presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Эки буттуу айбандарды биттеш керек. Аны түз эфирде өзүм жасап бермекмин!
Менин кесибим гумандуулук, 63 жыл хирург болуп иштеп келдим. Ушул аралыкта 20 миңден ашык ар түрлүү ооруларды операция жасап айыктырдым. Менин скальпелим, колум тийбеген адамдын бир дагы органы калбаса керек. Жаш баладан баштап 114 жашка чыккан адамдарга операция жасадым. Мунун ичинде БКнын катчылары, министрлер, бандиттер, алкоголиктер, наркомандар бүт баары бар. Биздин милдет гумандуулук кесип болгондон кийин, чоң-кичинесине карабай, ылгабай, министрсиңби, бандитсиңби баарын бир түрдө карап, өмүрүн сактап калуу. Бул милдетти мен так аткардым деп эсептейм. Эми урматтуу окурмандар, телевизордон, газеталардан көрүп окуп жатасыңар, айрыкча кийинки жылдарда арабызда адам аты бар жырткычтар көбөйө баштады. Айрыкча жаш балдарды кыйнап өлтүрүп, зордуктагандар. Эмне үчүн көбөйүп баратат? Менимче, азыр эгемендик алгандан тартып демократияга өткөндөн баштап, бул адамдар эч нерседен, кудайдан, бийликтен, партиядан коркпой калды. Мурун союз убагында кудайдан, партиядан, коркчу эле, сыйлачу эле, азыр кудайды да, партияны да тоготпой калды. Азыр биздин кээ бир мыйзамдарыбыз эч нерсеге жарабайт же тескери маани берип калды. Ар бириң ойлоп көрчү, ар бирибизде бала, небере чөбөрө деген бар. Эми ушул адам аты бар чочколор кенедей наристени мыжып, чыйылдатып, өкүртүп, бакыртып, эсин оодарып кыйнап, ушундай айбанчылыкты кылып жатса, ушул балдардын кыйналганын, жанталашып чыңырганын ойлосом өзүм жаман абалга калчу болдум. Айла жок ачуум келип, болгон билген сөзүм менен сөгүп, ушундай иттер менин колума түшүп калса гумандуулукту эске албай, эч наркоз бербей туруп, бир заматта ошол органын кесип алып, өзүнүн оозуна тыгат элем. Бизде өлүм жазасына тыюу салган былжырак мыйзамыбыз бар. Ушул мыйзам кабыл алынганда эле каршы болчумун. Себеби мен депутат болуп жүргөндө көп жыл кечирим кылуу боюнча комиссияда мүчө болуп жүрдүм, анда атуу бар эле. Ошол атууга кеткендердин өздүк иши менен таанышканда адам чыдагыс, мыкаачылык иштерди көрдүм. Кээ бири эки-үчтөн киши өлтүргөн, өлтүргөндө дагы ушунчалык мыкаачылык менен кыйнап өлтүргөн. Бирөөсүнүн дагы өлүм жазасына кетишине каршы чыккан жокмун, тескерисинче биринчилерден болуп колдоп турдум. Ошондо бир депутат чыгып алып, Мамбет Мамакеевич, сиз өзүңүз врач болуп, адамдын өмүрү үчүн күрөшүп келатасыз. Бул жерден негедир тескерисинче кылып жатасыз го - дейт. Мен врач болсом дагы мындай жаланкычты эч качан колдобойм дегем. Өмүр бою эл-журтка, үй-бүлөсүнө жакшылык кылбаган, адам санын көбөйтүп, бүт элди, сууну, абаны бузуп жүргөн бузукуну мамлекеттин эсебинен багып, үч маал тамак берип, жаткан жерин таза кармап, убактысы менен тазалап, мончого түшүрүп багып жатсак, адилеттүүлүкпү? Кайсы эмгегине, эмне кылган жакшылыгына? Күнүнө 150 сом тамагына эле чыгым кылат экенбиз. Биздеги бечара оорулуулар өмүр бою ак иштеп, элим, жерим деп ак ниети менен эмгектенип жүргөн адамдарга күнүнө тамакка 50 сомдон ашпаган акча бөлүнөт. Ушул кантип теңдик болсун. Азыр эл-журттун баары бул айбандарды көрүп, угуп, кээ бирөөңөр өзүңөрдүн оюңарды айтып жатасыңар. Буларга азыр элдин ушунчалык заары чыгып турат. Көпчүлүгүнүн ою мыйзамды өзгөртүп, тез арада өлүм жазасын киргизиш керек. Болбосо мындай айбандар көп, күчөгөндөн күчөйт, азайбайт. Дагы менин оюм, окурмандарга, бийлик башчыларына айтаарым макул, бул айбандарды өлтүрбөй тирүү калтырып, түрмө болсо да түбөлүк өмүрүн сактап калалы. Бирок жазалаш керек, албетте күнөөсү толугу менен далилденсе. Эмне үчүн күнөөсү далилденсе дагы СИЗОго кармап, тергөө жүрүп жатат деп эле созо бересиңер, түшүнүксүз. Менимче ушундай адамдарды кармалаар замат, дагы айтам күнөөсү толук далилденсе, мындай адамды түрмөгө эмес түз эле бизге, хирургияга алып келиш керек. Бул адамдар оорулуу адамдар, соо киши муну жасабайт. Оорулуу болгондон кийин бизде, хирургияда "ооруган жерин" алып салабыз, ал операциянын аты биттеп салуу же "кастрация" деп аталат. Мен эч наркоз бербей, ушунчалык аеосуз, сонун кастрация жасап берет элем. Бир шарт, ушуга макул болсоңор, операцияны телевидение аркылуу бүт элге түз эфирде көрсөтүш керек. Ошол көрсөтүүнү кийин теледен бир нече күн көрсөтсө, мына ошондо анча-мынча адамдык сапаты калса "жашайм, бала-чакалуу болом" дегендер ойлонуп, мындай укмуштар жоголот эле. Себеби адамга, жашоодо эң керек бирден бир ырахат алып келчү ушул орган. Дагы бир шартым, кийинкилеринде ушундай операцияны жасаган хирургдун аты - жөнүн эч бир жан билбеш керек, себеби анын дагы бала-чакасынын, өзүнүн коопсуздугун сакташыбыз керек. Өлүм жазасы киргизилбесе дагы, ушул хирургиялык жол менен кастрация жазасын киргизишибиз керек. Бул операциядан алар өлбөйт, бирок эшекче азынабайт, бычылган айгыр, букадай (ат, өгүз) болуп өмүр бою кор болуп өтүшөт. Аял алам, бала көрөм дегенден үмүтү үзүлөт.
Кыскача мындай адамдардан тез аранын ичинде кутулуш керек, өлүм жазасы керек, булар өлгөндө элдин, өлкөнүн бир чети кемип калбайт, тескерисинче жер, суу, элдин ден соолугу, тартиби, адамгерчилиги бир топ оңоло түшөт эле деген ойдомун.
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик Мамбет Мамакеев





Чубак ажы Жалилов, дин аалымы
"Дин маселесинде демократиянын кереги жок! Болбосо эртең өзүбүз Сирия болуп калабыз"
Сириядагы согуш бул сунниттер менен шииттерден ортосунда болуп жатат. Шииттер өздөрүнүн картасын кеңейткилери келүүдө. Иран, Ирактын кээ бир жери, Азербайжан, Тажикстандын Памири шииттер. Мусулмандарды бөлүп-жаруу үчүн ушундай кылып жатышат. Азыр дүйнө мусулмандарынын 90 пайызы сунниттер, 10 пайызы шииттер. Качан экөөнү тең салмакка алып келгенде, экөө бири-бирине тең салмак душман болгондо мусулман эместерге биз даяр жем болуп беребиз. Бир ачуу чындыкты айтайын. Мисалы Россияда Путин жана анын тарапташтары болгон күчтүү позиция бар, ал эми оппозиция алсыз. Жириновскийге окшогондор жөн эле кыйкыра беришет, алар жасалма оппозиция. Ал жакта бийлик күчтүү. Ал эми биздин өлкөгө окшогондорго сырттан ар кандай күчтөр келип, оппозиция менен позицияны теңдештирип коет дагы, каалаган күнү каалаган жагына күчтү оодарып, өз билгендерин кылып жатышат. Бийлик алмаштырганга оңой болуп калат. Ошол сыяктуу эле шииттерди сан жагынан сунниттерге теңдештирип, мусулмандардын кимиси баш көтөрсө күчтү ошол жакка оодара коюп каалаган кен байлыктарын, адам ресурстарын пайдаланып, бири-бирибизди жок кылдырганга аракет кылышууда. Сирия мына ошонун ачык мисалы! Биз аны билбей эле жихад, жихад - деп кыйкырып жатабыз. Мына сага жихад! Бизде, Кыргызстанда башка жихад - шииттештирүү жүрүп жатат. Мына Улуттук университетте, Бишкек гуманитардык университетте, Ирандын элчилигинде "Иран маданияты, иран тили" - деп адамдарды шиит менен зомби кылганы жатышат. Атайын китеп жазып чыгардык эле, Ирандын элчилигинде бизге реакция кылып жатышат. Нарындагы жанагы университет ачабыз деп жаткан "Ага-хан" деген фонд бүт шииттер. Шиитчендер көбөйүп кетти Нарында. Ага ким күйөт? Эртең бизде Сириядагыдай согуш болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ушинтип кете берсек өзүбүз Сирия болуп калабыз. Ошондуктан дин маселесинде бизге демократиянын эч кандай кереги жок. Бизге гейлердин дагы, көгүштөрдүн дагы, шииттердин дагы эч кимисинин кереги жок! Биз аз эле элбиз. Дин талаш, жер талаш болуп калса, бүтпөй турган согуш башталып калышы мүмкүн. Мунун бизге кереги жок. Бизге болгону мусулман болсок, сүннөт болсок, ханафи болсок жетет ошол эле.










??.??