presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Депутаттык мандатынан ажырады
Коррупциялык берене менен кылмыш иши козголуп, аны угары менен ооруканага жата калган "Республика" фракциясынын депутаты Урмат Аманбаева депутаттык мандатынан ажыратылды. Буга анын депутаттык ыйгарым укуктардын аткарылышы менен ишкерликти бирдей алып жүргөнү себеп болгон. Буга Конституцияда тыюу салынган. Аны мандатынан ажыратуу чечими 23-январда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынды. Кызыгы Аманбаевага жан тарткан жалгыз Акыйкатчы иниси болду. Калгандары үн каткан жок.


Шайлоого акча керек
Шайлоо жакындаган сайын, саясий партиялар эле жанданбай Борбордук шайлоо комиссиясы камылга көрө баштады. Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисинин орун басары Гүлнара Журабаева инновациялык технологияларды колдонуу менен шайлоо процесстеринин моделин ишке ашыруу үчүн 15 миллион доллар талап кылынып жатканын кабарлады.
Анын айтуусунда, 2015-жылдын бюджетине 235,4 миллион сом киргизилген. Бирок инновациялык технологияларды киргизүү үчүн каражаттар киргизилген эмес. Ошентсе да, зарыл болгон 10 миллион евро өлчөмүндөгү каражатты Евробиримдиктен алуу ыктымалдуулугу бар. Аталган суммадагы каражат тийеби, тийбей калабы айтуу кыйын.


Жолдубаеванын алдында жооптуу милдет турат
Учурда Аида Салянованын Башкы прокурорлуктан кетиши коомчулукта кызуу талаш жараткан темага айланды. Эми Аида айымдын учурунда коррупцияга аралашкандарга козголгон кылмыш иштери кыскарып кетпесе болду деген чочулоо күч. Дегенибиз, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиевдерге козголгон кылмыш иштери, кайрадан каралып акталып кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар. Анткени аты аталгандар келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу үчүн кылмыш иштерин кыскартууга жан үрөп аракет көрүшөөрү айтылууда. Андыктан Башкы прокурорлукка сунушталган Индира Жолдубаеванын алдында коррупцияга аралашкан аткаминерлерди катуу көзөмөлгө алып, козголгон кылмыш иштерин мыйзам чегинде аягына чыгарууга эрки жетеби деген коомчулукту санааркаткан жооптуу милдет турат. Эгер Индира айым дагы коррупцияга каршы күрөштү андан ары тереңдетип улантып, колу туткак, куйругунда калбыры барлардын жазасын берсе эл колдойт. Эгер андай болбой боштук кылса, коомчулуктун сый-урматына ээ болушу кыйын.


Карызы какшатты
Акыры жылдары өзүн оппозиционер катары коомчулукка таанытуунун түркүн амалын көрүп келе жаткан Адил Турдукулов Америкага бармакчы болуп, анан Кыргызстандан чыга албай, аны бийликтин саясий буйругу катары сыпаттап каңырык түтөтүүдө. Турдукулов эмнеге чек арадан чыга албай калганын, ага эмне себептен уруксат берилбегенин Мамлекеттик чек ара кызматы шардана кылды. Маалыматка караганда асманды сүйлөгөн Адилдин "Азия Кредит Сервис" ЖЧКcы микрокредиттик ишканасына ири суммадагы карызы бар болгондуктан, аталган ишкана Ленин райондук сотуна карыз өндүрүп берүү үчүн кайрылган. Натыйжада, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун токтомуна байланыштуу Турдукуловго Кыргызстандан чыгууга уруксат берилген эмес.


Күндө туусам, күндө жокпу?
Кыргызстандын Улуттук банкы 21-январда 8 миллион 850 миң доллар, 23-январда 4 миллион 400 миң доллар өлчөмүндөгү валюталык интервенция жүргүздү. Банк буга чейин 9-январда 10,7 млн долларга жана 13-январда 36,52 млн долларга интервенция жүргүзгөн болчу. Ошондо Улуттук банк жыл башынан бери жалпы 60 миллион 470 миң долларга 4 интервенция ишке ашырган.
Учурда Улуттук банктын резервдери 1 миллиард 943 миллион долларды түзгөн. Банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, улуттук валютаны колдоо үчүн резервдер жетиштүү.
Арийне, Улуттук банк сомдун кунун кетирбей кармоо үчүн канчалык интервенция жасаган менен, "күндө туусам күндө жок, күндө жылан жеп коёт, айда туусам айда жок, айда жылан жеп коёт" дегендей болуп, доллардын курсу өскөнүн токтото элек. Буга акча алмаштыруучу жайлардын спекуляция жасап жатканы себеп болуп жатканы айтылууда.


Таластыктар таанышып эле үйлөнөт экен
ИИМдин маалыматы боюнча өткөн 2014-жылы кыз ала качуу фактысы боюнча 33 кылмыш иши козголгон экен. Аймактарга бөлүштүрө келгенде Бишкек шаары алдыга чыгып, 9 факты катталган. Баткенде 8, Ош шаары менен Ош облусунда 5тен, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 кыз күч колдонуп ала качкандардын үстүнөн күч органдарына арыз жазышкан. Нарын жана Талас областарында ала качмай адаттан арылышкан экен. Бир дагы факты катталган эмес. Же уурдалып келсе дагыо биринчи түнүндө таанышып, ошол жерден табышып бактылуу-таалайлуу жашап кетишкен.










??.??