presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Жихадчылар Кыргызстанга кандай максат менен келишет?
Азыр ааламдын анык баш оорусу ИЛИМ (Ирак Леванттын Ислам Мамлекети) деп аталып, Сирияда согуш жүргүзүп жаткан топ болуп туру. Бул уюмдун курамында биздин өлкөнүн да жарандары бар. Жана алардын катары күн санап көбөйүүдө. Муну менен алар биздин өлкөгө кандай коркунуч туудурушат? Кеп ушул туурасында.
Сирия жихадчылардын очогу болуп жатат. Дүйнөнүн кайсы бурчунда теракт болбосун аны жасап жаткандар Сириядан атайын машыгуу-окуудан өтүп баргандар болуп жатат. Кыргызстандан да аталган өлкөгө сапар тартып, ал жерде согушуп жүргөндөрдүн катары күн санап өсүүдө. Атургай ал жакта согушта болуп, кайра Кыргызстанга кайтып, ар кандай террордук иш-чараларды жасоого белсенгендер да бар. Бактыга жараша, биздин атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан жихадчылардын аракеттерине жол берилбей келет. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын УКМК кызматкерлери тарабынан террорчулук жана диний экстремизм боюнча 217 адамдын ишмердүүлүгү аныкталды, анын ичинде 54 адамга бөгөт коюлду. Экстремисттик мекемелерге тиешеси бар 142 жарандын ишмердүүлүгүнүн бети ачылып, анын ичинен 62 сине бөгөт коюлду. Ок атуучу 15 курал, 365 даана ок дары, 7 даана жарылуучу заттар табылып, тартылып алынды. Бул фактылар боюнча 137 жазык иши козголду.
Негизинен Кыргызстанда күтүлүп жаткан террордук коркунучтардын негизги очогу Ош аймагы. Албетте, өлкөнүн ар бир аймагында мындай коркунуч бар. Бирок, өзгөчө Ошто экени ачыкталган. Мисалы, Оштон Сирияга согушуу үчүн кеткен кичирайондордун тургундары - "Амир-Тимурдан" - 35 адам, "Достуктан"- 15, Ош районунан - 38, "Шейит Дөбөдөн"- 40, "Черемушкадан" - 15 жана "Турандан" - 25 адам кеткен. Сирияга согушуу үчүн кеткен такталган адамдардын саны -- 168 адам. Ош областы боюнча жихад идеяларына баш ийип берген райондор Өзгөн, Ноокат, Араван жана Кара-Суу райондору болуп саналат. Бул райондордон бардыгы болуп Сирияга 142 адам кеткен. Ош областынан Сирияга жихадга кеткендердин 90 пайызы - этникалык өзбектер.
Кыргызстандын тургундары негизинен сириялык эки шаарда, Алеппо менен Идлибде согушуп жатышат. Бизден баргандар "Жаннат Ошиклари" аттуу жамааттын курамында согушка катышышат. Ал эми бул жамаатты Ош облусунун Кара-Суу районунан барган 24 жаштагы Сирожидин Мухтаров башкарат. Бул жигит Сирияга 2013-жылдын башында кеткен, жана азыркыга чейин согушуп жүрөт, азыр амирликке жеткен.
УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгы өткөн жылдын аягында Стамбул шаары аркылуу Сириядага согушка адамдарды жиберип жүргөн 21 жаштагы Кыргызстандын жаранын Түркиядан алып келди. Ош шаарынын жараны Мухамедсадыр Сирияга баш-аягы 60ка жакын адамды жиберген. Атайын кызматтардын атайын операциясынан кийин ал Түркиядан алып келинип, учурда убактылуу кармоо жайында. Аталган башкармалыктын кызматкерлери бул боюнча иликтөө-иштерин жүргүзүп жатат.
Мухамедсадыр Ош шаарында төрөлүп, мектепти да ушул жерден аяктаган. Үч бир тууган, атасы отставкадагы полковник, энеси үй кожойкеси. Ал Түркияга сооданын сырларын дагы жакшылап үйрөнүп, иштеп, 2015-жылдын жазында Ошко кайтып, ишкер болуу кыялы менен кеткен. Бирок, орто жерден жихадчылардын торуна түшүп, тагдыры таптакыр башка нукка өзгөрдү…
"Хамза" деген каймана аты бар Мухамедсадыр мурда диний медреседе окуп, диний билим алган эмес. 2012-жылы Түркияга бир тууган агасынын чакыруусу менен кетип, тери саткан жайда иштеп баштаган. Стамбулдан аны бир жылдан кийин бул жакта коңшу жашап, кийин Түркияга чыгып кеткен "Халид" деген каймана аттуу Махмуд Рахимов кылмыштуу ишке тарткан. Мухамедсадыр Сирияга кыргызстандык, тажикстандык жанан өзбекстандык балдарды жөнөтүп турган.
"Сирияга барганга мүмкүнчүк жаралбай калды. Стамбул аркылуу Сирияга жөнөткөндөрүмдүн 30-35тейи Ош, Жалал-Абад жана Баткенден келген мен тааныган балдар эле, ал эми беркилери чоочун балдар болучу. Бул ишиме азыр өкүнүп турам", - деп айтып берди ал.
2014 -жылы январда 10 адамдан турган жихадчылардын биринчи тобу УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгы тарабынан кармалган. Алар саясий кырдаалды кылдат байкашып, керектүү кезде өз ишин баштоо үчүн кырдаалдын курчушун күтүп жатышкан. Топтун ичинен бешөө Сирияда атайын даярдыктан өтүп келишкен. Аларда конкреттүү максат бар болчу - Сириядагы согушка катышып кайткандардан, жана ал жакка баргысы келгендерден бир уюм түзүү, курал-жарактарды сатып алып, Кыргызстанда жихадды баштоо үчүн буйрукту күтүү. Кармалгандардын бири Сирияда амир Мухтаровдун кол алдында бир нече ай согушуп келген Сардор (23 жашта): "Негизги тапшырма мамлекеттик органдарга каршы жихадды баштоо болчу. Биз бул жакка келген соң Сириядан Сиражидин Мухтаров мага "WhatsApp" аркылуу чыгып, Оштогу саясий кырдаал туурасында маалымат берүүмдү сурады. Ал кезде, декабрь-январда, оппозицияны колдогон митингдер болуп жаткан, мен ага бул митингдер туурасында айтып бердим да, Биз Ошто жихадды баштай алабызбы-деп сурадым. Сиражидин: Бийлик дагы алсыздансын. Биздин колубуздан азырынча эч нерсе келбейт. Тажикстанда окуялар башталганда гана биз да бир нерселерди баштасак болот. Азырынча даярдана берүү керек-деди"- деп көрсөтмө берген.
Жихадчылардын экинчи тобу 2014-жылы февралда кармалды. Топтун башчысы 34 жашар Бахрам Мамасадыков, ал Кара-Суудагы Кызыл-Мехнат айылынын "Абдурашид кори" мечитинин имамы. Ал да Сириядан окуп келген жана 8 адамдан турган топ түзүүгө жетише алган.
УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгы Өзбекстанды мелжеп, Анжиян менен Ташкент шаарларында жардыруу уюштурууну пландаган террордук топту да колго түшүрүүгө үлгүрүштү. Алгач, топтун лидери, шейиттикке (өзүн-өзү жардырууга) алдын-ала даярданып келген 22 жаштагы Адахам Раимжанов колго түшүрүлгөн. Раимжанов - Пакистандын Вазиристан аймагында атайын даярдыктан өткөн. 2010-жылы Пакистан аймагында Өзбекстан Ислам кыймылынын (ӨИК) катарында согушуп, чабуул жасоочу алдыңкы топто жүргөн тажрыйбалуу согушкер болгон. Кармалган топтун ичиндеги идеялык жагынан абдан берилген жана даярдыгы күчтүү террорчулардын бири.
Ага жасалма паспорт менен Ошко кайтып, Сириядан келген ячейкалар менен сүйлөшүп, байланышты жандандыруу милдети тагылган. Адахам жардыруу боюнча адис болбогондуктан сырттан келе турган 3 террористке жардыруучу заттарды жана Тажикстандын паспортторун даярдап бермек. Бирок, алардын паспорттору начар сапатта жасалгандыктан, Тажикстандан чыга албай калышкан. Ал эми жасалма паспорт менен теракт даярдаш үчүн кирген Адахам Раимжановду Кыргызстандын атайын кызматы колго түшүргөн. Ошентип, УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин аракетинин улам, бактыга жараша, Өзбекстандын эки шаарында теракт болгон жок.
"Аталган террордук топ жардыруу заттарын даярдаш үчүн Түркиядан 200 литр аммиак кислотасын алып келүүнү пландап, аны сактоо боюнча атайын жайларды даярдай баштаган. Жардыргычтарды жасоочулар келбей калгандыктан, Адахам Раимжанов алар менен электрондук почта аркылуу кабарлашып, жардыргычты жасоонун жол-жобосун сурап, шейит болууга даярдана баштаган"- деп билдирет Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгы. Бул маалыматты учурда сот жообуна тартылып, жазасын өтөп жаткан Адахам Раимжанов өзү да тастыктады.
Топтун дагы бир мүчөсү Мойдунов Бобур деген жаран. Ал Адахам Раимжановду коштоп жүргөн. Мойдунов жардыргычтарды кайтарышы керек болчу. Ал да Сирияда 2013-жылы согушкан. Буга чейин 2009-жылдан 2012-жылга чейин үч жыл Орусиянын аймагында талап-тоноо менен алектенип келген, ал тургай ал жакта жүрүп үч сойку менен алардын сутенерун өлтүргөн. Бул кылыгын Мойдунов эч тартынбай, кысынбай, корунбай туруп, эрдик жасагансып, беймарал гана айтып берип олтурду. "Москвада мен көп жумуш котордум. Абдан кыйын болду, аз төлөшүп, начар мамиле кылышчу. Мен мечитке барып, Фархад деген жигит менен тааныштым. Ал Алланын жоокери экенин айтты. Башка улут менен бөтөн диндин өкүлдөрүн тоноого мени ошол үйрөттү, ал динге ишенбеген каапырларды тоноп, акчаны мусулмандарга беребиз дечү. Мен макул болдум. Жаш кезимде бокс жана күрөш менен машыккам. Биз күн сайын Москва менен Москванын тегерегине талап-тоноого чыкчубуз"- дейт. Канча адамды тоноп, майып кылганы Мойдуновдун эсинде да жок. Адамдарды кантип өлтүргөндүгү туурасындагы кайдыгер гана: "Мууздадык, анан баштарын алып салдык"- деп койду. Сирияда согуш туурасында Мойдунов "Алар каапырлар (Башар Ассаддын тарапташтары), болгону 3 жолу намаз окушат, нашаа чегишет. Мен шииттерди да өлтүргөм, алар каапырлардан да жаман. 6 ай өткөндөн кийин, мага үйгө кетишим керек экенин, барып "ансар" болоорумду айтышты. Менин милдетим Ош шаарында жардыргычтар үчүн шарт түзүп беришим керек болчу"-дейт.
Мына бул жогорудагылар биздин өлкөдө кимдер, кандай максатта жүргөндүгүнүн бир үзүм гана далили. Али кармала электиги, же өлкөгө мындай максат менен кирип жаткандары да жок эмес. Эң негизгиси, биз бул теманын үстүндө сенсация издебестен, жапа тырмак, өлкөнүн бүтүндүгү, бейпил келечек үчүн биргеликте күрөшүүгө, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү экендигибизди сезүүбүз абзел.

Тиленбек Азык









??.??