presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Салянова сасык саясатка каршы экен
Саясатташып кеткен Салянованын отставкасы тууралуу ар ким ар кайсыны айтып жатышат. Өмүрбек Суваналиев Салянова Кыргызстандан качып кетти, эми бийликти бир балээ кылат - дегендей божомолун боолголоду эле. Анысын Салянованын жакындары калпка чыгарды. "Эч жакка качпай этпей эле Кыргызстанда эле жүрөт. Суваналиев эмнеге таянып мындай кепти айтканын түшүнгөн жокпуз" - дейт жакындары. Салянованы колдойбуз, коргойбуз деп митинг кылмакчы болгон тарапташтарын дагы Аида айым өзү тыйып койгон экен. Мурдагы Башкы прокурордун колдоочуларынын бири Аманбол Даакиевдин айтымында Аида Жеңишбековна митинг дегенге караманча каршы экенин айтып, жазындагы оппозициянын куру айкырыктарына дагы азгырылбоого өз тарапташтарын чакырган экен. Калп айткан Катани мыкты милиция болсо болгондур, бирок саясатчы катары быша электигин акыркы жылдары ашыгы менен ачыктап койду окшойт.


Бахадыр "Ата Мекенди" бага баштадыбы?
ЖК депутаты, Кыргызстандагы дунган диаспорасынын лидери Бахадыр Сулеймановдун демилгеси менен "атамекенчи" Өмүрбек Текебаев, Сайдулла Нышанов, өзбек, уйгур, даргин улутунун өкүлдөрү коштогон 400гө чукул адам Ысык-Ата районундагы кафелердин биринде чайлашышты. Иш-чаранын катышуучулары улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, стабилдүүлүктүү сактоо жаатында кеп козгошушту. Ынтымактын болгону жакшы деңизчи, бирок чайлашуунун артында шайлоонун шарапаты көрүнүүдө. "Ата-Журттан" азап тартып, мурду Камчыкенин муштуму менен канга боелгон Бахадыр мырза бул жолкусунда бактысын "Ата Мекенден" издеп көрөйүн десе керек. Бирок Өмүрбек Чиркешович дагы муштумуна ээ боло албаган кызуу кандуу эле, балээ болуп Бахадырды ал дагы баса калбаса экен.


7-кабатта отургусу келген Карамушкина
Өкмөткө кеткен Дамира Ниязалиеванын Ак үйдүн 7-кабатындагы кабинети талашка түштү. КСДП өткөн жумадагы жыйындарынын биринде социал-демократ Ирина Карамушкина Ниязалиеванын кабинетин вице-спикер Төрөбай Зулпукаров ээлеп алганына аябай ачуусу келди. "Зулпукаров мыйзамсыз кирип алды. Дамира Абаскановна ээлеген фракция лидеринин орун басарлыгына мен отургандан кийин кабинет дагы мага калыш керек" - дегенди айтты. Сөз атасын өлтүрбөй, КСДПнын аксакалы Эркин Сакебаев Акыйкатчынын орун басарлыгына кеткен Гүлнара Жамгырчиеванын кабинетин сураса, анын кабинетине Турсунтай Салимов "куда түштү". Куру калбайын деп Эркингүл Иманкожоева деген "эрке кыз" балыкчылык Жамгырчиева эжесинин кызматтык унаасын сурады. Айтылуу партиянын "арабасын түрткөндөр" бул маселени атайын жыйында карабай эле, чайлашып отуруп, ич ара чечишип алышса болмок экен. Момпосуй талашкан бала бакчанын балдарындай болбой...


Бабанов менен Ташиевден "жийиркенип"
Саясатка аралашкандан тарта эчен үлкөн кызматтарды аркалап, бирок тилинен башка берекеси жоктугун эчак далилдеп койгон Адахан Мадумаров учурда Бакиевдердин "куйруктары" чогулган "Бир бол" партиясы менен ысык мамиле түзүп, келээрки парламенттик шайлоого чогуу аттанмай болуп жатат. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тагдырын "Бир болго" байлаган Адахан мырза, "Республика" жана "Ата Журт" партиясы менен бирикпей калган себебин: "Мен Ташиев, Бабановдор менен эмне үчүн биригишим керек? Кайсы максатты алдыга коюп биригишим керек эле? Менин заправкаларым жок. Курсагы ток бала менен курсагы ач бала ойнобойт. НТСти карасаң Манастан кийинки эле туулуп калган Бабанов, 7-каналды карасаң Манастан кийинки эле туулуп калган Ташиев. Мен 20 жыл бою Кыргызстандын чоң саясатында жүрүп Кыргыз мамлекетинен бир кирпич да албаган инсанмын",- деген ой-пикири менен түшүндүрдү.


"Манас" аэропорту сатылбайт, бирок…
Өкмөт "Манас" эл аралык аэропортун сатуудан баш тартууну чечкенин вице-премьер министр Валерий Диль маалымдады. Бирок жыландын башын дагы кылтыйты. Анын айтуусуна караганда, Тыштан башкаруу функциялары сунушталган биргелешкен ишкана түзүлөт. Долбоорго жети компания катышууга ниетин билдирген. Алардын арасында Россия, Түркия, Молдова, Кытай мамлекеттери дагы бар. Бул "Манас" аэропортуна гана тиешелүү эмес, Ош жана Тамчыдагы аэропорттору да кирет.
Белгилей кетчү жагдай, 2013-жылдын жыйынтыгы менен"Манас" аэропортунан каттаган жүргүнчүлөрдүн агымы 2 миллион 420 миң адамдан ашкан. Жергиликтүү авиакомпаниялар тарабынан 770 980 эл аралык каттам жана 283 991 ички каттам ишке ашырылган. Эми ушул жылы ата мекендик авиациялык паркты жаңылоо максатында жаңы үлгүдөгү "Боинг 737-800" самолёту сатылып алынган жатат. Авиапарктын жаңыртылышы Кыргызстандын "кара тизмеден" чыгарылышына карата жасалган кадам болот.
2014-жылдын декабрь айынан тартып жаңы "Боинг" ички Бишкек - Ош каттамы боюнча рейске чыгарылат, ошондой эле Бишкек менен Россиянын шаарларына учат.


Сабалган Сатаркулов Кыргызстандын эмес, казактардын журналисти экен
Адиль Турдукуловду чек арадан өткөрбөй койгон окуяны камерасына тартып алып, анан ошол күнү сабалды делинип жаткан Булат Сатаркулов деген журналисттин тегерегинде оппозиция оюнчулары чоң чуу чыгарышты. Булат Сатаркулову болсо, "Мен муну саясатка байланыштырбайм, жашоодо боло берет" - деп жигиттик сөзүн айтып жатса деле беркилер учкундан жалын чыгара албай эле убара болуп жатышат. Баса, аты-жөнү анча белгисиз Булат Сатаркулов казак бийлигинин айыгышкан душманы Мухтар Аблязовго таандык "К плюс" каналында эмгектенээрин Адиль Турдукуловдун досу Төрөкан Жунусбековго "ар-намысчы" Куловдун "сол колу" Эрнест Карыбеков айткан экен. Казак журналистинин сабалышынын түпкү сыры балким башкададыр? Турдукуловдон дагы "коркунучтуу" оппозиция лөктөрү эч нерсе болбой эле чек арадан өтүшүптүр го. Анын үстүнө Адилдин төгүлбөй калган кредити 600 доллар эмес, 137 951 сом экенин расмий өкүлдөр жар салды.


Устукан үмүтөтүп…
Учурда Кыргызстандагы университеттердин көч башы катары саналган Кыргыз Улуттук университети жарым жылга жакын убактан бери ректору жок жетимсиреп турат. Университеттин ректорун шайлоо өткөн жылдын октябрында болуп, Алтай Бөрүбаев башка атаандаштарынан көп добуш алып жеңип чыккан. Бирок шайлоодо мыйзам бузуулар болгону айтылып, ректорду дайындоо создугуп, соттошуулар орун алып, шайлоо жокко чыгып калды. Мындай ыплас оюдардын өкүм сүрүшүнө мурунку Билим берүү министри Канат Садыков аябай кызыкдар болгондугу айтылып келет. Анткени ошол кезде абитуриенттерди университеттерге өткөрүүдөгү акча жасоого байланышкан махинациялары билинип жаманатты болуп, министрлик кызматтан кетээри айкын болуп калгандыктан кызматсыз калбайын деп,о КУУга ректор болууга аябай ашык болгон экен. Учурда ошол ашыктыгы ашынып, ректор болуунун түркүн айла-амалын издеп убара.









??.??