекетибиз" деп атаган топтор эми Борбор Азияда дагы башаламандыктарды уюштурууга аракет көрүп жатат", - деп белгилейт Маликов.
...Индиялык кайсы бир акылмандын "Бул дүйнө илимден, искусстводон жана динден гана турат. Ал эми саясат болсо жармач илимпоздордон, чала молдолордон жана искусстводо өз ордун таппагандардан келет. Жогоруда мен айткан тармактардын чыныгы өкүлдөрү саясатта аруу бойдон калышкан", - дегени эсимде бекем сакталып калыптыр. Анын сыңары, азыр эң таза деген ислам динин да булганыч саясатка аралаштыргысы келген, Кудайдан коркпогон саясат бар экенин эстен чыгарбасак болот эле.
Жумагүл
БАРКТАБАСОВА