presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Төлөбек Итигулов, белгилүү аккордеончу, обончу, Байтик айылынын Айылдык кеңешинин депутаты:
"Карганбек Самаковго эл өзү кезекке туруп үлүш жерлерин сатышкан..."
Редакциядан: 16 жашынан тартып музыка дүйнөсүнө кадам таштап, 30 жылга жакын Улуттук филармонияда эмгектенип, өз мезгилинде Кыргызстандагы "эң мыкты аккордеончу" деген наамга ээ болгон, кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү залкарлар: Алымкул, Осмонкул, Мыскал, МейликанТууганбай, Уркаш, Эстебес, Шаршенкул, Асанкул, Рыспайлар менен бирге иштешип, алардын таалим-тарбиясын алып, кыргыз күүсүн алгачкылардан болуп аккордеонго салган Төлөбек Итигуловдун маданият тармагына сиңирген 30 жылдык эмгеги акыркы жылдары унутта калып келаткансыйт. Анын чыгармачылыгын, кыргыз музыкасына кошкон салымын чанда гана адамдар эске алып кеп кылбаса, көбүбүз кайдыгер эле мамиледебиз. Бүгүн биз коомчулукка анча көрүнбөй кеткен Төлөбек байкени "таап" алып, кепке тарттык...

- Төлөбек байке, филармонияда канча жыл эмгектендиңиз жана эмне үчүн кетип калдыңыз?
- Филармонияда баш - аягы 30 жыл иштедим десем болот. Ушул узак жылдарда: атагы алыска, даңкы далайга кеткен менмин деген жазуучу, акын, ырчы, комузчу, төкмө акындардын баарын көрүп-билип, айрымдары менен иштешип да калдым. Тилекке каршы, алардын көбүнүн таланты өз учурунда бааланбай, керек болсо азыр да эскерилбей, унутта калып кетти. Көпчүлүгүнүн наамы жок. Негизи мен филармониядан кетмек эмесмин. Бирок бир себептер менен кетүүгө туура келип калды. 1970-жылдардын аягында артистерге үй берилет деп айтылып калды. Үй алуу боюнча биринчи мен, экинчи Тууганбай Абдиев, үчүнчү Окен Усубалиев болчу. Мен ал кабарды уккандан кийин командировкада жүрсөм, үй бөлүнүптүр деп угуп филармониянын директоруна кирсем, ал: " Үй башкаларга берилип кетиптир, сен жашыраак экенсиң, кийинкисинде ал" - дегенде, жиним чукул жаным, таарынып филармониядагы кызматымды таштап кетип калдым. 10 жылга жакын айылда мектепте музыкадан сабак берип жүрдүм. Бир нече жолу филармонияга келип иште дешти, бирок барган жокмун. Кадимки Асанкул Шаршенов менин өкүл атам болчу. Ал киши 1987-жылы филармониянын директору Абдырасул Жунушев экөө үйгө келишиптир. Асанкул: "Төлөбек мен 60ка чыктым. Баягы илгерки сатираларды жандантып, элге жакшынакай концерт коеюн деп жатам, жүрү филармонияга"- деди. Макул болуп, Асанкул атамдын концертине мыкты даярданып, 3-4 күн концерт койдук. Концерттен кийин экөө тең: "Иштеп эле жүргөн жериң, иштей бер эми"- дешкенден кайра иштеп калдым. 1994-жылы менчиктештирүү деген балээ чыкпадыбы. Мына ушул маселе боюнча америкалыктар бизге бир жакшы сунуш айтып калышты. Алар бизге акча төлөп беришет, биз болсо республиканы кыдырып бекер концерт коюп турдук. Бул долбоор менен бир бригада (мен, Алтынбек Сапаралиев, Жусуп Толтой, Жамиля Муратова ж.б.) артист 1997-жылга чейин иштедик. Филармониядан айына миң сом алып иштеп жүрсөк, алар бизге 5-6 миң сом төлөшчү. Ошол жылы Токтосартов филармониянын директорлугунан кетип, анын ордуна Амангелди Керимбаев келип калды. Ал экөөбүздүн мамилебиз начар болчу. Гастролдон келгенде эле, өзүм филармониянын бугалтериясына барып эсептешип, кызматтан кетүү боюнча арызымды жазып алып Керимбаевге кирсем: "Ай, ушундай мыкты жигитсиң да. Мен деле өзү кетет деп ойлодум эле..."- деп дароо арызга кол койду. Ошентип, филармониянын эшигин жаптым.
- Азыр эмне менен алексиз?
- Байтик айылында мугалим болуп бир топ жыл иштедим. Былтыртан бери Воронцовкадагы мектеп - гимназияда музыка сабагынан берем. Андан тышкары, майда оркестрим бар. Байтик айылында айылдык кеңештин депутатымын. Пенсияга чыккам. 4 балам, 5-6 неберем бар. Тилекке каршы, азыр балдарымдын арасында менин жолумду жолдоп, чыгармачылык менен аралашкандары жок. Мурун бир балам Марат Алыбаевдин эстрадалык тобунда ырдап жүрчү, ал топ чачырап кеткенден кийин ырдабай калып, Кореяда иштеп калды. Балдарым баары Кореяда жылдап иштешип, буттарына туруп, үй-жайлуу болушту.

"Кошоматчы болсом, эчак Эмгек сиңирген жана Эл артисти наамын да алмакмын..."
- Чыгармачылыгыңыз кантип жатат? Такыр таштап койгон жоксузбу? Дагы эле аккордеонго күү салып жатасызбы?
- Такыр таштап салуу кыйын да. Буюрса, эмдиги жылы 70ке чыгам. Мына ошол юбилейде өзүмдүн 20дан ашуун обондорумду азыр ырдап жүрүшкөн ырчыларга ырдатып, колдон келишинче белгилеп койсокпу деген оюм бар. Илгери Сексенбай Алмамбетов деген чоң аккордеончу бар экен. Мен аны эки жолу издеп барып, көрүшө албай калдым. Ошону көп айтып калышчу. 1964-жылы Шекербек аксакал: "Ай, балам колуң шыктуу, аккордеонго күү салып көрбөйсүңбү?"- деп калды. Ошентип, ал комузду чертип турду, мен бөлүп-бөлүп, ошондо биринчи жолу "Ибаратты" аккордеонго салдым. Жаңыдан гана салып иштеп бүткөндө Эстебес байкем: "Абдан сонун болуптур, азыр эле биз менен чыгып, элге аткарып бер, анан кийин Көркөм кеңештен өткөзөбүз"- деп бүтүм чыгарып койду. Ал айткандай болду. Эл абдан жактырып, шатырата кол чапты. Негизи ал кезде жаңы жаралган чыгарманы Көркөм кеңештен өткөзмөйүнчө элдин алдында аткарууга такыр уруксат жок болчу. Андан кийин "Миң кыялды", "Кыргыз көчүн", казактардын "Сар аркасы" баштаган 3-4 күүсүн аккордеонго салдым. Алматыга барып "Сар арканы" ойносом, кайра-кайра суранып аткартышты. Көрсө, алар үчүн да жаңылык экен. Аккордеондо күүнү жакында эле арабыздан өтүп кеткен Гүлзат Батырканованын атасы Эркин Батырканов жакшы аткарат.
- Филармонияда 20-30-жыл иштеп, аккордеонго биринчи болуп кыргыз күүлөрүн салып жаңылык киргизген өнөрлүү адамдын кандай наамдары бар? Жок дегенде Эмгек сиңирген артисти болдуңуз беле?
- Ошол наам да жок. Болгону "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белгини беришкен. Узак жылдар мектепте иштеп жүрүп "Эл агартуунун отличниги" болдум. "Эмгек сиңирген артист" деген наамга 2 жолу көрсөтүштү, бирок экөөндө тең революция болуп кетип каралбай калыптыр. Менин тагдырым ошондой окшойт. Андан кийин мораторий болуп калды дешти. Бир ирет Ф, Кулов: "Неужели эмгиче наам ала элексизби? Срочно алып берем" деген. Андан деле кабар жок. 2011-жылы Отунбаева наам берип жатканда менин документтеримди таппай калдык деп Чүй облустук маданият бөлүмүнө чалышкан го. Алар мага чалышып: "Эки күндө документтериңиздин баарын топтоп бериңиз"- дешти. Эки күндө балакеттин топтоймунбу. Ошону менен калды. Бир жолу Шайлообек Дүйшеев ошол кезде президенттин сыйлык - наам тапшыруу боюнча жооптуу катчысы болуп иштеп турган Бүбүкан Досалиевага телефон чалып, мага наам алып берүү маселесин карап коюшун өтүндү. Ал киши: "Төлөбек байкени мугалим экен деп жатышат" деп коюптур. Шакем жакшы эле түшүндүрүп айткан болду. Көңүлүм деле калып калды. Сурагым деле келбейт.
- Музыка сабагынан мугалимисиз да, ага чейин филармониядагы эмгекти эске алышы керек эле да...
- Кана эми айттырбай эске алышса... Бурулча Какишева, Солтонбек Шаршенов, Сейткулова деген мен деген артисттер деле албай калышпадыбы. Солтонбек байке наам тууралуу сөз болгондо мага: "А, байкушум, сен да бир тагдырдын тамашалуу оюнунда калып калдың окшойт" - деп койчу. Эгер мен кошоматчы болсом, пара берсем, Эмгек сиңирген жана Эл артисти наамдарын эчак алмакмын. Мен кошомат кылганды, чоңдорго жагалданганды жаман көрөм. Кыялым чукул, тескери көрүнүштөрдү, кемчиликтерди бетке айтам. Кошоматчылар сыйлык - наам алып эле жатышпайбы. Керек болсо, менден кийинки ырчылардын көбү алышты. Алардын эмгеги канчалык экенин эл айтпаса, мен айта албайм.
- Түшүнүктүү. Эмгегиңиз бир күнү болбосо, бир күнү кайтып калгысы бардыр. Айылдык кеңештин депутаты экенсиз. Байтик чоң айыл. Айылдагы көйгөйлөрдөн кыскача айта кетсеңиз?
- Биздин айыл чоң айыл. Анчалык деле күйүп жаткан чоң көйгөйлөр жок. Ошентсе да айрым көйгөйлөр бар. Айылдын жарымын "Байтик ынтымак" деген дыйканчылык менен алектенген кооператив багып жатат. Болжол менен анда сексендей адам иштейт. Бул эми азыркы күнгө чейин илгерки колхоз-совхоз деп койсок болот.
- ЖКнын депутаты Самаковдун Байтиктен сатып алган жерин жакшы билет экенсиз да. Азыр ал ошол жер маселеси боюнча кишини жамандап жатышпайбы. Бул боюнча эмне дейсиз?
- Карганбек Самаков убагында биздин айылдан жаңылбасам 80 гектардан ашык жердин 1 гектар жеринин баштапкы баасы 8 миң доллардан сатып алган. Кайрак жерлердики андан арзан болду. Элге ушул маселе боюнча жыйналыш кылышканда, ал жерде мен да бар болчумун. Ал кезде болгон баа ушундай болчу. Эл өзү Карганбекке үлүшкө тийген жерлерин сатышып, үй, машине алышып, жашоо-турмуштарын оңдошкон. Мен элди кыдырып, кийин жер керек болот, азыр сатпай турсаңарчы деп айттым. Угушкан жок. Аксакалдар: "Балдарыбыз машине алабыз, антебиз-минтебиз" - деп ыйлап жатышат дешти. Кезекке туруп сатышты. Милийса барып жериңди сат же болбосо айылдан көчүрөм деп кыйнаган жок. Кийин кимдир бирөөлөр: "Арзан сатып жибериппиз"-деп чыгышканда, Самаковдун Абай деген жардамчысы элге келип жыйналыш кылып: "Нааразы болсоңор, жериңерди кайтарып беребиз. Акчасын бергиле"- деди. Мен да чыгып өз оюмду айттым. Себеби мен ал кезде аксакалдар кеңешинде мүчө болчумун. Эч ким акчасын берип, жерин алышкан жок. Себеби баары тең эле машине, үй сатып алышкан да. Анан кайдагы акча? Кыскасы, Байтикте сатылган жердин тарыхы ушундай.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев











??.??